Halloween party ideas 2015

“ЫЙЫК КУРААН”
(экинчи сабак)

Бисмиллахир Рохмаанир Рохийм .

Сөз башында айта кетчүү маселе:
Намаз окуй ала турганчалык Куран жаттоо ар бир мусулманга Парз!
Ал эми бүткүл Куранды толлугу менен жаттап алуу – фарзу Кифая !

Эгер бир дагы мусулман
Куранды толлук жаттаган эмес болсо, баары күнөөкөр болушат !
Улуу аалым:
Мулла Али кары айтат:
«Кайсыл шаар же айылда,
Куран окуучу адам болбосо,
анда ошол жердеги адамдардын
баары күнөөкөр болушат !”

Курани Карим,
Аллах Тааланын сөзүдүр !
Аны Пайгамбарыбыз
алайхис-саламга түшүргөн..

Китептерге жазылат. .
Өттө көп жолдор менен
сиз-бизге жетип келген . .

Куран окуу бул – Ибаадат!

Куран сиз бизге берген Аллахтын
эң чоң нематы экенин биз
жан дүйнөбүз менен сезейли !

Пайгамбарыбыз алайхис саламдын баардык дааваты, ушул Куран менен болгонун биз түшүнөйлү !

Ислам динибиз дүйнөнүн
ар бир бурчуна, ушул чоң немат аркылуу жетип барган !

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз,
ушул чоң немат аркылуу
адамдарды зулумат караңгыдан Нурга, ширк баткагынан Аллахтын
ибаадатына чыгарды ..

Аяттын маанисинде:
“Куранды окубай, амал кылбай таштап койсок тирүү өлүктөр сыяктуу болуп калышыбыз тууралуу айтылган .”

Курансыз жан-дүйнөбүз карайып, жашообуз карайып, жүрөгүбүз карайып тирүү өлүк адам сыяктуу болуп калабыз !

Ошол үчүн мусулман бир тууганым, Куранды жаттоого,
ага амал кылууга аракет кылат экенсиз, Аллах Таалам мындай улуу ишке мүмкүнчүлүк берээрин эсиңизден
эч качан чыгарбаңыз !

Мен сизге айтат элем:
Куранды окуп, жаттоо Аллах Таала тарабынан жеңил кылынган !

«Ва лакоди йассарнал-Кур’аана лиз-зикри фахал миммуддакир!»
Ант болсун !
Биз Куранды зикир-эскертме алуу үчүн жеңил (оңой) кылып койдук,
андан эскертме (үлгү) алуучу барбы ?!
(Комар сүрөөсүндө бул аятты
бир эмес 4 жолу кайталап айткан!)
Эми мындан үлгү алуучу барбы ?. .

Албетте,
бул жолдо бийик жол
жана кыйынчылыктарды жеңип
өтүүгө туура келет .
Ушул кыйынчылыктардан өтүп
алсаңыз боолду ,
Жеңиш сиздики )!

Аллах Тааланын эң чоң нематына
жеткен болосуз !
Ага амал кылсаңыз
Ин Шаа Аллах Бейиштеги бийик даражаларга көтөрүлөсүз !

Бул берилүүчү сыйлыктарды
ойлогон сайын башыңыздан өткөргөн кыйынчылыктын баары
эсиңизден заматта чыгып кетет..

Сиздерге бир мисал келтирейин :
Бир студент,
медицина тармагында окуйт..
Ал окуу мөөнөтү узак жана кыйынчылыктар болоорун билет .
Бирок бул кыйынчылыктардан өткөн болсо, ал ойлогон ой-максаттарына жеткен болот !

Аллахтын каалосу менен
даарыгер (врач) болууга жетишет.
Ушул сыяктуу Куранды жаттоо
бул эң кыска жашооңуздагы,
эң бийик (жогорку)
максаттардан болуусу керек !!

Усман родияллоху анху айтат:
Пайгамбарыбыз алайхис салам
айтты дейт:
«Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөндөр!»-деген..

Эң жакшы адам болгуңуз келсе, үйрөнүүчү болуңуз же болбосо
Куранды башкаларга
үйрөтүүчү болуңуз !

Мусулман боордошум !?
Бир тууганым ?
Эжем !
Иним!
Карындашым!
Байкем !?
Ойлончу ?

Аллах Таала бизге берген эң чоң нематты жаттоого, амал кылууга бел байлап бекем ниет кылалы !

Туруңуз !
Куранды ачыгыз, окуңуз !
Терээң ой-жүгүртүңүз !

Роббиңиз эмне деп айтат?
Сизге жан берген, өң-түс, келбет берген
Жаратуучуңуз эмне деп айтат Куранда?
Окусаңыз журрөгүңүз,
амал кылсаңыз жашооңуз – Нурданат !

Адамдар келип Айша энекебизден:
«Пайгамбарыбыз кандай эле..?
-деп сураганда:
«Силер эмне,
Куран окуган эмессиңерби?
Ал Пайгамбар,
басып жүргөн тирүү Куран эле !»-деп айткан азирети Айша энекебиз .

Куранды окуңуз,
Аз-аздан бир аяттан болсо да жаттаңыз !
Бул сиздин колуңуздан келет !
Басып жүргөн, тирүү Куран болуңуз !

Аракет (нийет) кылабызбы
Ин Шаа Аллаах ??

«КУРАН ҮЙРӨНҮҮДӨГҮ СЫРЛАР»

Али Оши

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись КУРАН БУЛ -АЛЛАХТЫН НУРУ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.