Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Ыйманды бир гана дин менен жана молдолор аркылуу көтөрүлөт деген туура эмес. Негизи ыйманга баардык адам кызмат кылса болот. Ошол эле калем, камера, микрафон жана башка көп нерселер менен жеткирсек болот. Азыркы учурда баарыбыз үчүн маалым, сыналгыларда эмнени гана көргөзбөйт. Анын ичинде дилин карарта турган, ыйманын буза турган, пикирин буза турган берүүлөр дагы көп. Мисалы мен кызымды сыналгы менен жалгыз таштап кетким келбейт. Ошон үчүн ал көрө турган каналдарды орнотуп койдук. Эмне үчүн мындайга келдик? Эгер адамдардын ыйманга карата мамилеси ушундай болсо, мисалы азыр Батыштын маданияты деп айтып жатышат, бирок адамды буза турган болсо, мен аны эч качан маданият деп айтпайт болчуумун. Азыр батыштын белгилүү бир жашоо образын туурашып, аны колдонгондор көбөйүп баратпайбы? Маданият бир гана театр, опера, балет эле эмес, бул ыйман адеп-ахлак. Эгер ыйманыбызды жоготсок балекет басканы турат деп президенттибиздин айтканы бар эмеспи. Ошон үчүн камера менен тартуу аркылуу дагы адамдардын ыйманына кичине болсо да салым кошолу деп уюштуруп жаткан иштерибиздин бири болду-деп билдирди Нуржигит Кадырбеков.
Санат” телеканалынын жетекчиси Роза Аманова: “Эң биринчи адамга эмне керек болсо, анын баары ыймандан башталат” дегенге толугу менен кошулам. Анкени кичинебизде ата-энебиз көп айтып калчу өмүр, ден-соолук, акыл-эс, ыйман берсин деп. Ошол ата-энебиздин берген тарбиясы, бүгүнкү күнгө чейин келип, кийинки муундарга өтүп жатат десем туура болот. Чындыгында, бул иш-чара мени абдан кубантып турат, Себеби адамдадагы өмүр бекер өтпөшүнө, өмүрдөгү санат эмнеге багытталышын жана эмне жумуш үчүн адамдар бул дүйнөгө келгенин билдирүү максатында уюштурулуп жаткан ар-бир ишиңиздер өзгөчө кубанаарлык. Негизи бизде белгисиз өнөр адамдары көп, биз аларды билбей жатабыз. Ар ким өз арабасын гана тартып жүргөндөй. Биз да чогулуп, бирге иш-чараларды алып барсак.
Акын Зайырбек Ажыматов өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: Бул окуяларды, эгер көрбөй уккан болсок, башкача таасир бериши мүмкүн эле. Ал эми азыр, бул роликтерди көрүп көзгө жаш айланган учур. Себеби биздин эки мүнөткө жетпеген бир-бирибизге болгон жылмаюуу, жакшы мамиле бул дүйнөну сактап, андан аары өнүктүрүп, бактылуулукту, тең-салмактуулукту сактап турбайбы?! Чындыгында жаштардын ушундай ойлонуп-толгонуп жатканы мени кубандырат.
“Виртуалдык жашоо” ролиги чындыгында мага жакты. Азыркы замандын олуттуу көйгөйү, руханий жактан жакырлануу, өзүн-өзү эзүү, өзүнүн маданиятын жерүү, башканын маданиятына баш ийип кетүү биздин жаштардын арасында өтө көп болуп жаткандыгын, бирок ушул терс көрүнүштөн кайтса болот деген жакшы идеа берилген. Азыр жаштарыбызды китеп окубай калды деп айтып жатабыз. Эгер силер китепти көп окусаңар турмушубуз дагы да жакшы жакка өзгөрөт. Силердин мыкты режиссерлордун жолун жолдошуңарды каалаймын, бирок ошондой мыкты болуунар үчүн, өзүңдүн маданиятыңдан, өзүңдүн кыртышыңдан, өзүңдүн тилиңден өсүп-өнгөндө гана жетесиң,- деп билдирди жазуучу Эгемберди Эрматов.
“Виртуалдык жашоо” ролигин тартып, 1-орунду багындырган Нурбек Ашыралы уулу: Негизи бул жерде өзгөчө сценарий же китептен алынган нерсе жок, баары күнүмдүк жашообузда болуп жаткан нерселердин негизинде жазылып коюлду. Идеанын тамыры өзүмдүн жашоомдон алынган, өзүбүздүн үйдөн эле тартылып, достор менен чогуу кеңешип-кесип тартылган ролик болду. Жеңишти деле күткөн эмес экем. Бирок укканда аябай кубануу, толкундануу болду. Демек адам бир нерсе жасап, ага жетсе болот экенине дагы да ынанып калдым.
Эскерте кетсек “Ыйман” фондунун демилгеси менен “Тарых жана маданият” жылына карата “Бир кадрдагы өмүр” социалдык роликтердин жеңүүчүлөрүнө, сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. 1-орунду “Виртуалдык жашоо” ролиги менен Нурбек Ашыралы уулу 30 000 сом, 2-орун Дүйшөнкулөва Гузи “Аруу балдар” ролиги үчүн 20 000 сом, 3-орунду багындырган эки катышуучу Аманбаев Анаркул “Жакшыга жанаш” ролиги үчүн 10 000 сом, Айжан Тургунбекова “Түкүрүү адатпы же модабы” ролиги үчүн 10 000 сом жана дипломдор менен сыйланышты.
http://saresep.kg
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Бүгүн, 31-мартта Кыргызстан ислам университетинин чакыруусу менен Кыргызстан мусулмандарынын Ааалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов КИУнун жалпы эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын мүдүрү Саид Баюми Абдишүкүр ажы Нарматовго ассамблеянын төш белгисин ыйгарып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң дин Ааалымдар кеңешинин төрагасы студенттер менен жолугушуп, окуучуларды эл, жер, мекенди сүйүүгө, ден-соолуктун баалуулугун билүүгө, балдарга туура тарбия берүүгө чакырды.

“Көз жаш арзан эмес. Кинодогу каармандарга ыйлабагыла кыздар! Илим акылдын азыгы. Силер эртең эне болосуңар. Андыктан балдарыңарга жакшы тарбия бергиле”,-деди Абдишүкүр ажы Нарматов.

Андан соң Кыргызстан ислам университетинин эмгек жамааты Абдишүкүр ажы Нарматовду ректордун кеңешчиси жана КИУнун илимий кеңешмесинин төрагасы кылып шайлашты.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн, 31-мартта Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу жана маалымат бөлүмүнүн адистери Ош облдусундагы тарыхый диний объектилер жөнүндөгү маалыматтарды чогултуу максатында Ош облустук “Сулайман-Тоо” тарыхый музей комплекси менен кызматташып баштады. Казыяттын кызматкери Ыйман Матраимовдун билдирүүсүндө учурда КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнөн жана КРнын Туризм департаментинен Казыятка диний туризимди өнүктүрүү максатында Ош облусунун аймагындагы диний объектилер боюнча маалыматтарды чогултуу тапшырмасы берилген. Андыктан жоопкерчиликтүү тапшырманы аткарууда бардык аркеттер көрүлүүдө. Ош облусундагы диний тарыхый объектилер жөнүндөгү маалыматтарды туристерге жеткире алсак, элибиздин диний маданиятын, Исламдын баалуулуктарын даңазалап, жергиликтүү экономиканы көтөрүүгө жол ачылат деп баса белгиледи.
Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мусулмандардын ыйык жери эсептелген Меккеге баңгиликке каршы күрөшүү тажрыйбаларын изилдөөгө келип, ошону менен бирге эле жашоо-турмушуна байланыштуу көптөгөн кызыктуу нерселерди билип кайттым.
Беш убак намаз окуп, ыйык Куран менен шариат эрежелерине ылайык жашаган Сауд Арабиясынын эли башкалардан бөтөнчө эркиндиги, жан дүйнөсүнүн ачыктыгы менен айырмаланып турат. Буга мен Меккеге умрага (кичи ажылыкка) барып, пайгамбарыбыз Мухаммаддын (САВ)  мекени болуп эсептелген Медина жана Эр-Рияд шаарларын кыдырып жүрүп ынандым.

Мекке зыяраты
Меккеге келип түшкөндө эле жан дүйнөм, акыл-эсим ордуна келгендей өзүмдү өтө жеңил, бактылуу сездим. Каабаны айланып сыйынганда, ас-Сафа жана аль-Марва тоолорунун арасынан өтүп жаткандагы ичимдеги сезимдерди сөз менен айтып берүүгө болбос. Алла Тааладан үй-бүлөм менен мекендештерим үчүн бакыт-таалай, элиме илим-билим, такыбалык суранып тилендим. Жараткандын мага өмүр бергени үчүн бүткүл жан-дүйнөм менен ыраазычылык сезип турдум.
Мухаммад пайгамбардын (саллаллаху алейхи ва саллям) эң акыркы насыяты айтылган Арафат тоосуна да чыктым. Жабаль ан-Нур тоосунун этегине жетип, Жабраил периште Мухаммад пайгамбарга (САВ) вахий (Аль-Алак сүрөөсүнүн башкы беш аяты) берген үңкүрдү көрдүм.

Мухаммад (САВ) пайгамбардын үйүндө
Мухаммад пайгамбардын (САВ) мекени болуп эсептелген Медина шаарына 622-жылы көчүп барган. Медина шаарындагы Масжид-ан-Наби мечитинен Алла Таалага ибадат кылып чыктым. Бул мечитте ар бир мусулман ыйык туткан жана  Мухаммад пайгамбардын (САВ)  кабыры (Мединада 632-жылы кайтыш болгон) жайгашкан.  Ушул эле жерде анын кызы – Фатиманын да кабыры жатат.
Бул мечитке ибадат кылганы келгендер менен ээн-эркин сүйлөшкөнгө да мүмкүнчүлүгүм болду.  «Бакыт – бул дайыма сыйынган адамдын Жараткан менен бирдигин сезип туйганы; намаз окуган кишинин акыл-эси сергек болот, турмуштун ар кандай сыноолорун сабырдуулук менен жеңе билип, дүйнөгө болгон көз-карашы да позитивдүү», –деген 58-жаштагы судандык зыяратчынын сөзү муютту. Чынында эле, Сауд Арабия Падышалыгынын аймагынан мен жолуктурган он кишиден тогузу ичкилик, ушак-айың сыяктуу терс көрүнүштөрдөн оолак турарын көрдүм.
Зыяраттан кийин баңгиликке каршы күрөшүү тажрыйбаларын изилдөөгө кириштим. Мени Жидда шаарындагы баңгизатка каршы Мамлекеттик кызмат бөлүмүндө, ошондой эле Эр-Рияддагы борбордук башкармалыкта  күтпөгөн урмат-сый менен тосуп алышты. «Амаль» («Үмүт») аттуу Мамлекеттик наркология клиникасында иштеген кесиптештерим да жайдары тосуп алып, тегерек столдо автордук ыкмам жөнүндө кызыгып сурап жатышты. Шейх Халиль аль-Шейхи аттуу шариат боюнча өкүм жүргүзгөн жаш сот менен маектешкенде, төрт баңги соодагерин өлүм жазасына тарттырганын айтып берип, өлүм жазасына өкүм кылуу – оңой милдет эмес экенин түшүндүрдү.
Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда мени кадырлуу конок катары тосуп алышты. Конгресс, Кремль же АКШнын Сенатасы сыяктуу кымбат жасалгалуу бөлмөлөрдө жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкка даяр экендиктерин билдирип жатышты. Ошентип, Сауд Арабиясынын мыйзамсыз баңгизат жүгүртүмү боюнча Мамлекеттик кызматы менин Fatal Red Poppies аттуу китебимди араб тилинде чыгарып берүүгө макулдугун билдирип, NEBRAS аттуу долбооруна катышып берүүгө чакырышты. Сауд Арабиядагы мыйзамсыз баңгизат жүгүртүмү боюнча Мамлекеттик кызматтын генералдык директору Абдул Иллах аль-Шариф жетектеген Жогорку башкармалык Бүткүл дүйнөлүк «Баңгизаттан тыш акыл-эс» Лигасынын идеологиясын жогорку деңгээлде баалады. Мындан сырткары араб дүйнөсүнө өтө таанымал дүйнөлүк деңгээлдеги эки футболист – Мажед Абдуллах жана Науваф аль-Тимъят, ошондой эле белгилүү сүрөтчү Абдул Алхафиз менен да тааныштым. Мен да өз кезегинде башкармалыктын мүчөлөрүнө уюмубуздун «Ардактуу  мүчөсү» деген наам ыйгарып кайттым.
Сауд Арабиясындагы зыяратым аяктап, Кувейт менен Абу-Дабиге жөнөдүм. Жергиликтүү чиновниктер, баңгизат боюнча эксперттер менен кеңешчилер өздөрү баңгиликке берилгендерди реабилитациялоо маселелери боюнча кызматташтык сунуштап, Перс булуңун бойлой жайгашкан мусулман өлкөлөрү текебердиктен алыс экендигин, жаңы тажрыйбаларга ачык жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты колдой турганын дагы бир ирет далилдешти. Бул жагдайда Ислам маданияты канчалык роль ойнойт? Менимче Ислам маданиятынын мында тикелей тиешеси бар.  Мекеним Кыргызстанга кайтып келип, мусулмандардын ыйык жеринде жашаган элден бир топ үйрөнө турган нерселер бар экен деп тыянак чыгардым.
Сапарымды уюштурууга жардам көрсөткөнү үчүн Сауд Арабиясындагы Кыргыз Республикасынын элчиси Абдилатиф Жумабаевге, ошондой эле Кувейттеги Кыргыз Республикасынын элчиси Жусупбек Шариповго чоң ыраазычылык билдиремин.

профессор Ж.Б. Назаралиев



Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Белгилүү аалым Чубак ажы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытов менен маектешип, буга чейинки сөзүндө динге мамиле, саясат, депутаттык тууралуу кеп салып берсе, бул жолу коомчулукта курч турган даават, талак маселелери, Сирияга кетип жаткан мекендештерибиз тууралуу сүйлөп берди.


Чубак ажы маекти "суроо тандагыдай артист эмесмин, мен суроого келгенде малдын баарын батырып алган короо сыяктуумун, суроо ылгабайм, баарына жооп берем" деп баштады. Анда кызыктуу маекке назар салыңыз.
— Даават радикализмге жол ачып жатат деген пикирлер бар…
— Эгерде ага тыюу салып койсо жол ачат. Мындай учурда даават жашыруун жакка кирип, аны көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат. Азыр Россия, Казакстанда дааватка тыюу салынганы менен жашыруун түрдө күчөп жатат. Бирок аларда көзөмөл жок, а биз баарын көзөмөлдөп турабыз. Кыргызстанды дааватчылардын берекеси менен Кудай эле сактап турат. Анткени Бакиев убагындагы көйгөйлөр азыр деле бар, бирок элдер митингге чыкпай калды. Анткени диний маданият көтөрүлдү. Мен, өлкөнүн муфтийи Максат ажы, Абдышүкүр ажы баш болуп даават өтүп жатып, адамдар мамлекет эмес, дин менен алек болуп, өз жашоосун улантууда. Мына ушунун өзү эле динди кандай колдоо керек экенинен кабар берет. 
— Ошону чоңдор түшүнүп жатабы?
— Түшүнүп жатат. Анткени, президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү даават боюнча жакшы пикир айтып келет. Жөн адам падыша болбойт да, кудайдын назары түшкөн адам гана тандалат. Анын кулагына периштелер шыбырап турса керек.

— Көпчүлүк дааватчылардын кийген кийимине, сырткы келбетине нааразы болуп келишет. Костюм-шым кийип даават айтса болбойбу? 
— Азыр көпчүлүгү ошого өтүп калды. Мурдагыдай эмес. Элдер Jeep унаасы менен даават айтып жатышат. Адамдардын баары көйгөйлөрдү гана көрүшөт. Мисалы, профессор ак баракка чекит коюп, "бул эмне?" десе баары "чекит" дешет. "А эмнеге чакан чекитти көрүп, ак баракты көрбөйсүңөр?" дейт да. Ошол сыяктуу эле адам кемчиликти гана көрөт. Дааватчылардын буту жарылган, кийимдери жаман дешет. Эмне үчүн мени, Абдышүкүр ажыны карабайсыңар дейбиз да. Сакалы кир дейсиңер, ооба кир, бирок соо болуп, элди жакшы жакка үндөп жүрөт го. Ал эми дин менен жашабагандар мас болуп, арыкта жатат. Эки президент жумуштан түшүп качып жүрөт, а биздин бирөөбүздү жылаңачтап камерага көрсөтсө да качып кеткен жок. Никелүү аялым болчу деп жүрөт. Мен жумуштан түшүп качпай эле жүрөм. 


ААЛЫМ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ ИНТЕРВЬЮ УЧУРУНДА

— Сирияга кетип жаткандарга дааватчылар таасир берип жатат дешүүдө… 
— Негизи эле дааватка асылган туура эмес. Ал тууралуу терс пикир айткандар жумуштан кетип калат. Мисалы Эмил Каптагаев, Адахан Мадумаров, Исмаил Исаковдор жумуштан айрылышкан. Мен ал сөзгө кошулбайт элем. Анткени, бизде миллионго жакын дааватчыларыбыз Сирияга кетпей эле жүрбөйбү. Даават бизди жакшы жакка үндөйт.

— Мектепке караганда мечит көп болуп кетти деп коомчулук бир "булк" этти эле… 
— Бул сөз туура эмес. Анткени бизде 2050 мечит болсо, 2500 мектеп бар. Демек мечиттер аз. Мектеп керекпи, мечит керекпи деген суроо "атаңды жакшы көрөсүнбү же апаңдыбы?" дегендей эле. Бирин жаман көрүп, экинчисин жакшы көрө албайсың. Ар нерсенин орду бар. Бул суроо келесоолук дээр элем. Анткени мечиттин бир милдети — адамдарды жакшы жакка үндөө болуп саналат. Колдон келсе экөөнү тең салыш керек.

— Телефондон талак бергендер көбөйүп кетти…
— Талак берүү масели бизде оор болуп турат. Шым кийип жүргөндөр эркек болбой калды. Сырткы келбети эле эркек экенин билдирбесе, аялдардан өтөт. Буга биздеги билим берүү системасындагы кемчилик себепкер. Бала бакча, мектептерде аялдар сабак берип, алардын тарбиясын алган уландарда эркектик касиет калбай калды. Алар спортчу болуп, кычырап кийингени менен жан дүйнөсү — аялдыкы. Шариятта аялдар жеңил ойлуу деп талак берүү укугун эркектерге берген. Азыр эркектер аялдардан жаман болуп, "а" дей электе эле оозунан талак чыгып жатат.
Телефондон талак бергендердин диний түшүнүгү аз экенинен кабар берет. Баары эле талак берсем бүттү дешет, андай эмес. Балдардын тарбиясы, келечеги жана башка көйгөйлөрү бар. Негизи талак телефондонбу, микрофондонбу эркектин өзүнүн чыгып, анын кулагына угула турган болсо шариятта эсептелине берет. Мырзаларга туура тарбия берүү үчүн армияга жөнөтүү зарыл, мектептерди экиге бөлүш керек. Түшкө чейин кыздар, андан соң балдар окуса туура болот. Балдарга агайлар сабак берсе, накта эркектер чыгат, болбосо эркектин көпчүлүгү мажирөө болуп, эркек калбай баратат. Болбосо карап көрөлү, Россияда казак, өзбек же тажиктердин эркектери гана иштеп жүрүшөт. А биздин кыздар толуп кеткен. Тажиктер эмне жыргап жатабы? Кыргызстанда аларга караганда жашоо жакшы го. Бизде намыс деген калбады. Кыздардын баарын таркатып жибердик. Аларда айып жок! Күнөөнүн баары эркектерде! Ал жакта тоноп жаткан, зордуктап жаткандарын көрүп туруп, кыздарыбызды жөнөтүп жатабыз! (ачуусу келип) А биз болсо салган акчасына курсак тойгузуп отурабыз. Кыздар барса күйөөлөрү, атасы, агалары менен барсын. Бойдок кыздарга эмне бар? Мектепти бүттү, эртеси Москва. Бишкектеги филармонияны көргөн эмес, бирок Москвадагы Арбатты билет. Бул туура эмес. Маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек!
— Айрым медресе мүдүрлөрү светтик билими жок экен деген шылтоо менен аттестацияга кирбей калышты. Деги эле медреселердеги билим берүү маселесине нааразы болгондор күчөдү. 
— Негизи андай талап койгон уставдын автору менмин. Ал кезде светтик түшүнүктү киргизгенибиздин себеби, молдолордун светтик билими болуп, түшүнүгү жогоруласын деген элек. Бирок биз беш жылдан кийин ишке кирсин дегенбиз. Азыр аны күчтөп эле колдонуп жатышат. Бул туура эмес. Негизи светтик билими болсун деген сөздү кийинки курултайда алып салууну сунуштайын деп турам. Бөрк ал десе баш алгандай болуп жатат. Эң кыйын делинген мүдүрлөрдү алып койсо, анан кайдан башчы келет? Бул жерде ляппай урган, өзүнө жаккан адамдарды алып келүү болуп жатат деп ойлойт элем. Албетте бул сөзүмдү уккандан кийин көптөр кыжалат болуп, температурасы көтөрүлөт бирок акыйкат сөз чынынан бузулбаш керек. Көп жылдан бери кызмат кылып келе жаткан аалымдардын светтик билими жок экен деп алып салуу туура эмес. Деги эле бул маселеде муфтият кайрадан карап чыгуусу керек деген пикирди карманам. Ал эми медреседеги билимдерди айтсам, абалы дурус эле. Диний билим менен кошо адистештирилгендери бар. Мындан сырткары жаш балдар үчүн өзүнчө медреселер бар. Ал жакта мектеп программасын окуп, кошумча да таалим алышат. Медреседеги балдар эч нерсени окубай, келесоо болуп калышат дешүүдө. Жок, андай эмес. Алар компьютерди билишет, көпчүлүгүндө WiFi бар.


Интервью сыртындагы маек… 

Жан дүйнө ырахаты…

Дайыма жакшы болууга аракет кылуубуз керек, бирок жасалмалуу болбошубуз керек. Анан дагы бир маселе Кудайга ишенүүнүн ырахаты. Адамдардын баардыгы ошол ырахатты издешет. Ырахат үчүн Антальяга барып, падыша болгусу келет. Бирок көпчүлүгү чыныгы ырахат динде экенин билишпейт. Адамдын жан дүйнө ырахатына эч нерсе жетпейт.

Китеп окуунун пайдасы… 

Китеп окуу мен үчүн көп нерсеге шыпаа. Адам президент болууну көздөсө ошол жөнүндө китеп окуса, көксөөсү канат. Эгер бай болгусу келсе, ошол жөнүндө китеп окуса, анан көйгөйүн билип кадимкидей тажап калат. 

Чыңгыз Айтматов жөнүндө…

Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуганда эмнеге идеологияны бузгандар тууралуу жазат деп кээде ага нааразы болуп кетем. Буйрук менен жазылган китептердей сезилет. Анткени СССР убагындагы түшүнүккө каршы китеп жазса, Нобель сыйлыгы берилет деген түшүнүк бар эле да. Кайсы бир системанын чынжырларын бузгандарга сыйлык беришкен. Ал эми "Тоолор кулаганда" китебин окуганда Айтматов өзүнүн тагдырын жазганбы деген ойго келем. Өзүнүн кошогундай сезилет. Мен Айтматовду чындыкты айта алганы үчүн сыйлайм. 


Музыка укпаш керек, кола ичпеш керек…

Анткени ал биздин продукт эмес деген кеп. Өзүбүздүн жарманы ич деген эле сөз. Базарда бир тууганыңыз алма сатып отурса андан албай, душмандан алат деген кеп. Ошол себептен ичпе деп айтылат. Ал эми комузду укпа деп эч качан айткан эмесмин.
Sputnik Кыргызстан
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн, 30-мартта Ош облустук мусулмандар казыятынын Иш башкармасы Абдыжапар ажы Жакыпов мечит имамдарынын айлык отчетторун кабыл алып, отчеттордун сапатын текшерүү иштерин жүргүздү. Абдыжапар ажы Жакыповдун айтуусунда 2016-жылдын март айынын отчетун Алай районунун имамдары 100%га, Чоң-Алай районунун имамдары 98%га, Өзгөн районунун имамдары 84%га, Кара-Кулжа районунун имамдары 59%га отчетторун тапшырышты. Ал эми Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун имамдарынын отчеттору даярдалып бүтө электигине байланыштуу тапшырыла элек. Отчет берүүнүн тартибине ылайык бардык райондордун баш имам хатибдери мечит имамдарынын отчетторун ар бир айдын 27-числосуна чейин казыятка тапшыруу талабы коюлган. Бул талапты убагында аткарбагандарга чара көрүлөөрү белгилүү болду. Иш башкарма мындан сырткары отчеттордогу аткарылган иштердин реалдуулугун анализдеп, калыс баа берилээрин билдирди. Ошондой эле ал бардык жыйынтык боюнча КМДБнын алдындагы отчет алуу комиссиясынын кызматкерлерине отчеттторду Dropbox проограммасы аркылуу жиберип, ар бир жагдайды skape аркылуу түшүндүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, имамдардын айлык отчетторуна райондук хатипчилик, ал эми хатипчиликтердин отчетторуна казыят тарабынан 1ден 5ке чейинки балл менен баалоо жүргүзүлөт.
Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Республикада дары менен малды тез семиртип саткан ишкерлер арбын. Адистер мындай жол менен багылган малдын эти ден соолукка зыян экенин айтып келишет. Бирок муну токтотууга көзөмөлдөө органдарынын чамасы жетпейт.


Кара малдын ичинен буканы семиртип багуу башка малга салыштырмалуу кирешелүү. Ошондуктан соодагерлер этти арбын берген букага басым жасашат. Негизинен буканы табигый жол менен семиртүү жашына, эттүүлүгүнө жараша беш айдан сегиз айга чейин созулат. Бирок акыркы учурда ар кандай кошумча заттар, гормон саюу менен малды кыска убакытта семирткен эргулдар көбөйдү.
Карыянын кеби
Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында калктын көпчүлүгү, айрыкча даргин тектүүлөр бука бордоп, сатып оокат кылышат. Жашы алтымыштан ашып калган Сарда аттуу карыя мындан эки-үч жыл мурун айылда буканы тез семиртип саткандар арбын болгонун айтып отурду:
- Мен ушул айылда туулуп-өскөм. Кимдер эмне иш кылат жакшы билем. Мен да бука багам, бирок дары колдонбойм. Букаларды дары менен чоңойткондор мурда абдан көбөйгөн. Азыр андай жок окшойт. Себеби, мечиттерден андай нерсе арам экени айтылган.
"Дарыны кожоюн өзү берет"
Анан айылдын четинде жайгашкан сарайларга жөнөдүк. Катар тизилген алты-жети сарай. Мында көп жылдан бери мал бордолорун тоодой үйүлгөн кыктан эле байкаса болот. Биз баш баккан сарайда 300дөй бука байланып турган экен. Букалардын алдын тазалап, чөп салып жүргөнКубат аттуу малчы буларды божурады:
- Алдын тазалап, жем-чөбүн салып жатам. Буларды тынбай карап туруш керек. Азыр букалар жаңы эле алынып келди. Эми буларды семиртүүгө беш ай кетет. Дарыны букалардын ээси келип өзү берет. Мен билбейм, чөп-жемге болгон суктугун ачкан сыяктуу дарыларды берет го. Азыр ээси жок, алар айылда болушат.   
Уй сарайУй сарай
Жанындагы сарайда иштеген, өзүн Сагынбек деп тааныштырган малчы дагы кепке кошулду:
- Буканын ээлери бул жакта эмес, алар айылда болушат. Азыр силерге “мен буканы гормон берип багам” деп эч ким айтып бербейт. Илгери көп болчу, учурда жашырып багышат. Менин Нарындан келгениме төрт жыл болду. Ошол кезде көп болчу. Кытайдын дарылары сатылчу. Аны жемине кошуп же ийне менен сайып коюшчу. Тыржыйган немелер үч-төрт айда лөкүйгөн букага айланат. Эми ал дарылардын түрлөрү көп, жүрөгүн начарлатат, табитин ачат дегендей.     
Жем-чөп менен эле семиртебиз
Бирок биз айылдан кезиктирген ишкер Шабан Илдаров малчылар айткандарды жокко чыгарды. Көп жылдардан бери мал менен иштеген Шабан бул айылда малды таза жол менен семиртип сатарын айтты: 
- Мен букаларды Казакстанга же жергиликтүү дүкөндөргө союп сатам. Азыр эми союз убагындай тоют жок. Колдо бар арпа, буурчак сыяктуулар менен жем даярдайбыз. Экспарцет беребиз. Жалпы жонунан күнүнө жети-сегиз жолу чөп салынат. Ээн-эркин жүрбөйт, дайыма байланып турат. Ошондой эле алды таза болушу керек. Кышкысын жылуу суу берилет. Негизи жем-чөбүн убагында берип турсаң эле бардык мал семирет. Ал эми дары берип этин көбөйтөт экен дегендер болбогон кеп. Биздин айылда андай жок. Илгери эле тыюу салынган.
Мал доктурлардын малды эмдөө учуруМал доктурлардын малды эмдөө учуру
Акыркы жылдары ишкерлер тез арада малды семиртүү үчүн гормон саюуну колдонуп жатканын көзөмөлдөө органдары деле айтып келишет. Бирок бүгүнкү күндө өлкөдө сатылып жаткан эттин курамындагы гормон жана гендик модификацияланган заттарды текшере турган лаборатория толук иштебейт. Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик инспекциянын башчысыКалысбек Жумаканов буларга токтолду.
- Эми мурда ветеринария тармагы башаламан болчу. Азыр иретке келтирели деп атабыз. Айылдардагы жеке менчик ветеринарларга укук берип, аны менен кошо жоопкерчиликти жүктөйбүз. Эгерде ал караган аймактагы малдан бир нерсе чыкса, ошол киши жооптуу болот. Чынында азыр мал кандай бордолуп жатат билбей жатабыз. Бирок биз айткандар ишке ашып кетсе, ветеринарлар көп мал бордолгон сарайларды кыдыра алат.
Айрыкча шаар тургундары сатуучу айткан сөзгө гана ишенип эт алууга аргасыз. Базардан таза эт менен ар кандай кошумча заттарга бордолгон малдын этин айырмалоо кыйын. Шаар тургуну Келдибек Асановбазардагы эттин сапатына нааразы:
- Эми базардан баары эле мактай беришет. Бир жолу уйдун эти деп алгам. Үйгө барып бир кайнаткандан кийин эле шорпосу башкача даамданып калды. Дарыга семирген малдыкы шорпосунан билинет экен. Шорпосун бир төгүп анан көпкө кайнатып жедик. Араң алган этти ыргытмак белек.  
Дары менен семирген мал ден соолукка зыян
Адистер малдын жасалма жол менен семиртилген эти адамдын саламаттыгы үчүн өтө зыян экенин белгилешүүдө. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин тамак-аш инженерлигинин окутуучусу Анарсейит Дейдиевге бир нече суроо менен кайрылдык:
Ат-Башынын базарыАт-Башынын базары
"Азаттык": Малды тез семиртүүчү дары-дармек кайдан келет?  
Анарсейит Дейдиев: Мен билгенден Кытайдан келет. Мындай дарылар ар кандай ат менен эле сатыла берет.  Дарылардын курамында химиялык заттар кошулган. Булар малды тез арада эттентүүгө жана кошумча салмак басууга жардам берет.    
"Азаттык": Өлкөдө эт менен иштегендерге мындай тажрыйба качан келе баштаган?
Анарсейит Дейдиев: Эми аны так айтууга болбойт. Бул Орусияда тыюу салынганы менен аларда деле жаап-жашырып багып жатышат деген маалымат бар. Ошол сыяктуу эле Кыргызстанда деле ишкерлер жакшы киреше табуу үчүн колдонушат.
"Азаттык": Ушундай жол менен багылган малдын эти адам саламаттыгына кандай таасир тийгизет?
Анарсейит Дейдиев: Эң аз тийгизген таасири адамда аллергия пайда болушу мүмкүн. Ал эми эң чоң таасири билинбей эле рак ооруларын күчөтүп жиберет. Дарыга кошулган химиялык заттардын курамына жараша толтура ооруларды чакырат.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Каза намаз календарын чыгарып алып, белгилей жүрүңүз

Ар бир мусулман адам үчүн намаз окуу башкы парз экенин жана намаздын динибизде ээлеген ордун билген соң, кээ бир боордошторубуздун намаз окууга негедир кайдыгер мамиледе болуп, же жалкоолонуп намаз окубай жүрүүсү чоң каталык болуп эсептелээри да күмөнсүз.

Намазын унутуп, же уктап калып, же болбосо жалкоолук кылып, же намаздын кабары болбой жүрүп окубаса, кийин милдеттүү түрдө
казасын окуйт.

Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) айткан:

Кимде-ким уктап калып, же унутуп калып намазын окубаса, эстегенде дароо окусун ".

Мусулман адам балагат жашына толгондон баштап, ага намаз окуу парз болот. Бир адамдын жашы 50-60 жашка чыгып калса да балагатка толгондон берки окулбай казага калган намаздарынын казасын окушу керек. "Окула турган каза намаздарым аябай көп, анын баарын окушка өмүрүм жетпейт, бирок колдон келишинче казаларымды окуй берейин" дегендер болсо, Аллах Таала ушундай ойдогу адамдардын жүрөктөрүндөгү чын ниеттерине жана жакшы аракеттерине жараша шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берет. Каза намаздарынын баарын окушка өмүрү жетпей өзгөн болсо, ага Аллах Таала бул дүйнөдө "каза намаздарды окуу эшигин ачып койгондугу" үчүн акыретте жакшы мамиле кылаарынан үмүт кылабыз.

Намазды окууга буюрган Куран аяттары, ошол намаздардын казасынын окулушуна да буйрук болуп саналат. Себеби кылынышы Аллах Тааладан буйрук менен келген амалдар аткарылмайынча ошол буйруктун өкүмү күчүндө кала берет.

Каза намаз окуш керек болгондо кандай ниет кылыш керек:

"Ниет кылдым Аллах ыраазычылыгы үчүн менден эң биринчи окулбай калган багымдат ( бешим, аср, шам, куптан, витир) намазын каза кылып окууга".

Суйүктүү Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям ' ) каза намазын окуган. Бирок Пайгамбарыбыздын (салляЛлаху алайхи уа саллям ) намаздарынын казасын окуусу үммөтүнө сабак берүү үчүн, мусулмандар намаздарынын казасын кантип окуш керектигин көрсөтүп берүү үчүн болгон. Болбосо Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) ката кылыштан, күнөө кылыштан алыс.

Мадинада Хандак согушунда бутпарастардан коргонуу согушунда Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) төрт убакыт намазын убагында окуй албай калып, казага калтырган. Бул тууралуу сахабалардан Абдуллах бин Масьуд мындай деген :
"Бутпарастар Хандак согушунда Пайгамбарыбызды (салляЛлаху алайхи уа саллям) төрт маал намазын окууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Акыры түндүн бир оокумунда Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) азирети Билалга (радияЛлаху анху ) азан айтуусун буюрду. Азирети Билал (радияЛлаху анху ) алгач азан, артынан коомат айтты.

Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) казага калган бешим намазына имам болуп окуду. Андан кийин азирети Билал (радияЛлаху анху ) коомат айтты. Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) казага калган бешим намазына имам болуп окуду. Андан кийин азирети Билал (радияЛлаху анху ) коомат айтты, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) аср намазына имам болуп окуду, кийин коомат айтылып, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) шам намазына имам болуп окуду, андан кийин Билал коомат айтты, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уа саллям) куптан намазына имам болуп окуду" (Тирмизи, Насаи).

Каза намаздарды ирети менен окуш керекпи?

Ирети менен окуш шарт эмес. Бирок адашып калбаш үчүн, каза намаздардын жадыбалына белгилөө үчүн ирети менен окуса болот.

Бир күндүк каза намаздын баарын бир убакта окуганда, ар бир каза болгон намаз үчүн ар бирине азан, коомат айтылабы?

Каза болгон намаздарды чогултуп бир убакта окуганда алгач бир азан айтылып, анан ар бирин окугандан алдын ар бирине коомат айтылат. Аялдар азан да, коомат айтпай окушат.

Даярдаган: Салтанат Бообекова
"БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ"
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


1) Улак, козу бычуу күнөө эмеспи?
Жооп: Муктаждыкка жараша боло бере турган жумуш. Ал эмес курмандыкка мына ошол бычмалдын эти жакшыраак болот деп айтылат. Ал эми адамды бычуу, же адамдар өздөрүн бычтыруусу арам деп эсептелет. Азыркы учурда педофилдерди бычтырып салууну сунуштагандар бар. Кайсы бир деңгээлде “шарьий таьзиир” катары кабылдоого да мүмкүн. Бирок, аларды “таш бараңга алып өлтүрүү” адилеттүүрөөк болот эле. Президентибиз да ушуну каалап, ачык эле жарыя кылганын баарыбыз көрдүк. Айта кете турган маселе, “таш бараңга алуу” же өлүм жазасын ыйгаруу атайын ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан аткарылат. Ар ким эле өз бетинче аткара бербейт.
2) Биздин мамлекеттик ЗАГСтарда никени аял киши кыйып келет. Бул шариатка туура келеби? Негизи аял киши нике кыйса болобу?
Жооп: Деги ошол ЗАГСта кыйылган никелер “шарьий нике” эсептелеби же жокпу деген маселе олуттуу суроону жаратат. Никенин шарттарына эмнелер кирет деген суроого жооп берүү маселени тереңирээк ачып берет деген үмүттөмүн. Никенин шарттары өз алдынча экиге бөлүнөт. 1) никенин байлануусунун 3 шарты бар. 2) никенин дурус болуусунун 2 шарты бар. Катары менен баяндай кетели:
1-1) Никедеги “кабыл кылуу” жана “тутуунун” бир мажлисте болуусу.
1-2) Никедеги эки тараптын ар бири экинчисинин сөзүн угуусу жана анын маанисин түшүнүүсү.
1-3) Никедеги “кабыл кылуу” жана “тутуу” бири-бирине каршы абалда болбой, үндөшүп турууга тийиш.
2-1) Никеге туруучу аялзаты шариат тарабынан алып караганда, нике кыйылуучу эркекке махрам болбоосу, б.а. никеге турууга шариаттуу болууга тийиш.
2-2) Күбөлөрдүн эсебинин толук болуусу.
3) Ар бир жамгырды, карды периште алып түшөт деген чынбы?
Жооп: Бул туурасында Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты деген “марфууь” хадисти биле албайбыз. Тафсир китептерде “санаты” жок таризде “ар бир тамчы жамгыр менен бир периште түшөт” деп Ибн Аббас риваят кылганы айтылат. Бирок мунун баары Ибн Аббастын сөзү катары гана белгилүү. Имам Багавий өзүнүн тафсиринде мындай дейт: “Асмандан түшкөн ар бир тамчы менен бирге периште түшүп, Кудай Таалам кайсы жерге түшүүсүн кааласа, ошол жерге жеткирет деп айтылат”. Көрүнүп тургандай, “айтылат” деп баса белгилебей коомайланып айтып жатат. Мунун өзү риваяттын “заьииф” экенине далаалат кылат. Валлооху Аьламу.
4) Уялчаактыктын дубасы барбы, устаз? Нази
Жооп: Уялчаактык жакшы сапат, берекем! Пайгамбарыбыз алайхис салам көшөгөдөгү кыздан дагы уялчаак болгон. Бирок, бул нерсе илимден, акыйкатты айтуудан тоспош керек.
5) Акыркы убакта эмнеге жин киргендер көп болуп жатат?
Жооп: Кудайдын ираада каалоосу менен болот. Адамдардын жашоосундагы сүннөттөрдүн аз экендигине такалат.
6) Бир күндүк ачытылбаган бозону ичсе болобу?
Жооп: Мас кылуучунун бардыгы арам. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Ар бир мас кылуучу арам!”.
7) Иегова динине кирген адамды, мусулман мүрзөсүнө койсо болобу?
Жооп: Жок, ал адам муртад болгондуктан аны мусулмандардын кабырыстанына көмүүгө болбойт. Анткени ага боло турган азаптардан мусулман коңшулары да жапа чегет. Адамдын кабырдагы коңшулары да жакшы болуусу жакшы касиет.
8) Төрөлөр деген кимдер? Биз аларды башка аксакалдарга караганда өзгөчө сыйлап, дубасын алабыз.
Жооп: Пайгамбар заадалар, пайгамбар тукумдары дегендер. Мусулманчылык жолунда бекем жүрүшсө, динди бекем карманышып, такыбалыкты туу тутунушса алардан жакшы киши жок. Андай эмес болсо, алардан жаман киши жок.
9) Сапарда, унаанын ичинде намаз окуса болобу?
Жооп: Сыртта баткак, көз ачыргыс жаан же бороон болсо, унаанын ичинде окуса болот. Ошондой эле унаа токтобосо, же аргасыздан болгон учурларда унаанын ичинде окууга уруксат. Колдон келишинче унаанын сыртында окуган эң жакшы.
10) Атым Гүлназ. Жаратуучубузга жаккан атты айтып, атымды өзгөртүп бериңизчи?
Жооп: Гүлназ дагы жакшы ат. Гүлдөй назик жана сулуу болуп, көргөн адамдын баары сенин назиктигиңди көрүп, Кудай Тааламды эстеп турсун деген улуу маани жатат. Менин баамымда атыңды өзгөртүүнүн кажети жок.
11) Сиз жаңы муфтий болгонуңузда сизди гыйбат кылган элем. Сизди гыйбат кылгандардын баарын жана мени да кечирип коюңузчу?
Жооп: Кечирдим. Ким мени гыйбат кылган болсо, ушактаган болсо кечирдим. Кылган ишинин жамандыгына “аттиң!” деп өкүнүп кечирим сурагандардын санынын көбөйүүсү, элибиздеги ыймандын жемиштүү болуп жатканынан кабар берет.
Мен да кимдир бирөөнү капа кылып койгон болсом кечирим сурайм. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Кечиргиле, кечиргендерди Кудай Таалам кечирет, ырайым мээримине алат”.
12) Жолдошум бир аял менен жашыруун нике кыйдырып, Москвага кеткенине 9 ай болду. Кээде гана чалып турат, бирок талак бере элек. 6 ай жок болуп кетсе, телефондо да урушуп турсак, талак сакталбайбы?
Жооп: 6 ай жок болуп кетсе эле талак түшүп калат деген пикир туура эмес. Жаман катын эр коруйт, жаман эркек жер коруйт болбоңуз. Менин таң калганым, ал жашыруун нике кыйса сиз кайдан билип алдыңыз. Сиз билип алсаңыз ал нике кайдан жашыруун болот? Айтарым, аны менен урушпаңыз, мамилени сактаңыз. Жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарат имиш. Адам сыйдын кулу.
13) Ооруп калганымда бир эже чөп дарылар менен дарылаган болчу. Бирок кайра оорум күчөп кетти. Ал аялды сотко бергеним туурабы?
Жооп: Ооба, аны сотко берсең болот. Ага кошуп өзүңдү да сотко берүү керек. Анын документтерин текшерип, ишеничтүү адамдардан сурап дарылануу керек. Ден-соолукка кайдыгерлик менен карагандыгыңыз үчүн Кудай алдында жооп бересиз.
Адамдарды дарылайм деген жалганчыларга чара көрүлүүсү кажет. Сот жообуна тартылганда баарыбыз үчүн жакшы болот. Айта кете турган акыйкат сөз: кээде ишеничтүү дарыгерге барсаңыз деле жакшы болбой, ооруңуз күчөп кетиши толук мүмкүн. Анткени шыпаа Алла Тааланын колунда. Ал эми дарыгерлер себепчилер гана. Биздин мойнубуздагы милдет, татыктуу дарыгерлерди таап дарылануу.
14) Телефонумда куран, салаваттар бар. Дааратсыз эле кармап окуй берсем болобу? Өчүк абалында дааратканага кирсем кандай болот?
Жооп: Салаваттарды дааратсыз кармасаңыз боло берет. Ал эми Куранды даарат менен кармаганыңыз ийги. Өчүк абалында дааратканага кирсеңиз боло берет.
15) Жубайым менен ажырашканыма 5 жыл болгон. 1 ай мурун ал турмушка чыгыптыр. Талагын берген эмес болчумун. Кантем эми?
Жооп: Анын күнөөсүнө шериксиз. Эми бир талак бериңиз, ал да иддасын эсептеп, никесин жаңылап алар.
16) Малдарыбызды уурдатып жибердик. Шариат жолу менен кантип тапсак болот?
Жооп: Адал болсо табылат. Милицияга бериңиз. Көзү ачыктардан сураган болбойт. Дубада болуңуз...
17) Жолдошу аялы менен таарынышып 7 ай кабар албай койсо, талак түшкөн болобу?
Жооп: Жок.
18) Мен кыз баламын. Учурда Америкада шартка байланыштуу иштеп жүрөм. Жанымда жакындарым жок. Кыз бала алыста жүрсө болбойт экен. Ошондо мен күнөөгө баттымбы?
Жооп: Кыз баланын беймахрам алыста жүргөнү туура эмес. Күнөөгө батат. Ылайыгы болсо ошол жактан мусулман жигиттерине турмушка чыксаң жакшы болот. Кудайым бактылуулардан кылган болсун!.
19) Жолдошум менен жашаганыма 6 жыл болду. 6 жылдан бери кайним биз менен жашайт. Ал аз келгенсип 2 кайын сиңдим бар. Алар да биз менен бир бөлмөдө жатышат. Иштеген жеримде да кайын журт, үйүмдө да кайын журт. Бөлүнүп жашайлы десем, туугандарды бөлбө дейт. Эмне кылуум керек? Балалуу да боло элекпиз.
Жооп: Ошентип тыгылып жашай берсеңер жүз жылда да балалуу болбойсуңар. Баланын пайда болуусуна да кээ бир шарттар керек. Силердин бул тариздеги жашооңор болбойт. Өзүнчө бөлмөгө чыгып жашасаңар, туугандарды бөлгөн болуп эсептелбейт. Ар бир аял өзүнчө дааратканасы, ашканасы жана жатак бөлмөсү бар жайда жашоого укугу бар. Аны эркек камсыздоого милдеттүү. Кокустан “жеңенин бир саны кайниники” болуп кетсе, маселенин баары тескери кетет. Кудайым сактаган болсун.
20) Бир баланы жакшы көрөм, ал да мени жакшы көрөт. Бирок чоң аталарыбыз бир атадан, бир энеден экен. Үйлөнсөк болобу?
Жооп: Боло берет.
21) Өлгөн жерден тамак жегенибиз канчалык күнөө? Жебей койгонубуз кээде ыңгайсыздык жаратып жатат.
Жооп: Мусулманчылык акырындык менен болот. Андай жерлерде тамак жеген “макрух тахриимий” даражасында күнөө болот.
22) Даарат алгандан кийин бетке боёк коюп намаз окуса болобу?
Жооп: Намазга жарай берет. Көчөгө боёнуп чыгуу мусулман аялзатынын адебине туура келбейт.
23) Мас абалымда телефондо аялыма 3 талак деп айтып алган элем. Эч кандай талак оюмда жок болчу. Жарашуу жолу барбы? Эки балабыз бар. Бирок кийин мен башка аялга үйлөндүм, анын боюнда болуп мекенибизге жөнөттүм. Бирок экинчи жубайымдын эжеси мага “эми ал сени менен жашабайт” деген сөзүн айтты. Экинчи аялымдын талагын берген эмес болчумун. Ушул эки маселени чечип бериңизчи?
Жооп: Сен ушинтип алып кетире берсең сага аял түтөбү, кокуй! Кандай болгон күндө да бул сыяктуу маселелер гезит бетинде чечилбейт. Өзүң жана аялың чогуу келип жолуксаң, туура же туурага жакыныраак жооп чыгат. Анткени кээ бир нерселерди экөөңөрдөн чогуу сураганга туура келет.
24) Москвада “ашпоз” болуп иштейм. Жумушка байланыштуу кээде камандын этин даамдап көргөнгө туура келет. Эч нерсе болбойбу?
Жооп: Болбойт. Арам. Мисалы кимдир-бирөөгө тезек бышырсаң, ошону да даамдап көрөсүңбү? Одоно салыштыруу болсо кечирип коёрсуң, бирок ушул мисал туура эле келет. Жок, берекем, бул каман. Ал камандын этин жеген болбойт аман. Арам тамак жегендин дубасы берекесиз саман. Ал каман, анын этин жеген кесепеттүү жаман.
"Saresep"
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Чемпионка Кыргызстана по вольной борьбе - из строгой мусульманской семьи и давно носит платок. Но это не мешает ей заниматься спортом. "Пророк наоборот говорил, что женщины должны получать знания, обретать новые навыки, учиться", - подчеркивает Каным.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Мен киммин, байлык көп деп мактангыдай?
Баймын мен, күнөөм жок деп актангыдай!
Жакшы амалдар жасабасам Аллах үчүн?
Жүралбаймын ыйманы бар мусулмандай!

Мен киммин, ата-энемди карабасам?
Алар кылган ак эмгегин актабасам!
Алоолонгон тозок отто күйбөймүнбү?
Кеч болсо да ыраазылыгын алалбасам!

Мен киммин, бир тууган деп кайгырбасам?
Бир тууганым канатым деп мактанбасам!
Мен аларсыз кайгы-мунда өтпөймүнбү?
Ынтымакта, туура жолду айталбасам!

Мен киммин, балдарымды багалбасам?
Жетим кылып, милдетимди аткарбасам!
Карыганда кимдер мага мээрим төгөт?
Мен аларга чын мээримим төгалбасам!

Мен киммин, ээрчибесем Пайгамбарды?
Аткарбасам Элчи айткан амалдарды!
Үммөт болбой, ыйман даамын кантип татам?
Туурап жүрсөм, ээрчип жүрсөм каапырларды!

Мен киммин, Жаратканды тааныбасам?
Жаратканды түбөлүктүү сүйө албасам!
Кулу эмес, эки жүздүү болбоймунбу?
Ар бир таңды намаз менен тосо албасам!

Автор: БибиМарьям Ибрагимова.
“Бактылуулук формуласы”
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адам баласынын жүрөгү эки түргө бөлүнөт.

1-Тирүү жүрөк. 
2-Өлүү жүрөк.

Кайсы бир инсандын жүрөгү тирүү болсо анда ага Аллах тарабынан чоң жакшылык берилген болот. Ал эми кимдин жүрөгү өлүк болсо анда ал өзү тирүү болсо дагы өлүк адамдардын катарына кошулат. Себеби, ал озунун кыска жашоосунда акырети үчүн эч кандай пайдалуу амал аткарган жок. Ошон үчүн мурунку доордогу такыба Алла Тааладан коркуу менен жашоо кечирген инсандар өз жүрөктөрүн кара басып, өлүк жүрөккө айланып калбашынан кам көрүшкөн. Жүрөктү тирилтүү амалдарынын бирөөсү өлүмду эстеп, кабырды зыярат кылуу эле. Алдыңкы доор аалымдарынын бирөөсү Сафван ибн Салим да кабырларды зыярат кылууну өзүнө адат кылып алган эле. Адатынча күндөрдүн бир күнү кабырларды зыярат кылганы жөнөгөндо аны көрүп калган бирөө «Бул эмне кылат экен!»- деп артынан ээрчип алат. Ал минтип эскерет:  

-Сафван бир кабырдын жанына олтуруп өзүн кармана албай ушунчалык катуу ыйлады. Мен анын ыйлаганын көрүп боорум ооруп кетти. Жада калса ойлоп да калдым, ал кабыр Сафвандын туугандарынын бирөөсүнүн кабыры го деп. Ошентип кабырдан кайттык. Экинчи жолу дагы зыяратка жөнөгөндө ага кошулуп ээрчип алдым. Бирок, ал бул жолу башка кабырдын жанына олтуруп алып ыйлады. Мен болгон окуяны Мухаммад ибн Мункадир деген имамга айтып бергегимде ал;- "Ал жердеги кабыр ээлери баары Сафвандын жакын диндеш боордоштору, Сафван өз жүрөгүн өлүмдү эстөө менен тирилтип, кара басып калуусунан сактайт", - деп жооп берди
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.

Ааламдын Жаратуучусу, адам баласына жер бетин жаратып, жашоо булагын агызган Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун.
Аллахтын акыркы пайгамбары, үммөтүнө айлан-чөйрөнү, жаратылышты коргоонун эң сонун үлгүсүн көрсөтүп кеткен пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын салам-салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Кыш аяктап, жаз айлары башталып жатат. Жаздын келүүсү — бул, Аллахтын пенделерине тартуулаган чоң белеги. Жаздын келүүсү менен адамдардын көбү эмгектенүү үчүн аракеттене башташат. Бирок, тилекке каршы көпчүлүк адамдар жаздын келүүсү менен бир гана өз камын ойлоп, өз ырыскысы үчүн кам көрө баштайт. Ошол эле учурда өзү жашап жаткан ата мекенинин абалы кандай болуп жатат, келечектеги урпактары кандай жерде жашайт, бул туурасында ой жүгүртпөйт. Туура, ар бир адам өз ырыскысы үчүн аракет кылуусу керек. Ошол эле учурда өз өлкөсүнүн келечегине кандай салым кошуп жаткандыгын да ойлонуусу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Меккеден чыгып бара жаткан мезгилде, артына кайрылып: «Оо, кереметтүү Мекке, сен кандай жыттуусуң, мен үчүн кандай баалуусуң, мен сени абдан жакшы көрөм, эгер коомум чыгарбаганда мен сенден кетпейт элем» — деп, көзүнө жаш алып коштошуп кеткен. Мекенди сүйүү, мекенге болгон сагынуу, мекендин келечеги үчүн ойлонуп-толгонуу, мекен үчүн кызмат кылуу — бул, абдан маанилүү амал.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бир жолу Перстердин падышасы жан-жөкөрлөрү менен талаада бара жатса, бир абышка Зайтун дарагынын көчөтүн отургузуп жатыптыр. Падыша абышканы шылдыңдоо үчүн жанына бастырып келип: «Ой, абышка, өзүңүз картайып калыпсыз, бул көчөт түшүм бергенче жашарыңызга көзүм жетпейт. Аны эмне үчүн тигип жатасыз?» — деп сурайт. Абышка: «Ээ, балам, мурдагылар тиккенди биз жедик, эми биз тигебиз, аны кийинкилер жейт» — деп жооп берет. Анын жообуна купулу толгон падыша, бир тенге алып чыгып абышкага узатат. Абышка аны алып, жылмайып күлүп коёт. «Эмнеге күлүп жатасыз?» — деп сурайт, падыша. Мыйыгынан жылмайган абышка: «Элдин көчөтү он жылдан кийин түшүм берсе, менин көчөтүм тиккен эле күнү түшүм берди» — деп, жооп берет. «Сиздин бул жообуңуз мага абдан жакты» — деп, падыша дагы бир тенгени сунат. Абышка аны алып, дагы жылмайып күлүп коёт. «Эми эмнеге күлүп жатасыз?» — деп сурайт, падыша. «Элдин көчөтү бир жылда бир эле жолу түшүм берсе, менин көчөтүм тигер замат эки түшүм бергенине күлүп жатам» — деп жооп берген экен абышка. Эгер сен бир көчөт тиксең анын түшүмүн жейсиң. Эгер сага анын түшүмүн жегенди Аллах Таала насип кылбаса да, сен анын сообуна ээ болосуң. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде: «Кайсы бир мусулман эккен эгинден, же отургузган көчөттөн чымчыктар, же адамдар, же айбанаттар жесе, ага садака болот» — деп айткан. Ушул эле хадисте Имам Муслимдин риваятында: «Эгер ошол эгинден кимдир бирөө уурдап алса да, эккен кишиге садака болот» — деп айтылган. Экинчи бир хадисте: «Кайсы бир адам көчөт отургузса, ага көчөт отургузганы үчүн сооп жазылат. Андан кийин ал мөмөлөсө, анын канча мөмөсү болсо дагы ошончо сооп жазылат» — деп айтылган. Салман Фарсий (Аллах андан ыраазы болсун) кул эле. Ал кожоюнуна келип, боштондукка чыгаруусун суранганда, кожоюну: «Сен мага беш жүз курманын көчөтүн тигип берсең, анын баары көктөп чыкса, мен сени азат кыламын» — дейт. Салман Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) арызданып келет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага: «Көчөттөрдүн ордун даярдап кой» — деп буйруйт. Ал көчөттөрдүн ордун даярдап бүткөн соң Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип өз колу менен көчөттөрдү тигип берет. Кийин, алардын баары көктөп чыкканда кожоюну Салманды азат кылат. Көчөт тигүү, айлананы жашылдандыруу, жаратылышты коргоо сыяктуу иштер бир гана ишембилик өткөрүү менен болбойт. Бул иштерди ар бир мусулман өзүнүн күнүмдүк милдети катары билүүсү керек. Бир күндө беш жолу дарат алып, намаз окуп, бир жылда бир ай орозо кармап жан-дүйнөбүздү тазалап турган сыяктуу эле, күн сайын өзүбүз жашаган жер бетин тазалап туруубуз керек. Аллах Таала Куранда: «Силерди жерден жаратты, аны өнүктүргүлө» — деп айткан. Жерди өнүктүрүүнүн мааниси, аны багып, көчөт тигип, эрозиядан сактоо болуп эсептелет. Экинчи бир аятта Аллах Таала: «(Оо, Мухаммад!) Адамдардын арасында ушундайлары бар: бул дүйнө жашоосунда анын сөздөрү сени кызыктырып коёт. Ал жүрөгүндөгү нерсеге Аллахты күбө кылат (ант ичет). Чынында, ал (Исламга) элдешкис душман! Ал сенин алдыңдан кетээри менен, жер бетин бузукулуктарга толтуруу үчүн, эгиндерди, насилдерди курутуу үчүн аракеттерин баштайт. Аллах болсо, бузукулукту сүйбөйт» — деп айткан. Бак-дарактарды кыйып, анын ордуна жаш көчөттөрдү тикпестен таштап коюу, жайыттарды какыраган жерге айландыруу сыяктуу иштер мусулмандын сыпаты эмес. Ыймандуу адам курат, тургузат, бирок бузбайт. Өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүү канчалык деңгээлде зарыл экендигин билдирүү максатында Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде: «Эгер Кыямат башталып кетсе да колуңардагы көчөттү отургузуп койгула» — деп айткан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мусулмандарды айлананы жашылдандырууга кызыктыруу үчүн бир хадисте: «Ким өлүк жерди тирилтсе, ал ошонуку болот» — деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Азыркы учурда Исламды жакшы түшүнбөгөн кээ бир адамдар: «Динде эмгектенүү жок, Аллахтан сурасаң, берет» деген туура эмес түшүнүк менен жүрүшөт. Ислам дини жалкоолуктун дини эмес. Ислам, балагат жашына жеткен ар бир адамга ибадат кылууну буйруган сыяктуу эле, эмгектенүүгө да буйрук кылат. Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалык убагында бир топ адамдар мечитке келип отурушат. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аларга келип: «Бул жерде эмне кылып отурасыңар?» — деп, сурайт. Алар: «Биз Аллахтан ырыскы сурап отурабыз» — деп жооп беришет. Ошондо Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аларга ачууланып: «Асмандан силерге алтын-күмүш жаабайт, ордуңардан туруп, эмгектенгиле, Аллах силерге ырыскы берет» — деп айтат. Бир жолу Абдуллах бин Масьуд келип Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) салам айтып, кол кармашып көрүшөт, ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) анын эмгектен улам чор болуп катып калган колун кармап туруп: «Бул колду Аллах сүйөт жана тозок оту күйгүзбөйт» — деп айтат.
(Бухарий, Муслим).

Бир адам келип: «Оо, Аллахтын элчиси, мага мусулмандардын казынасынан бир нерсе бер» — деп суранганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Тоого чыгып отун алып келип сатууң — сурануудан жакшы» — деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында мечиттин айланасын тазалаган бир аял бар эле. Күндөрдүн биринде ал көрүнбөй калат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан анын кайда кеткендигин сурайт. Алар: «Оо, Аллахтын элчиси, ал аял каза болуп калган болчу, биз аны сизге айтпай калыппыз» — дешет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Аны эмне үчүн мага айтпадыңар?» — деп, анын мүрзөсүнө барып жаназа окуйт. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул амалы тазалык үчүн эмгектенген адамдын кадыр-баркы кандай жогору болорун көрсөтүү үчүн болгон эле.

Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллахка шүгүр, биз дүйнөдөгү эң кооз жерде жашайбыз. Биздин жердин астында да, үстүндө жетиштүү кен байлыктар бар. Бирок, тилекке каршы ушундай кооз ата мекендин кадырына жетип, аны сүйүп, аны барктап, көздүн карегиндей сактоону өз милдети катары эсептеген үммөт жок. Бул жер, бул суу, бул аба бизге мурас болуп калган, эми аны келечек муунга өткөрүп берүү биздин милдетибиз. Аллахым, ар бирибизди өз мекенин сүйүүчү пенделерден кылгын. Аллахым, ар бирибизге келечек муундар үчүн кам көрүүчү жүрөк бер. Жерибизге бейпилдик, элибизге тынчтык бер. Өзүңө гана сыйынабыз, Өзүңдөн гана жардам тилейбиз.

Абдушүкүр Нарматов.
Технологии Blogger.