Halloween party ideas 2015

Мусулмандардын ыйык жери эсептелген Меккеге баңгиликке каршы күрөшүү тажрыйбаларын изилдөөгө келип, ошону менен бирге эле жашоо-турмушуна байланыштуу көптөгөн кызыктуу нерселерди билип кайттым.
Беш убак намаз окуп, ыйык Куран менен шариат эрежелерине ылайык жашаган Сауд Арабиясынын эли башкалардан бөтөнчө эркиндиги, жан дүйнөсүнүн ачыктыгы менен айырмаланып турат. Буга мен Меккеге умрага (кичи ажылыкка) барып, пайгамбарыбыз Мухаммаддын (САВ)  мекени болуп эсептелген Медина жана Эр-Рияд шаарларын кыдырып жүрүп ынандым.

Мекке зыяраты
Меккеге келип түшкөндө эле жан дүйнөм, акыл-эсим ордуна келгендей өзүмдү өтө жеңил, бактылуу сездим. Каабаны айланып сыйынганда, ас-Сафа жана аль-Марва тоолорунун арасынан өтүп жаткандагы ичимдеги сезимдерди сөз менен айтып берүүгө болбос. Алла Тааладан үй-бүлөм менен мекендештерим үчүн бакыт-таалай, элиме илим-билим, такыбалык суранып тилендим. Жараткандын мага өмүр бергени үчүн бүткүл жан-дүйнөм менен ыраазычылык сезип турдум.
Мухаммад пайгамбардын (саллаллаху алейхи ва саллям) эң акыркы насыяты айтылган Арафат тоосуна да чыктым. Жабаль ан-Нур тоосунун этегине жетип, Жабраил периште Мухаммад пайгамбарга (САВ) вахий (Аль-Алак сүрөөсүнүн башкы беш аяты) берген үңкүрдү көрдүм.

Мухаммад (САВ) пайгамбардын үйүндө
Мухаммад пайгамбардын (САВ) мекени болуп эсептелген Медина шаарына 622-жылы көчүп барган. Медина шаарындагы Масжид-ан-Наби мечитинен Алла Таалага ибадат кылып чыктым. Бул мечитте ар бир мусулман ыйык туткан жана  Мухаммад пайгамбардын (САВ)  кабыры (Мединада 632-жылы кайтыш болгон) жайгашкан.  Ушул эле жерде анын кызы – Фатиманын да кабыры жатат.
Бул мечитке ибадат кылганы келгендер менен ээн-эркин сүйлөшкөнгө да мүмкүнчүлүгүм болду.  «Бакыт – бул дайыма сыйынган адамдын Жараткан менен бирдигин сезип туйганы; намаз окуган кишинин акыл-эси сергек болот, турмуштун ар кандай сыноолорун сабырдуулук менен жеңе билип, дүйнөгө болгон көз-карашы да позитивдүү», –деген 58-жаштагы судандык зыяратчынын сөзү муютту. Чынында эле, Сауд Арабия Падышалыгынын аймагынан мен жолуктурган он кишиден тогузу ичкилик, ушак-айың сыяктуу терс көрүнүштөрдөн оолак турарын көрдүм.
Зыяраттан кийин баңгиликке каршы күрөшүү тажрыйбаларын изилдөөгө кириштим. Мени Жидда шаарындагы баңгизатка каршы Мамлекеттик кызмат бөлүмүндө, ошондой эле Эр-Рияддагы борбордук башкармалыкта  күтпөгөн урмат-сый менен тосуп алышты. «Амаль» («Үмүт») аттуу Мамлекеттик наркология клиникасында иштеген кесиптештерим да жайдары тосуп алып, тегерек столдо автордук ыкмам жөнүндө кызыгып сурап жатышты. Шейх Халиль аль-Шейхи аттуу шариат боюнча өкүм жүргүзгөн жаш сот менен маектешкенде, төрт баңги соодагерин өлүм жазасына тарттырганын айтып берип, өлүм жазасына өкүм кылуу – оңой милдет эмес экенин түшүндүрдү.
Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда мени кадырлуу конок катары тосуп алышты. Конгресс, Кремль же АКШнын Сенатасы сыяктуу кымбат жасалгалуу бөлмөлөрдө жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкка даяр экендиктерин билдирип жатышты. Ошентип, Сауд Арабиясынын мыйзамсыз баңгизат жүгүртүмү боюнча Мамлекеттик кызматы менин Fatal Red Poppies аттуу китебимди араб тилинде чыгарып берүүгө макулдугун билдирип, NEBRAS аттуу долбооруна катышып берүүгө чакырышты. Сауд Арабиядагы мыйзамсыз баңгизат жүгүртүмү боюнча Мамлекеттик кызматтын генералдык директору Абдул Иллах аль-Шариф жетектеген Жогорку башкармалык Бүткүл дүйнөлүк «Баңгизаттан тыш акыл-эс» Лигасынын идеологиясын жогорку деңгээлде баалады. Мындан сырткары араб дүйнөсүнө өтө таанымал дүйнөлүк деңгээлдеги эки футболист – Мажед Абдуллах жана Науваф аль-Тимъят, ошондой эле белгилүү сүрөтчү Абдул Алхафиз менен да тааныштым. Мен да өз кезегинде башкармалыктын мүчөлөрүнө уюмубуздун «Ардактуу  мүчөсү» деген наам ыйгарып кайттым.
Сауд Арабиясындагы зыяратым аяктап, Кувейт менен Абу-Дабиге жөнөдүм. Жергиликтүү чиновниктер, баңгизат боюнча эксперттер менен кеңешчилер өздөрү баңгиликке берилгендерди реабилитациялоо маселелери боюнча кызматташтык сунуштап, Перс булуңун бойлой жайгашкан мусулман өлкөлөрү текебердиктен алыс экендигин, жаңы тажрыйбаларга ачык жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты колдой турганын дагы бир ирет далилдешти. Бул жагдайда Ислам маданияты канчалык роль ойнойт? Менимче Ислам маданиятынын мында тикелей тиешеси бар.  Мекеним Кыргызстанга кайтып келип, мусулмандардын ыйык жеринде жашаган элден бир топ үйрөнө турган нерселер бар экен деп тыянак чыгардым.
Сапарымды уюштурууга жардам көрсөткөнү үчүн Сауд Арабиясындагы Кыргыз Республикасынын элчиси Абдилатиф Жумабаевге, ошондой эле Кувейттеги Кыргыз Республикасынын элчиси Жусупбек Шариповго чоң ыраазычылык билдиремин.

профессор Ж.Б. Назаралиев



Отправить комментарий

Технологии Blogger.