Halloween party ideas 2015

Жиндердин жашоосу

Жиндер күндүзү уктап, караңгы түшөр менен кыймылдай башташат. Алардын негизги иши, максаты – адамдарды азгыруу, түз жолдон адаштыруу. Ар кандай жаман иштердин, кырсыктардын, бузукулук, уурулук, ичимдик ичүү, мушташ сыяктуу терс көрүнүштөрдүн иңир түшкөндөн тарта таң атканга чейин болушу ошондон.

Ислам адам менен жиндердин жакын мамиледе болушуна катуу тыюу салат. Шайтан менен байланышкан көзү ачыктар тууралуу башка жолу сөз кылабыз.

Жиндер малдын сөөктөрү, тезеги менен тамактанышат. Эгерде адамдар алардын ырыскысын кокустан пайдаланып же басып алса, үстүнө заара ушатса, жиндин ачуусу келет да адамга зыян кылат. Негизи жиндер өз алдынча эле зыян кылбайт, адамдар билбестен. калпыстыктан, байкабастык менен анын «үйүнө» тийишип алса, бир нерсе ыргытканда (мисалы ташты) алардын бирөө-жарымына тийип кетсе, өч алышат. Ошого түндөсү сыртта басканда, заара ушатканда, таштанды төккөндө абайлаш керек. Малдын тезеги алардын тамагы болгондуктан, терип келип тамак бышырганга от катары колдонгон туура эмес, биринчиден арам эсептелет, экинчиден алардын тамагын талашкан болуп калабыз. Бул тууралуу хадистерде айтылган.

Тамактанардан мурун «Бисмилланы» сөзсүз айтыш керек. Бул сөз айтылбаганда, адамдын тамагына шайтан ортоктош болот.

Жин шайтандан кантип коргонсо болот?

-караңгыда жалгыз жүрбөө;

-жалгыз бир бөлмөдө уктабоо (жалгыз жатса, сүрөлөрдү окуп жатуу зарыл);

-дааратканага кирерден мурда дуба айтуу, сол бут менен кирип, оң буттап чыгуу (Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) ажатканага кирүүдөн алдын «Аллахумма иннии аьуузу бика минал хубси вал хабаис» деп айтчу. Мааниси «Аллам, жин-шайтандын эркек-ургаачысынан сактооңду суранам» );

-үйгө киргенде салам айтып кирүү (атайын дубалар бар, Алланын аты аталган жерде жин шайтан болбойт);

-жалгыз калбоо, каткырып күлбөө, катуу кайгырбоо, ачууланбоо керек (ушул учурларда жин адамга оңой кирет);

-үйдө Куран аяттарын, айрыкча «Бакара» сүрөсүн окуу же угуу (Мухаммед пайгамбар (Алла андан ыраазы болсун) «Бакара» сүрөсү окулган жерден шайтан качат деп айткан) ;

-нафил намаздарын окуу;

-ар дайым даарат менен, таза жүрүү, Аллага тасбих айтуу;

-арчадан, адырашмандан ысырык салуу (шайтан түтүндөн качат).

«Аьуузу биллахи минаш-шайтонир ражиим»

Бул сөздүн чечмелениши –«Аллахтын (алдынан, бейиштен) куулган шайтандын жамандыгынан (Аллахтан) паана сураймын». Ушул дуба айтылганда жин, шайтандар качышат. Ошондуктан дайыма бул дубаны айтып жүрүү зарыл.

«Периштелер кирбеген үйгө, шайтан оңой кирет»

Периштелер кандай үйгө кирбейт:

-сүрөт илинген (жаныбарлардын, адамдардын);

-чачылган , жыйналбаган үйлөрдө (үйдү таза кармоо шарт);

-үйдүн ичинде ит багуу туура эмес (мал-жанды кайтарыш үчүн болсо гана мүмкүн);

-тамактанууда «Бисмиллах» деп Алланын атын атоо менен баштоо керек. Бул нерселер аткарылбаган жерлерге периштелер кирбейт. Периштелер кирбеген үйгө, жин шайтан оңой кирет.

Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын казысы:

-Пайгамбарыбыз жалпы адамзатты тазалыкка жана ыйманга чакырган. Албетте, Алла таза зат, Ал адам баласынын таза жүрүүсүн жакшы көрөт. Бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү маселе-жин маселеси. «Жин кириптир», «жин уруптур» деп жатабыз. Албетте, жин кирет, тиет.

Андан кантип сактанабыз? Биринчи айтчу нерсе, адамда ыйман болбосо: мусулманмын деген менен оозунан ыйман келмеси чыкпаса, тазалык (гусул, даарат) маселесине көңүл бурбаса, жин оңой кирет.

Пайгамбардын эң биринчи сүннөтү болгон тазалык маселеси болбосо, тамактанаар алдында «Бисмилланы» айтпаса, түндө жалгыз жүрсө, тебелендини басып алса, соода-сатыкта шариаттын эрежелерин сактабаса, ичкилик ичүү, баңгизат тартуу сыяктуу жаман чөйрөдө жүрсө жин кирип алышы мүмкүн.

Ошондуктан келме келтирип, дайыма даарат менен жүрүү, намаз окуу зарыл. Зикир чалууда даарат болушу шарт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) Куранда шыпаа бар деген. Андыктан ооруп калган адамга Куран илимин билген адам дем салса болот.

Кантип айыктырса болот?

Жин кирип кетип, саламаттыгы, психикасы жабыркаган адамды Куран илимин жакшы билген аалымдар гана айыктыра алышат. Курандын аяттары көп ооруга шыпаа болот. Кээде дем салдырсам деле болбой жатат деген сөздөрдү угуп калабыз. Салган дем таасир этиши үчүн дем салган адам менен бейтапта атайын шарттар болуш керек. Бул боюнча белгилүү имам хатиб Нурулло Апсалбек уулу мындай дейт:

-Жиндердин бар экендигине эч кандай шек жок. Мусулмандардын ыйык китеби болгон Куранда Аллах «адамдарды жана жиндерди Мага сыйынуу үчүн жараткам» деп айткан. Ошондой эле жиндер тууралуу абдан көп аяттар, өзүнчө «Жин» деген сүрө бар.

Алла жараткан 3 акыл ээлери бар: периште ааламы, жин ааламы жана адамзат ааламы. Периште ааламына ыктыяр берилген эмес, аларда акыл бар, каалоо жок. Адам менен жин заттарында акыл да, каалоо да бар, буларга ыктыяр берилген. Жиндер көптөгөн топторго бөлүнөт. «Жин» сүрөсүндө «Биздин арабызда мусулмандар да, адашкандар (баш ийбегендер) да бар» деп айтылган (14-сүрө). Мындан улам алардын арасында мусулмандар, христиандар, буддизмди тутунгандар да бар деп айтылат.

Негизи адамда өзүнүн шайтаны болот. Инсандын өзүнүн напсиси менен болгон күрөшү «чоң жихад» деп айтылат. Буга башка жолу токтолобуз.

Ал эми «жин кирип алат» деген сөзгө токтолсок, кирип алышы бар нерсе. Адам дубалар менен сактанбаса, ыплас иштерди кылып жатканда, сыйкырдын түрлөрүн жасаганда, ошолор аркылуу, өтө сүйүнүп кеткен (каткырып оозду ачып күлгөн) кезде, катуу коркунуч болгон учурда жиндин кирип кетүү ыктымалдары бар.

Акыркы кездерде психикалык оорулар абдан көбөйдү. Баарын эле жин кирип кетиптир деп жатышат. Жин барбы, жокпу, биринчи аныктап алыш керек. Мисалы, депрессия, стресс деген башка нерсе.

Бейтап кайрылган учурда алгач жиндин адамга киргенин тактап билиш зарыл. Бар болсо, аны Куранды окуп, рухия менен дарылаган адистер гана чыгарышы мүмкүн. Алардын жин чыгаруу ыкмалары бар.

Жин кирген адамда бул белгилер байкалат: адамдардан четтеп, бөлүнүп, жалгыздыкка качат. Ачуулуу болуп, бирөөнүн сөзүн, сынын көтөрө албай калат. Эч нерсе жакпайт. Тамакка табити жок болот. Караңгы бөлмөлөрдү каалап калат.

Бейтаптын сакайышы окуган адамга көз каранды. Окула турган Куран аяттары бул – адамдын колундагы кылыч. Ал канчалык курч болбосун, аны кайсы адам, кантип көтөрүп жатат, таасири ошого жараша болот. Мисалы, ал (окуган адам) коркок болсо, кылыч (инструмент) абдан курч болсо да, натыйжа болбойт. Ошол адис Куранды абдан кооз окуса дагы, анын жүрөгүнүн калыстыгы жана ыйманынын тазалыгы болмоюн, бул адамдын жиндерди чыгаруу боюнча эффекти алсыз болот. Негизи жинди чыгарууда дарылоо ыкмаларын билген адам окуса жакшы болот. Жин чыгарам деп муну кесип тутуп алып рекламалоо туура эмес…

Эми жин кээде таза эле адамга кирип алат дегенге токтолсок. Балким таза адам деле заара ушатып жатып же бир нерсени туура эмес жасап, аларга зыян келтирип алгандыр. Эгер зыян келтирсе, алар өч алат. Ошондуктан эртели-кеч дуба менен жүрүшүбүз туура. Дуба менен жүрбөсө, илешкендер боло берет. Ал эми жин илештиби демек, аны чыгаруу зарыл. Жин даарыган учурда Куран гана шыпаа болот. Бирок дем салып коюу менен чектелип калган болбойт, профилактика керек. Сакаюу үчүн бейтапта ыклас (Курандын шыпаа болоруна ишенүү) болушу зарыл. Дем салуу менен бирге атайын эрежелер бар, аны аткарышы шарт.

Курандын ар бир аяты дары. Бул тууралуу мындай аят бар:

«Биз Куранды момундарга шыпаа, мээримдүүлүк (болсун) үчүн жөнөттүк…» (Исра, 17-82).

Запись Жин шайтандан кантип коргонсо болот? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.