Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Бул күзгүнүн аты өмүр деп аталат. Бул күзгүдөн ар ким өзүн көрүп жашайт,кээ бирөөнүн күзгүсү ушундай тунук жапжаңы болуп күнүгө аарчылып турат. Андайлар дайым Жараткандын эстеп, жакшы амалдары, даараты,окуган намазы, кураны менен өз күзгүсүн аарчып турат.Кээ бирөөнүн күзгүсү чаң басып анын кайдан турганын да унутуп калган. Андайлар бул жашоого бир келдим ойноп -күлүп ,жаштыгымды текке кетирбей, жыргап жашап калайын деп Жаратканды унуткандар. Өлүмдүн келиши чындык экенин билсе да ага моюн сунбагандар.
Бул күзгү ушундай назик биз каалаганда эмес,биз күткөндө эмес ,биз даяр болгондо эмес,биз унутканда,биз көрүүнүдөн качканда күтүүсүздөн сынып калышы мүмкүн.Бул күзгү сенин “ӨЛҮМҮҢ “бир тууганым!

Өлүм – бул капыстан келген капсалаң, ажал – бул айттырбай келген ажыдаар! Өлүм жөнүндө биз көп угабыз. Аалымдар дагы аны бизге көп эскертишет. Бирок, биздин эсибиздин түбү тешик белем, уккан сайын унута беребиз, көргөн сайын көңүл бурбай кетебиз. Өлүм жөнүндө сөз кылсак булар өлүмдү айтып коркута берет экендер деп ойлоп жаткандырсыз э бир тууганым .
Эгер билсек өлүм биз үчүн табылгыс улуук насаатчы,эскертүү!
Ыйманың алсырап жатса өлүмдү эсте жүрөгүң ойгоно баштайт!
Жан дүйнөң караңгылыкка батып жатса өлүмдү эсте жашоого болгон максатың пайда боло баштайт!
Жараткандан алыстап моюн сунууну каалабай жатсаң өлүмдү эсте Анын алдында эмне деп жооп берем деген ойлор пайда боло баштайт! Ошондуктан өлүмдөн коркпойлу өлүмгө даяр болой өтүп кетүүдөн корколу!

Бул күзгүдөн канча -канча атактуу падыша,хан болгон инсандардын өткөнүн көрүп турасың.

Кудуреттүү Аллах Таала убадасында турду жана Фараондун денесин азыркы күндөргө чейин сактады. О, адамдар! Көргүлө жана сабак алгыла! Ушул фараон «мен түбөлүк кудаймын» деген болчу. Өлбөй калдыбы?! Анын заалым вазири Хамаан кайда?! Өлбөй калдыбы?! Атактуу Нимруд падыша кайда?! Ал дагы «менден башка кудай жок. Өлтүрүүчү да тирилтүүчү да менмин» дебеди беле?! Кана алар?!

Карачы кечээ эле сени эркелетип “уулум иштериң жакшыбы? Уулум андай кылсаң жакшы болот,мындай кылсаң туура эмес болот “-деп акыл -насаатын айтып төрүңдүн дөөлөтү, үй -бүлөөңдүн ырыскысы,таянаар тооң,жөлөнөөр зооң болгон аталар жок эми!

Карачы кечээ эле “жан кызым кандайсың? Күйөөңдү ук,кайнеңди,кайнатаңды сыйла,урматтап батасын ал “-деп асыл кеңештерин берип,мээрими, жүзүндөгү жылмаюсу менен сени күтүп узатып ,баарын бектип берип,дайым колдоочуң болгон апалар жок эми!

Карачы кечээ эле сени менен бирге оюноп ,бирге күлүп, чуркасаң бирге чуркап,жакшы -жаман күнүңдө от болсоң өчүрүп,кубанычыңды тең бөлүшкөн дос -кошуна-туугандарыбыз арабызда жок эми!

Карачы кечээ эле ата -апалап турган, жашоонун таттуусу ,өмүрүбүздүн келечеги деп бапестеп өстүрүп жаткан балдан таттуу балакайларыбыз арабызда жок эми!

Өлүм деген ушундай жаш -каарыга карабайт, бул күзгүдө бир күн өзүң да болуп калууң мүмкүн!

Эч бир адам кай жерде, кандай абалда өлүшүн билбейт. Аллах Таала айткан: «Ар бир элдин ажалы (б. а. өлүм үчүн белгиленген убактысы) бар. Качан алардын ажалы жеткенде бир саатка да кечиктирилбейт Жана тездетилбейт дагы» (А,РАФ: 35)

Азирети Умар (андан Аллах ыраазы болсун) халифа болуп дайындалган соң өз каражатына бир адамды жалдады. Анын болгон милдети, күн сайын Азирети Умарга (андан Аллах ыраазы болсун) келип: “Эй Умар! Аллахтан корккун, өлүм бар! “-деп айтуу эле. Ошентип ал адам айлап -жылдап өз ишин аткарып жүрдү. Күндөрдүн биринде Азирети Умар (андан Аллах ыраазы болсун) өзүн күзгүдөн карап, чачы менен сакал- муруту акырындан болсо да агарнанын көрдү. Анан ал күндө өлүмдү эске салып туруучү жалчынын мындан ары зарылдыгы жок экендигине ынанып, анын ишин токтото турган болду. Анда жалчы Азирети Умардан (андан Аллах ыраазы болсун):

-Эй, Умар. Эмне мындай жакшы пикириңден баш тарттыңбы? Деги сага эмне болду? -деп сурап калды.

Өзүнүн адилеттүүлүгү, эр жүрөктүүлүгү жана мемлекет башкаруудагы зор жетишкенликтери менен таанымал болгон жана Ислам тарыхында алтын тамгалар менен адилеттүүлүктүн үлгүсү катары жазылып калган. Азирети Умар(андан Аллах ыраазы болсун) жалчынын суроосуна мына мындай өтө маанилүү сөздөр менен жооп берди:

-Ушул убакка чейин жаш болчумун. Чачым менен сакал -мурутумду ак аралаган эмес болчу. Туура багыттан адашпоо үчүн ар күн мага өлүмдү жана Аллахтан коркууну эск салып турган бир үгүт насаатчыга муктаж болчуумун. А азыр болсо, күзгүгө караган убагымда чачым менен сакал -мурутумду ак аралап калганын көрдүм.
Мына, эми “өлүмдүн жарчысы катары ак аралаган чачым менен сакал -мурутум мага жетиштүү “-деп ойлоймун. Сен мага өлүмдү күндүн белгилүү бир убактысында эстетип турган болсоң,чачым менен сакал -мурутум ар убакта күзгүгө көрүнгөндө эске салып турат.
Адашпоо,жан дүйнөнүн тазалыгы,туура жолдо жүрү,бул -Аллахтан коркуп,өлүмдү эстөө менен өзүңө эскертүү бер!

«Бул дүйнөөгө батирчи сыяктуу жайгаш,үйдүн ээси сыяктуу жайгашып алсаң чыгууга кыйын болот ». А. Беккине..

Сөзүбүздү устазыбыздын сөзү менен аяктасак:

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Өлүм бул ачуу чындык. Андан канчалык коркпойлу, кайда качпайлы баары бир башыбызга келет. Бүгүн бир адамды жууп кепиндедиң. Суунун ысык суугун сезип турдуң. Эртең сени да бирөөлөр жуушат. Бирок суунун ысык суугун сезбейсиң. Бүгүн Имамдын артында туруп бир адамга жаназа окудуң. Эртең да адамдар жаназа окушат, бирок сен имамдын алдында болосуң. Бүгүн бир адамды ийниңе көтөрүп кабырга алып бардың. Эртең сени да бирөөлөр ийнине көтөрүп кабырга алып барышат. Бүгүн бир маркумга арнап дуба кылдың. Эртең сага да бирөөлөр дуба кылышат. Бүгүн бирөө Мункар-Накирдин суроосуна жооп берди. Эртең бул суроолор сага да берилет. Бүгүн бирөөнүн жакындары боздоп ыйлашты, сен аларды угуп турдуң. Эртең сенин да жакындарың боздоп ыйлашат, бирок сен аларды укпайсың. Бүгүн амал кы лууга кудуретиң бар, эсеп-кысап берүү жок. Эртең эсеп-кы сап болот, бирок амал кылууга кудуретиң жок. Ошол себептен улуу сахаба Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айт кандай бирөөнүн алдында эсеп кылынганча, өзүңө эсеп берип ал. Бул дүйнөнүн жарык күндөрүнөн пайдаланып кабырдын караңгылыгына даярдан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткандай, кабат-кабат үйлөргө кызыгып, эки кулач кабырды эсиңден чыгарып койбо. Канткен менен, кабат-кабат үйүңдү, катар-катар машинаңды, сүйүктүү бала-чакаңды калтырып, бара турган жериң кабыр. Аны эч качан эсиңден чыгарба…

Аллахым, өтүп кеткен мусулман бир туугандарбызды кабыр азабынан өзүң сакта. Биздин да башыбызга өлүм келип, кабыр босогосун аттаганда суроолорго жеңил жооп берүүнү дилибизге салгын. Ар бирибиздин кетирген күүнөлөрүбүздү кечир. Өзүңдүн кереметтүү бейишиңде чогуу болууну насип кыл. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лооху ва баракаатух!

👤Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись ӨЛҮМ ЖАШОО КҮЗГҮСҮ… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир жигит жаш кызга үйлөнөт. Салт боюнча жигит досторун үйүнө чакырып сыйламакчы болот. Ал базардан союлган койдун бүтүн этин алып келет да, аялына аны бышыруусун буйруйт. Таң калган жаш келин бышыра албасын айтат. Ачуусу келген күйөөсү аялынын буюмдарын чогултуп, мага татыктуу эмес экен деп жетелеп атасынын үйүнө алып барат. Атасына: “Кызыңыз койдун этин бышырганды билбейт экен, жакшылап үйрөтүңүз. Мага мындай тамак бышырганды билбеген аял керек эмес. Жакшылап тамак бышырганды үйрөткүлө. Ошондо алып кетем.”-дейт. Атасы: Макул, уулум биздикине эки айга калтырып кет. Жакшылап үйрөтөбүз.”-дейт. Арадан эки ай өтүп күйөө бала келинчегин алып кеткени келет. Келип аялынын тамактын түрүн бышырууну үйрөнгөнүн угуп аябай кубанып, алып кетмекчи болот. Кыздын атасы базардан тирүү кой алып келет. Күйөө баласына: “койду союп даярда кызым бышырсын. Жеп алып кетесиңер”- дейт. Күйөө баласы өмүрүндө кой сойбогонун айтат. Анда кайнатасы: “Атаңа айтып бар. Сага жигиттикти үйрөтсүн. Жакшылап кой сойгонду да үйрөнүп кел. Ошондо кызымды алып кетесиң” дейт.

PR: Аялыңды канчалык кемчилиги болсо да аны жарыя кылбай өзүн оңдоого аракет кыл. Биринчи өзүңдү да карап көр. Татыктуусуңбу?..
Бир даанышмандан:
-Сен эмнеге эч кимди кемсинтпейсиң? -дешкенде, ал:
– Мен башкаларды кемсинткидей ар тараптуу төп келген адам эмесмин да.-деп жооп берген экен.

Которгон: Ж. Шамшиев

Запись ЖАШ ТУРМУШ КУРГАН КЫЗДЫН ОКУЯСЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо, пайгамбарыбызга Аллахтын салам-сааваттары болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн хадисинде: “Аллах – Таза жана тазаларды гана кабыл кылат. Ал пайгамбарларды буюруган нерсеге мусулмандарды да буйруган” – деп айтып, анан: “Таза нерселерди жегиле жана жакшы амалдарды аткаргыла” деген аятты окуду. Аллах Таала таза, адал тамак менен тамактанууну пайгамбарларга буйруган сыяктуу эле жалпы адамдарга да буйруган. Экинчи бир хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Бир адам сапарда жүрөт, чачын, кийимин чаң баскан. Ал, Аллахка дуба кылат. Бирок анын жегени арам, ичкени арам, тамакашы арам, Аллах анын дубасын кантип кабыл кылсын?” – деп айткан. “Арам тамак менен өскөң дененин тозокко кирген жакшы” деген хадис айтылган. Демек, арам тамак адамдын жашоосуна толук зыянын тийгизет. Биз арам тамак жөнүндө айтканда, Аллах тарабынан жегенге, же ичкенге тыюу салган тамактарды түшүнүшүбүз мүмкүн. Ооба, арам, жегенге болбогон тамактар бар. Буларды баарыбыз билебиз. Бирок, арам тамак ушуну менен эле чектелип калбайт. Арам тамактын түрү абдан көп. Бүгүн ошолордун бири – паракорлук тууралуу сөз кылабыз. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз хадисинде минтип айтат: “Арам иштер белгиүү. Адал иштер да белгилүү. Бул экөөнүн ортосунда шектүү иштер бар. Аларды көпчүлүк жакшы билбейт. Ким шектүү иштен сактанса, ал өз абийирин жана динин сактайт. Ким шектүү ишке баш салса, ал арамды аткарган болот”. Бардык жакшылык, ийгилик – такыбалыкта. Такыбалык – жүрөктө. Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Такыбалык – Аллахтан коркуу, Аллахка ыраазы болуу, Аллахка жолугууга даярдануу”. Аллахтан коркуп, арам эмес, шектүү болгон иштен да сактанган адам жамандыктан алыс болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Силерди кедей болуп калат деп коркпоймун, бирок силердин дүнүйөгө берилип кетүүңөрдөн коркомун. Силерден мурдакылар га эшигин ачкан сыяктуу, силерге да дүнүйө эшигин ачат. Анан силерден мурдагылар атаандашкан сыяктуу, силер да бири-бириңер менен дүнүйө жыюуда атаандашасыңар. Андан соң, силерден мурдакыларды жок кылган сыяктуу, силерди да, дүнүйө жок кылат. Абу Саид Худрий (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Силер өзүңөрдөн мурдагыларды кадамы сайын ээрчийсиңер. Эгер алар кескелдириктин уясындай уяга кирсе, силер да ага башыңарды тыгасыңар” – деп айтат. Сахабалар: “Оо, Аллахтын элчиси, жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы? – деп сурашканда, ал: “Ооба, алардан башка ким болмок эле” – деп жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Паракорлук – дал мына ушул жөөттөр менен христиандардын жасаган амалы. Бирок, тилекке каршы, биз мусулмандар паракорлук кылууда булардан өтүп кеттик. Аллах Таала Куранда жөөттөрдү сыпаттап: “Жана сен алардан (жөөттөрдөн) көпчүлүгүн күнөө, зулумга жана арамдан жегенге биринен-бири өтө чуркагандарын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман” – деп айткан. (Мааида, 62-аят). Жөөттөрдө сотторго жең ичинен пара берип, алар пара берген адамдын гана пайдасына чечим чыгарышкан. Азыр мындай көрүнүштөр биздин арабызда алардан да көп болуп жатат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Пара алуучуга да, берүүчүгө да, ортомчу болуучуга да Аллахтын каргышы болсун” – деп айткан. Каргыш – бул, өтө оор күнөөлөргө айтылат. Аллахтын, пайгамбардын каргышына калган адамга баардык жаратылгандар каргыш айтат. Ага периштелер каргыш айтат. Ал басып жүргөн жер каргыш айтат. Анын минип жүргөн унаасы каргыш айтат. Ал отурган оруну каргыш айтат. Кыскасы, анын ар бир кадамы каргыш болот. Каргыш айтылган адамды Кыяматта Аллах Таала карабайт. Эмне үчүн пайгамбарыбыз паракорлорго каргыш айтты? Паракорлук ушунчалык чоң күнөөбү? Чындыгында пара алуу жана пара берүү эки эле адамдын ортосунда болот. Бир караган адамга анча деле маанилүү иш көрүнбөйт. Бирок, паракорлук жайылган жерде, башка күнөөлөрдүн баарына эшик ачылат. Паракорлук – зулумдукка жол ачат. Паракорлук бар жерде – алдуу алсыздын акысын каалагандай жейт. Паракорлук бар жерде – уурулук кылуудан, зина кылуудан, адам өлтүрүүдөн эч ким коркпой калат. Паракорлук бар жерде – жетимдин акысын жегендер көбөйөт. Паркорлук бар жерде – кылмыштуулук көбөйөт. Паракорлук бар жерде – алсыз, кедей-кембагалдардын укугу тепселет. Паракорлук бар жерде – өнүгүү болбойт. Паракорлук бар жерде – дубалар кабыл болбойт. Паракорлук бар жерге – Аллахтын жардамы келбейт. Акырында паракорлук менен жашаган адам тозокко ылайыктуу болуп калат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Арам тамак менен өскөн дененин тозокко киргени жакшырак” – деп айткан. Демек, паракорлук жөн эле бир адамдын акчасы экинчи адамга өтүп калат деген сөз эмес экен. Паракорлук – бардык жамандыктардын башаты.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Параны кандай ат менен атасаң да, баары бир ал – пара. Учурда биз аны – белек, сый тамак ж.б. деп атап жүрөбүз. Бирок мына ушул нерселердин көбү пара болуп эсептелет. Мисалы, сен чоң кызматка жумушка турганга чейин сага белек бербеген адам, сен кызматка турар замат белегин көтөрүп жетип келди. Ал сага эч кандай муктаждыгын айтпаса да, анын бергени – пара. Сынак башталганга чейин сени менен жумушу жок жүргөн студент, сынак башталган учурда сени чайга чакырды. Бул – пара. Эгерде белек берүү, чайга чакыруу мурда да болуп жүрсө, анда эч нерсе эмес. Бирок, мурда берилбеген нерсени кызмат көтөрүлгөндө алып келүү – парага ачылган алгачкы эшик болуп эсептелет. Ооба, белек берүү жакшы иш. Хадисте: “Белек бергиле – бири-бириңе махабат пайда болот” – деп айтылган. Бирок, кээде белекти парага айландырып алабыз. Фузаана бин Убайд айтат: “Кимге карыз берсең жана анын артынан пайда көрсөң – пара”. Сахабалар карыз берген адамынын үйүнө кирип чай иччү эмес. Алар ошол бир чыны чай сүткордук болуп калбасын деп коркушат эле. Бир күнү, Абу Ханифа (Аллах аны ырайым кылсын) ысык күндө, күнгө какталып эшикте турат. Шакирттеринин бири: Устат, бул жердеги үйдүн көлөкөсүнө турсаңыз боло – деп кайрылды. Абу Ханифа: “Мен бул үй ээсине карызга акча берген элем, анын көлөкөсүн пайдалансам, сүткор болуп калбайын деп коркуп турам” – деп жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында Махзум уруусунан болгон бир аял адамдардан ижарага буюм алып кайра танып кеткен уурулугу үчүн анын колун кесүүгө өкүм чыгарышат. Бирок, бул уруу эл арасындагы кадыр-барктуу   уруулардын бири болгондуктан, анын башчылары пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аялды куткарып жиберүүсүн суранууну ниет кылышат. Алар пайгамбардын эң жакын адамы катары Зайдды жөнөтүшөт. Ал келип пайгамбарыбызга иш жайын айтканда, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ачууланып, күрөө тамырлары көөп чыгат да: “Силерден мурдагылар байлар уурулук кылса кечирип, кедейлер уурулук кылса жазалаган себептүү жок болуп кетишкен. Эгерде менин кызым Фатима уурулук кылса, менин анын колун кесүүгө өкүм чыгарамын” – деп айтат. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Менин кызым Фатима уурулук кылса, анын колун кесүүгө өкүм чыгарамын” деген сөзү Исламда пара алуу деген түшүнүктүн тап-такыр жок экендигин далилдеп турат. Пара алуу жана пара берүү – өзүн мусулманмын деп эсептеген адамга тиешелүү сыпат эмес.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Аллахтын ырайымы ачуусунан жогору турат. Тооба кылган адамдын тообасын Аллах кабыл кылат. Кекиртегибизге өлүм келип, оозубуздан сөз чыкпай калганга чейин тооба кылалы. Буга чейин паракорлук менен дос болуп жүргөн болсок, бүгүндөн баштап аны менен душман бололу. Пара алуу менен пайда болгон байлык эч качан насип кылбайт. Ал бирөөнүн көз жашын агызуу менен сенин чөнтөгүңө түшкөн. Бир күнү сенин көз жашыңды агызып чөнтөгүңдөн кайра чыгып кетет. Пара берүү менен бүткөн ишиң, эч качан сага береке алып келбейт. Пара берип турган кызматыңды, эч качан талаптагыдай аткара албайсың. Ал орунга татыктуу башка адам бар экенин эсте. Аллахка тооба кыл! Келечек урпактарыңдын арам тамак менен өсүп калуусунан корк!

Аллахым элибизге тазалыкты, адилеттүүлүктү берип, паракорлукту түп тамырынан жок кыл. Ар бирибиздин үйүбүзгө бейпил жашоо тартуула. Кыяматта өзүңдүн алдыңа жүзүбүз жарык барууну насип кыл.

Ассалааму алайкум ва рахматуллохи ва баракатух.

Запись ПАРАКОРЛУК – БАРДЫК КҮНӨӨЛӨРГӨ ЭШИК АЧАТ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кантип? Бул суроо баарыбыздын оюбузга келгени анык. Албетте, Аллах ыраазы болчу иш амалдарды аткаруу менен. Мындан алдын намаз тууралуу кыскача болсо да маалымат берилген эле. Бул жолку сабагыбызда Аллахтын сүйүктүүсү болуп, чектелип калбастан, анын Мээримине да жетишүүгө аракет кылмакчыбыз. Бул үчүн кандай амалдарды кылуубуз керек?_

_Өткөн сабакта Исламдын беш (5)түркүгү бар, анын бири намаз деген элек. Бүгүн биз дагы бир түркүк- зекет боюнча айтаар элек. Зекет араб тилинен которгондо: “Тазалануу, өсүү”- деген маанини берет. Зекет- бул сизден мажбурланып алынуучу нерсе эмес. Бул сиздин Аллах ыраазычылыгы үчүн кылган амалыңыздын бири. Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айткан: “Мал-мүлкүңөрдү зекеттин садакасын берүү менен сактагыла жана оорулууларды зекет менен дарылагыла!” А биз азыркы учурда акчабызды (мал-мүлк) атайын банк же сейфтерге сактайбыз ээ? Бирок тууган, билиңиз. Ар бир иштин өз эрежеси болоорун._

_🔵Зекет- ар жыл сайын өзүнүн айланасындагы (же башка) кедей- кембагалдарга берилүүчү садака._

_🐄Эгер сиздин корооңузда 40 (кырк) коюңуз болсо, анын бирин кедей-кембагалдарга бересиз. Бирок, берип жаткан учурда ниетиңиз түз болсун: “Аллахка шүгүр! Менин бул койлорум жайлоодо 6 (алты) ай жүрүп, кыштан аман-эсен карышкырга жем болбой чыгып кетти. Мал-мүлкүмдү сактаган Аллахка шүгүр!”- деп Аллахка мактоолорду айтуу менен бирге- берип жаткан инсандын да көңүлүн көтөрүңүз. Эгер сиз тууганыңызга берген болсоңуз, эки чоң соопко ээ болосуз. Биринчиден жардынын зекетин бергениңиз болсо, экинчиден туугандык байланышты сактап калгандыгыңыз үчүн. Эгер корооңузда 30 уй болсо анын бир жаштагы музоосун (торпогун), эгер 40 уйуңуз болсо эки жашар музоосун (торпогун) бересиз._

_💵А эгерде үйүңүздө өз муктаждыгыңыздан сырткары 200миң доллар сактап жүргөн болсоңуз, анын 50 доллары зекетке берилет. (Эскертип айта кетчү нерсе, аялдардын алтын буюмдары берилбейт. Анткени, ал өз муктаждыгы. Мисалы, сиз өтө кымбат үйдө турасыз, кымбат баадагы машине минесиз, бирок, бул нерсенин сиз зекетин бербейсиз. Бул да өз муктаждыгыңыздын себебинен)._

_🌱Ким Аллах Таалага карыз бере турган болсо, Аллах Таала аны айлантып-айлантып, кийин Кыяматта Бейиште даражасын көтөрүү менен сыйлыгын берет. Ар бир иште Аллахтын ыраазычылыгын көздөөнү унутпаңыз!_

_💬 Кээ бирөөлөр айтат: “Зекет намаз менен бирге Кураанда 32 жолу келген. ~Намаз окугула, зекет бергиле!~ Бул сөздү Ыйык Кураандын аяты менен бекемдесек:_

*_Намазды толук аткарып, зекет бергиле жана Пайгамбарга моюн сунгула. Ошондо Мээримге* (Аллахтын мээримине) *бөлөнөсүңөр. (24:56)_*

_🔘Исламда намаз кандай улуу фарз болгон болсо, зекет да намаз сыяктуу улуу фарз! Ал эми садака зекеттен айырмаланып турат._

_⭕Зекет берүүдө атайын бир өлчөмдө бериле турган болсо, ал эми садакада колуңдан келген нерсени бересиң. Пайгамбарыбыз (с.а.у.) дын жубайй Аиша энекебиз(р.а.) муктаж адамдарга садака берээрден алдын, динарларды мисктин жанына салып жүрөөр эле. Ал динарлар ошондо миск жыттанып калчу. Андан эмне үчүн мындай кылышы жөнүндө сурашканда: “Мен муну кембагалдарга берээрден алдын Аллах Таалага берем. Бул нерсе Анын астында жакшыраак болуусун каалайм”- деп жооп берген эле. Бул нерсени айтуудан максат: Бирөөгө бир нерсеңди садака кылаардан алдын өзүңө жаккан нерселериңди тандап, соң бер. Жогорудагыдай сен берчү нерсе биринчи Аллахка берилээрин унутпа! (Садака боюнча ин шаа Аллах кенен сабак болот)_

_🌿Аллахтын сүйүктүү кулу болуу жана Мээримине ээ болуу үчүн Пайгамбарга да моюн сунууну унутпа! {Бул боюнча экинчи сабагыбызда баян кылмакчыбыз. Мындай жакшылыктарга жетүүнүн жолун билгиңиз келеби? Анда биз менен болуңуз)}_

👤 Нуриза Кармышакова

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2mb2Guk
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись МЭЭРИМГЕ БӨЛӨНҮП ЖАША! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Түркиялык интернет колдоонучулары “Бул мааниси жок теория менен жаш муунду ууландырганга мүмкүнчүлүк бербегени үчүн Түркия өкмөтүнө ыраазылык билдирет. Аны окуу планынан алып салганы табигый эле нерсе болду», дейт.

Шаршембиде Билим берүү министрлигине караштуу окуу программалары боюнча кеңештин жетекчиси Алпаслан Дурмуш кийинки окуу жылында 9-класстын биология китебинен Чарльз Дарвиндин эволюция теориясы алып салынарын айтты.

Анын сөзүнө караганда, окуучулар «бул талаштуу теорияны түшүнүүгө али жаштык кылат». Муну менен Дурмуш теориянын талаштуу бөлүмдөрүн окуучулар мектепти бүткөндөн кийин бакалавр баскычында окуша турганын кошумчалады.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мектеп программасын өзгөртүү боюнча бул сунушту колдогон.

Oкуучулар «бул талаштуу теорияны түшүнүүгө али жаштык кылат» деп түшүндүрөт чиновниктер.

“Түркия эволюция теориясын мектеп программасынан алып салган Сауд Арабиясынан кийинки экинчи өлкө болуп калат»,-деп түшүндүрөт 100 миңге чукул окутуучулардын башын бириктирген кесиптик кошуундун төрагасы Ферай Айтекин Айдоган.

Запись Түркияда окуу китептеринен эволюция теориясын алып салышты впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жаш жигит күндөрдүн биринде сүйүктүү устазына келип :
– Устатым ?
Менде сизге болгон бир суранычым бар .
Мен өз напсимди башкара албай кээде күнөө иштерди кылып коё жаздаймын .
Мага,
күнөө иш жасаганга бир жол таап бериңиз?
Кандай жолдор менен күнөө кылса уруксат?-деп суроо узатат .

Анда устазы ойлонуп турат да шакиртине:
– Күнөө иш кылсаң
Аллах Таала көрбөй турган жерди тапкын.
Эгер ошондой жерди тапсаң уруксат,
жасай бер – дейт.

Экинчиден:
Аллах Таала көрбөй турган жер бар болсо
анда Аллахтын жараткан нерселерин пайдаланбай туруп күнөө жаса.

Учүнчүдөн:
Аллах Таалага сездирбей жаса-деп жооп берет.

* 1. Бул окуядан сабак алынуучу маселе
чындыгында Аллах Таалам көрбөй калуучу
жер бар бекен?

2.Же Аллах Тааланын жараткан нерселерин пайдаланбай туруп күнөө иш жасоо мүмкүнбү?
Мисал: Жерди Кудай Таалам жараткан ,
жердин үстүндө баспаңыз.
Денеңизди өзүңүз жаратып, өзүңүз
өң келбет бербедиңиз .
Кол кулгыңызды, көз бутуңузду пайдаланбай туруп күнөө ишти жасай алсаңыз жасаңыз.
Ааламдагы бир да нерсе өзүнөн өзү жаралган эмес, баарынын жаратуучусу жалгыз
Аллах Таала !
Баардык мүлк Аллахтыкы !
Эч нерсени пайдаланбай туруп күнөө иш жасоо
акылга сыйгыс нерсе .

3. Аллах Таалага сездирбей жаса дегени,
Аллах Таала Куранда айтат:
“Мен пенделериме (алардын күрөө, мойнундагы кан тамырларынан дагы жакынмын !”- дейт.
Ъалиймум-бизаас-судуур
Ичтеги, жүрөктүн түпкүрүндө катылган сырларды билип турамын.
Көздүн кыйыгы менен байкатпастан жасалган күнөөлөрдү Мен көрүп турамын!”

Сиз эмнени ойлоп турганыңызды, эмнелерди ойлогонуңузду, эмнелерди келечекте ойлойсуз
анын баарынан Аллах Таала кабардар !
Сездирбей күнөө жасап аламын дегендер
эл көрбөсө да, тууган-урук, кошуна-колоң,
дос-чар, бала-чакаңыз күнөө ишиңизди байкабай калса да, көрбөй калса дагы билиңиз
Аллаах байкап турат, Аллаах көрүп турат !

Илгери медресе талаба окуучулары окууну аяктап жатканда устаз баарын чогултуп,
ар бир окуучунун колуна бирден
тоок берип айткан экен:
Колуңарга бычак алып бул тоокторду эч ким көрбөгөн, эч ким билбеген жерди таап,
ошол жерде тоокту союп алып келгиле-дейт.
Анда баардык окуучулар бытырап чуркап заматта көз көрбөгөн жерди таба калып ар кимиси өз-өзүнчө тоокторун союп
жете келет .
Ошондо бир окуучу тоокту тирүү көтөрүп кайтып келет да устазына :
Устаз !?
Мен бир дагы эч ким көрбөй турган жерди таба албадым, баардык жерде
Аллах Таала көрүп турат экен – деп
колундагы тоогун тирүүлөй коюп жиберет .

Ошондо ушул шакиртине устазы
аябаай ыраазы болуп,
15 жылдык илимди сен туура алыпсың – деп
грамота, сыйлык сертификаттарды
тапшырып берген экен .

_ baktyluuluk formulasy
– Ali Oshi~

Запись АЛЛАХ БААРЫН БИЛҮҮЧҮ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

*💫Ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен!*
🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼
Майрам бул кубанычтын жеткен жери,
Жүрөк жылып кубат берип күндүн деми.
Бул күнгө жетип келген кубанычтуу
Үмүттөр, бакыт күтөт дүйнө эли…
🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼
Тирүүлүктүн тузун бирге татышкан.
Түн сапарын кошо көрчүү батыштан.
Кутман элим маарек болсун айтыңар,
Амандыкта майрам тосуп жатышкан
🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼
Даам ооз тийип, бата тилеп жалпыңар,
Баарлашкыла жазылганча жарпыңар.
Ыйык майрам, бийик майрам бир келчүү,
Куттук айтам, куттуу болсун айтыңар!
🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼
*Урматтуу мекендештер,кадырлуу мусулман эли!*
🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼
Орозо айт майрамы – ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартып ыйманга, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ынтымакка үндөгөнү талашсыз. Бул майрамдын келишин мусулмандар ар дайым чыдамсыздык, кубаныч илгери үмүт менен тосуп алышат.
🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼
Бул күндөрү …. Дос досун кечирип. Араздашкандар жарашып. Бири-бирибизге белек беришип, кадыр көңүл табыша турган күн.

Белек берүү менен жакшы сезимдер артып, туугандыгыбыз, жакындыгыбыз бекемделе турган күн…

Жүрөк жылыткан сөзүңүз жана жылуу жылмаюңуз менен өзгөлөрдү бакытка бөлөй турган күн. ..

Бардык жакшылыктын башаты болгон дуба-тилектер кабыл боло турган күн. Ооба!…
🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼
Бул күндөр ушундай кут берекеге толгон күн!
Сиздерге эки дүйнө бакыт каалап. Бактылуулукка карай алга дегибиз келет. Ар бир агарып аткан таңдын нуру берекелүү болсун!
Дүйнөнүн сулуулугун, бейкуттугун сактаган ата – энеңизге күйүмдүү болуп, тууганды туу тутуп, достукка бекем болуңуз!
🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼
АЛЛАХ ТААЛАМ бир дагы пенде калтырбастан баарыбызды бактылуу кылсын. Асманыбыз ачык,Жерибизге тынчтык, Элибизге ынтымак берсин. Жаратканым Улуу айда,улуу күндөрдө,улуу түндөрдө кылган дуба -тилектербизди ,туткан орозобузду кабыл кылып,билип -билбей кетирген күнөөлөрүбүздү кечирип, эскепсиз соопторунан жазып,даражабызды бийик кылсын! Келээрки Куттуу Рамазан айын күтүп алуунуу баарыбызга насип кылсын!
🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼🍃🌸🍃🌼
*Ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен!*

👨👩👧👦Терең урматыбыз менен
“FORMULA.KG” – маалыматтык Маданий
Рухий-Агартуучу порталы .

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2mb2Guk
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Ыйык орозо айт майрамыңыздар менен! впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.