Halloween party ideas 2015

Фитир – мааниси боюнча “жаралмыш, табигый абал жана орозону ачуу” деген сөз. Кыргыздар демейде фитир садакасын “орозонун битири” деп атап келген. Бул садака Рамазан айына туш келген жана негизги муктаждыктарынын сыртында нисабга жеткен мал-мүлкү бар болгон мусулмандардын өздөрү менен кароосу астындагы адамдар үчүн аткарууга милдеттүү материалдык ибадат. Ханафийлер боюнча фитир садакасын берүү важиб. Башка мазхабдар боюнча парз болуп эсептелет.
Пайгамбарыбыз (САВ) бир топ хадистеринде фитир садакасын берүүгө буюрган. Абдулла бин Умар баяндаган бир хадисте айтылат: “Аллахтын элчиси (САВ) фитир садакасын кул, эркек, аял, кичине бала жана чоңдорго бир саа (өлчөм) курма, же бир саа (өлчөм) арпа деп белгилеген эле. Адамдар айт намазына чыгуудан мурун берүүлөрүн буюрган”. (Бухарий, Закат-76; Муслим, Закат-12).
Фитир садакасы Алла Тааланын бир адамга жана анын багуусу алдындагыларга ыйгарган өмүр-жашоонун сансыз сыйларына карата шүгүрчүлүктү айгинелеген ибадаттардын бири. Кала берсе фитир садакасынын важиб болуусу үчүн орозо кармоо шарт эмес, б.а., орозо кармай албаган адамдар да милдеттүү түрдө фитир садакасын берүүлөрү керек.
Фитир садакасы ошол бир жылдын орозосун аткара билген мусулмандардын ушундай улук ибадатты орундоого шарт түзүп, ден соолук жана чама-чарк берген улуу Алла Таалага ыраазычылык-ырахмат билдирүү маанисин да туюнтат.
Ошол эле убакытта хадисте айтылгандай фитир садакасы орозо кармаган мусулмандын орозосуна жарашпаган маанисиз сөз-аракеттер аркылуу доо кетирилген ибадатынын кенемтесин толтурат жана кедей-кембагалдардын да майрам кубанычына ортоктош болууларын камсыз кылат. (Абу Дауд, Закат-17; Ахмад бин Ханбал, Муснад, 2/ 277).
Фитир садакасы зекетке салыштырмалуу кеңири чөлкөмдө мусулмандардын арасында жүрөт. Бул аркылуу мүмкүнчүлүгү болгон ар бир мусулман адам Алла Тааланын жолунда бир нерсе берүүнүн үзүрүн сезет жана коомчулуктагы муктаж адамдардын чыныгы абалын дагы жакын арадан көрүп түшүнүүгө жетише алат. Дагы бир жагынан кедей, муктаж адамдардын да кадыр-баркы сакталып, башкаларга жалдырап суранууларына аргасыз калтырылбай туугандык жардам колдор созулган болот. Дегинкиси мындай коомдо өмүр сүргөн адамдар арасында боордоштук, ырашкерлик көпүрөлөрүнүн дагы бирөө курулуп, өз милдетин аткарууга киришкен болот.
Фитир садакасы кантип берилет?
Фитир садакасы бир ибадат катары ниетти да шарт кылат. Демек фитир садакасын атайын ниет менен берүү зарыл. Берип жаткан учурда фитир деп ниеттенсе да, же болбосо ал үчүн берилчү нерсе, же акча эсептелип жаткан маалда ниеттенсе да болот. Ниет дегенибиз, берген фитир садакасын Аллахтын ыраазычылыгына жетүүнү ойлоп аткаруу дегендик. Жүрөк менен ойлоп туруп, тил аркылуу ниетин айтканга да болот. Берип жаткан адам Аллахтын өзүнө аманат катары ыйгарган мал-мүлктөн жарды-жакырларга, окуучуларга Алла Тааланын тапшырмасы боюнча өз ээлери катары таратып жаткан өңдүү берүүсү зарыл.
Фитир садакасын берип жаткан учурда “бул фитир” деп айтуусунун зарылчылыгы жок.
Кедейлердин түрдүү муктаждыктарына өздөрү каалаган ыкмада сарптоосу үчүн фитир садакасын акчалай берген ого бетер жакшыраак. Ошону менен бирге абалга жараша айтылып өткөн азык-түлүктөрдөн берсе да болот.
Фитир садакасы “менчиктеп” берилет, б.а., алуучу адамдын колуна ошол адамдын өз мүлкү катары толук ээлетип берүү керек. Ошондуктан фитир садакасын берүүгө милдеттүү адам бир кедейден алуучу карызына чегерип эсептеп ага фитир садакасын берүүсү жарамсыз.
Фитир садакасы кимдерге берилет?
Фитир садакасы кадимки зекет берилчү адамдарга берилүүгө тийиш, б.а., зекет берилбөөчү бай сыяктуу адамдарга фитир садакасы да берилбейт.
Фитир садакасы берилбөөгө тийиштүү адамдар мына булар:

Шарият боюнча бай деп эсептелгендер. Булар көбөйүүчү өзгөчөлүктө болсун, же болбосун колунда нисабга жеткен мал-мүлкү бар адамдар болуп саналат, т.а., күнүмдүк негизги муктаждыктарын камсыздоочу чыгымынан жана карызынан сырткары 85 грамм алтын же 595 грамм күмүштүн наркына жете мал-мүлккө эгедер адамдар шарият боюнча бай деп каралат.
Ошондой эле фитир садакасын өз аялына, түпкү тегине (ата-эне, чоң ата-чоң энелерине) урпагына (бала-чака жана неберелерине), жалпысынан өзү багууга жооптуу адамдарга берүүгө болбойт.
Фитир садакасын өзү жашаган чөйрөдөгү кедейлерге, алыс жерде болсо да өз тууган-уруктарына, адеп-ахлактуу жарды адамдар менен окуучуларга биринчи катарда берүү абзел.
Бир адам фитир садакасын бир кедейге бергени өңдүү эле бир нече кедейге таратып берсе да болот. Бирок алган адамдын муктаждыктарын толугураак жабуусу үчүн бир адамга берилгени абзел.
Зарыл болсо бир топ адам фитир садакаларын жыйып, бир жакырга берсе да болот.
Фитир садакасын берүү убактысы
Фитир садакасы Рамазан айы кирген күндөн тарта берилсе болот. Ислам аалымдары Пайгамбарыбыздын (САВ) хадистеринде алга сүрүлгөн жарды-жакырлардын айт күндөрү мезгилиндеги муктаждыктарын кандыруу максатына ылайык фитир садакасы Орозо айттан бир-эки күн мурда берилүүсүн колдошкон.
Кантсе да фитир садакасы айттын биринчи күнүнөн кийинкиге калтырылуусу туура эмес. Бирок айттан кийин калса да фитир садакасын берүүгө милдеттүүлүк моюнда болот жана мүмкүн болушунча тезирээк аткарылуусу керек болот.
Фитир садаксынын өлчөмү
Бир аз башта айтып өткөнүбүздөй фитир садакасы менен байланыштуу хадистерде пайгамбарыбыздын (САВ) заманында бул экономикалык ибадат курма, арпа, кургаткан жүзүм (жемиш) өңдүү ошол мезгилдин кеңири колдонулган азык-түлүктөрүнөн бир саа берилгени айтылган. +згөчө төрт халифа арасында болгон сахабалардын жасагандарына ылайык буудайдан 1/2 саа өлчөмүндө фитир садака берилгени баяндалат.
Фитир садакасына байланыштуу ушундай баяндар негизинде ислам укукчулары фитир садакасынын түрү менен өлчөмүн төмөндөгүчө бекитишет:
Ханафийлер боюнча фитир садакасы буудай, арпа, курма жана жемиш өңдүү азык-түлүктөрдөн берилет. Буудайдан жана буудай ундан жарым саа, башкаларынан болсо, бир саа өлчөмүндө берилүүсү керек.
Белгилей кетүүчү бир жагдай, хадистерде фитир садакасынын өлчөмү катары бекитилген жана ислам укуктук колдонмо китептеринде өлчөм катары алынгандары өлчөмдүн төмөнкү чектери болуп саналат. Бул жөнүдөгү пайгамбарыбыздын (САВ) буйрук жана жол-жоболору жарды-жалчылардын ушундай кутман күндө башкаларга көз артпоосу, алардын да азык-түлүк жагынан камсыз болуп майрам кубанычына бөлөнүүсү жөнүндө айтылган…

Запись ФИТИР САДАКАСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.