Halloween party ideas 2015

Аль-Кадр кече сүрөөсү

Түшүүсү: Меккеде түшкөн

Аят саны: беш аяттан турат

إِنَّا أَنزَلْنَاهُ فِي لَيْلَةِ الْقَدْرِ (Чындыгында Биз аны кадыр кечесинде түшүрдүк)..
Иннааа анзалнааху фии лайлатил кодр…

Бул аятта Алла Таалаа Куранды кадыр кечесинде түшүргөндүгүн кабарлап жатат. Алла Таалаа башка аятта айткандай ал берекелүү түн “Чындыгында Биз аны берекелүү түндө  түшүрдүк” (Духан:3) Берекелүү түн-ал кадыр кечеси, ал Рамазан айында Алла Таалаа айтканындай “Рамазан айы, анда Куран түшүрулгөн” (Бакара:185) Ибни Аббас жана башка тафсирчилер айтышат: Алла Таалаа  Лаухул-Махфуздан дүнүйө асманына Куранды бүтүн кылып кадыр кечесинде түшүргөн, кийин окуяга жараша жыйырма үч жылдын ичинде Пайгамбарыбызга (Алланын салам-дубалары болсун) бөлүк-бөлүк болуп түшүп турган.

وَمَا أَدْرَاكَ مَا لَيْلَةُ الْقَدْرِ “Кадыр кечеси эмне экенин сага ким билдирди?!”.
Вамаа адроока маа лайлатул кодр…

Ал кечени Куран түшүрүү менен өзгөчөлөгөн Кадыр кечесинин баркын улуулап Алла Таалаа ой жүгүртүшсүн деген мааниде Кадыр кечеси эмне экенин сага ким билдирди деп кайрылууда.

لَيْلَةُ الْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ “Кадыр кечеси миң түндөн артык”
Лайлатул кодри хойрум мин алфи шахр…

Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) Исраил уулдарында бир адам Алланын жолунда миң ай согушкандыгы тууралуу окуяны айтып бергенде мусулмандар таң калышат. Биздин өмүрлөрүбүз кыска анча соопту кайдан табабыз деп кейиген сахабалардын көңүлдөрүн жубатып бул аят түшкөн “Кадыр кечеси миң түндөн артык” (Муслим).  Ал эми башка кабарда  Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтат: “Исраил уулдарында бир адам болгон миң ай түнү менен уктабастан намазда туруп, күнү менен Алла жолунда согушкан” бул кабар сахабаларга оор келет себеби алар өмүрдүн кыскалыгына, Алла жолунда күрөшүү мүмкүнчүлүгү аз экендигине кейишет, анан алардын көңүлдөрүн жубатып бул аят түшөт “Кадыр кечеси миң түндөн артык” (Муслим).

Башка хадисте Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтат: “Исраил уулдарында төрт адам болгон алардын ар бири көз ирмемчелик Аллага күнөө кылбастан сексен жыл ибадат кылышкан, алар Аюб, Закариййа, Хазкыл ибни Ажууз, Йууша ибни Нуун, бул кабар сахабаларды таң калтырат, кийин Жебреил периште келип: Оо Мухаммад! Сен жана сенин үммөтүң алардын ибадатына таң калабы? Алла Таалаа силерге Кадыр кечесин берген, ал түндөгү ибадат сексен жылдык ибадаттан артык”. (Муслим)

Суфйан Саурий Мужахиддин айтканын айтат: Кадыр түндөгү ибадат миң айлык орозо, намазга толо ибадаттан жакшы.

Абу Хурайра (Аллах ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты:”Кимде-ким Кадыр кечесин ишеним жана үмүт кылуу менен өткөрсө анда өткөн күнөөлөрү кечирилет”  (Бухари,Муслим)

تَنَزَّلُ الْمَلَائِكَةُ وَالرُّوحُ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمْرٍ “Периштелер жана Рух ал түндө Кудайдын уруксаты менен ар бир буйрукту алып түшүшөт”.
Таназзалул малааикату варрууху фиихаа би’изни роббихим мин кулли а’мр…

Бул түндүн берекесинин көптүгүнөн периштелер дагы көп болот. Куран окулганда периштелер түшкөндөй бул түндө дагы ар бир береке, кут мнене кошо периштелер түшөт. Бул аяттагы Рух дегендин мааниси-Жебреил периште.

سَلَامٌ هِيَ حَتَّىٰ مَطْلَعِ الْفَجْرِ  “Ал түн таң атканга чейин тынчтык-бейпилдик болот”
Салаамун хийа хаттаа матула’ил фажр…

Имам шаабий айтат: ал түнү периштелер мечит элине салам бергендиктен таң атканча салам болот деп айтылып жатат аятта.

Абу Хурайра (Аллах ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты:”Кадыр кечеси жыйырма жетинчи же жыйырма тогузунсу түн себеби ал түндө периштелер кумдун санынан көп болот”.

Убада ибни Самид (Аллах ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты:”Кадыр кече Рамазандын акыркы он күндүгүндө, ким ошол түндөрдү издеп өткөрсө ал баарына жетишет, Алла Таалаа анын өткөн жана келерки күнөөлөрүн кечирет, ал так түндөрдө болот жыйырманын бири,үчү, беши, жетиси, тогузу же акыркы түнү”.

Запись АЛЬ-КАДР СҮРӨӨСҮ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.