Halloween party ideas 2015

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ !

(бешинчи сабак)

Ассаламу алайкум ва
роматуллоохи ва барокатух !

…Кантип Куран окууну үйрөнөбүз ?
Кантип жаттайбыз ?
Кайсы убакта ?
Албетте бул суроолорго сабактарыбызды калтырбай,
биз менен чогуу алып барсаңыз
сөзсүз жооп аласыз !

Куран жаттап, аны үйрөнүүдөгү
дагы бир чоң сыр тууганым, бул – дүйнөлүк, атактуу каарылардын
окуган кырааттарын көп угуу !
Баарыбыз билген атактуу каары,
Саудия мамлекетиндеги Кувейт шаарынан Мишари Рошид ал-Афаси,
Абу Бакр аш-Шатрий жана
Египеттин Миср шаарынан
Махмуд Халил ал Хусори, ошондой эле Мухаммад Сыддык ал-Миншавий, Абдулбасит Абдуссомад (рохимахуллох) ж.б ушул сыяктуу атактуу каарылардын окуган кырааттарын көп угуу
сизди Куран окууга шыктандырып, кызыгууну күчөйтүп, үйрөнүп кетүүңүз бир кыйла жеңил болот !
Алардын окуган кыраатында ката жок, эгер ката табылса,
аларды дүйнөлүк каарылардын
катарына чыгарышмак эмес!

Ошондуктан ошол Куран хафиздерин угуп, кандай окуп жатат,
кантип окуп жатат андан сабак алыңыз !

(Хадис)
Укба бин Амир (родияллоху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва салламдан) риваят кылат:
«Эгерде Куранды булгарынын ичине салып, андан кийин аны отко таштай турган болсо анда ал күйбөйт !»-деген.

Ушул хадис тууралуу,
уламалардын чечмелөөсү боюнча,
Кимде-ким Куранды жаттаган (кары) болсо, ал кайсыл бир күнөөсүнүн себебинен тозокко түшсө да тозоктун отунун таасири ага тийбейт !

Бир хадисте :
“Маа массатхун-наар: Тозоктун оту ага жетпейт!”-деген сөз да келген.

“Шархус Сунна” аттуу үлкөн китепте
Абу Умама (родияллоху анху) риваят кылган хадисти, Мулла Али кары (рохматуллохи алайхи) жазган:
«Курани Каримди жаттагын !
Себеби Аллах Таала Куран сакталган жүрөккө азап бербейт !»

Куранды жаттоону пайдасыз сезген инсандар ойлонушсун !

Дүйнөдө,
ушундай илим же китеп барбы ??

Окуган ар бир тамгасына
сооп берип, кыяматта тозокко
түшүүдөн сактай турган …?

Чындыгында акылдуулар үчүн
сабак бар бул жерде туугандар !?

Ошондой эле, Кыяматтын коркунучтуу жана азаптуу күндөрүндө
Куран жаттаган каарылар
Аллах Тааланын Аршынын көлөкөсүндө болушаары туурасында «Шарху Ихя» аттуу китепте да айтылган.

Али (родияллоху анхунун) башка бир хадисинде :
Куран ээлери (Куранды жаттоочулар) Аллах Тааланын көлөкөсүндө, Пайгамбарлар жана Аллах Таалага жакын инсандар менен бирге болушат !»

Бүгүнкү күндө президенттин же бир ишмер кишилер менен чогуу беш эле мөнөт туруп, телефон менен селфи кылып алып канча сүйүнөсүң,
президент менен жакын турдум, депчи)))

Кыяматта ПАЙГАМБАРЛАР жана солих, жакшы иштерди кылуучу
адамдар менен чогуу болосуз !
Ушул ийгиликтин туу чокусу !

Имам Ахмад жана Имам ат-Тирмизий риваят кылган башка бир хадисте,
Али родияллоху анхудан риваят келет:
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты:

«Ким Курани Каримди окуса, аны жаттаса жана анын адалын адал деп билсе жана арамын арам деп билсе, Аллах Таала аны Бейишке киргизет жана анын
үй-бүлөсүнөн тозок оту
важип болуп калган он адамга
шапаат кылууга мүмкүнчүлүк берет !»
(Шапаат – куткаруу, ортого түшүү, жардам берүү – деген мааниде).

Бул шапаат – жалаң мусулман адам үчүн болот. Эгер, Куран жаттаган кишинин жакындары ыймансыз болсо анда аларга кечирим да шапаат да кылынбайт . Ошондуктан бир тууганым, тозоктон алыс болоюн десеңиз жок дегенде өз жакындарыңыздан бирөөнү хафиз каары болуусуна аракет кылыңыз !
Ошонун берекетинен чоң кыйынчылыктан кутуласыз !

Муъаз родияллоху анху
Пайгамбарыбыз алайхис саламдан риваят кылат :

«Ким Курани Каримди окуса жана ага амал кылса, анын ата-энесине Кыямат күнү ушундай таажы кийгизилет.
Анын нуру,
күндүн нурунан да нурдуу болот .
Эгерде ошол күн силердин үйүңөрдө болсо, анда Куранга амал кылган адам тууралуу силердин кандай оюңар бар ?!»

СубханАллах, Ким эгер Курани Каримди окуп жана ага амал кылса, ошонун берекетинен аны окуган кишинин ата-энесине күндүн нурунан да
бир нече эсе нурлуу болгон
нурлуу таажы кийгизилет !

Башка бир хадистин мазмунунда:
“Кимде-ким Куран окуса жана ага амал кылса, ага нурдан жасалган таажы кийгизилет. Ал эми анын ата-энесине бүткүл дүйнөнү салыштырса ага тең келе албаган эки кийим кийгизилет.
Ошондо алар:
«Эй, Аллах ?! Бул кийимдер эмне үчүн берилди ?»-деп сурашат.
«Бул – балаңдын Куран окугандыгынын ордуна !”-деп жооп берилет.

Имам Табарани (рохматуллохи алайхи) Жамиъул-фаваид китебинде, Анас родияллоху анхудан, Пайгамбар алайхис саламдын хадисин риваят кылат:
«Кимде-ким өзүнүн баласына Куран окуганды үйрөтсө, анын мурдагы жана кийинки баардык күнөөсү кечирилет !
Ал эми кимде – ким өзүнүн уулун Куранды толлук жаттаткан болсо,
анда ал Кыямат күнү он төрт күндүк толгон айдай нурлуу болуп тирилет.

Анын уулуна «Оку!»-деп айтылат жана уулунун окуган ар бир аяты үчүн, атасы бир даража көтөрүлөт.
Ушундайча (уулу канча аят окуп токтосо) ошончо бийик даражага көтөрүлөт .

Күн менен Жердин аралыгы узак, бирок күн өз нурун ошончо алыстыктан чачат …

Ал эми ал күн алыста эмес
өз үйүңүздө болсо, анда бир топ нуру көбүрөөк жана жарык болот эмеспи .

Куран окуган кишинин ата-энесине күндүн нурунан да жарыгыраак таажы кийгизилсе анда Куран жаттаган адамга кандай сыйлык берилет болду экен ээ??
Бир ой-калчап көрбөйсүзбү ?!)

Эхх бир тууганым ,
Куран окууну,
дагы деле баштай элексизби ?)

«КУРАН ҮЙРӨНҮҮДӨГҮ СЫРЛАР»

~Али Оши

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись КУРАН ОКУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.