Halloween party ideas 2015

Бир замандар өлкөнү адилет башкарган хан жашаган экен. Ал хандын  төрт аялы болуптур. Хан  төртүнчү аялын катуу сүйүп, ал эмне кааласа  дароо ишке ашырчу экен. Бардык нерсенин эң жакшысын тандап, ошол аялына берип жүрчү. Хан үчүнчү аялын да сүйчү. Ал сулуу аялынын  таштап кетүүсүнөн чочулап, аны көп кызганчу. Хан экинчи аялын да өзгөчө сүйө турган. Ар кандай учурда сабырдуу болуп, башына мүшкүл түшкөндө, ошол аялына кеңешчү.
Аялынын айткан насааты ханды дайыма алга сүрөп турчу экен.
Ал эми ханыша хандын биринчи аялы болуп, ханды өзгөчө сүйө турган, ар дайым жанында боуп, хандын ден-соолугуна, бийлик жүргүзүү иштерине жакындан жардам берчү. Бирок, хан ал аялы менен иши да жок, кызыкчу эмес.
Күндөрдүн бир күнүндө хан айыкпас дартка чалдыгат. Өлөөрүнө көзү жеткен хан өлгөн соң жалгыз болуудан коркот. Аялдарынын кайсынысы өзү менен чогуу кеткенге даяр экенин билүү максатында аларды чакырып, өз оюн ортого салат.
Биринчи аялы: «Мүмкүн эмес» деп жооп берет.
«Өмүр бою сени сүйдүм, менден айпылууңду каалаган жокмун. Мени менен өлүүгө даярсыңбы?» деп үчүнчү аялына кайрылат. Анда үчүнчү аялы: «Жок, жашоо сонун да. Сен өлсөң, мен башкасы менен баш кошом!»
Бул жооп хандын айласын алты кетирет. Көпкө ойго батып, өкүнөт. Үмүтүн үзбөстөн экинчи аялынан сурайт. Экинчи аялы болсо: «Менин колумдан эч нерсе келбейт! Сенин мазарыңа чейин барып, жаназаңа катышам. Сен үчүн мындан ашыгын жасай албайм... »

Биринчи аялына үмүт менен карап, ый менен нымдалган көзү менен биринчи аялын карап турду.
Биринчи аялы: «Сен кайда болсоң да сени менен бирге болом. Эч качан сени таштап кетпейм..»
«Ах, ах» деп үшкүрүнүп, көзүнө жаш алат хан.
 «Дагы бир жолу мүмкүнчүлүгүм болгондочу....»

Чынында бул төрт салыштыруу иретинде айтылгандар, биз ээлик кылган нерселер.

Төртүнчү аял : «Денебиз, келбет, сулуулугубуз»
 Кандай гана сулуу болуп, күчтүү болсо да, өлөөрүбүз менен бизден ажырап кетет.

Үчүнчү аял: «Байлык, мал-мүлкүбүз, бийлигибиз»
Өлөөрүбүз менен дароо бизди таштап, башка бирөөнү табат.

Экинчи аял : «Үй-бүлө жана жоро-жолдошторубуз, достор, туугандарыбыз»
Баардык кыйын күндө чогуу болсо да, өлгөн соң аза күтөт, жаназага турат. Топурак салат. Бирок, сени менен кошо кете албайт.

Биринчи аял : «Рух, жан-дүйнө жана ыйманыбыз»

  ©Адилет Сыдыков

Отправить комментарий

Технологии Blogger.