Halloween party ideas 2015

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ .

(үчүнчү сабак)

Куран окууну, үйрөнүүнү
күнүмдүк жашооңузда
экинчи орунга коюп албаңыз !
Менин убакытым аз,
Куранга көп убакыт
бөлө албайм дегендер бар…
Куран бул – Улуудур !
Улуу нерсени акыркы кылып албаңыз !
Биринчи Куранды окуп андан соң
башка жумушту кыла бериңиз…
Эгер жумуш такыр көбөйүп кетсе,
анда Куран менен болгон убакытты
бир аз азайтып туруңуз (ошол күнү).
М: Куран үйрөнүүгө күнүнө 45- 30 минута убакыт бөлсөңүз, ушул режимди
калтырбай күндүгө аракет кылыңыз.
Эгер күнүнө 24 саатыңыздын жок дегенде 1 саатын Куранга бөлсөңүз,
жылына 365 саат болуп, 15 – 20 күн, түнү-күнү Куран окуп үйрөнгөндөй болосуз !
Ошондо сиз,
күнүнө бир саат убакыт бөлүү менен,
бир жылда Куранды баштан аяк
окуп чыгып, шар окууга түшөсүз…
Атактуу каарылардан:
“Сиз Куранды кантип жаттатыңыз эле ?”-
деп сурашканда айтат:
“Мен жумушка эрте менен бара жатып,
Курандан бир нече аят жаттап олтуруп,
унаам менен баргыча жарым
барактай жаттап аламын…
Жумуштан кайтып ошол жаттаган
жарым бетти кайталап келем.
Күнүнө жарым беттен жаттап,
бир ай он күндө Бир пара (10 парак)
Куран жаттап жүрүп Куранды толлугу менен жаттап алат .

Сиз биздин убакыт жок деген сөзүбүз бул жөн гана шылтоо !)
Ансыз деле телефон, одноклассник,
What Sapp ж.б түрдүү соц тармактарга убакыт бөлөбүз, көчөдө ары-бери басып,
достор менен жүрүп, канча күнүбүз өтүп жатат ! Эгер кичине кезибизден күнүнө бир саат Куранга ажыратсак Балким баарыбыз Каары болуп кетээр белек )?
Аллах Таалам баардык момун-мусулмандарга Куранды (арабча) окуп, түшүнүүгө, амал кылууга тоофик (мүмкүнчүлүк) берсин ! Аамиин.

Сиз менен Биз Куран окууга
(үйрөнүүгө) аракет кылат экенбиз,
ага берилүүчү сооп-сыйлыктардан
бир аз окуп үйрөнсөк …

Абдулло бин Масуъд
(родияллоху анху) айтат:
Пайгамбарыбыз (алайхис салам)
айтты дейт:
«Кимде-ким Алланын китебинен бир тамга окуса, ага ошол тамга
үчүн бир жакшылык берилет .
Ал эми бир жакшылыктын сообу
он жакшылыкка барабар .
Мен “Алиф, Лаам, Миимди бир тамга”- деп айтпаймын.
Бирок: “Алиф” өзүнчө тамга, “Лам” өзүнчө тамга, “Мим” өзүнчө тамга деп»-айтамын!-дейт.
Куран ушундай улуу керемет китеп, андан сөз эмес, бир тамга окуганыңызга сооп берилет !

М: Алиф, Лаам, Ро : 30 сооп !
Бисмиллахир рохмаанир Рохийм десеңиз, 16 тамга болуп, 160 сооп аласыз !
Эми Курандан жок дегенде бир бет окуп койсоңуз, эсептеп, эсебине
жетпей албай каласыз !

Анткени Куранда Аллах Таалам айтат:
“Ким бир сооп кылып келе турган болсо, ага он сооп берилет !”
(Анаъам : 160)

Бул аз дегендегиси !
Чындыгында Аллаах каалаган пендесине эселетип сыйлык берүүчү Зат !

Башка бир хадисте
Абу Саид (родияллооху анху) Пайгамбарыбыз алайхис саламдан укканын айтат:
Аллах Таала айткан:
«Мени эстөөдөн жана Менден сурагандан кайсыл бир адамды Курани Карим өзүнө алек кылып койсо, Мен ага менден сурагандарга берилген нерседен да көбүрөөк беремин .
Аллахтын сөзү, башка сөздөрдөн артыкчылыгы – Аллаах Таала Өзү баардык (жаратылган) маклуктардан артык болгондой !»
Караңыз бир тууганым,
бир киши саартан-кечке дейре Аллах Таалага кайрылып:
“Күнөөсүн кечирүүсүн,
Бейишке кирүүсүн, тынч-амандыкта жашоосун, ырыскысы кенен болуусун жана башка толгон-токой жакшы нерселерди сурап дуба кылды.
Сиз дуба кылбай эле Куран окуп, аны үйрөнүп, түшүнүү менен алек болуп, дубаа кылганы убакытыңыз жетпей калды..
Бирок Аллах сизге, дуба кылып суранган пендесине берген нерселерден да жакшыраак нерселерди берет !
Караңыз, кандай жакшы амал )!
(Албетте бул хадис, дубаны таштап коюуга чакырбайт !
Балки, Дуба кылууга Куран окуу менен жетишпей калса андан да
сыйлуу белек берилет).

Дагы бир хадисте:
«Мен ал пендеме, шүгүр кылган пенделеримдин сообунан да жакшыраак нерсе берем !»-деп келет.

Айша энебиз айтат:
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты :
“Курандын чебери Курани Каримди жеткизүүчү, көчүрүүчү жана
жакшы иш кылуучу периштелер
менен бирге болот !
Ал эми Курани Каримди тили келбей кыйналып окуса,
ал адамга эки эсе сооп берилет !
“Кимде-ким Куран окуса жана аны
жаттай албаса,
анда ага эки сооп берилет !
Ал аны жаттаганды үмүт кылса,
бирок жаттай албаса жана ага алы жетпесе, ошондо да таштабаса анда аны
Аллах Таала Куран жаттаган кишилер
менен чогуу тирилтет !”

Бир киши айтат:
«Мен эмии каарып, жашым өтүп
тилим келбей катып калды, кантип
жаттайм ?»- дейт..
Биз да тамашалап:
«Доллар!»-деңизчи десек
бир жакшына айтты.. )))

Эч катып калбаптыр
аракет кылыңыз!-дедик.

Биз адамдар кызык элебиз,
жаштыгыбызда Каарыганда деле
жетишем дейбиз..
Аллахым каарылык берсе,
намазды билбей, Куранды билбей,
Тилибиз катып айласы жок болуп,
ошол бойдон өтүп кете беребиз..
Жаштыгымда үйрөнүп алганымда кана?-
деген армандар гана калат !

Мындан башка мисалдар дагы баар,
бирок ушул эң жакшысы :
Бир орус динди кабыл кылып,
6 ай болуптур, кабыл алаары менен
Куран үйрөнүп жаттап, 60 парак
(алты пара) Куран жаттаптыр..

Бир күнү бир Кыргыздын
жанына келип:
“Тууган, Силердин ата-бабаларыңар да,
өзүңөр да мусулмансыңар тээ
илгертен бери, силер Куранды
баштан-аяк эчаак эле жаттап,
жатка билсеңер керек ээ?”- десе
баягы кыргыз :
«Азыр келем . .»- деп кеткен бойдон кайтып келбептир)))

Ошол сыяктуу бир тууганым,
тажия, мазар, кырк, үчтүк, жылдыкта эле
Куран окуп жүрө бербей, аны толлук үйрөнүп ага амал кылайлы !
Туура, эгер маркумдарга Куран окуп багыштасаңыз сообу жетет !

Бирок, Куран бул үчүн түшүрүлгөн эмес !
Куран тирүүлөр үчүн !
Тирүүлөр амал кылып, Куран менен жашаса гана бактылуу боло алат !

Адамдарга таң калам !
Валлохи ! Адамдар,
көз жумган жакындарынын артынан
Куран окуп багыштайт туурабы ?

Бул дегени, ошол көз жумган жакыны
акырет жашоосунда кечирилсин, Бейишке кирип, азаптан кутулсун !-деп
сооп хадия кылат, ошол акырет бар экенин, сурак бар экенин,
Бейиш бар экенин билип туруп,
эмнеге ага өздөрү даярданбайт !!?
Эмнеге !!?
Башыңызды, тырмап жакшы ойлонуп көрүңүзчү тууганым ?

Эмнеге ?
Акыретибизге даярданып,
бир аз сооп чогултуп барайлы !
Куран чындыгында Улуу китеп,
Аллахтын сөзү !
Жашообузда да көрүп эле жүрөбүзго?
Жин оорулары , ж.б.у.с.
Бул ооруларды дүйнөдөгү
менмин деген даарыгерлер
диогноз коюп, ренген, УЗИге тартып
көрсөтүп бере албайт !
Жалгыз Куран менен гана
дарылоонун жолу бар !
Аллах Таалам Куранды момундарга
шыпаа кылып берген !

Караңыз дагы бир мисал:
Ушунчалык, ооруп кайгырганда бирөөгө
Куран окутуп дем салдырсаңыз
канча жеңилдеп, өзүңүзгө келе түшөсүз..

Ал эми ошол Куран, өзүңүздүн жүрөгүңүздө (жатка) болсо канча
жеңил жүрөт экенсиз ээ )??

Куран окуу ибаадат !
Сооп берилет !
Дүйнө жана акыретиңизде
бүткүл жакшылыктын
ачкычы гана болот !

Арабча окуу кыйындай сезиле берет.
Бул шайтандан !
Мурдагы сабакта айтып өттүүк,
Аллах Таала Куранды жеңил кылган !

М: Самалёт айдагандар канча жыл,
ар бир кнопка, ар бир түсү,
ар бир зымы, майда-чүйдөсүнөн
бери үйрөнүп анан учат..
Күнүнө бир тамгадан үйрөнсөңүз бир айда тамганы үйрөнүп аласыз, экинчи айда кошуп окуп каласыз, үчүнчү айда
токтоп-токтоп, төртүнчү айда секин, бешинчи айда тезирээк, алты айда шарылдатып каласыз !
Убакыт бул – кылыч !
Аны кеспесең, ал сени кесет !
Ошондуктан мусулман бир тууганым,
убакыт бар !

Дүйнөнүн илими өлгөнгө чейин гана !

Ал эми диндин илими – Түбөлүктүү !
Ин Шаа Аллах күндүгө бөлгөн убактыңызды тарттырып
жибербесеңиз болду !

Куран менен сиз,
кандай эле самалёт айдоочу учуп бийиктерге көтөрүлгөндөй,
дүйнө жана аакыретте бийик даражаларга көтөрүлөсүз . .

«КУРАН ҮЙРӨНҮҮДӨГҮ СЫРЛАР»

~Али Оши

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись КУРАН ЖАТОО СЫРЛАРЫ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.