Halloween party ideas 2015

Урматтуу туугандар! Келгиле бүгүн кечирим кербенине отуруп, тооба шаарына сапарга чыгалы. Эй, Алланын пенделери! Эй, өзүнө-өзү зулумдук кылган пенделер. Качанга чейин күнөө деңизинде чөгүп жүрөбүз, качанга чейин адашуу көлүн кечип, качанга чейин каалоо, азгырык дарыясында чабак урабыз?!

Алла Таала айтып жатат:

«Айткын! (Оо, Мухаммад) “Эй өз жандарына зыян кылган пенделерим, Алланын ырайымынан үмүт үзбөгүлө! Чындыгында, Алла күнөөлөрдүн баарын кечирет, анткени Ал Кечирүүчү жана Ырайымдуу». (Зумар, 53-аят).

Ооба, Алла Таала – Кечирүүчү. Ал күнөөлөрдүн баарын кечирет. Чоң күнөөлөрдү да, кичинесин да кечирет. “Мен тоодой болгон күнөөлөрдү кылдым, канча жылдан бери күнөөгө малынып келе жатам, эми Алла Таала мени кечирбейт” – деп Алланын ырайымынан үмүт үзбөгүн!

Алла Таала – Кечирүүчү, кечиргенди жакшы көрөт. Бирок, бир шарт менен, ал шарт тооба кылуу. Аллага кайтуу. Чын жүрөктөн тооба кылуу. Чын жүрөк менен тооба кылсаң, Алла Таала кабыл кылат. Күнөөлөрүңдүн баарысын жууп кетирет. Чыныгы тообаны кабыл кылат, жалган тообаны кабыл кылбайт. Бүгүн тооба кылдым деп, эртең баягы эле тас кейпиңе түшсөң, анда бул тооба эмес. Көптөгөн адамдар тооба кылат, бирок алардын азы гана өздөрүнүн тообасында чынчыл, бекем боло алышат.

Сөзүм куру болбосун үчүн бир окуяны саймедиреп берейин. Мансур бин Аммар деген аалым айтат:

Менин бир досум бар эле, ал көп күнөөлөрдү кылды, бирок кийин тооба кылып, күнөөдөн кайтты. Мен аны Аллага сыйынуучулар, намаз окуучулар, орозо туткандар менен чогуу жүргөнүн көп көрчү болдум. Анын көп ибадат кылганын, тахажжуд намазын окуганын көрөөр элем. Кокустан, аны бир канча күн көрбөй калдым. Мага: ал ооруп калыптыр – деп айтышты. Үйүнө зыярат кылуу үчүн барсам, кызы чыгып: – атам ооруп жатат, жанына эч кимди киргизбе деп суранган – деп мени үйгө киргизүүдөн баш тартты. Мен атасынын досу экенимиди айтып, дагы бир жолу кирүүгө уруксат сурадым. Ал атасына кирип чыкты да, мага кирүүгө уруксат берди. Кирсем оорулуу короодо, төшөктө жатыптыр. Жүзү капкара болуп кетиптир, көзүнөн жаш агып жатат, эриндери көгөрө шишип, салаңдап калыптыр. Мен анын мындай кебетесин көрүп коркуп кеттим. Анын өлүмгө жакындап калганы жүзүнөн билинип турду. Мен ага: – досум, Лаа илааха иллаллах деп көбүрөөк келме айтыңыз – дедим. Менин үнүмдү угуп, көздөрүн ачты, бирок сүйлөй албастан эсинен танып калды. Бир аздан кийин кайра өзүнө келди. Мен ага: келмени көбүрөөк айтыңыз – деп кайталадым. Ал дагы эле тил күрмөй албады. Мен ага бир аз жакындап келмени кайталап олтурдум: лаа илааха иллалаах, лаа илааха иллалаах. Кокустан ага тил бүтүп сүйлөй баштады. Бирок, мен күткөндөй келмени айтпастан, кайра мага кайрылып: – ээ, досум, мага бул келмени айтып убара болбо, аны айтуудан менин тилим тыйылып калган – деди. Оозума кеп кирбей калды, кантип эле жапжакшынакай сүйлөп жаткан адам, эки ооз келмени айта албасын?

Менин оюмду бузуп, ал арманын айта баштады: – досум, мен Алла үчүн бир да амал жасабадым. Менин окуган намазым, туткан орозом, баары элдин сөзүнөн сактануу үчүн эле. Мен эл бар жерде гана ибадат кылчумун, эл көзүнөн оолактаганда баягы эле күнөө эшигине кирип кетчүмүн. Өзүң көрүп тургандай мындан мурда да эки жолу ушундай оорууга чалдыккам. Анда колума Куранды кармап, андагы аяттарды окуп, Аллага дуба кылганымда, ал оорума шыпаа берген. Бирок, айыкканымдан кийин Алланы унутуп, шайтандын жолуна түштүм.Кайра күнөөгө баттым.
Мына эми үчүнчү жолу жыгылдым. Бул жолу Куранды колума кармасам, тамгалары көзүмө көрүнбөйт.
Келме айтууга тилим күмөлбөйт.
Досум сөзүн токтотуп, бир азга тынчып калды.Анын жүзүнөн эмнегедир дагы тооба кылууга, кайра туура жолго кайтууга кызыкпагандай түрү көрүнүп турду.

Туугандар! Тооба кылууга шашылалы, чын жүрөктөн тооба кылалы! Кекиртекке өлүм келгенде тооба эшиги жабылып калат, бул учурда тооба кыууну кааласак да, кеч болот. Андыктан, эртерээк ойгонолу, эртерээк ойлонолу…

Улуу рамазан айында өзүбүздүн напсибизди тыйып,жаман адаттарыбыздан арылып жаткан болсок орозо бүткөндөн кийин кайра эле ошо кейипибизге түшүп алгандардан болбойлу. Балким бул мүмкүнчүлүккө жетпей калышыбыз мүмкүн. Жакшы амалдарыбызды бккем кармап улоочулоордон бололуу токтотуп койбой. Жогорудагы окуя сабак болсун биз үчүн….

Тооба мүмкүнчүлүгү кайра -кайра бериле турган  сен ойлогончулук оюн сыяктуу эмес ал Жараткандын эскертүүсү экенин эч унутпайлы!

Запись ЖАЛГАН ТООБАНЫН ЖАМАНДЫГЫ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.