Halloween party ideas 2015

2017-жылдын 25 – июнь, жекшемби күнү Орозо айт күнү болуп белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымат таратты.

Буга чейин, т.а. ушул эле күнү дин башкармалыгы Орозо айт 2017-жылдын 26 – июнь, дүйшөмбү күнү деп белгиленгенин айтып, бирок, көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмаланып калса, анда Орозо айт 25-июнь күнү болушу ыктымалдыгын билдирген эле.

Ислам шариятында Орозо айт күнү жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (саллоллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө:

“Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла”– деп буйруган (Сахих муслим 1081).

Запись Муфтият Орозо айт 25- июнь, жекшемби күнгө белгиленгенин жарыялады впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.