Halloween party ideas 2015

Бул жашоодо өтүп кеткениңден кийин, артыңда калгандар эмне кылышарын, сени канча убакыт эстеп жүрүшөрүн билгиң келеби?

Анда бул дүйнөдөн өткөн адамдардын артындагыларына көз чаптыр. Бир адам кайтыш болду. Буга чейин анын Эшмат деген элге белгилүү аты бар эле. Бүгүн анын аты өчтү. Элдин баары сөөктү жууш керек, майитти кепиндеш керек, мүрданы жерге бериш керек деп сүйлөп калды. Эч кимдин оозунан Эшматты жууйлу, же Эшматты кепиндейли деген сөз чыкпады. Аты өчөт деген мына ушул. Адамдар ыйлашты, кайгырышты, кээ бирөөлөр чындап кайгыга батса, кээлери элди туурап ыйламыш болду. Кээ бирөөлөр анын мындан аркы жашоодо такыр болбостугун эстеп муңканышса, кээлери анын малмүлкүн эсептеп, анын канчасы өзүнө тийерин эстеп ичинен кымыңдады. Кыскасы, ызычуу, ый-муң аралаш аны жерге беришти. Анын Ташматов деген фамилиясы бар эле. Ал дайыма аты менен бирге Ташматов Эшмат деп чакырылчу. Бүгүн анын фамилиясы да өзгөрдү. Адамдардын баары маркум Эшмат деп сүйлөп калышты. Арадан бир күн өттү. Ызы-чуу, кайгы-муң кечээкиден азайды. Адамдар ал жөнүндө аны-муну сүйлөп олтурушту. Арадан дагы эки күн өттү. Адамдардын ыйы токтоду. Ал жөнүндө анчамынча эле сөз болбосо, ар ким өз тирилигин сүйлөй баштады. Анан жетилик, кырктык, жылдык дегендерин өткөрүштү. Ошону менен аны эч ким эстеген жок. Бир жылда бир жолу “Баланчынын өлгөн күнү болчу” деп эстеп жүргөн жакын туугандары да эми такыр эле эстебей калышты.

Мына ушундай, же ушул сыяктуу тагдыр баарыбыздын башыбызда. Сен тирүү кезиңде сени өмүр бою эсинен чыгарбай тургандай сезилген жакындарың, ушунчалык аз убакытта сени эсинен чыгарышат. Себеби, дүнүйө ушундай жаралган, ушундай улана берет. Сени ар дайым эстеп жүрүүгө адамдын күчү жетпейт, же сени унутууга жашоо өзү аны мажбур кылат. Жашоо ушундай. Ушундай болгон соң, бир нерсени эсиңе бекем түй. Сени эч качан унутпай турган жана унутууга мажбур болбой турган бирөө бар. Ал – сени жараткан Аллах. Жашооңдун баарын Ал үчүн багышта. Ал – сен тирүү болсоң да, өлсөң да, жер бетинде болсоң да, жер астында болсоң да унутпайт. Аны менен жакшы мамиледе бол. Ал эч качан сенин жакшы мамилеңе жамандык менен жооп бербейт. Ал сени унутпайт, сен да Аны унутпа!

Алайчы Сеитбеков

Запись Өлүмдөн кийин бул дүйнөнү көргүң келеби? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.