Halloween party ideas 2015

 

🏻 Ким каалабасын бир сому он сом,он сому жүз сом,жүз сому миң сом болуусун,баары каалайт,кеп каалаганда эмес аны ишке ашырууда. Садака да ушул сыяктуу арзыбаса да колуңда канча болбосун чын ыкластан Аллах ыраазылыгы үчүн,берген болсоң Аллахым күтүлбөгөндө көбөйтүп берет. Эми садаканын абзели рамазанда берилгени дейт,эмне үчүн дейсизби анткени бул ай берекелер төгүлгөн ай,ким кандай амал кылбасын сообу эселеп берилет. Эми ойлонуп көрүң ошондо бир, он,жүз сомуңуз балким миллиоон,же чеги жок соопко илешип калуусу мүмкүн, анткеи Аллах Таалам бул айдагы сооптордун канча берүүсүн өзү берерин айтып өткөн. Анда жакшылык кылууга чамданыңыз!

Жакшылык иштердин баарысы садака болуп эсептелет. Жакшылык аты айтып тургандай кандай жакшы иш, жакшылык кылсаң, жакшылык көрөгөн инсан эле эмес, жакшылык кылуучунун да жан дүйнөсү тазарып,жүрөктөрдө кубаныч уялайт.
Аллах Таала айтат:
«Жакшылыктардан эмне жасаган боосоңор,Аллах аны билет »(Бакара; 197)

«Демек, кимде -ким кыпындай жакшы иш кылган болсо аны көрөт»(Зилзала; 7).

Мына ыйык, берекелүү рамазан айыбыз да билинбей өтүп жатат,бул айдын өзгөчөлүгү башка айларда кылган жакшылыгыңыз,бул айда эселеп соопторду алып келет.
Садака деп көпчүлүк адамдар бир гана акча,материалдык жардам берүү деп түшүнүп алышат. “Колумда болбосо,өзүмө жетишпесе,өзүм араң жашап жатсам ” -деп садаканын маанилүүлүгүнө көңүл бурбагандар канча. Эгер билсеңиз садак сиз ойлогончолук кыйын иш эмес анда сизге оңой болгон жолдорун Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын садамы жана ырайымы болсун) хадистеринен айтып өтсөк.

✨Абу Мусанын (андан Аллах ыраазы болсун) айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун):
«Ар бир мусулман садака берүүгө тийиш “-деди. Бирөө сурады: “Айтыңызчы, эгер анда (ага ылайык эч нерсе табылбасачы? “Ал айтты: ” Анда колу менен мээнет кылып,өзүнө -өзү пайда алып алып келсин да,садака берсин “. Тигил адам кайра сурады: “О,Аллахтын Элчиси,ал эгерде андайда кыла албасачы? ” .Ал айтты: “Анда оор абалда калган мусулман адамга жардам берсин “. Тигил адам сурады: “Эгер андай да кыла албасачы? “Ал айтты: “Анда жакшылыкка чакырсын”. Анда ошол эле киши кайра сурады: “Эгер ал муну кылууга жарабасачы? “. Ал айтты: “Анда ал (мусулмандарга) жамандык кылуудан тыйылсын,ошол сага садака болуп калат ». (Бухарий; Муслим)

Абу Заар (андан Аллах ыраазы боосун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун мындай дегенин кабардайт:
«Ар күнү таң атаары менен силердин ар бириңер (денеңерде) канча муунуңар болсо ошончолук (сандагы садака берүүгө тийишсиңер:
“Аллахка Даңазалар болсун “[Субхан -Аллахи] деп айтылган ар бир сөз -садака,
“Аллахка макталоор болсун ”
[Алхамду ли -Ллах ]деп айтылган ар бир сөз садака,
“Аллахтан башка кудай жок “[Лаа илааха иллоллох] деп айтылган ар бир сөз- садака ,
“Аллах Улуу ” [Аллааху Акбар] деп айтылган ар бир сөз -садака,
Жамандыктан кайтаруу -садака,
Жакшылыкка чакыруу -садака,
Бирок булардын баарынын ордун (шашкеде окуулуучу) эки рекет (“аз -Зуха) намазы баса алат »(Муслим) .

Сиз садака берүүгө мүмкүнчүлүк -чамам жок десеңиз. Ушундайча жол менен да садака бере аласыз, адам таңга аман -эсен чыккандыгы үчүн Аллахка шүкүр келтирүүгө тийиш.Анын үстүнө ар кандай балээлерден коргонунун да каражаты болуп эсептелет…

Биз пенделер бергенди эмес алганды жакшы көрөбүз,кемигенди эмес көбөйгөндү жакшы көрөбүз, эгер билсеңиз берүүчүнүн сообу алуучуудан көп болот.Азыркы биздин жашап жаткан заманды кыйынчылык,кедейлик,жакырчылыкта же жетишпестик деп айтууга болбойт. Аллахка шүкүрлөр болсун андай жашагандар аз санда гана,демек садака берүугө чамабыз жетишээрлик,канча болбосун колуңуздаг келгенче берсеңиз Аллах Таалам ордун толтуруп берет. “Берер колум, алаар колум “дегендей берешендин ырыскысы кенен болот.
Пайгамбарыбыз салляЛлаху алайхи уа саллям айтып кеткендей:

«Жарым курманы садакага берип болсо да өзүңөрдү Тозоктун отунан сактагыла». (Бухари)

Аллах Таала Курани Каримде айткан:

“Эмнени садака кылсаңар, Аллах анын ордун толтуруп берет. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү” (34:39)

Жана дагы Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтып кеткен:

«Чындыгында Аллахка эң сүйүктүү иш – момун адамдын жүрөгүнө кубаныч киргизгениң жана кайгы-капасын кетиргениң же анын карызынан кутултканың же (тамак берип) аны ачкалыктан куткарганың». (Байхаки)

Мына туугандар эгер билсек биздин дин аябай жеңил,Аллах Таалам мүмкүнчүлүгүн берип койгон,ким аны туура пайдаланса,туура колдонсо жолдорун көптөгөн ийгилик,соопторго,бактылуулуктарга жетип аласыз!
Береке асмандан төгүлгөндө аны кармап калуу өз колуңузда, бул мүмкүнчүлүк бүгүн бар эртең жок, быйыл күбөсүз эмки жолу жетесизби жокбу Жараткан билет!

Акыретиңизге түшүм жыйноочу айды текке кетирбей Бейишке кампаңызды сооптор менен толтуруп алыңыз!

Орозоңуздар кабыл болсун!

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦”Бактылуулук Формуласы ,
Бактыңыздын багыты бизге катталыңыздар! “.

Запись САДАКАНЫН АБЗЕЛИ- РАМАЗАНДА БЕРИЛГЕНИ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.