Halloween party ideas 2015

Жүздөгөн жылдар мурда Рим папасы шаардагы яхудийлердин шаарды таштап чыгып кетүүсүн буюрат. Албетте, яхудийлер үчүн бул оор болмок. Алар бул буйрука дароо эле макул болушкан жок. Ошентип, папа алардын тыңчыкмалары менен диний талкууга катышууну жана эгер яхудийлер жеңилсе алар шаарды токтоосуз таштап чыгып кетишет. А, эгер папа жеңилсе, анда алар шаарда калуу укугун алышмак.
Яхудийлер айласыз бул сунушту макул табышат. Арасынан Мойизини тандап алышып талкууга чыгарышат. Бирок, экөө эки башка тилдүү болгону үчүн алар кыймыл-аракет жана белгилер аркылуу маек курууну сунушташты. Папа алардын сунушуна макул болду.
Ошентип, талкуу башталат. Экөө көпкө бири-бирине ойлуу тиктеп отуруп калышат. Алгачкылардан болуп Папа 3 манжасын (сөөмөй, ортон, аты жок) көрсөтөт. Яхудий болсо дароо жалгыз сөөмөйүн абага көтөрөт. Папа башын эки оң жана сол жака чайкайт. Мойизи болсо дароо отурган орундугун сөөмөйү менен көрсөтөт. Папа баштыгынан бир сындырым нан жана шарап алып чыгып коёт. Мойизи болсо баштыктан алмасын алып чыгып коёт.  Папа дароо ордунан туруп: "Мен жеңилдим! Яхудийлер калышса болот. Шаарда жашоо укугун алышты" деп басып кетти.
Талкуудан кийин Папаны жандагандар ага суроо менен кайрылышат: Эмне болгонун түшүндүрүп бериңизчи. Биз эч нерсе түшүнө алган жокпуз...
Папанын жообу:
Мен 3 манжаны көрсөтүү менен Үч Кудайды түшүндүргүм келди. Ал болсо жалгыз сөөмөйүн көрсөтүп, Жалгыз Кудайды тааный турганын айтты. Мен болсо башка чайкап, Кудайдын биз тарапта экенин айткым келген. Ал болсо отурган жерин көрсөтүү менен, Кудай кайсыл жерде болбосун алар менен бирге экенин айткысы келди. Мен ыйык нан кесимин жана шарап алып чыгып, биздин күнөөлөрүбүз кечирилерин түшүндүргүм келди. Ал болсо алманы алып чыгып, алгачкы күнөө бейиштеги алмадан башталганын айткысы келди. Анын бардык суроого даяр жообу бар экен. Менин колумдан эмне келет дейсиңер...
Ошол эле учурда, Яхудийлер жамааты да чогулушуп, дал ушул темада суроо узатып жатышты. Мойизи суроолорго мындайча жооп берди:
Ал мага 3 манжасын көрсөтүп, биздин 3 күн ичинде шаардан чыгып кетүүбүздү буюрду. Мен болсо арабыздан 1 да адам кетпей турганын айттым. Анан ал шаардын яхудийлерден тазаланып, жергиликтүүлөр гана калаарын кыйытты. Мен болсо эч жака кетпей, турган жерибизден жылбай турганыбызды айткым келди. 
Анан эмне болду? Баары таң калуу менен суроо узатышты.
Анан эмне болгонун чынында түшүнгөн жокмун. Ал түштөнүү үчүн нан шарап алып чыкты. Мен да түшкү тамак үчүн сактап койгон алманы алып чыгып койдум. Ушул эле....

Адамдардын айткан сөзү маанилүү эмес, 
Эмнени, кандайча түшүнгөнү маанилүү.


Отправить комментарий

Технологии Blogger.