Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Султан болуп откорсон да омурун,
Сен бироонун калтырбагын конулун.

Шакирти устатынан мындай деп сурайт:
-Эгер мени жолдон бироо башка адамга окшоштуруп уруп жиберсе, мен эмне кылышым керек?
Шакиртинин суроосуна устаты кайра суроо менен жооп берет:
-Эгер сенин жолундан дарактын бутагы сынып башына тушсо эмне кыласын?
-Эмне кылмак элем, жолумду улай бермекмин. Дарактын бутагы кокустан тушту да.
Ошондо устаты:
Бул учурда да так ошондой кыл, андан ары жолунду улай бер. Кимдир бироо ачуусун тыя албай, окшоштуруп уруп алса, сен ага ачууланба. Ал да дарактан тушкон бутак сымал, кокустук катары коруп кой. Ачууну акыл женет, Ар дайым сабырдуу болсон, сенин кадырын жогорулайт,- дейт

(Сократ)



"Турмуш сабактары"
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Эй, напси!

Соолгон сезимдериңди ташта жана жадыраган жаздагы жашыл тукабага айлан, куштар учушсун сенин айланаңда. Мөлтүрөгөн тунук булак бол, көкүрөгү күйгөн жандар сени көздөй чуркасын. Мум сыяктуу ээрип, айланаңда чарк айлансын. Инсандарга бир эне сыяктуу, мээрим менен кучак жай, ачууңдан корккондор дагы сенин кучагыңа боюн таштасын. Алла сага тартуулаган байлыктарды айланаңдагыларга чач. Жоомарттык, инсандарга, бейишке жана Аллага жакындата турган эң сырдуу нерсе. Аны руханий дүйнөңө сиңирип, колдоно алсаң, жек көрүү, душмандык сезимдеринин туткуну болгон адамдар дагы, учуру келгенде сенин чөйрөңө кирүү үчүн кезекке туруп күтүшөт.

Сен ар дайым булуттар сыяктуу болуп, күндүн куйкалаган ысыгын тос, мезгилдердин өзгөрүшүнө карабастан, жамгыр сыяктуу баардык нерсенин ысыгын тарат. Баарына жагымдуу суу бол, кусалык менен куурулган жүрөктөр издегенин сенин чөлкөмүңөн тапсын. Сен ички дүйнөңдүн илхамдарын дастан кылып айтканыңда, ал даанышман сөздөрдү жазуучулардын сыясы түгөнсүн жана китептердин беттерин кооздогон ал керемет сезимдер периштелердин кайрыктарына айлансын. Жек көрүү, душмандык, өч алуу сезимдери жүрөктөргө чабуул жасап, баардык нерсени кыйратып-талкалаганда сен кучагыңа келип коргологон баардык байкуштардын коргоочусу бол жана аларды үмүтсүздүккө салба.

Учурубузда болуп жаткандай, кээ бир шайтанча ойлонулган ойлор коомчулукта бизди бири-бирибизге алып бара турган жолдорду инсан жүрө алгыс абалга алып келип, көпүрөлөрдү бузгандарында дагы сүйүү жана кеңпейилдүүлүгүңөн руханий көпүрө куруу менен барыла турган баардык жерге жетүүгө аракет кыл жана алардын жасагандарына жараша мамиле кылбай, өлсөң дагы сөзсүз түрдө, мусулмандык ахлактын талабына ылайык мамиле кылып, башыңа ыргытылган таштарды, атмосферага тийгенде эриген метеориттер сыяктуу нурга айлантып, айланаңа чачууң керек. Чөйрөңдө ачуулуу чыккан үндөрдү жумшартуу менен сүйүү гүлдестелерине айлантышың керек. Бул жол пайгамбарлардын жолу жана чыныгы улуу сапатта болуунун жолу. Ушул убакытка чейин, бул жолдо жүргөндөрдүн эч кимиси жолдо калган эмес. Негизинде, инсан инсан экендигин сезсе, кек сактоо, жек көрүү, орой мамилелер анын көз карашына таасир бере албайт. Чындыгында, бир топ кыйынчылыктарга кабылганда, жолун жана багытын өзгөрткөн мусулмандар бар, бирок, булар көз караш жана сезимдери туруктуу боло элек инсандар. Мен мындай инсандарды башкаларга пайда келтире тургандыгына ишене албайм. Кичипейилдүүлүк, туура ой жүгүртүү, бышып-жетилген салабаттуу адамдардын ар дайымкы абалы. Шарттар кандай болбосун, андайлар ар дайым, аба мейкиндигиндей кенен, тоолор сыяктуу сүрдүү, бекем, топурак сыяктуу карапайым жана кичипейил болушат. Алар айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан окуялардан таасирленбейт, бороондорго алдырбайт, тескерисинче, топурак сыяктуу баарына эне болуп берет. Алар, мештерде ээрип, өздүк маңызына жеткен алтын сыяктуу, граниттерди эриткен мештерге салынса дагы маңызын жоготушпайт. Алар күйүп бүтүшкөн жана аларды эч кандай от коркута албайт. Албетте, күлдү кайрадан күйгүзүүнү жана сомдой алтынды эч ким кайра эритүүнү ойлобойт.

Эй напси! Баарынын дартын көкүрөгүңдө сезип жаша, бул маселеде эч ким сенден эч нерсе күтпөсүн. Алардын кыйынчылыктарын чын көңүлдөн сезе билип, ыйла, ыйлоого даярданган баардык көздөрдүн жашы кургасын. Алар үчүн жалынып, жалбарып суран, кайгыдан куурулган сендей жанды көрүшкөндө, баардык кайгылуу инсандар кайгысын унутуп калышсын.

Өзүн ушул деңгээлге жеткире алган бактылуу адам, жерде, көктө Алланын сыйга татыктуу кулу деген наам менен эскерилет.

Инсандардын табиятында кубаныч дагы бар кайгы дагы бар.

Эй напси! Ар дайым айкөл бол! Өзүңдү сынга ал, башкаларга жылмайган жүз менен мамиле кыл! Башкаларга жылмайганда дагы кыраакылыгыңды жоготпо! Табиятыңан сен бул нерселерге жөндөмдүүсүн, көктөгү алгачкы абалың дагы мунун ачык далили. Ал жерде периштелер сага суктанышып, шайтандар көралбастыктан душман болушкан. Сен алгачкы күнү эле коркунучтуу душмандыкка кабылдың. Сага ошондо көз тийдиби, тийбедиби биле албайм, бирок акыбетиң учуу менен аяктаса дагы, бир сендиректеп баратып, түзөлдүң. Тыюу салынган мөмөгө кол узатып жатканыңда жер жүзүнө түшүрүлдүң. Сенин жер жүзүнө түшүрүлүшүңдүн сыры Мухаммеддин (с.а.в.) дүйнөгө келиши болчу. Бейиште калганыңда, мөмөсүз дарак сыяктуу кала берип, өз купуя байлыгыңды сезе албайт элең. Көктөн келип жер жүзүнө жайгашканыңда жер жүзү гүлзарга айланды. Сен сүргүн кылынган бул чөлкөм, пайгамбарлардын бакчасы абалына келди. Аягында периштелер суктана турган, шайтандар кызгана турган жай болуп чыга келди.Эми кел, өз баалуулуктарыңды коргоого ал! Аллага жакындоо жолу болуп эсептелген бул сүргүндү эң жакшы пайдаланып, Аллага жакындата турган себептерди Андан алыстата турган себептерге айлантпа! Кек сактоо, жек көрүү, душмандык сезимдеринин тузагына түшүп, түбөлүк душманың болгон шайтанды сүйүнтпө! Эгер бир күн жаңылып, жаза тайсаң, Адам пайгамбар (а.с.) сыяктуу түздөлүп, өзүнө кел, күнөөңдү мойнуңа ал, Алланын ар дайым ачык болгон эшигине багыт ал жана күнөөлөргө бир мүнөт дагы жашоо мүмкүнчүлүгүн бербе! Күнөө менен бузулуп, өзгөргөн инсандык табиятыңды тообо мүрөгү менен кайрадан тирилт, бутуна тургуз жана дагы бир жолу Аллага карай үндө! Буларды кылып жатканыңда, башка инсандардын табияты дагы так ошондой экендигин, сен жаңылыштык кылгандай, алар дагы катачылык кетирээрин ойлон жана баардык күнөөкөрлөрдү туура түшүн! Напсилерине жеңилгенлиги үчүн, колуңдан келсе, аларга боору ооруп, кучагыңа кыс жана аларга жардамчы бол! Эч качан өзүндү башкалардын күнөөлөрүнүн эсепчиси катары көрүп, тигинин, мунун катачылыктары менен убараланба! Катачылыктар менен алек болуу жакса, ал хоббиңди өз күнөөлөрүңө карата колдон, башкалардын башындагы чөптү эмес, өз башыңдагы төөнү көрө бил!

Жолуккан адамдарыңа гүлдөрдүн жыпар жытын тараткан сыдырым жел сыяктуу жагымдуулукту тартуула!

Сен өткөн жолдордо, сенин жыпар жытың аңкып турсун. Мум сыяктуу күйүп, ээри, башкаларга жарык бер, бирок, бул улуу каармандыкты жеке пайдаңа колдонбо! Ар дайым, кичипейил бол, Алланын сага берген тартуулары менен башкаларга мактанба, текесирисинче, аны муктаждарга берген аванс каражат деп санап, акыңды алдына ала алгандыгың үчүн уял! Эгер кызмат жана эмгектериңде акылуудай башкалардын көңүл буруусун кааласаң, чөйрөңдөн мактоо күтө баштайсың! Бул болсо, айыгуусу өтө оор жана баардык адамдарды сенден качырган бир оору. Эгер, көңүл тынчтыгын жана бейпилдигин кааласаң, аны токпейилдиктен, кичипейилдиктен жана каниет кылуудан табасың. Менменсингендер, өзүн өзгөчө жөндөмдүүмүн деп эсептегендер, баарынын ага көңүл буруусун каалагандар, мактаныч менен жүргөндөр бактылуу өмүр сүрүп жатышкан болсо дагы бир күнү сөзсүз бактысыздыкка кабылышат.

Эй, напси! Эгер жүрөгүн бар болсо , ичиңдеги душмандыктын жүзүнө түкүр! Оопасыздыкты алыс кууп сал! Зулумду тебеле; баардык жерде Алланын көзөмөлүндө экендигиңди билип, уятсыздыкты токтот; жамандык сезимдериңди кудайдын каарынан коркуп тизгинде; өз каалооң эмес, ар дайым Алланы ыраазы кыла турган жолдо болууга аракеттен! Алла Таала ар дайым көзөмөлдөп тураарын ойлоп, сенин табиятыңды буза турган, руханий дүйнөңө жат жана жүрөгүңө жүк боло турган канчалык күнөө бар болсо, баарын ташта. Табиятыңды өзгөрткөн жана руханий дүйнөңдү кирдеткен бул нерселерди таштоо үчүн жасаган ар бир аракетиң жогору бааланат жана сени Аллага жакындатат. Тескерисинче, ар дайым Андан алыстап, сооп дептериң бош, руханий дүйнөң караңгы бойдон каласың. Демек, түзөлүп, өзүңө келип, инсандык баалуулуктарыңа ээ чыгышың керек!

Мурда колуңдан чыгарган нерселериңе кайрадан ээ болуу үчүн кылган ар бир аракетиң, топуракка себилген, үрөндөрдүн баш алганындай, учуру келгенде жыйырмага, отузга эселенип көбөйүп, кайтат. Андай болсо, эч турбастан, баардык жакка жакшылыктарды сеп, жамандыктарга багыт алган сезимдерди туура жакка бур жана жашооңду, башкалардын дүйнөлүк жана акыреттик бактылуулуктарына байланыштыруу менен жаша. Ошондой жашоо менен, жеке кызыкчылыгың үчүн чуркоонун, руханий дүйнөңдү кыйратуучу туткунунан кутул. Өзүң ар дайым кыйынчылык тартсаң дагы башкаларга ырахат тартуула! Баардык инсандарга сүйүү менен кучак жай; кек сактоо, жек көрүү сезими менен музга айланган жүрөктөр, өздөрүнө өздөрү зулум кылуучулар, напсинин кулдары сенин жылуу чөйрөңө кирүүгө шашылсын!

Дарыялар сыяктуу таштан-ташка урунуп, алыстарга ак жана баарына жашоо тартуула! Ай жана күндөй баардык нерселерге жарык бер! Сага ыктаган жана сенден жакшылык үмүт кылгандардын жакшы ойлорун жокко чыгарба! Кызматта ар дайым алдыда бол, сыйлык берилгенде, артка жашынууга аракет кыл! Алла ыраазычылыгы үчүн аткарылган иштердин дүйнөлүк пайдаларга байлануусунан жыландан качкандай кач! Эрксизден болсо дагы, сындай сезимге алдырууну жүрөктүн кирдеши деп кабыл эсептеп, дароо руханий тазаланууга шашыл!

Ар дайым, жакшылык кылуу сезимдери менен жаша. Жакшылык жолунда жүргөн буттар, баштан жогору турат, жакшылык кылуу сезимдери менен соккон жүрөктөр Кааба сыяктуу ыйык. Негизинде, сенин маңызың Кааба сыяктуу ыйык, максатың Алла ыраазычылыгы, жолуң Аллага алып барат. Сен бул багытта болсоң периштелер сенин наамыңды туу тутушат. Андай болсо, бул инсандык багыттагы, ылдамдыгыңды жогорулатып, инсандык баалуулуктарга жетиле турган бул дүйнөдө мындай аракеттерге абага, сууга болгондой муктаждыгыбыз бар. Ар дайым жакшылыктарды ойлон, жакшы сөздөрдү гана сүйлө жана жакшы иштердин артынан чурка!

Желектер жүрүп бара жаткан инсандардын колдорунда жакшы көрүнөт. Аарылар бал берип турган учурларында баркталышат. Аскердин басышы, ордунда турганынан дагы сүрдүү көрүнөт. Тур, аскерлер сыяктуу желек көтөр, аарылар сыяктуу бал челегиңди балга толтур жана иш жасай албаган кыймылсыз абалга түшүп, жагымсыз болуп калба!Ар дайым адамзатка кызмат кылууда буйрукка баш ий жана о дүйнөгө даяр бол! “Көч” деген буйруктун качан болоору белгисиз болсо дагы, ал буйруктун болушу анык. Демек ар дайым даяр бол, күнөөлөрдөн арыл, убагы белгисиз чакырыкты күт!

Фетуллах Гүлен


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир убактар мал-мүлкү ашып-ташкан бай жашаптыр. Ал өлгөндөн кийин кабырдагы жалгыздыктан абдан коркчу экен. Бай бир күнү мындай деп жар салат:
Кимде-ким мен өлгөндө, мени менен кабырга кошо көмүлүп, бир күндөн кийин чыкса менин байлыгымдын жарымы ошол адамга берилет!

Эч ким макул  болгон жок. Бирок, адамдардардын жүгүн ташып жан баккан кедей макулдугун берет.
Менин жогото турган эч нерсем жок. Жалгыз гана ушул жиптен башка... Таң атканча күтсөм, байлык меники болот!

Байдын жансыз денеси менен кошо көмүлөт. Ошентип, эсеп-сурак алуучу периштелер да келишет. Бирөө өлгөн жан. Жанындп тирүүсү да бар...
Бул жансыздан сурак алууга жетишебиз. Бул жандууну сурак кылбайлыбы? деп суракты тирүүдөн башташат.
Бул жип кимдики? Кимге таандык? Каяктан алдың? Эмне үчүн алдың? Кантип алдың? Эмнелерге, кантип колдондуң?  
Сурак таң атканча уланат. Кедейдин сурагы бүткөн жок. Башталышы гана болучу.  Эртең менен аны кабырдан чыгарып алышты. Айтылгандай эле ага байлыктын жарымын беришмекчи болушат. Кедей болсо:

Мага эч кандай байлыктын кереги жок! Таң атканча бир жиптин эсебин бере алганым жок. Мынча байлыктын эсебин кантип берем...
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир бай соодагер адамдын 4 аялы болгон экен.
4-сү: Соодагер аны баарысынан көбүрөөк сүйгөн. Ага чырайлуу, кооз кийимдерди кийгизип, кымбат баалуу жасалгалар менен кооздойт эле. Ага кам көрүп, алпештеп эркелкетип турат эле.
3- сү: Соодагер аны да катуу сүйгөн. Аны менен сыймыктанып, кайсы бир ыңгайлуу учур табылаар замат досторуна көргөзгөнгө аракет кылат эле. Бирок качандыр бир убакта ал аны таштап башкага кетип калышы мүмкүн деп коркуп жүрөт.
2- аялы: Экинчи аялын да сүйгөн. Ал аялы өтө камкордуу жана дайыма сабырдуу болгон. Соодагер кайсы гана кыйынчылыктарга жолукпасын, ал аялына жардамга кайрылаар эле. Ал аялы ошол кыйын кезеңден чыдап баштан өткөргөнгө көмөк көрсөткөн.
1-си: Соодагердин биринчиси өзүнүн милдеттерин аткарган жана анын өнүгүүсүнө дайыма курбандык кылып көмөк көрсөткөн аял эле. Бирок соодагер ал аялын сүйгөн эмес. Ал аялы аны ыссык жана берилип сүйсө да, ага эң аз, эң начар көңүл бурган.
Исмайил Шамоуттун "Палестиналык 4 аял" картинасы
Бир күнү соодагер катуу ооруп жатып калды. Өлүмү жакындаганын билди. Ошондо жашап өткөргөн жашоосуна кылчактап карап ойлонуп кирди: «Азыр менин төрт аялым бар, бирок өлүм саатында жападан жалгыз калам. Эх, кантип жалгыз калам…»
       Ошондо соодагер өзүнүн 4-ү аялына айтты: «Мен сени баарысынан көбүрөөк сүйөм, баардык кооз кийимдерди кийгизип, алпештеп эркелетет элем. Мен тиги жашоомдо жалгыз калбашым үчүн мени менен бирге каласыңбы?».
«Эч качан калбайм!»-деп, андан башка бир да сөз сүйлөбөстөн кетип калды. Жооп соодагердин жүрөгүнө курч канжар сыяктуу кадалып калды.
Капа болгон соодагер 3-ү аялына кайрылып айтты: «Мен сени өмүр бою сүйүп, сага камкордук кылдым. Өлүм сааты келгенде мени менен бирге барасыңбы?». «Жок»-деп жооп кайтарды үчүнчү аялы. «Жашоо ушунчалык жыргал. Мага капа болбо, сен өлөөрүң менен башкага турмушка чыгам». Бул сөздөрдөн кийин соодагердин жүрөгү муздап онтоп жиберди.
Андан кийин соодагер 2- аялына айты: «Мен дайыма кыйынчылык убакта сага кайрылсам көмөк көрсөтөөр элең, азыр жардам бере аласыңбы, мени таштап кетпейсиңби?».
«Өкүнүчкө карай, бул жолу сага жардам бере албаймын. Менин эң чоң сага кылган көмөгүм, сени мүрзөгө чейин узатып, үрп-адат боюнча көмүү». Жооп соодагерди чагылган ургандай эле кылып, делдиреп туруп калды.
Кокустан жымжырттыктан үн чыкты: «Мен сени менен бирге барам, сен кайсы жака барсаң да мен бирге барам. Мен сени эч качан жалгыз калтырбайм». Соодагер башын көтөрүп биринчи аялын көрдү. Ал аялы туура өз убагында жеткиликтүү жебегендиктен ушунчалык арык, начар денсоолукта экен.
Ошондо соодагер кайгы-капага баткан абалда: «Менин күч кубатым болуп турганда, сага көбүрөөк көңүл бурсам болмок. Мен туура эмес кылдым. Кечир мени»-деди.
Чындыгында баарыбыз жашоодо төрт аялга ээбиз…
 4- аял-Бул биздин денебиз. Канчалык кам көрбөйлү, канчалык жалпаңдап жагынбайлы өлүм сааты келгенде таштап кетет.
3- аял- Бул биздин байлыгыбыз, дөөлөт жана мүлкүбүз. Өлүмдөн кийин булардын баарысы сөзсүз башка колдорго өтөт.
2- аял- Бул биздин үйбүлө жана досторубуз. Жашоодо алар бизге канчалык жакын болбосун, өлүм  саатында биздин жаныбызда болуп, акырет сапарына гана узата алышат.
1-аял- Бул бизге көрүү мүмкүн болбогон нерсе. Ал биздин жаныбыз. Ал дайыма биздин материялдык азгырыктарга, дүйнөнүн жыргалчылыктарынын артынан түшүүдө баркталбай калган. Ал чындыгында дайыма баардык жерде биз менен бирге болот. Өлүмдөн кийин дагы.
  Мүмкүн кач болуп кала электе ага көңүл бурушубуз керек чыгар. Чоң эсепке таяна турган болсок, бул дүйнөдө жашоо түбөлүктүү эмес…

 Которгон: Максат Айтбаев

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жүздөгөн жылдар мурда Рим папасы шаардагы яхудийлердин шаарды таштап чыгып кетүүсүн буюрат. Албетте, яхудийлер үчүн бул оор болмок. Алар бул буйрука дароо эле макул болушкан жок. Ошентип, папа алардын тыңчыкмалары менен диний талкууга катышууну жана эгер яхудийлер жеңилсе алар шаарды токтоосуз таштап чыгып кетишет. А, эгер папа жеңилсе, анда алар шаарда калуу укугун алышмак.
Яхудийлер айласыз бул сунушту макул табышат. Арасынан Мойизини тандап алышып талкууга чыгарышат. Бирок, экөө эки башка тилдүү болгону үчүн алар кыймыл-аракет жана белгилер аркылуу маек курууну сунушташты. Папа алардын сунушуна макул болду.
Ошентип, талкуу башталат. Экөө көпкө бири-бирине ойлуу тиктеп отуруп калышат. Алгачкылардан болуп Папа 3 манжасын (сөөмөй, ортон, аты жок) көрсөтөт. Яхудий болсо дароо жалгыз сөөмөйүн абага көтөрөт. Папа башын эки оң жана сол жака чайкайт. Мойизи болсо дароо отурган орундугун сөөмөйү менен көрсөтөт. Папа баштыгынан бир сындырым нан жана шарап алып чыгып коёт. Мойизи болсо баштыктан алмасын алып чыгып коёт.  Папа дароо ордунан туруп: "Мен жеңилдим! Яхудийлер калышса болот. Шаарда жашоо укугун алышты" деп басып кетти.
Талкуудан кийин Папаны жандагандар ага суроо менен кайрылышат: Эмне болгонун түшүндүрүп бериңизчи. Биз эч нерсе түшүнө алган жокпуз...
Папанын жообу:
Мен 3 манжаны көрсөтүү менен Үч Кудайды түшүндүргүм келди. Ал болсо жалгыз сөөмөйүн көрсөтүп, Жалгыз Кудайды тааный турганын айтты. Мен болсо башка чайкап, Кудайдын биз тарапта экенин айткым келген. Ал болсо отурган жерин көрсөтүү менен, Кудай кайсыл жерде болбосун алар менен бирге экенин айткысы келди. Мен ыйык нан кесимин жана шарап алып чыгып, биздин күнөөлөрүбүз кечирилерин түшүндүргүм келди. Ал болсо алманы алып чыгып, алгачкы күнөө бейиштеги алмадан башталганын айткысы келди. Анын бардык суроого даяр жообу бар экен. Менин колумдан эмне келет дейсиңер...
Ошол эле учурда, Яхудийлер жамааты да чогулушуп, дал ушул темада суроо узатып жатышты. Мойизи суроолорго мындайча жооп берди:
Ал мага 3 манжасын көрсөтүп, биздин 3 күн ичинде шаардан чыгып кетүүбүздү буюрду. Мен болсо арабыздан 1 да адам кетпей турганын айттым. Анан ал шаардын яхудийлерден тазаланып, жергиликтүүлөр гана калаарын кыйытты. Мен болсо эч жака кетпей, турган жерибизден жылбай турганыбызды айткым келди. 
Анан эмне болду? Баары таң калуу менен суроо узатышты.
Анан эмне болгонун чынында түшүнгөн жокмун. Ал түштөнүү үчүн нан шарап алып чыкты. Мен да түшкү тамак үчүн сактап койгон алманы алып чыгып койдум. Ушул эле....

Адамдардын айткан сөзү маанилүү эмес, 
Эмнени, кандайча түшүнгөнү маанилүү.


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ал – пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын экинчи халифасы. Ашара-и мубашшарадан. Хижрат болгон жылы 40 жашта эле. Алгач Исламдын душманы болгон. Пайгамбарыбызга пайгамбарлык билдирилгенден алты жыл өтүп кыркынчы киши болуп ыйманга келген. Анын Исламды кабыл кылуусу менен мусулмандар кубаттанган. Куралданып, ачык айкын хижрат кылган. Расулуллахтын келе жаткандыгы тууралуу кубанычтуу кабарды Мединадагы мусулмандарга сүйүнчүлөгөн. Ыйык согуштардын бардыгына катышты. Өтө көп эрдик көрсөттү. “Фарук” лакабын алган. Абу Бакр Сыддыктын халифа болуусуна себепчи болуп, түшүнбөстүктүн чыгып кетүүсүнө тоскоол болгон. 13-жылы Жумазил-ахир айынын 28инде шейшемби күнү халифа болуп шайланган. Көп элдерди баш ийдирген. Исламдагы адилеттикти бүткүл ааламга көрсөткөн. Хижраттын 23-жылынын акыркы айында мечитте таңкы намазды окуп жатканда Хазрети Мугира бин Шубанин кулу Абу Лулу Фируз деген капыр тарабынан бычакталып, 24 сааттан кийин көз жумган. Ал Расулуллахтын жанына жерге коюлган.
Айыптуу болгон уулуна дин талабы менен дарра согулуп жазасын берүүгө буюрат. Сахабалар канчалык жалбарышса да, дарра жазасын азайтпайт. Дарра жазасын алган уулу эстен танат. Канчалык кайгырган болсо да бул ишине өкүнбөйт. Ал көптөгөн хадиси шарифтер менен макталган. Ошол хадиси шарифтердин көпчүлүгүн Хазрети Али риваят кылган. Ири денелүү, буудай түстүү, узун бойлуу, көздөрү кызыл, мурутунун учтары сары эле. Кайгыга, ойго батканда мурутунун учтарын бүкчү. Сакал-муруту калын болуп, чекесиндегилер сейрек эле. Сол колун оң колу сыяктуу жакшы колдоно алчу. Ээрди кармабай туруп атка мине берчү. Айбаттуу, кубаттуу эле. Бирок, Расулуллахтын жанында адептүүлүгүнөн улам ушунчалык акырын сүйлөгөндүктөн Пайгамбарыбыз жылмайып: “Катуурак сүйлөсөңчү, Умар, укпай калдым”, - деп калчу. Ал Расулуллахтын кайнатасы, Хазрети Алинин күйөө баласы эле. Бани Ади уруусунан Хаттаб бин Нуфайл бин Абдул – узза бин Рабах бин Курат бин Разах бин Адий бин Каабдын тегинен чыккан.
Тирмизи, Абу Давуд жана Хаким кабар берген хадиси шарифтерде: “Аллаху таала акыйкатты Умардын тили жана жүрөгүнө жайгаштырган”, - деп айтылган.
Бухари менен Муслимде келген хадиси шарифте: “Шайтан Умардын көлөкөсүнөн качат”, - деп айтылган. Хазрети Умар умра кылуу үчүн Расулуллахтан уруксат сураганда, Пайгамбарыбыз уруксат берип: “Тууганым, дуба кылганда бизди унутпа”, - деген.
Абдуллах ибн Аббас билдирген бир хадиси шарифте: “Умар ыйман келтирген күнү Жабраил алейхиссалам келди жана периштелер бири-бирине Умардын мусулман болгондугу тууралуу айтып, сүйүнчүлөштү”, - деп айтылган.
Тирмизиде жазылган Акаба бин Амирдин риваятындагы хадиси шарифте: “Менден кийин пайгамбар келе турган болгондо, Умар бин Хаттаб пайгамбар болоор эле”, - деп айтылган. Тирмизиде жазылган дагы бир хадиси шарифте, Имам Зайнал Абидин Али атасы Хазрети Хусейнден, ал атасы Хазрети Алиден риваят кылат: “Расулуллахтын жанында отурган элем. Абу Бакр менен Умар келди. Пайгамбарыбыз аларды көрсөтүп: “Бул экөө пайгамбарлардан башка Бейиштегилердин эң улуулары”, - деп айтты”.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абуль ас бин Умаййа бин Абди Шамс бин Абди Манафтын урпагынан. Ашараи мубашшарадан. Осман (радиаллаху анху) – үчүнчү халифа. Расулуллахтын эки кызын алгандыктан “Зиннурейн” (эки нурдун ээси) деп аталган. Төртүнчү болуп Исламиятты кабыл алган. Жубайы Рукыя менен бирге эки жолу Хабашистанга (Эфиопия), андан соң Мединага хижрат кылган. Өтө бай соодагер болгон. Бардык мал-мүлкүн Ислам жолуна жумшаган. Хилми жана хаясы (жумшак мүнөзү жана уяттуулугу) менен аты чыккан. Хижраттын 24-жылы 1-Мухаррамда халифа болуп шайланган. Кипр аралын мусулмандарга алып берген.
35-жылы Зульхижжа айында Курани карим окуп отурган учурда шейит кылынган. Хадиси шарифтерде ага мактоолор айтылган. Орто бойлуу, сакалы калын, саргыч өңдүү, өтө сулуу жүздүү эле. Бадр согушунан башка бардык согуштарга катышкан. Намаздын бир рекетинде Курани каримди баштан аяк окуп чыккан төрт адамдын бири болуп саналат. Көп окугандыктан эки мусхафты эскиртет. Хазрети Абу Бакрдын жыйнаган Курани каримден дагы алты нуска жаздырып, алты жерге жиберген. Ислам дини жайыла баштагандан кийин ар тараптан мусулман болгондор Медина-и Мунавварага келе башташат. Масжид-и шариф тар болгондуктан келгендерге орун тар боло баштаган. Талаага чадыр тигип отурушат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам: “Кимде-ким биздин ушул мечитти бир зра кеңейтсе, Бейишке барат”, - дегенде, Осман (радиаллаху анх) “Эй, Расулуллах! Менин мал-мүлкүм Сиздин жолуңузга курман болсун. Мен кеңейтем”, - деп айтат. Ошентип, мечитти кырк зра кеңейтип берет. Ошол окуядан кийин Аллаху таала:
“Аллаху тааланын мечиттерин бир гана Аллахка жана акырет күнүнө ишенген, намазын толук окуган, зекетин берген жана Аллаху тааладан корккон адамдар курушат. Ошол сыпаттагы адамдарга Бейишке алып баруучу амалдарды жасоо керек”, - деген маанидеги Тообо сүрөсүнүн 18-аятын жиберет.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хижраттын он биринчи жылында 12-рабиулаввал дүйшөмбү күнү шашке маалында тавхид келимесин айтып, Аллах таалага максат тилек менен: «…Улуу досума!»,- деп, Жаратуучусуна кайтат. Анын өлүмүн уккан мусулмандар кайгыга чөгүшөт. Алгач эмне кылууну билишпей ойлонуп калышат. Бирок, ал өлүм Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үчүн өлүм беле? Азирети Умар анын Муса пайгамбар сыяктуу Жаратуучусу менен жолугууга кеткенин, аны «өлдү» дегендин башын кыя чабарын айтат. Азирети Абу Бакир Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жакшы болуп калганда кызынан кабар алууга кеткен эле. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) дүйнөдөн кайтканын угуп дароо келип, анын чекесинен өөп, «Эй Аллахтын элчиси! Ата-энем сен үчүн курман болсун. Сенин өлүмүң да жашооңдой жакшы. Сенин өлүмүң менен пайгамбарлыкта дагы акыр аягына келип жетти. Абийириң, атак-даңкың өтө жогору болгондуктан, Сенин өлүмүңө кайгырабыз, бирок сен ыйлоодон да тазасың. Эй Мухаммед! Раббиңдин мартабасында бизди унутпа, дайым эсиңде болсун…»,- дейт. Андан кийин сыртка чыгып, Азирети Умарды тынчтандырат. Ал элге кайрылып, мындай дейт: «Эй адамдар! Аллах жалгыз, Андан башка кудай жок! Мухаммед Анын кулу жана элчиси! Аллах таала кашкайган акыйкат! Мухаммедге кулдук кылган бар болсо, билип алсын, ал дүйнөдөн кайтты! Аллах таалага кулдук кылгандар болсо, билип алсын, Аллах тирүү, Ал дайым болуучу жана түбөлүктүү Зат! Силерге Аллах тааланын буйругун эстетейин: «Мухаммед болгону бир пайгамбар гана. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анан, эгер ал (Мухаммед (с.а.в.)) көз жумса, же өлтүрүлсө артыңарга (каапырлыкка) кайтып кетесиңерби? ! Кимде ким артына кайтып кетсе, Аллах таалага бир да зыян жеткире албайт, (тескерисинче жалгыз өзүнө гана зыян жеткирет). Аллах болсо (өз жолдорунан кайтпай) шүгүр кылуучу пенделерин мунасып (амалына жараша) сыйлайт». Аллах тааланын китебине, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөтүнө баш ийип жашагандар туура жолду таба алышат. Аталган эки нерсени бири-биринен бөлгөндөр туура жолдон адашат! Шайтан (алейхилаана) Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) о дүйнөгө кеткендигин пайдаланып, силерди туура жолдон адаштырбасын, алдабасын. Диниңерден адашпагыла! Шайтандын айла-амалдарына жол бербегиле! ». Азирети Абу Бакир аларга жакшы сөздөрүн айтып, жооткондон кийин Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) денесин жерге берүү иштери менен алектенет. Ансар мусулмандары Банусаид деген жерге топтолушуп, хазраж уруусунун башчысы болгон Саад бин Ухаданы Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ордуна халифа кылып дайындоо үчүн кеңешме өткөрөт. Бул кеңешмеге Азирети Абу Бакир, Азирети Умар, Азирети Абу Убайда жана көптөгөн мухажир сахабалар катышат. Анда халифалык тууралуу маселе талкууга алынат. Азирети Абу Бакир Азирети Умар менен Азирети Абу Убайданын ортосуна туруп, экөөнүн колунан кармап, анан экөөнүн бирөөсүнүн халифа болуусун суранат. Ал өзүн халифалыкка сунуштаган эмес. Азирети Абу Бакирдин сөзүнөн кийин Азирети Умар: «Эй Абу Бакир! Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) буйругу менен мусулмандарга имам болдуң. Сен алардын халифасысың. Биз сени халифа кылып шайлайбыз. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) бизге караганда сен көбүрөөк жакыныраак элең. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) кийин халифа болуу сага гана жарашат. Сен халифа бол!»,- дейт. Азирети Умардын күтүүсүздөн айткан бул сөздөрүн ал жердегилер түгөл колдоого алышат. Ошентип, Азирети Абу Бакир көпчүлүктүн добушу менен халифа болуп шайланат. Бул өзгөчө шайлоонун эртеси күнү Наби мечитинде Абу Бакир элге кутба окуп, расмий түрдө халифа болуп дайындалат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу денесин шейшемби күнү жерге көмө турган болушат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында жүрүп андан эмнени уккан болсо, баарын иш жүзүнө ашырган Азирети Абу Бакир Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ордуна халифалыкка дайындалгандан кийин, мечитте айткан сөздөрүндө «Силердин эң жакшыңар эмесмин, бирок силерге башчылык кылууга шайландым, милдетимди так аткарышым үчүн мага жардам бергиле, жаңылсам туура жолду көрсөткүлө, мен Аллах таалага жана анын элчисине баш ийгенимдей, силер да мага баш ийгиле. Эгер мен туура эмес иш кылсам, анда мага баш ийүүнүн кереги жок!» деп кайрылат.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1 Азирети Абу Бакыр Ассыдык
2 Азирети Умар бин Хаттаб
3 Азирети Усман бин Аффан
4 Азирети Али бин Абу Талиб."
5 Азирети Талха бин Убайдулдах
6 Азирети Зубайр бин Авван
7 Азирети Абдурахман бин Ауф
8 Азирети Саад бин Абу Ваккас
9 Азирети Саид бин Зайд
10 Азирети Абу Убайда бин Жаррах


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


АЛЛАХЫМ...
Күчтүүлөрдүн бетине чындыкты айтууу үчүн, алсыздардын көңүлүн көтөрүү жана алардын сүйүүсүнө жетүү үчүн калп айтуудан өзүң сакта!
Мага мал-мүлк берсең, менин бактылуулугумду жана күчтүүлүгүмдү алып койбо. Эрктүү пенделериңден кыл!
Мага сый-урмат ыроолосоң, кичи-пейилдүүлүктөн ажыратпа!
Көрүп билгендеримдин чыныгы жүзүн сезүүнү насип эт!
"Менин пикирлериме каршы чыгып жатат" деп. Аларды "саткын" деп атоого жана алардын астында күнөөлүү сезинүүмдөн сакта!
Өзүмдү жакшы көргөндөй эле, башкаларды да жакшы көрүүнү. Башкаларга ачык айтканымдай эле, өзүмдүкүн да ачык айтуумду насип кыл мага!
Ийгилике жетишкенимде ичкиликтин кулу кыла көрбө жана ийгиликсиз болгондо үмүтүмдүн үзүлүшүнө жол бере көрбө!
Ийгиликсиз сыноом менин ийгилигимдин тепкичи экенин унуттурба!
Жакшы ниетте болуу күчтүүлүктүн башталышы жана жаман ниет алсыздыктын башталышы экенин үйрөт мага!
Колумда тыйыным жок калганда жана жакшылыктан куру калганда мага күч-кубат бер жаратканым!
 АЛЛАХЫМ....
Эгерде мен сени унутуп калсам, сен мени унутпа!
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир жолу Али (Алла андан ыраазы болсун) намаздан чыгып бара жатса, жөөттөрдүн бири ага суроо узатып калды. Сыноо максатындабы, же шылдыңдоо үчүнбү, же чындап эле билүүгө кызыкканбы, айтор эмнеси болсо да, суроо абдан кызык болду.
- Сенин абдан билимдүү экениң белгилүү, - деди жөөт Алиге, - мага айтып берчи, кандай жаныбарлар жумуртка тууп, жумурткадан чыгат, а кандай жаныбарлар тирүү туулат? Али (Алла андан ыраазы болсун) эч ойлонбостон шыдыр жооп берди:
- Кайсы жаныбардын эки кулагы дөмпөйүп, же шалпайып билинип турса, алар тирүү туушат. Ал эми кулагы билинбеген жаныбарлар жумуртка тууйт.
Алинин (Алла андан ыраазы болсун) он үч кылым илгери айткан бул жоромолун азыркы илим да аныктап-тактады. Чындап эле эки кулагы билинген жаныбарлар жумуртка туубайт экен. Кит дагы жумурткадан чыкпай, тирүү туулат. Көрсө анын да кадимкидей эле эки кулагы бар экен.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Небраскада абышка жашачу экен. Помидор өстүрүү үчүн жер иштетүүнү каалачу. Бирок, бул өтө оор иш болучу. Ага жардам бере ала турган анын жалгыз гана уулу бар. Ал да болсо абакта...
Абышка уулуна кат жолдоду:
Сүйүктүүм Девид!
Помидор өстүрүү үчүн жер иштетүүгө таптакыр күч-кубатым жок. Алдан тайып, эч нерсеге жарабай турам. Сен жанымда болсоң ай! Мен бул нерселер жөнүндө ойлонбойт да болчумун. Сен өзүң билгендей эле менин бардык каалоолорумду орундатат элең да.
Сенин атакең!
Арадан көп өтпөй уулунан жооп келет:
Атаке! Суранам, ал бакчага колуңду тийгизбе! Аны эч кимге көрсөтпөңүз! Жолотпоңуз! Суранам! Суранам! Мен ал жака өлүктөрдү көөмп салган болчумун! 
Уулуңуз Девид... 
Эртеси саат 4ттөр чамасында Полициядан атайын кызматкерлер келип бакчаны казып, бардык жерин издеп чыгышты. Эч нерсе таба алышкан жок. Кайра топурактарды тегиздеп, абышкадан кечирим сурап кетишти...

Ошол эле күнү абышка уулунан жаңы кат алды:

Атаке, эми бакчабызга каалаган нерсеңди өстүрө бериңиз. Мен болгон жардамымды бердим.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жубайлар жаңы квартирага көчүп келип жашап калышат. Эрте менен уйкудан араң ойгонгон аялы терезени карап, жуулган кийимдерин жайып жүргөн кошунасын көрөт.

- Шейшептеринин кирлигин карачы!

Гезит окуп олтурган күйөөсү аялынын сөзүнө көңүл бурбады.

- Чагымда анын самыны начар же ал кир жууганды билбейт! Ага кир жууганды үйрөтүп коюш керек экен.

Күндөрдүн биринде эрте менен терезеге карап, “Оо, бүгүн кошунамдын шейшептери таптаза жуулуптур! Кир жууганды үйрөнгөн окшойт” – деди.

Анда күйөөсү:

- Жок, бүгүн мен эрте менен туруп, терезелерди жууп чыктым. 
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир адам акылманга кеңеш сурап келет:
- Биз аялым экообуз коптон бери бир-бирибизге болгон сезимди жоготтук. Мен эми аны сүйбөйм, ал да мени сүйбөй калды окшойт. Эмне кылышым керек?
- Аялыңды сүй - деп жооп берет акылман.
Акылман мени жакшы түшүнбөй калды окшойт деп ойлойт жигит:
- Айтып жатам го, бизде сезим жок деп..
- Аялыңды сүйүш үчүн - бул эң жакшы себеп деди акылман.
- Кантип сүйөм, эгер сүйбөсөм деп, жигит суроосун улантты.
- Ага кызмат кыл, аны ук, баалап, ар дайым колдоп жүр. Аялың үчүн өзүңдү курманга даяр болууңду көрсөт. Чыныгы сүйүүдө эч нерсе тоскоол болбойт, же сүйүш керек деген сөз сезимди билдирбейт, а аракетти түшүндүрөт. Ошондуктан аракет кылсаң, аялыңдын да сага болгон аракети күчөп, ортодо сезим алоолонот. Отко деле тымызын отун салып турсаң күйгөн сыңарындай, сезимиңерге да көңүл бургула. Болбосо кароосуз калган от, күлгө айланган сыяктуу, сезимдер да өчүп жок болот деп, жооп бериптир акылман...
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү бир Аалымга бир аял келип, күйөөсү өзүнөн башканы сүйбөй турган кылып, уу чөптөрдөн дары жасап беришин сурайт. Аалым айтты: - Бисмилях! Макул, жасап берейин. - Чын элеби? - Ооба, бирок ал дарыны жасаш үчүн мага бир нерсе керек. - Эмне? - Мага тирүү арстандын жалындагы кылынан алып кел. - Мен аны кайдан табам? Тирүү арстандын жалынын кылын кантип алам? Өлүк арстандан болсо, алып келмекмин. - Жок, тирүү арстандыкын гана алып келишиң керек. - Макул, алып келгенге аракет кылам. Аял күйөөсү өзүн гана сүйөрүн аябай каалагандыктан, мергенчилерге барып айтты. - Арстандын жалынан кылды кантип алууга болот? - Арстан адамды жанына жакын жолотпойт, кылды арстандын курсагы ток кезинде гана алса болот. Аял аракет кылып көрүүнү чечет. Мергенчилерден арстандар жүрчү жерлерди билип, эт сатып алып, токойго жөнөдү. Күткөн арстандарга кезигип, эттен аз-аздан ыргытып бере баштады. Ар бир күнү ушинтип арстанга эт берүүсүн уланта берди. Арстан да аялдын курсагын тойгозгонун сезип, ага үйрөнүп калды. Экөөнүн аралыгы күндөн-күнгө жакын болуп баратты. Акыры бир күнү арстандын жанына барды. Жалын колу менен сыйпалады, арстан каршылык көрсөтпөдү. Ошол убакыттан пайдаланып, аял арстандын жалынан бир тутам кыл кесип алып, артка карай жөнөдү. Аалымдын айтканын алып келди. - Мынаке, алып келдим. - Субхан Аллах! Мага айтып берчи, кандай айла менен алып келдиң? Аял болгон окуянын баарын айтып берди. - Мен арстандын мүнөзүн, адаттарын, өзүн кантип алып жүрөөрүн, баарын үйрөнүп чыктым. Анан мен ага жакындоонун эң жакшы ыкмасын тандадым. Анда окумуштуу жылмайып, “Эми үйүңө бар да, ушул ыкманы күйөөңө колдон! Бирок ал арстандай жырткыч эмес, ал сени жебейт!”- деди.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир акылман суунун жээгинде ойлонуп отуруп суусаганынан алы кеткен иттин суунун
жээгине келип, суу иче албай кайра кайтып жатканын көрөт. Ит абдан суусаган,
бирок сууга жакын келгенде тунук суудан өзүнүн көлөкөсүн көрүп коркот.
Ошондон
улам суу иче албай качып бараткан экен. Акыры чыдабай кетип өзүн сууга таштайт
да, суудан өзүн көрбөгөндүктөн, коркпой суу ичип, чаңкоосун кандырат.
Ошол замат акылман ойлонот: «Бул окуядан
үйрөнгөнүм – адам баласынын каалоолоруна жетүүдөгү тоскоолдугу көбүнчө өзү
ойлоп, өз ичинде чоңойткон коркуу экен. Инсан ичиндеги коркуу сезимин жеңсе гана, каалаган
ой-максаттарына жете алат». Бир аз дагы ойлонот да, чыныгы сабак башка экенин
түшүнөт. Негизги сабак – инсан акылман болсо дагы, ал үчүн бир иттен болсо да
үйрөнүүгө сабак бар экенин түшүнөт. Ошондуктан өзүңүздө эмне бар болсо, аны
башкалар менен тең бөлүшүңүз. Сиз башкалардан үйрөнгөнүңүздөй эле, сизде да
башкалар үйрөнө турган нерселер бар экенин унутпаңыз.



Агаңдын анча-мынча сөзүн уккун,

Унутпай өмүр бою эсте туткун.

Акмак берген мүрөктүн суусун жутпай,

Акылдуунун карматкан уусун жуткун. 


(Омар Хаям)
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 Бир акылманга айылдашы келип даттана берет. Турмуш ага жалаң гана кыйынчылыктарды бергенин, эмне иш кылса да кыйын болуп, азап тарта берерин айтуудан жадабайт. Кошунасынын ийгилиги тууралуу айтып, ага кудай баарын бергенин, иштери да жакшы жүрүшүп, балдары да тарбиялуу, жакшы чыкканын, өзүнүн балдары тентек экенин, жакшы бир иш кылууга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да болбой жатканын айтып, арыздана берет. Ошондой күндөрдүн биринде акылман ал адамды туз алып келгенге жиберет. Бир чыныга суу куюп, ага алып келген туздан бир кочуш салып, ичүүнү буюрат. Чыны оозуна тийип-тийбей ал адам түкүрүнүп, чыныдагы сууну алыс чачат
 - Ачуу бекен? – деп сурайт акылман.
 - Ии, аябай ачуу экен, - дейт анда айылдашы.
 - Эми жүр, - деп, анча алыс эмес жердеги көлгө алып барат да, көлгө да бир кочуш туз салат.
 - Эми көлдүн суусунан ичип көр, - дегенде, ал адам эңкейип, суусуну канганча ичет.
 - Суунун даамы кандай экен? Туздун даамын байкадыңбы? – деп сурайт андан.
 - Суунун даамы сонун, муздак экен. Туздун даамы такыр жок.
 - Турмуштун тузу баарына бирдей берилет. Болгону, бир чындыкты түшүнүш керек: адамдын пейли – суу! Айрым адамдар пейли кенен көл болот, турмуштун тузу канчалык болсо да, татымын билгизбей, жашоосун жакшы жакка багыттай алат. Ал эми ичи тар, башкалардын ийгиликтерин көрө албас адамдар чыныдагы суудай болот. Аларга кичинекей туз да даамын чыгарып, ачуу боло берет. Ошондуктан же пейилди кенен коюп башкалардын жакшылыгы үчүн кубанган “көл” болушуң керек, же чыныдагы суудай болуп тузунун даамына чыдашың керек. Чечим сенин колуңда, - дейт.

 Ачуу нерсе балды бузган сыяктуу ичи тардык ыйманды бузат (Хадис).

 Ичи тардык кылынган баардык жакшылыктарды от жалынындай күйгүзүп кетет (Хадис).

 Кишиликтен кур калган, кишиликсиз, 
 Кишилерди көп көрөм түшүнүксүз. 
 кесел түшсө ичтеги дилибизге,
 Кетмек беле оңолуп, ишибиз түз.
 (Н.Алымбеков). 

 Бет пардаңды сыйрып, анык жүзүң ачылсын,
 Бардык жерде жүзүңдөн жарык шоола чачылсын 
(Юнус Эмире).

 Көрө албастык, чагым жана чыр-чатак ар дайым ач көздүктүн артынан ээрчип жүрөт (К.Гельвеций).
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аягына чейин окуп чыкканча эрибегин. Анткени сен ѳмүрүндѳ укпаган маалыматтар жазылган. Сенден ѳтүнѳѳрүм ушул маалыматты башка мусулмандарга жеткирүүгѳ кѳмѳктѳшѳ кѳр...

Албетте мындай жакшылык иштерде жарышуу керек анткени акыретте баарыбыз соопко муктажбыз...

Мусулман бир тууганым Аллах бизден олумдун убагын эмне себептен жашырып койгондун даанышмандыгы эмнеде экенин билесинби?...

Баарыбыз олумго ишенебиз жана анын чындык экенин билебиз. Бул жер бетиндеги омур сургон адам баласы кайсы ишенимде болбосун, кайсы материкте болбосун, кайсы рассадан болбосун баары бир ооздон олум хак (акыйкат) экенин танышпайт. Ошондой эле ар бир тируу жан олумду татуучу экени баарыбызга айкын. Жер бетиндеги тируу жандын баары бул жер бетинде убактылуу жашаган конокпуз.
Ошондой эле билбейбиз ажал бизди кайсы куну, кайсы убакта жана кай жерде алып кетерин.
Эгер Аллах Ар бирибизге кайсы убакта олорубузду кабарлап койгондо, балки биз бул азгырык дуйнодо туура эмес куноо иштерге барып коймок белек. Олум убагына аз калганда кылган иштерибизге тообо кылып, ыйманыбызга кайра жанылаганга жетишип калмакпыз деген умутто. Бирок Улуу Жараткан ал нерсени каалабады. Бул даанышмандыгынын себеби биз инсандар учун эле пайдалуу. Анткени бир козубуз менен бул дуного карасак, экинчи козубуз менен акыретке карайбыз.
Ошондуктан Аллахтын бардыгына олумдун хактыгына (акыйаттыгына) ишенген момун адам куноо иштерден озун оолак кармайт. Анткени ал билбейт кайсы убакта олум келерин. Эгер куноо ишке барса тообо кылганга улгуромбу же куноо иштин устундо оломбу деген ой анын тынчын алат. Мына ошондуктан ал бул жашоодо туз жана таза жургонго аракеттенет.

Аллах Таала куранда айтат: " Баардык жандар олум даамын татышат жана кыямат куну ар биринерге сыйлыгынар толугу менен берилет. (Ошондо) Ким тозок отунан куткарылып, бейишке киргизилген болсо, мына ошол ийгиликке жетет. Ал эми бул дуйно жашоосу тек гана убактылуу азгырык". ( "Аалу - Имран" суроосу 185).
Тушундурмосу: Жер бетиндеги дем алган тируу жан ажалы жеткенде олуучу. Ислам аалымдары олумдун даамы ачуу дейт. Аны ар бир тируу жан ажалы жеткенде даамдайт. Эсеп куну ар бир адамдын кылган ишине жараша жазасы берилет. Ал куну инсандын кыпындай жакшылык иши да, жамандык иши да унутулбайт. Мына ошол куну кимдин эсеп таразасы он жагына ооп, сооп иши коп болсо тозок отунан алыстатылып , бейишке кирет. А бул дуйно жашоосу туболук эмес. Ошондуктан дуйно артынан сокур адам сыяктуу ээрчибе. Адам баласы бул дуйного жолго чыккан мусаапыр адам сыяктуу жана конок. Дуйнону байлыкты алгын бирок жете турган жерине чейин гана.

Аллах Таала куранда айтат: " Акыйкатта кыямат кунунун моонотун Аллах гана билет. Ал жаан жаадырат жана курсактагыны билет. Бир да жан эртен эмне болорун жана кайсы жерде олорун билбейт. Акыйкатта Аллах - Билуучу жана Кабардар". ( "Лукман" суроосу 34).
Тушундурмосу: Бул жерде беш нерсени эскерип отту:

1) Кыямат кундун качан болуусу; Аны Улуу жараткандан башка эч ким билбейт жада калса периштелердин улуусу Жабраил (алейхи салам) да Пайгамбарлардын шарапаттуусу Мухаммед (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) пайгамбар да билбейт.

2) Жаандын качан жана кайсы убакта кайсы жерге жаарын бир гана Аллах билет. Бирок замандын онугуусуно, техникалардын жетишкендигине карабай синоптиктер ыктымалдуу турдо гана айта алышат. Шамалдын ылдамдыгына карата. Тилеке каршы коп убакытта алар жанылышат.

3) Эненин курсагындагы баланы Аллахтан башка эч ким биле албайт. Бул да техниканын жана аппараттын онугуусуно карабай айта албайт. Мисалыга 4 айда ага жан (рух) берилет. Аллах анын уулдук же кыздык белгилерин жаратмайынча аныктай алышпайт. Ошондой эле анын качан торолушун, жана анын бул дуйного тируу же олуу келерин Аллахтан башка эч ким билбейт. Анын бул дуйнодо бактылуу же бактысыз, ырыскысы кенен же тар, омуру узун же кыска болушун тек гана бир Аллах билет.

4) Инсандын жашоосунда эртен эмне болорун Аллахтан башка эч ким билбейт. Эртен ал буйнодо бар болобу же жок болобу бир Аллах билет.

5) Адам баласынын кайсы жерде жана кантип олорун Аллахтан башка эч ким билбейт. Балки ал тоодо, балки сууда, балки чолдо, балки жол кырсыгында айтоор билбейбиз.

Аллах Таала куранда айтат: " Эгер алардын ажал мооноту келгенде, алар (ажалы жеткен адамдар) аны(ажалды) бир саатка кечиктире да, илгерилете да алышпайт". ("Нахл" суроосу 61).

Тушундурмосу: Эгер инсандын ажал сааты жеткен болсо ал аны бир секундка да кармай албайт же болбосо кечиктире албайт. Же болбосо инсан ажал саатынан мурда олбойт. Мисалыга озун олтуром дегендер ажалы жеткен эмес болсо ал адам олбойт. Бирок кылган ишине жараша олумун майып болуп инвалидный коляскада же болбосо олум тошогундо жатып олум сааты келгенче жашашат.
Бул жашоодо канча адамдарды коруп журобуз отуучу жолдон башка адамдардан бир аз эрте баса койот же болбосо бир аз кечигип баса койот мына ошондо аны машине турто кетет. Аны коргон адам биз менен эле басканда ушул нерсе болмок эмес дейт. Жок андай эмес, андай болмок да эмес. Анткени бул нерсе анын тагдырына жазылган ажалы ошол убакытта ошол жерде айтылган.

Дагы айта кете турган нерсе хадистин маанисинде келет ырыскы менен ажал окшош. Ажал адамды олум саатында кандай кууп жете турган болсо, инсандын тагдырына жазылган ырыскы да аны ошондой кууп жетет. Инсан бул дуйного тороло элек кезинде ырыскысы жазылат ошондуктан ачкалыктан олом деп коркпоо керек. Сенин ырыскын тугонду дегенче ажал сени алып кетет. Ошондуктан канчалык байлык топтобо сен андан тагдырына жазылган гана ырыскыны аласын ал эми калганы башкалардын ырыскысы.

Аягында пайгамбарыбыздын дубасы менен бүтүрөлү.

Оо Аллахым, Сен биздин жаныбызды ала корбо, качан Сен бизден ыраазы болмойунча.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир замандар өлкөнү адилет башкарган хан жашаган экен. Ал хандын  төрт аялы болуптур. Хан  төртүнчү аялын катуу сүйүп, ал эмне кааласа  дароо ишке ашырчу экен. Бардык нерсенин эң жакшысын тандап, ошол аялына берип жүрчү. Хан үчүнчү аялын да сүйчү. Ал сулуу аялынын  таштап кетүүсүнөн чочулап, аны көп кызганчу. Хан экинчи аялын да өзгөчө сүйө турган. Ар кандай учурда сабырдуу болуп, башына мүшкүл түшкөндө, ошол аялына кеңешчү.
Аялынын айткан насааты ханды дайыма алга сүрөп турчу экен.
Ал эми ханыша хандын биринчи аялы болуп, ханды өзгөчө сүйө турган, ар дайым жанында боуп, хандын ден-соолугуна, бийлик жүргүзүү иштерине жакындан жардам берчү. Бирок, хан ал аялы менен иши да жок, кызыкчу эмес.
Күндөрдүн бир күнүндө хан айыкпас дартка чалдыгат. Өлөөрүнө көзү жеткен хан өлгөн соң жалгыз болуудан коркот. Аялдарынын кайсынысы өзү менен чогуу кеткенге даяр экенин билүү максатында аларды чакырып, өз оюн ортого салат.
Биринчи аялы: «Мүмкүн эмес» деп жооп берет.
«Өмүр бою сени сүйдүм, менден айпылууңду каалаган жокмун. Мени менен өлүүгө даярсыңбы?» деп үчүнчү аялына кайрылат. Анда үчүнчү аялы: «Жок, жашоо сонун да. Сен өлсөң, мен башкасы менен баш кошом!»
Бул жооп хандын айласын алты кетирет. Көпкө ойго батып, өкүнөт. Үмүтүн үзбөстөн экинчи аялынан сурайт. Экинчи аялы болсо: «Менин колумдан эч нерсе келбейт! Сенин мазарыңа чейин барып, жаназаңа катышам. Сен үчүн мындан ашыгын жасай албайм... »

Биринчи аялына үмүт менен карап, ый менен нымдалган көзү менен биринчи аялын карап турду.
Биринчи аялы: «Сен кайда болсоң да сени менен бирге болом. Эч качан сени таштап кетпейм..»
«Ах, ах» деп үшкүрүнүп, көзүнө жаш алат хан.
 «Дагы бир жолу мүмкүнчүлүгүм болгондочу....»

Чынында бул төрт салыштыруу иретинде айтылгандар, биз ээлик кылган нерселер.

Төртүнчү аял : «Денебиз, келбет, сулуулугубуз»
 Кандай гана сулуу болуп, күчтүү болсо да, өлөөрүбүз менен бизден ажырап кетет.

Үчүнчү аял: «Байлык, мал-мүлкүбүз, бийлигибиз»
Өлөөрүбүз менен дароо бизди таштап, башка бирөөнү табат.

Экинчи аял : «Үй-бүлө жана жоро-жолдошторубуз, достор, туугандарыбыз»
Баардык кыйын күндө чогуу болсо да, өлгөн соң аза күтөт, жаназага турат. Топурак салат. Бирок, сени менен кошо кете албайт.

Биринчи аял : «Рух, жан-дүйнө жана ыйманыбыз»

  ©Адилет Сыдыков

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Оорулуу адам операцияга киргизип бараткан жаш хирургга кайрылып:
— Аллахым ыраазы болсун! Операция жасоо үчүн чет өлкөдөн келип отурасың. Жакшылыгыңды эч качан унутпаймын!
Оорулуу адам ошол оорукананын башкы врачы эле. Оорусу күчөп, чет өлкөдө гана жасалчу операцияга аны алып барууга мүмкүн эмес болчу. Себеби, өтө тез арада жасалышы керек болуп, бул ишке саналуу гана дасыккан хирургдун колунан келе турган эле.  Анын окуучулары, ошондой врачты бир топко чейин издешти. Дал ошол учурда, ким-кайдан экени белгисиз чет өлкөдөн жаш хиррург келип, оорулууну операция кылуу үчүн келгенин айтып. Бул иш колунан келээрин тастыктады жана бул ишке тезинен киришти. Жыйынтыгында, адамдын өмүрүн сактап калды....
Оорулуу абышка жаткан жеринде жаш хиррургдун колун коё бербей ага кайрылып жатты:
— Мен төрөтчүмүн. Бир убактарда эненин курсагындагы баланын чолок экенин түшүндүм жана анын жашоого келтирбей эле өлтүрүп салууну ойлодум. Бирок, колумдан келген жок эле...

Абышка бираз ойго батып кайра сөзүн улады:  — "Кээде типтирүү наристелерин өлтүрүүнү каалаган энелер да болот. А мен болсо ошол кылган бир гана жакшылыгым үчүн Аллах Таалам сени мага жөнөтсө керек...." деп абышка жашып кетти.
Жаш хиррург абышканын кармап турган колунан акырын гана тартып алды. Бираз артка кетенчиктеди. Шымын бираз өйдө көтөрүп, жасалма буттарды абышкага көрсөттү жана да:
— Ошол сиз куткарган майып мен болчумун....

(Түрк тилинен кыргызчаланды)
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Илгери өткөн замандарда. Африкадагы өлкөлөрдүн биринде. Өлкөнү башкарган падыша жашаптыр. Ал падышанын жанында эс тарткандан баштап коштоп жүрчү жан досу да карыш жылбай чогуу жүрчү.
 Падышанын жандоочусунун башкалардан өзгөчөлөнүп турган адаты бар эле. Өзүнүн же башканын болсун, жакшылык же жамандык болсун, жөн гана «ар жаман иштин
артында бир жакшылык бар»
деп айтып гана тим болчу экен.

Күндөрдүн биринде, падышаны коштоп аңчылыкка чыгышат. Падышанын мылтыгына ок салып берет. Бирок, ок тетири салынып калып, ок падышанын баш бармагын жулуп кетет. Падыша ачууланганын көргөн досу :
—«Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар» деди. Падышанын катуу ачууланып, зынданга салдырлы.

Арадан бир жыл өттү. Падыша жигиттери менен аңчылыкка чыкты. Ошол падыша жана анын жигиттери аңдын кумарына батып, жапайы адамдар жашаган аймакка кирип кетишти. Адам жегич жапайылар аларды кармап келишип байлап, от жагып бышырып жегенге даярданып жатышкан. Алардын ишениминде: «Бир мүчөсү кем болгон адамдарды жегенге болбойт. Эгер ал мыйзамга каршы чыккан адамга жаратылыштын каргышы тийет» .
Ошентип падышаны бошотуп, анын калган жигиттерин жеп салышат.

Сарайга аман-эсен кайтып келген падыша, баш бармагынын жок болгону себептүү тирүү калганын айтып, зындандагы досун алдырат. Башынан өткөндөрдү төкпөй-чачпай айтып берет. Аны зынданга салдырганыга бушайман экенин айтып кечирим сурайт. Бирок, досу кайрадан : «Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар» деди.
Падыша өзүн кармап тура алган жок.
— Сенин бир жылың зынданда, караңгылык ичинде, ачка жана суусуз өтүп кетти. Мен мындан жакшылыкты көрбөй турам.
Падышанын досу ага жылмаю менен жооп кылды:
— Эгер мен зынданда болбогондо, сиздин жаныңызда болмокмун. Сиз менен аңчылыка кошо чыгып, жапайыларга жем болмокмун....
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү Сулайман ала́йхи саллам пайгамбар кумурскадан бир жылдык керектеген азыгынын көлөмүн сурайт.
Кумурска "буудайдын бир данын керектейм" деп жооп берет.
Кумурска берген жооп туура же туура эмес экенин текшерүү үчүн аны бир шишенин ичине салат. Жанына да бир дан салып, шишенин оозун аба кире тургандай кылып жабат. Бир жыл да өтөт. Шишени ачып караса, ошол дандын жарымын гана жеген болот. Сулайман ала́йхи саллам таң калат. «Эмне үчүн жеген жок?» деген суроо туулат. Кумурсадан сураганда: Сенден мурда менин ырыскымды Аллах берүүчү. Мен ага ишенип, дандын баарын жечүмүн. Себеби, ал мени эч качан унутпайт жана менден жүз буруп кетпейт. Ал эми сен мени камкордугуңа алгандан баштап «бул көр пенде» деп сага толук ишене алган жокмун.
Ошон үчүн мага берилген дандын жарымын гана жедим. Жарымын болсо кийинки жылга калтырдым.


Жараткан эч кимди пенденин колун каратып, ага муктаж болуудан сактасын! Өзүбүз эмгек кылып, ыпыскыбызды адалдан таап жейли!
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү Ибрахим ала́йхи саллам   Азрайилден ала́йхи саллам   сураптыр : ,
"Эй, Азрайил ала́йхи саллам, Жаман адамдардын рухун алып жатканда, аларга кандай көрүнөсүң?"
Азрайил ала́йхи саллам   бул жөнүндө суроо бербегени оң экенин айтат. Бирок, Ибрахим ала́йхи саллам   суроого жооп алууну каалап туруп алат.
Анда Азрайил ала́йхи саллам  :

Артына бурулуп, көргөн нерсесинен каттуу корккон Ибрахим ала́йхи саллам   эс-учун жоготот
-Эй, Азраил. Алар дүйнөдө жасаган баардык жамандыктарынын жазасы үчүн сенин ушул абалыңды көрүшсө жетиштүү болот"
Бирок, жандын алынуусу, кабыр азабы, махшар майданы жана тозоктогу азаптар да бар.

Ибрахим ала́йхи саллам кайра сурайт:
-Жакшы адамдардга кандай абалда көрүнөсүң?
Азраил кайрадан Ибрахим ала́йхи салламге көрүнөт. Ибрахим ала́йхи саллам көргөн нерсесине суктануу менен айтат:
"Эй, Азрайил ала́йхи саллам. Жалганда көп жакшылыктарды жасаган адамдарга сооп катары ушундай абалда көрүнгөнүң гана жетиштүү!"


Бирок, кабыр жашоосу, бейиш жана бейиште жараткандын жамалын көрүү да бар.....
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир канча кыздар чогулушуп алып бир квартирада жашашат. Алардын устунку кабатында бир кары аял дагы жашайт.
Кыздар, Аллах жолунда кызмат кылган, илим жолунда жургон кыздар эле. Бир куну ал кыздардын бироосу устунку кабатта жашаган аялга барып, ал-абалын сурап, жардам керек болсо, 
жардам берип келуулорун сунуштайт, канткенде да кошуна акысы деген нерсе бар. Калгандары макул болуп, устунку кабатка чыгышат жана ал аялдын эшигин такылдатышат. Эч ким унчукпайт, кайра такылдатышат, дагы эле эч ким жок. Уйдо эч ким жок деген ой менен кайра кайтууну чечишет, бирок кетээрдин астында акыркы жолу такылдатып корууну макул корушот.
Бир аздан кийин эшик ачылат, кыздарды уйуно киргизип ал-абалын сурашат. Аялдын эмне учун тез эле ачпаганынын себебини угушканда ото тан калышат.
Корсо, аял жакындары, туугандары жок болгондуктан, коп жылдан бери эч ким келбегендиктен, жалгыздыктан жадаганы учун озунун жанын кыйууну ойлоптур. Жипти даярдап мойнунан откоруп жаткан кезде эшик такылдаптыр. Бул ким экен, канча жылдан бери эшик такылдай эле деп кутуп турганда, дагы бир жолу такылдайт. "Эгер силер кайтканынарда, мен жаныма кыймак элем"-деп жооп айтат.


"Кошунасы ач жатканда, озу ток болгон - бизден эмес" - деп буйруган пайгамбарыбыз (С.А.В)
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Тык, тык, тык…

Эшикти кимдир бирөө черткилеп жатты...
- Ким бул?
- Даярдан кетебиз.
- Сен кимсиң? Каяка кетебиз деп жатасың?
- Кезегиң келди. Чыныгы үйүңө сени алып кетем.
- Чыныгы үй дейсиңби? Анда сен...!
- Ооба, кетебиз тезирээк бол!
– Беш мүнөт күтө тур..жарым-жартылай калып кеткен иштерим бар.
- Бүтпөгөн иштериң болсо, башкалар аягына чыгарат. Тездет!
- Балдарымчы?! Алар кичинекей да. Макул, анда коштошуп алайынчы..
- Сенсиз да алар чоңоюшат.. Тезирээк! Сени күтүп жатышат...
- Күтүп жатышат? Кимдер?
- Барганда көрөсүң..!
- Түшүнүп турам. Бирок, жүрөгүн оорутуп, кечирим сурай элек, жакшылык жасай
элек адамдар бар. Суранам, мен аларга карыздар абалда кетким келбейт.
- Муну убагында ойлонушуң керек болчу!
- Убагында? А мен... убактым көп деп ойлочумун.
- Баарыңар окшошсуңар.. Убакыт - сен жашап жаткан убак..
Мындан да узак эмес...
- Аттиң! Аттиң!….
- Каалайсыңбы жокпу, мен сени алып кетем. Бүгүндө жашап жатып, дайыма эртеңкиңдин бар экенин ойлоп жашадың.
Тууганым! Бул сиз бизге сабак боло турган мисал...
Бул сага да бир эскертүү. Азыр барсың. Бирок, эртең жоксуң…
Ал келгенде, сен үмүт менен сүйүнүү менен тосуп алганга даяр бол!

Адилет Сыдыков


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү мас абалындагы достор машинасы менен жөнөп кетээрде алардын бирөөсүнүн апасы : 
-"Балдарым Аллах сиздер менен болсун" дейт.
Арасынан бирөө :
Машинабызда Аллахка орун жок! Кааласа багажга чыгып алсын дейт. Арадан бир сааттай убакыт өтүп алардын кырсыкка жолукканын жана эч бири тирүү калбаганын угушат. Кызыгы ошол машинанын багажына эч кандай зыян жеткен эмес. Андан да таң калчу нерсе багаждагы бир баштык жумуртканын бирөөсү да сынган эмес. 

Күч-кубат жалгыз Раббибизге таандык. Аллах туура жолунан адаштырбасын!

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

"Бейиш эненин таманынын астында" 

                                                              Мухамад пайгамбар (САВ)


Шаардан үйгө келдим. Эмнеге экени эсимде жок, заматта маанайым бузулуп, кабагым карыш түйүлүп, бирөөгө кыйкырып албайын деп өзүмдү араң кармап, чай ичкен столдун четинде сүйлөбөй отурдум. Апам менин абалымды сезип, унчукпай өз ишин ары-бери кылып, үйдөн чыгып кетти.
Апам 55 ке мына чыгайын деп калса да, үй иштеринин баарын өзү кылып, өзүн жаш келиндей жеңил алып жүрчү эле. Ар бир нерсени орду- ордуна коюп, кийимдерди тептегиз кылып бүктөп, короого бир тал чыбык таштабай, шыпырып, дайыма таза кармачу. Жада калса басканда да шырп эткен дабыш чыгарбай, кадамын мышыктай жеңил таштачу.
Апам эшикке чыгып баратканда, шашпай, жеңил басып бараткан буттарын аркасынан көзүм менен узата карадым.
Караганда да жаман көрүп карадым. Ошол учурдагы биздин көйгөйлөргө апамды да күнөөлөп, ичимден жаман көрүп отургам.
Апамдын ашыкча сүйлөбөгөн, ар бир нерсени так аткарган, өзгөрүүнү жактырбаган, бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алган мүнөзүн терс сапат деп баалап, катуу-катуу эле баспайбы, анча-мынчага көңүл бурбай эле койбойбу, келечекти эле күтө бербей бүгүнкү күн менен жашабайбы, кийимди антип бүктөбөсө эмне болот, короо чачылып турса эмне болмок эле, өзүн аябайбы, эркин жашабайбы деп ойлой берчүмүн. Менин кичинекейимдеги кийимдерди менин балама кийгизем деп сактап жүргөнүн көрүп, ой анын эмне кереги бар деп ойлочумун. Кайгылуу кино көрүп атып ыйлаганын көрүп, ой жарыктык деп күлүп койчумун.
Көрсө мен апамды түшүнчү эмес экенмин. Анын апасыз чоңойгонун, апасына болгон кусалыгы, энелик мээримди көксөөсү бала кезинен бери жылдап жыйылып отуруп бук болуп, саргайган санаа болуп жан дүйнөсүн жабыркатып, картка айланып калганын билчү эмес экенмин. Апамдын апасы таенем эмес, башка болгонун кичинемде бир жолу кулагым чалган менен, бир да көңүл бурбаптырмын.

Так ошол апамдын эшикти көздөй басып баратканын карап отурган сааттан бир күн өтүп, апаңдан айрылдың деген суук кабарды уктум...
...Көзүмө апамдын ошол кадамдары кайра-кайра тартылды. Паластан жай көтөрүлүп бараткан согончогу, таманы, кинотасманын үзүндүсүндөй көз алдымда турду. А оюмда "Бейиш эненин таманынын астында" деген сөз казыктай кадалып турду...

Андан бери Жер Күндү туптуура 3 жолу айланды.

Улан Кошалиев, 07.10.14.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Чабыш кызуу жүрүп жаткан. Азирети Али карпа-курпа кирип келген душманды көз ачып жумгуча жыга салып, тизе менен жерге ныгырат. Жаны ачышып кеттиби, же жеңилүүнүнү ызасына туруштук бере албадыбы, айтор, жерде чыйпылыктап жаткан каапыр каапырлыгына салып Азирети Алинин нур тамылжыган бетине түкүрүп жиберет. Согуш кычап турган мезгилде жийиркеничтүү тариз менен өзүнө жооп кайтарган каапырдын башын учура салып басып кетүү «Алланын Арстаны» атанып, Пайгамбардын бүлөсүнөн саналган баатыр үчүн түккө турбаган иш болсо керек эле. Бирок ал каарман бул казатка өз напсинин кызыкчылыгы үчүн эмес Жараткан Алланын ыраазылыгын табуу үчүн чыккан эле. Ошондуктан ал айдарым жел бетти бир сылап өткөнчөлүк убакыттын ичинде напсинин тукуруусун, напсинин ызаалуу кегин жеңе алды. Үн-сөз жок өйдө болуп колуна карыштыра кармаган Зулфикар-Зулпукар аттуу Азирети Пайгамбарыбыз белекке тартуу кылган кылычын жерге таштап, мына азыр бул жарык дүйнө менен аянычтуу абалда кош айтышам деп турган душманды өлтүрүүдөн баш тартат. Көл-шал болуп, тили кургап, чалкасынан жаткан душман Азирети Алинин бул жоругуна түшүнө албай селейет. Бул «Ачууга алдырып, бир чоң түмөндүн колбашчысынын бетине түкүрүп алдым, эми ал мени азапка салып, тирүүлөй кескилеп өлтүрөт ко, аттиңай!» деп өлүмдү күтүп калган душмандын селейиши эле. Бирок иштин аягы ал ойлогондой болуп чыкпады. Ой-кыялга келбей турган акыйкатка өмүрүндө биринчи ирет кездешип жатканы таттуу жандан түңүлүп калган адамзааданы ансайын толкундантты, ан сайын жүзүн албыртты. Дале болсо ишенгиси келбей акылы жетпей турду, «Бул мүмкүн эмес!» деген тейде. Күрмөөгө келбей калган тили менен булдурттап, жетине албай минтип суроо салды:
-Али мырза! Эмне үчүн мени өлтүргөн жоксун? Кош миздүүңдү бир шилтесен, чымын жаным чыркырап калбайт беле? Аз убакыт мурда тажаалданган айбаттуу элең, азыр болсо сөз жеткистей тынчтыкка сүңгүп кеттиң?... Чагылган сыяктанып чарт кесип өтөөр маалда шамалы жок өрөөндүн абасындай мемиреп калдың...
-Азирети Пайгамбар(с.а.в.) тартуу кылган бул Зулфикарды мен Алланын жолунда гана колдоном. Алланын душманынын башын кайра эле Алланын ыраазылыгы үчүн учурам. Өз кызыкчылыгымды бул ишке жакын жуутпайм... Сен жүзүмө түкүрүү менен менин ачуумду чектен чыгарып, акаарат кылгың келген. Мен эгер дал ошол маалда ачууга алдырганымда напсиге моюн сунуп, момун мусулманга түк жарашпас ишке барып, арзыбаган себеп менен сени өлтүрүп салар элем. А аныгында мен жинимди кагуу же аброй үчүн эмес Алланын ыраазылыгы үчүн казатка аттангам деди Азирети Али. 
Натыйжада душмандын катыган жандүйнөсү Азирети Алинин изги ахлагынын алдында туруштук бере албай ээрип, бир башкача бактылуу жаңы жашоону тапты. Азирети Алинин кубаттуу ыйманынан, напсини тизгиндей алышынан жана ыкласынан таасирленип ыйман келтирди...
Технологии Blogger.