Halloween party ideas 2015

Эй, напси!

Соолгон сезимдериңди ташта жана жадыраган жаздагы жашыл тукабага айлан, куштар учушсун сенин айланаңда. Мөлтүрөгөн тунук булак бол, көкүрөгү күйгөн жандар сени көздөй чуркасын. Мум сыяктуу ээрип, айланаңда чарк айлансын. Инсандарга бир эне сыяктуу, мээрим менен кучак жай, ачууңдан корккондор дагы сенин кучагыңа боюн таштасын. Алла сага тартуулаган байлыктарды айланаңдагыларга чач. Жоомарттык, инсандарга, бейишке жана Аллага жакындата турган эң сырдуу нерсе. Аны руханий дүйнөңө сиңирип, колдоно алсаң, жек көрүү, душмандык сезимдеринин туткуну болгон адамдар дагы, учуру келгенде сенин чөйрөңө кирүү үчүн кезекке туруп күтүшөт.

Сен ар дайым булуттар сыяктуу болуп, күндүн куйкалаган ысыгын тос, мезгилдердин өзгөрүшүнө карабастан, жамгыр сыяктуу баардык нерсенин ысыгын тарат. Баарына жагымдуу суу бол, кусалык менен куурулган жүрөктөр издегенин сенин чөлкөмүңөн тапсын. Сен ички дүйнөңдүн илхамдарын дастан кылып айтканыңда, ал даанышман сөздөрдү жазуучулардын сыясы түгөнсүн жана китептердин беттерин кооздогон ал керемет сезимдер периштелердин кайрыктарына айлансын. Жек көрүү, душмандык, өч алуу сезимдери жүрөктөргө чабуул жасап, баардык нерсени кыйратып-талкалаганда сен кучагыңа келип коргологон баардык байкуштардын коргоочусу бол жана аларды үмүтсүздүккө салба.

Учурубузда болуп жаткандай, кээ бир шайтанча ойлонулган ойлор коомчулукта бизди бири-бирибизге алып бара турган жолдорду инсан жүрө алгыс абалга алып келип, көпүрөлөрдү бузгандарында дагы сүйүү жана кеңпейилдүүлүгүңөн руханий көпүрө куруу менен барыла турган баардык жерге жетүүгө аракет кыл жана алардын жасагандарына жараша мамиле кылбай, өлсөң дагы сөзсүз түрдө, мусулмандык ахлактын талабына ылайык мамиле кылып, башыңа ыргытылган таштарды, атмосферага тийгенде эриген метеориттер сыяктуу нурга айлантып, айланаңа чачууң керек. Чөйрөңдө ачуулуу чыккан үндөрдү жумшартуу менен сүйүү гүлдестелерине айлантышың керек. Бул жол пайгамбарлардын жолу жана чыныгы улуу сапатта болуунун жолу. Ушул убакытка чейин, бул жолдо жүргөндөрдүн эч кимиси жолдо калган эмес. Негизинде, инсан инсан экендигин сезсе, кек сактоо, жек көрүү, орой мамилелер анын көз карашына таасир бере албайт. Чындыгында, бир топ кыйынчылыктарга кабылганда, жолун жана багытын өзгөрткөн мусулмандар бар, бирок, булар көз караш жана сезимдери туруктуу боло элек инсандар. Мен мындай инсандарды башкаларга пайда келтире тургандыгына ишене албайм. Кичипейилдүүлүк, туура ой жүгүртүү, бышып-жетилген салабаттуу адамдардын ар дайымкы абалы. Шарттар кандай болбосун, андайлар ар дайым, аба мейкиндигиндей кенен, тоолор сыяктуу сүрдүү, бекем, топурак сыяктуу карапайым жана кичипейил болушат. Алар айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан окуялардан таасирленбейт, бороондорго алдырбайт, тескерисинче, топурак сыяктуу баарына эне болуп берет. Алар, мештерде ээрип, өздүк маңызына жеткен алтын сыяктуу, граниттерди эриткен мештерге салынса дагы маңызын жоготушпайт. Алар күйүп бүтүшкөн жана аларды эч кандай от коркута албайт. Албетте, күлдү кайрадан күйгүзүүнү жана сомдой алтынды эч ким кайра эритүүнү ойлобойт.

Эй напси! Баарынын дартын көкүрөгүңдө сезип жаша, бул маселеде эч ким сенден эч нерсе күтпөсүн. Алардын кыйынчылыктарын чын көңүлдөн сезе билип, ыйла, ыйлоого даярданган баардык көздөрдүн жашы кургасын. Алар үчүн жалынып, жалбарып суран, кайгыдан куурулган сендей жанды көрүшкөндө, баардык кайгылуу инсандар кайгысын унутуп калышсын.

Өзүн ушул деңгээлге жеткире алган бактылуу адам, жерде, көктө Алланын сыйга татыктуу кулу деген наам менен эскерилет.

Инсандардын табиятында кубаныч дагы бар кайгы дагы бар.

Эй напси! Ар дайым айкөл бол! Өзүңдү сынга ал, башкаларга жылмайган жүз менен мамиле кыл! Башкаларга жылмайганда дагы кыраакылыгыңды жоготпо! Табиятыңан сен бул нерселерге жөндөмдүүсүн, көктөгү алгачкы абалың дагы мунун ачык далили. Ал жерде периштелер сага суктанышып, шайтандар көралбастыктан душман болушкан. Сен алгачкы күнү эле коркунучтуу душмандыкка кабылдың. Сага ошондо көз тийдиби, тийбедиби биле албайм, бирок акыбетиң учуу менен аяктаса дагы, бир сендиректеп баратып, түзөлдүң. Тыюу салынган мөмөгө кол узатып жатканыңда жер жүзүнө түшүрүлдүң. Сенин жер жүзүнө түшүрүлүшүңдүн сыры Мухаммеддин (с.а.в.) дүйнөгө келиши болчу. Бейиште калганыңда, мөмөсүз дарак сыяктуу кала берип, өз купуя байлыгыңды сезе албайт элең. Көктөн келип жер жүзүнө жайгашканыңда жер жүзү гүлзарга айланды. Сен сүргүн кылынган бул чөлкөм, пайгамбарлардын бакчасы абалына келди. Аягында периштелер суктана турган, шайтандар кызгана турган жай болуп чыга келди.Эми кел, өз баалуулуктарыңды коргоого ал! Аллага жакындоо жолу болуп эсептелген бул сүргүндү эң жакшы пайдаланып, Аллага жакындата турган себептерди Андан алыстата турган себептерге айлантпа! Кек сактоо, жек көрүү, душмандык сезимдеринин тузагына түшүп, түбөлүк душманың болгон шайтанды сүйүнтпө! Эгер бир күн жаңылып, жаза тайсаң, Адам пайгамбар (а.с.) сыяктуу түздөлүп, өзүнө кел, күнөөңдү мойнуңа ал, Алланын ар дайым ачык болгон эшигине багыт ал жана күнөөлөргө бир мүнөт дагы жашоо мүмкүнчүлүгүн бербе! Күнөө менен бузулуп, өзгөргөн инсандык табиятыңды тообо мүрөгү менен кайрадан тирилт, бутуна тургуз жана дагы бир жолу Аллага карай үндө! Буларды кылып жатканыңда, башка инсандардын табияты дагы так ошондой экендигин, сен жаңылыштык кылгандай, алар дагы катачылык кетирээрин ойлон жана баардык күнөөкөрлөрдү туура түшүн! Напсилерине жеңилгенлиги үчүн, колуңдан келсе, аларга боору ооруп, кучагыңа кыс жана аларга жардамчы бол! Эч качан өзүндү башкалардын күнөөлөрүнүн эсепчиси катары көрүп, тигинин, мунун катачылыктары менен убараланба! Катачылыктар менен алек болуу жакса, ал хоббиңди өз күнөөлөрүңө карата колдон, башкалардын башындагы чөптү эмес, өз башыңдагы төөнү көрө бил!

Жолуккан адамдарыңа гүлдөрдүн жыпар жытын тараткан сыдырым жел сыяктуу жагымдуулукту тартуула!

Сен өткөн жолдордо, сенин жыпар жытың аңкып турсун. Мум сыяктуу күйүп, ээри, башкаларга жарык бер, бирок, бул улуу каармандыкты жеке пайдаңа колдонбо! Ар дайым, кичипейил бол, Алланын сага берген тартуулары менен башкаларга мактанба, текесирисинче, аны муктаждарга берген аванс каражат деп санап, акыңды алдына ала алгандыгың үчүн уял! Эгер кызмат жана эмгектериңде акылуудай башкалардын көңүл буруусун кааласаң, чөйрөңдөн мактоо күтө баштайсың! Бул болсо, айыгуусу өтө оор жана баардык адамдарды сенден качырган бир оору. Эгер, көңүл тынчтыгын жана бейпилдигин кааласаң, аны токпейилдиктен, кичипейилдиктен жана каниет кылуудан табасың. Менменсингендер, өзүн өзгөчө жөндөмдүүмүн деп эсептегендер, баарынын ага көңүл буруусун каалагандар, мактаныч менен жүргөндөр бактылуу өмүр сүрүп жатышкан болсо дагы бир күнү сөзсүз бактысыздыкка кабылышат.

Эй, напси! Эгер жүрөгүн бар болсо , ичиңдеги душмандыктын жүзүнө түкүр! Оопасыздыкты алыс кууп сал! Зулумду тебеле; баардык жерде Алланын көзөмөлүндө экендигиңди билип, уятсыздыкты токтот; жамандык сезимдериңди кудайдын каарынан коркуп тизгинде; өз каалооң эмес, ар дайым Алланы ыраазы кыла турган жолдо болууга аракеттен! Алла Таала ар дайым көзөмөлдөп тураарын ойлоп, сенин табиятыңды буза турган, руханий дүйнөңө жат жана жүрөгүңө жүк боло турган канчалык күнөө бар болсо, баарын ташта. Табиятыңды өзгөрткөн жана руханий дүйнөңдү кирдеткен бул нерселерди таштоо үчүн жасаган ар бир аракетиң жогору бааланат жана сени Аллага жакындатат. Тескерисинче, ар дайым Андан алыстап, сооп дептериң бош, руханий дүйнөң караңгы бойдон каласың. Демек, түзөлүп, өзүңө келип, инсандык баалуулуктарыңа ээ чыгышың керек!

Мурда колуңдан чыгарган нерселериңе кайрадан ээ болуу үчүн кылган ар бир аракетиң, топуракка себилген, үрөндөрдүн баш алганындай, учуру келгенде жыйырмага, отузга эселенип көбөйүп, кайтат. Андай болсо, эч турбастан, баардык жакка жакшылыктарды сеп, жамандыктарга багыт алган сезимдерди туура жакка бур жана жашооңду, башкалардын дүйнөлүк жана акыреттик бактылуулуктарына байланыштыруу менен жаша. Ошондой жашоо менен, жеке кызыкчылыгың үчүн чуркоонун, руханий дүйнөңдү кыйратуучу туткунунан кутул. Өзүң ар дайым кыйынчылык тартсаң дагы башкаларга ырахат тартуула! Баардык инсандарга сүйүү менен кучак жай; кек сактоо, жек көрүү сезими менен музга айланган жүрөктөр, өздөрүнө өздөрү зулум кылуучулар, напсинин кулдары сенин жылуу чөйрөңө кирүүгө шашылсын!

Дарыялар сыяктуу таштан-ташка урунуп, алыстарга ак жана баарына жашоо тартуула! Ай жана күндөй баардык нерселерге жарык бер! Сага ыктаган жана сенден жакшылык үмүт кылгандардын жакшы ойлорун жокко чыгарба! Кызматта ар дайым алдыда бол, сыйлык берилгенде, артка жашынууга аракет кыл! Алла ыраазычылыгы үчүн аткарылган иштердин дүйнөлүк пайдаларга байлануусунан жыландан качкандай кач! Эрксизден болсо дагы, сындай сезимге алдырууну жүрөктүн кирдеши деп кабыл эсептеп, дароо руханий тазаланууга шашыл!

Ар дайым, жакшылык кылуу сезимдери менен жаша. Жакшылык жолунда жүргөн буттар, баштан жогору турат, жакшылык кылуу сезимдери менен соккон жүрөктөр Кааба сыяктуу ыйык. Негизинде, сенин маңызың Кааба сыяктуу ыйык, максатың Алла ыраазычылыгы, жолуң Аллага алып барат. Сен бул багытта болсоң периштелер сенин наамыңды туу тутушат. Андай болсо, бул инсандык багыттагы, ылдамдыгыңды жогорулатып, инсандык баалуулуктарга жетиле турган бул дүйнөдө мындай аракеттерге абага, сууга болгондой муктаждыгыбыз бар. Ар дайым жакшылыктарды ойлон, жакшы сөздөрдү гана сүйлө жана жакшы иштердин артынан чурка!

Желектер жүрүп бара жаткан инсандардын колдорунда жакшы көрүнөт. Аарылар бал берип турган учурларында баркталышат. Аскердин басышы, ордунда турганынан дагы сүрдүү көрүнөт. Тур, аскерлер сыяктуу желек көтөр, аарылар сыяктуу бал челегиңди балга толтур жана иш жасай албаган кыймылсыз абалга түшүп, жагымсыз болуп калба!Ар дайым адамзатка кызмат кылууда буйрукка баш ий жана о дүйнөгө даяр бол! “Көч” деген буйруктун качан болоору белгисиз болсо дагы, ал буйруктун болушу анык. Демек ар дайым даяр бол, күнөөлөрдөн арыл, убагы белгисиз чакырыкты күт!

Фетуллах Гүлен


Отправить комментарий

Технологии Blogger.