Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


1) Чиркөөнүн курулушунда иштесе болобу? Талас, Аман.

Жооп: Церковь дегенибиз кыргыз тилинде “чиркөө” деп айтылат эмеспи. Чиркөөнүн курулушуна иштөө туурасында аалымдар ортосунда төрт пикир айтылат:
  • Кимде-ким чиркөө курса, ыймандан чыгып каапыр болот. Имам Абул Хасаналь Ашьарийдин айтат: “Мусулман пендесинин чиркөө куруусу–куфурлук.Аткарган жумушу куфурлукту каалагандыгынын далили болгондуктан, чиркөө куруу амалы куруучу адам үчүн “ридда” (динден чыгуу деп саналат)”.Имам Караафийдин “аль Фуруук” китеби, 4\447. 
  • Чиркөө куруу- арам.Чиркөө куруу, анын курулушуна жардам берүү,оӊдоо-түздөө иштерине катышуунун баары арам экени жумхуур (көпчүлүк) аалымдардын пикири.Мааликийлер,Ханбалийлер,Шаафийлердин басымдуу көпчүлүгү жана Ханафийлерден Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммаддын пикири. Имам Маргиинанийдин “аль Хидаая” китеби 4\94, Имам Ибну Нужеймдин “аль Бахрур рааик” китеби 8\230. 
  • Мусулман эместер ибаадаттарын өткөрө турган чиркөө куруу арам, ал эми музей же конок үйү сыяктуу кызмат аткара турган чиркөөлөрдү куруу мубах(арам эмес). Имам Шаафийдин “аль Умм” китеби 4\213. 
  • Чиркөө куруу арам эмес. Имам Абу Ханийфанын пикиринде бир адам курулушчулук кылып, чиркөө куруп берсе, же өзүнүн имаратын чиркөө милдетин аткарганга ижарага берсе дурус (тыюу салынган эмес).Бул пикир Шаафийлерден Имам Заркашийден да айтылат.Ибн Нужеймдин “аль Бахрур рааик” китеби 8\230, Ибн Аабидиндин “аль Хаашиясында” 6\391, “аль Фатаава аль Хиндийяда” 4\450. 
  • Албетте,Ханафий мазхабында Имам Абу Ханийфанын сөзүнө фатва берилип келгени менен,акыркы учурдагы Ислам академияларынын бардыгы Имам Абу Юсуфменен Имам Мухаммаддын жана жумхуур аалымдардын пикирине фатваберип келишүүдө.ВаллоохуАьламу. 
2) Шариатта пирдин орду кандай? Агам пирине малы эгиз тууса, бирин берет, жайлоого чыкса, бир карын май салдырат пири үчүн.
Жооп: Пир дегени устаз, мугалим, тарбиячы деген эле сөз. Илгертеден молдолорду, мугалимдерди, устаздарды эл-журт бакчу эле. Азыр деле ошондой болсо жакшы болот. Анткени курсагы ток болгон мугалимдинкөӊүлүда ток болот. Жакшы илим берет. Жакшы адамдын дубасын алган жакшы иш.

Бирок, айта турган жалгыз маселе, пирди Кудай ордуна көрүп албаш керек. Ал кишинин тарбиясын, илимин, маданиятын жана тажрыйбасын алып, КудайТаалама жакындоонун амалын көргөнү мактоого татырлык нерсе.

3) Намаз окуган адам дарылыкка эртең менен ачкарын спирт ичимдигин 1 кашык ичсе болобу?
Жооп:
Азыр дарынын түрү көп. Ошол дарылардан иче берсин. Мурунку арак ичип жүргөндөрдүн кээ бири, намаз окуп калгандан кийин дарылыкка деген шылтоону карманып, ичип жүрүшөт. Антип кимди алдашат, билбейм. Өздөрүн эле алдашатко....Спирт аркылуу ачытылган дарылар башка кеп....

4) Атамды жакшы көрөм, бирок акча сурай берет, берсем ичип алат. Эмне кылсам болот? Дуба кылып коюңузчу, устаз!
Жооп:
Кудай Тааламатаӊызга, аталардын бардыгына ынсаптуулук берсин.Аны капакылбаӊыз.Өзүӊүзда дубакылыӊыз...

5) Бейбаш каштарды терип койсо болобу устаз?
Жооп:
Каштын өзүн терген болбойт. Анча-мынча бетке, жүзгө чыккан түктөрдү кетирсе боло берет.

6) Мечиттин багына кой кайтарса боло береби? Жалал –Абад, Өмүрбек.
Жооп:
Мечиттин имамы, жамааттан түзүлгөн комиссия чечим чыгарып берсе, койлорду кайтаруу жана жаюу мечиттин багына, мүлкүнө зыян жеткирбей турган болсо болот. Эгер мечитке ижара акысын төлөп берсе, ого бетер жакшы болот.

7) Түшүмдө башка эркектер менен жүрөм, кээде төрөп, эмизип да калам. Бир курбум да ушундай түш көп көрөт. Эмне себептен мындай болот жана эмне кылсак болот?
Жооп:
Ар нерсени кыялдана бербей, ала турганы рахатыӊды жолдошуӊдан алганга аракет кылсаӊ, баары жакшы болуп кетсе ажеп эмес. Жубайлык жашоо өнөр. Аны окуп, үйрөнүүгө ар бир мусулман милдеттүү.

8) Кийимдердин арасынан бир ууч түйүлгөн топурак таап алгам, анын зыяны тийбейби? Акыркы күндөрү депрессияга кабылып жүрөм. Мага дуба кылып коюңузду көптөн-көп суранам.
Жооп:
Бирөө окуткан болсо керек. Бисмилланы айтып туруп, аны төгүп жибер.Иншаа Аллах зыяны тийбейт. Аллахым шыпаа берсин. Депрессиянынэӊ жакшы шыпаасы Куран окуганда жана укканда турат.

9) “Хадис” академиясы тууралуу маалымат берип коюңузчу устаз? Кантип окусак болот, кандай шарттар менен?
Жооп:
Академия бүтүү астанасында турат. Өз убагында маалыматтарды беребиз. Азырынча “хужра” тартибинде окууну уланта беребиз...

10) Жолдошумдун арак ичкенин токтотууга канчалык аракет кылсак да эч жыйынтык бербеди. Көрсөтүүлөрдүн биринде арак ичкендерге жардам берген табып тууралуу айттыңыз эле. Ошонун дарегин берсеңиз жакшы болмок. Аллах сизден ыраазы болсун!
Жооп:
Бекжан деген шакиртибиз бар. Ошол жигитке кайрылсаӊар жардам болор: 0779181571,0701080888.

11) Мен Москвада батирде намаз окуймун. Мечит алыс, азан угулбайт. Намазыма азан айтпай деле окусам болобу?
Жооп:
Боло берет. Бирок, өзүӊ уга тургандай кылып акырын айтып алсаӊ, андан бетер жакшы болгону турат.

12) Жолдошум экөөбүз бир-бирибизди жакшы көрүп үйлөнгөнбүз. Бирок жолдошумдун ата-энеси, таенелери Исага (а.с) сыйынышат экен. Жолдошумду мечитке чыгарып жатып, калтырдым. Ажырашып кетейин дейм, бирок кызымдын тагдырын ойлоймун. Эмне кылсам болот?
Жооп:
Ажырашыштын кереги жок. Күйөөӊдү дааватка жибер, жакшы болуп кетет. Тиги адашып жүргөн кайын журтка жакшы мамиле кылып, алардын туура жолго түшүүсүнө аракет кыл. Балким, алардын хидаятка келүүсүнө сен себепкер болорсуӊ.

13) Өмүрүңүз жалаң жакшылык менен коштолсун устаз! Сиз үчүн абдан кубанам. Кыргыз элимде сиздей ыйманы, билими бийик, акыретин ойлогон, соопчулукка кызмат кылган кыргызымдын жаштары көп болсо экен. Үй-бүлө куруу алдында жоопкерчиликтерин аныктап, нике окутуп, анан ЗАГСка туруу керек деп ойлойм, устаз. Ошондо ажырашуу, никесиз төрөт, балдар үйү, карылар үйү, жүрөк оору, күнөөлөр, ысырапкорчулук кескин азаймак беле? Жаштар дүңүрөтүп той беришип, арадан жыл өтпөй эле экөөсү эки жакта болуп калат. Балдары балдар үйүндө, ата-энеси оорукчан болуп калат. Мындай окуя баарыбыз үчүн маалым. Ошондуктан үмүт шооласы сиздерде устаз. Кичинекей мекенибизди сактап калалы. Ош, Эрке
Жооп:
Сиздин пикириӊиз туура. Мен да колдойт элем... Бирок жөн эле сөз менен баары бүтүп калбайт.

14) Биз бир жерди алалы десек, ал жер мурун мамлекетке карап, азыркы кожойкеси туура эмес жолдор менен өзүнө өткөрүп алган экен. Биз аны сатып алсак адал эле болобу?
Жооп:
Жок, ал туура эмес. Мамлекетти алдап алган мүлктөр, ошол алдамчы адамдыкы болуп калбайт. Аны мамлекетке кайтарып берүү милдеттүү болот.

15) Негизи эле кыз бала тарбиялык мааниси бар кинолорго тартылса болобу?
Жооп:
Бул суроонун жообун ар кимдин абийирине коёт элем. Мен мисалы өзүмдүн кыздарыма каалабас элем.

16) “Куран алипеси” китебинде эч кандай сүрөө жок. Дааратсыз кармасам күнөө эмеспи?
Жооп:
Болот. Боло берет.

17) Атам жок, апам бар, 4 бир тууганбыз. Баарыбыз бойго жетип калдык, бирок ишибиз эч жүрүшпөйт. Кичинебизде бизди дубалап койгон экен көзү ачыктар. Ошого ишенсек болобу? Биз кеңешиңизге муктажбыз.
Жооп:
Намаз окугула, жакшы иши жүрүшкөн адамдар менен дос болуп, ошолордон үлгү алууну үйрөнгүлө. Жашоодогу негизги максат КудайТаалама сыйынуу экенин түшүнгөндө баары ордуна келет.

18) Динге тиешелүү туура эмес маалыматтар эл арасында таркатылып жүрөт. Тилекке каршы, ошол нерсени туура экен деп кабыл алгандар да бар. Бул нерсени ким көзөмөлдөш керек? 
Жооп: Мамлекеттик коопсуздук кызматы, муфтият жана ар бир мусулман пендеси...

19) Өзүм толмоч аялмын. Намазда туруп-олтуруу кыйыныраак. Турганымда сенделип кетем, намазым бузулбайбы?
Жооп:
Жок, бузулбайт. Этиет болуӊуз. Арыктоонун аракетинде болуӊуз.

20) Кантип такыба аял алса болот?
Жооп:
Өзүӊ такыба болсоӊ, сагатакыба аял жолугат. Дуба кылсаӊ, КудайТааламжаштын тилегин берет.

21) Жолдошум Москвада. Мен бир жарым жаштагы баламды эмчектен чыгарып жолдошумдун жанына барайын дегем, бирок балам ыйлап болбойт. Чыгарып кетип калсам күнөөкөр болбоймунбу?
Жооп:
Баланы сагыныч менен оорутпагыла.Жаныӊарда болсун. Тирүүлөй жетим кылбагыла!!!

22) Чиркөөдө ортодо турган суунун даарылык касиети бар дейт. Ушул туурабы?
Жооп:
Эч кандай касиет жок. Ал жерде Аллах Таалага ширк келтирилип жатса, ал жерде дегеле касиеттүү нерсенин болуусу мүмкүн эмес.

23) Шариаттын чеги менен кылынган той кандай болуш керек?
Жооп:
Арагы жок, арамы жок, ысырабы жок той жакшы болот.

24) Башка адамдын паспортун операцияга колдонсом болобу? Орусиянын жарандарына арзан жасайт экен.
Жооп:
Башка мамлекетти деле алдаган жакшы эмес... Эми карап көр өзүӊ...

25) Камандын терисинен жасалган куртканы селсаяктарга берсе болобу?
Жооп:
Мусулман эмеске берсеӊ боло берет. Бирок, мусулманга бере көрбө...

26) Устаз, бизге дуба кылып коюңузчу. Бир аптадан бери жолдошум сыртка чыкса бир карга келип, жолдошумду айланып учуп, сайрап жүрөт. Жакшылык эле болсун деп май токоч кылып, Куран окутуп элдерге таратып койдук.
Жооп:
Сабакта жамаат менен дуба кылабыз. Каргадан коркуунун кереги жок. Күйөөӊүз жем берип көндүрүп койгон эмеспи?

27) Агам өзүнүн аялын таштап, өзүнөн 6 жаш улуу 4 баласы бар аялга үйлөнүп алды. Ата-энесинен кабар да алып койбойт. Азыр бир балалуу болуп калды окшойт. Эмне кылсак болот?
Жооп:
Эки жагы менен теӊ жашай бергени жакшыраак болот. Ошого аракет кылгыла...

28) Китеп окуу конкурсуна катышкан балдар китептерин унутуп кетип калыптыр. Алар китептерин сураганда, силерден мага белек болду деп бербей койдум! Ушул туурабы?
Жооп:
Туура эмес. Белек дегенди антип мажбурлап албайт. Кыяматта жооп бересиз....

http://saresep.kg/
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Азыркы адамзат маданиятын мусулман маданиятысыз элестете албайбыз. Ал ааламдык цивилизация тарыхында абал өзү жаралгандан баштап айтарлык роль ойноп келатканы айдан ачык. Бүгүн да мусулман маданияты дүйнөлүк цивилизациялык-маданий өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп атканы талашсыз чындык.


Ошондуктан мусулман дүйнөсү, мусулман цивилизациясы, мусулман маданияты кандай рухий нарк-дөөлөттөрдүн негизинде калыптанган деген маселеге баш бакпай туруп, биз быйыл 1000 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Жусуп Баласагын бабабыздын руханий дүйнөсүн да ойдогудай аңдай албайбыз. Анткени, биздин атактуу эки жердешибиз – Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин жашоо жагдайы жана чыгармачылык мурасы мусулман маданиятынын дүркүрөө (ренессанс) доору менен түздөн-түз байланыштуу жана ансыз аларды адекваттуу аңдап-түшүнүү мүмкүн эмес.

Бу жерде мусулман маданиятынын түпкү негиздери биринчи кезекте көп жагынан Араб халифатынын калыптануу жана өсүп-өнүгүү өзгөчөлүктөрү менен өтмө катар шартталганын эске алуу кажет. Ал эми Араб халифаты болсо, өз учурунда, Ак деңиз айланасында калыптанган кадимки антика жана Византия маданияты менен цивилизациясынын парадигмаларын, алардын маданий, илимий, философиялык ой-санаа салттарын мурастап, андан ары өнүктүрүү жолунда өсүп-өрчүгөнү белгилүү.

VII кылымда Мухаммед пайгамбар жар салган жаңы монотеистик ислам дининин негизинде Араб халифаты өз өкүмүн Гибралтардан Индиге чейинки ченемсиз айдыңга жайылтууга жетишип, ар кыл маданияттар менен цивилизациялардын өз ара катышуу жана баюу борборуна айланган. IX - XII кылымдарда мусулман цивилизациясы өзүнүн “алтын доорун” сүрүп, бүткүл дүйнөнүн материалдык жана рухий маданият жагынан калыптануусуна кадыресе таасир эте баштаган.

Классикалык мусулман маданияты жана дүйнө таанымы ириде илим-билим идеалын туу тутуп, ааламды жана адамды аңдап билүүдө баарыдан мурда дал ушул парадигманы шарият жол-жоболору аркылуу өзүнө омоктуу негиз кылып алган. Шарият боюнча илим-билим менен ишеним, башкача айтканда, ыйман-ынаным бири-бирин толуктап турган бир бүтүндүк катары каралат. Мухаммед пайгамбардын “Илим-билимди алыскы Кытайдан да издегиле” дегени мунун айкын күбөсү. Ошон үчүн, орто кылымдарда мусулман дүйнөсүндө “калам”, “адаб” түшүнүктөрү, абсолютту аңдап билүү амалы катары калыптанган Шарият – Тарикат – Хакикат жол-жобосу коомдук аң-сезимде орчундуу роль ойногон. Илим-билимдин мааниси жана баа-баркы башка бир да цивилизацияда жок көкөлөгөн бийиктикке көтөрүлгөн. Ошондон улам, орто кылымдардагы мусулман дүйнөсүндө калам менен иришкен илим-билимдүү улама аалымдар, адеп-ыймандуу энциклопедист-интеллектуал инсандар көп болгон. Алардан мурас калган жүз миңдеген кол жазмалар айтылгандарга ачык далил.

Мусулман маданияты менен цивилизациясынын инварианттык парадигмасын парасаттап сыпаттоодо, ири алды, анын айдан ачык гуманистик маани-маңызга каныга сугарылганын баса белгилөө кажет. Буерде орто кылымдардагы мусулман маданиятына мүнөздүү болгон гуманизмдин үч аспектисин эске алуу абзел. Алар:

Адамды жараткандын жаркын бир туундусу катары бийик баалап барктаган диний гуманизм;

IX кылымда калыптанган кастарлуу адаб гуманизми. Бул 700 жыл кийин, XVI кылымда Европада пайда болгон humanitas идеалына туура келет;

концептуалдашкан идеялар таризинде иретке салынган философиялык гуманизм. Мунун маани-маңызын адабиятчылар арасында философ, ал эми философтор чөйрөсүндө адабиятчы катары таанылып, Х кылымда жашап өткөн Абу-Хайян ат-Таухиди : “Адам адам үчүн көйгөйгө айланды” деп, кыска-нуска мүнөздөгөн;

Акырында, адам акыл-эсинин ашкан асылдыгын жана бийиктигин аздектеген айрыкча гуманизм. Буга негиз катары аалымдар адатта Мухаммед пайгамбардын хадистерде айтылган:
“Кудайды тааныган ар пенде, көрпенде болбой, өзүн да тааныйт”, “Кудай жараткан алгачкы нерсе – акыл-эс” деген сөздөрүн мисал келтиришет.
Мусулман маданиятынын амбиваленттүү табияты аны ошондой эле жай турмуштук жана сакралдык, эзотерикалык жана экзотерикалык элементтердин эриш-аркак алака-катышы аркылуу кароону да талап кылат. Дал мына ушул жагдай ислам дүйнөсүндө орошон руханий роль ойногон айтылуу суфизм окуусунун пайда болуусун шарттаган. Анын адептери адамдын азат-эркиндигин тушаган ар кандай эреже-калыптар менен догма-принциптерге каршы турушуп, өздөрүнүн жашоо-турмушунда жана жаратмандык иш-аракетинде алды менен жандүйнөнүн азат-эркиндигин жар салышкан. Ушундан улам, көп убактарда ортодокстар тарабынан ар кандай опуза каршылыктарга учурап, куугунтук жешкен. Ошондуктан, өз ой-сезимдерин көбүнчө поэзия жана музыка аркылуу туюндурушкан. Ал эми суфизм окуусу жана философиясы дүйнөгө көбүнчө Хафиз, Руми, Саади, Омар Хайям, Низами, Жами, Ахмед Яссави сыяктуу залкар сопу акындар аркылуу таанылганы жалпыга маалым.

Жусуп Баласагындын “Куттуу бийлик билими” чыгармасынын өзөк идеясы - идеалдуу мамлекет жана адилет өкүмдар маселеси. Дастандын мазмунундагы калган ойлордун баары ушул проблемага байланыштуу. Ислам маданияты менен саясий ой-пикиринин айтылуу өкүлдөрү аль-Маварди, аль-Жувейни, аль-Газали өз эмгектеринде Араб халифаты, б. а., ислам мамлекети менен Шариаттын жол-жоболору бири-бирине каршы келбесин белгилеп кетишкен. Алардын концепциясы боюнча, мамлекет - Шарияттын принциптерин турмушка ашыруучу курал. Демек, иш жүзүндө, кептин баары реалдуу саясий бийлик кимдин колунда, аны өкүмдар бийлер кандай түшүнүп, кантип жүргүзөт - маселенин маңызы мына ушунда дешет. Жарандык мусулман коомунун жыргалчылыгы, ынтымак-ырашкерлиги, ыймандык-руханий туруктуулугу ушуга жараша болору баса белгиленет.

Арийне, дин менен мамлекеттин биримдик идеясы жалаң жарандардын диний жалпылаштык жана тилектештик сезимине гана негизденбейт. Мусулман мамлекети идеясынын түпкү маани-маңызын түшүнүү үчүн ислам бир гана дүйнөгө көз караштардын өзүнчө бир тиби эмес, ал ошондой эле айрыкча жашоо образы экенин да эске алуу эң маанилүү. Андыктан, адамдар социалдык-саясий жана экономикалык мамилелерде мамлекет менен аны башкаргандардан ар дайым адилеттүүлүктү күтүшкөн жана талап кылышкан.

Карахандар доорунда исламды кабыл алуу менен түрк калктары жаамы мусулман элдеринин маданий алкагына – араб тилине жана ал аркылуу алардын маданияттарына коошкон. Ал эми араб тилинин таралуу ареалы аябагандай кенен болгону бештен белгилүү. Ал Жакынкы жана Орто Чыгыш, Орто Азия, Түндүк Индия (азыркы Пакистан), ошондой эле, Түштүк-батыш Европа аймактарын бүт кучагына камтыган. Бул кеңири аймакта түрк тилдүү маданияттар өз ара тыгыз алака-мамиледе болушу алардын ар биринин өсүп өркүндөшүнө жагымдуу таасир эткен. Андыктан так ушул мезгилде, тагыраак айтканда, VIII кылымдан тартып мусулман маданияты гүлдөп баштаганы тегин жерден эмес. Андай өсүштүн туу чокусу X - XII кылымдарга туура келет. Ал учур мусулман каламы да, жана жалпы жаран маданияты да дүркүрөп өнүккөн өзгөчө доор болгон. Ошондон улам, орто кылымдык жаран маданиятынын жадырап гүлдөшү, Батышка караганда, бу жерде кыйла эрте башталган. Эң негизгиси, ислам дүйнөсүнүн орто кылымдык жаран маданиятына эркин дух жана гуманизм идеялары кадыресе мүнөздүү экенинде. Ошонусу менен, изилдөөчүлөр баса белгилешкендей, ал кайсы бир өлчөмдө Батыш Европа Ренессансын, жогоруда айтылгандай, дээрлик 700 жыл мурда алдын ала озунуп шоораттаган .

Бу жерде эң оболу Ибн Сина (Авиценна), Ибн Рушд (Аверроэс), аль-Фараби, аль-Бируни, Омар Хайям сыяктуу бир катар акыл-ой алптарынын чыгармачылыгын эске алуу кажет. Алар эллада жана чыгыш антика доорунун интеллектуалдык-маданий мурасын татыктуу баалап гана тим болушпастан, ошондой эле, белгилүү даражада, аны асылдандырып байыта да алышкан. Дал ошол доордо мусулман дүйнөсүндө математика, медицина, табият таануу тариздүү илим тармактары да дүркүрөп өнүккөн. Бул өз учурунда дүйнөгө көз караш жаатынын – философиянын, искусствонун, адабияттын жана архитектура өнөрүнүн өркүндөшүнө жакшы өбөлгө түзгөн.

Эркин ой жүгүртүүнүн өсүп-өрчүшүндө «эриш-аркак эгиз чындык» концепциясы эң орчундуу роль ойногон. Себеби, ал кудай таануучу «калам» менен бир катарда, реалдуу барлыкты аңдап билүүнүн рационалдык усулу да кадыресе жашоого акылуу экенин жүйөлүү далилдер менен негиздеген. Ошон үчүн мусулман дүйнөсүнүн илими менен маданияты дал ушул мезгилде айрыкча көркүнө чыгып гүлдөгөнү кокусунан болбосо керек.

Бу доордун экинчи бир мүнөздүү белгиси Чыгыш менен Батыштын өз ара жакын чыгармачыл алака-мамилеси орун алганында болгон. Болгондо да, демилгелүү шыкак-түрткү дээрлик Чыгыштан – мусулман дүйнөсүнөн чыгып турган. Дал ушул мусулман дүйнөсүнүн маданият ишмерлеринин күч-аракети аркылуу европалыктар антика ойчулдары Аристотелдин, Платондун, Гиппократтын, Евклиддин, Птолемейдин жана башкалардын эмгектерин латынча таржымасында кайрадан жаңыртып ачып аңдашкан. Муну менен бирге, ошо мезгилдеги мусулман дүйнөсү жараткан ашкан зор илимий жетишкендиктер да латынча котормосу аркылуу европалыктардын өз энчисине айланган. Асыресе, Ибн Сина менен Ибн Рушдун эмгектери айрыкча кеңири таанылып таркалган. Мында асыресе мусулман перипатетиктери деп аталган бир катар биздин ата-бабаларыбыздын эмгеги ат көтөргүс болгону тарыхта эбак тастыкталган. “Атын атаса куту сүйүнөт” дегендей, алар айтылуу антика доорунун даңктуу даанышмандары Аристотель менен Платондун акыл-ойлорун азыр өздөрүн антика маданиятынын түздөн түз мураскорлорубуз деп манчыркап жүрүшкөн европа “маңкурттарына” биринчи болуп таанытып, түшүндүрүп беришкен. Ошон үчүн, ушул интеллектуалдык-маданий ренессанстын башында турган биздин даңазалуу бабабыз жана тараздык (таластык) жердешибиз Абу Насир Аль-Фараби өз доорунда Аристотелден кийинки “Адамзат даанышманы” атка конгону кокустук эмес да!

Илимий адабият менен бир катарда, ошондой эле, мусулман дүйнөсүнүн көркөм адабий чыгармалары да Батышта айтарлык шардана болгон. Демек, маданий дөөлөттөр жаатында өкүм сүргөн мындай алыш-бериш алака Европа Ренессансынын бир булагы болгон деп тастыкташка толук негиз бар.

IX кылымдан тартып ислам дүйнөсүнүн маданий өнүгүүсүндө жаңы этап – Халифаттагы араб насилине кирбеген бөлөк калктардын маданий санаа-салттарынын Жандануу этабы башталган. Ал эки себеп менен шартталган. Биринчиден, ал элдердин өз саясий жана маданий көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшү менен. Экинчиден, Халифатта борбордук бийлик алсырап, солгундай башташына байланыштуу.

Этностук маданияттардын жандануу процесси Халифаттагы калайык-калктардын дээрлик баарысына туташ жайылган. Атүгүл, ага байыркы араб адабий салттарын кайрадан жандандыруу зарылдыгын жакташып, Шуубит идеологиясына (арабдар караткан калктардын боштондук кыймыл идеологиясына) каршы турушкан араб чыгармачыл ишмерлеринин белгилүү бир бөлүгү да катышкан. Бул этностук жандануу процесси дүйнөлүк рухий маданиятта фарси жана түрк тилиндеги улуу адабият феномендерин жараткан. Алгачкысынын символдору Рудаки, Фирдоуси, Омар Хаям болсо, кийинкисинин символдору – Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари. Бул адабияттар жалаң өз башат тамырларына кайрылуу негизинде гана жаралышкан эмес. Ал ошондой эле, эң негизгиси, мезгил талабына карата кайтарылган кажет жооп да болгон. Иштин төркүнү, жаңы өзгөрүштөр шарданы бир эле учурда боштондук кыймылдарына да, рухий жаңыруу тенденцияларына да күчтүү түрткү берген.

Эскерилген тенденциялардын эң жаркын көрүнүштөрүнүн бири, алып айтсак, түрк маданий ренессанс корифейлеринин чыгармачылыгы. Бу жагынан, адегенде эле Жусуп Баласагындын даңазалуу «Куттуу бийлик билими» («Кутадгу билиг») поэтикалык дастаны дароо баамга урунат. Анын жаралышы түрк поэзиясынын, жана ошондой эле, түрк философиясы менен коомдук-саясий ой-пикиринин өсүп-өрчүшүндөгү терең сапаттык өзгөрүштү туюндурган өзүнчө бир туу белги сыяктуу. Муну автор өзү да жакшы билген. Дастандын кара сөз түрүндөгү кириш сөзүндө ал мындай деп жазат: «Мачин аалымдары менен даанышмандары бир ооздон чыгыш өлкөлөрүндө, Түркстан мамлекеттеринде буурахан тилинде, түрк сөздөрү менен буга дейре эч ким мындан өткөн мыкты китеп жараткан эмес деп айтышууда» . Бул пикирге автордун чыгармачылыгын изилдеген³ билермандар да бүт бойдон кошулушат. Бирок автордун башка бир айткан ою тууралуу суроо туулат. Поэтикалык кириш сөзүндө ал мындай деп белгилейт:

Араб менен тажиктин - китеби көп акылдуу,
Биздин тилде бу китеп – биринчи ирет жазылды (72-бейт).

Ушундай эле ой дастандын башка бир жеринде да айтылган:

Жайылган түрк сөздөрүн - жапайы бугулардай,
Жоошутуп колго үйрөттүм, жөн карап туруп албай (6617-бейт).

Ушундан улам, Жусуп Баласагындын чыгармачылыгы өзүнөн муруңкулар менен эч кандай байланышсыз жайдак жерден келип чыккан дешке болобу? Автордун айткан-дегендеринен мына ушундай тыянак чыгаруу караманча туура эмес болор эле. Автор айткан пикирлердин түпкү маани-маңызы, биздин оюбузча, таптакыр башкада.

Жусуп Баласагын чыгармачылыгынын эң көрүнүктүү билермандарынын бири А. Н. Кононовдун пикиринче, ал айтылгандар «исламга киргенден кийин (VIII кылымдын акыры, IX кылымдын башталышы) түрк тилиндеги будда, манихей жана христиан адабий эстеликтери унутта калганын, же, анык тагыраагы, катуу тыюуда болгонун күбөлөйт. Болбосо, көркөмү ушунчалык келишкен, философиялык мазмуну аябагандай терең, а көлөм жагынан айтаарлык кенен (13290 ыр сап) мындай чыгарманы мурда түрк поэзиясында эч бир башат-тамыры жок биринчи тажрыйбадан улам келип чыккан туунду, демек, ал толугу менен чет тилдерде – араб жана парсы поэзия салттарында жаралган жетишкендиктерге негизделген деп ой болжош эң эле кыйын» .

Чындыгында да, мындай шедевр жөн жерден жарк этип, капилет жаралып калышы эч мүмкүн эмес да. Демек, ал улуттук кыртыштан гана өнүп чыгалмак, иш жүзүндө так ушундай болгон деп тастыкташка бардык негиздер бар. А бирок ал кыртыштан жаңы сапаттагы маданият үрөндөрү өнүп чыгыш үчүн күчтүү түрткү зарыл болгон. Жаамы мусулман дүйнөсүнүн жана маданиятынын ошо кездеги дүркүрөп өнүгүшү ошондой омоктуу түрткү болгон. Ошол убакта чыгармачыл изденүүлөргө ойдогудай жагымдуу жагдай-шарт түзгөн ошондой учу-кыйыры кеңири орток маданий чөйрө болгонун автор өзү да көрсөтөт: «Бул китеп кайда жетип, кандай гана өкүмдардын колуна тийбесин,-деп айтылат дастандын кириш сөзүндө,-асеми ашкан сонундугу жана айтып бүткүс көркөмдүгү үчүн ал мамлекеттердин аалымдары менен акылмандары аны аябай мактап-жакташып, ага ар түркүн ат коюшкан. Чин жакшылары аны «Асыл адат-салттар жыйнагы» деп аташкан; Мачин өкүмдарларынын аттуу-баштуулары «Мамлекет камкорчусу» дешкен; Чыгыш өлкөлөрүнүн башчылары аны «Дөөлөттүүлөрдүн сөөлөтү», ирандыктар–түрк «Шахнамеси», а айрымдар – «Өкүмдарларга насыйкат китеп» деп аздек тутушкан; ал эми турандыктар болсо, аны «Куттуу бийлик билими» аташат» .

Кайсы жерде кандай жаңы чыгармачылык табылга жаралса, ошого жапырт талпынып кызыгуу кырдаалы өкүм сүргөн дал ушундай рухий жагдай-шарт Жусуп Баласагын феноменин өстүргөн. Тышкы белгилери боюнча китеп этикалык-дидактикалык жанрга ыктагансып турса да, арийне, өзүнүн түпкү терең маани-маңызы жагынан ал түбөлүктүү жалпы адамзаттык нарк-дөөлөттөрдү өтө көрөсөн көркөмдүктө чагылдырган залкар чыгармалардын катарына кирет. Ошондуктан аны эч тартынбастан туруп, мусулман дүйнөсүнүн тарыхындагы ошол жаркыраган доордун нукура энциклопедиясы деп атаса болот. Албетте, өзүнүн залкар поэтикалык дастаны «Куттуу бийлик билиминде» («Кутадгу билиг») Жусуп Баласагын ата-бабалардын мамлекет куруу жаатындагы таалим-тажрыйбасына да, жана ошондой эле, рухий турмуш жагындагы нускалуу каада-салттарына да таазим этет. Аны фольклор менен Отукен бектеринин (байыркы түрк кагандарынын) айткан-дегендеринен алынган бир катар элдик накыл кеп-сөздөр ырастап турат. Бирок ошондой болсо да, анын көңүлү, биринчи кезекте, учур чакка жана эртеңки келечек мезгилге бурулганы баамдалат. Адилеттик жана социалдык гармония принциптерине негизделип курулган акыйкат мамлекет идеясы дастанды баштан-аяк жүлүндөй аралап жүрүп отурат. Андай идеалдуу мамлекеттин омоктуу негизин, автордун оюнча, илим менен билим гана түзө алат:

Илимде – бүт жакшылык, а залкарлык – билгиликте,
Кудайдын куту ушул – бу жашоо-тиргиликте.

***

Илим менен улуу иштер жасалат,
А улуулук - жакшылыктан башталат (150-бейт).

***

Кызматты кылыш үчүн билим керек,
Бу дүйнө кандай болуп жаралганын,
Катылган сыры кайда жашырылган –
Буларды билиш үчүн – аны үйрөткөн
Акылдуу илим керек.

***

Бийлик десе ак урган, оо, урматтуу өкүмдар!
Өзүңө акыл айтууга менин дагы акым бар:
Илим гана чыгарат – эси даана билгени,
Илим менен иришсең - ишиң жүрөт илгери! (5250-бейт).

***

Бек жаңылса – бийлиги ичтен ирип бузулат,
Тез таппаса дабаасын – ого бетер кутурат.
Ага дары бир гана – илим-билим аргасы,
Ал оорудан адамдар – дал ошентип кутулат (1965-1970-бейт).

Автор акыйкат (идеалдуу) мамлекет – ириде мыйзам бийлиги өкүм сүргөн дөөлөт экенине терең ишенет:

Заң-мыйзам менен-өлкө гүлдөйт, бүт дүйнө дуулап өсөт,
Ал ансыз – дүйнө дагы, өлкө да куурап өтөт! (2030-бейт).

***

Өлкөгө эки нерсе өбөк болот,
Өргө сүрөп, өксүтпөй жөлөк болот:
Адилеттик мыйзамы – бирдин бири,
Экинчиси – аскерди чоң олжого туйтундуруу (2130-бейт).

***

Бийликти күтө албайсың зордук менен,
Эл көнбөйт жашаганга кордук менен (2030-бейт).

***

Жакшылыкка күч эмес, мыйзам гана жар болот,
Жаратканга жалынсаң, каалаганың бар болот (1450-бейт).

Мыйзам бийлиги жүргөн жерде – адилеттик да, теңчилик да болот

Өз уулбу, өзгөбү, таанышпы же тамырбы,
Дагы айтылбай ким калды?

Күттүрүп да, күттүрбөй – келип калган бир жанбы,
Заң-мыйзамдын алдында – баары бирдей мен үчүн.
Айыптарын алардын азайтпаймын, көбөйтпөйм –
Акыйкаттык жолунда баары бирдей тең үчүн.

Бийлик үчүн адилдик баарынан бийик турса -
- Өзөгү бекем болот.
Акыйкатка баш урган бийлик гана эсен болот (845-бейт).

Ж. Баласагындын пикири боюнча, бүтүндөй өлкөнүн да, жана ошондой эле, ар бир инсандын да өркүндөп өсүшүнүн түпкү негизи – агартуу:

Окуу деген – караңгыда шам чырак,
Ал чырактан сен жарыйсың жаркырап.

***

Окуу менен, илим менен өркүндөйсүң өсөсүң,
Ушул эки нерсе менен кадыр-баркка жетесиң. (285-290-бейт).

“Окуса,-акылмандар айткан бир кеп,-
Күнөөкөр да тозоктон кутулат”деп.

***

Окуу менен бүт жамандык жоголот,
Билим менен элдин пейли оңолот.

***

Асылдын көркү - илимде,
Акимдин көркү - билимде (300-бейт).

***

Канча билги болсоң да, окугандан ноюба,
Окуу менен жетесиң - эмне түшсө оюңа. (6605-бейт).

Ошентип, Жусуп Баласагын бабабыздын “Куттуу бийлик билими” дастанынын негизги мазмун-маңызынан иргелип алынган мисалдар айтып тургандай, атактуу автор өз доорунун жана маданиятынын инварианттык идеалдарына ылайык ириде Акыл-Эсти даңктаган даңазалуу акын болгон. Ошонусу менен ал адам баласын өз чыгармасында бу дүйнөдөгү эң асылзат катары кастарлаган.

Ошол эле негизде, Жусуп Баласагын Илим менен Агартуунун күйүп-жанган жарчысы болгон. Ошонусу менен ал жаркын жарыкчылыкка жана прогресске үндөгөн.

Жусуп Баласагын бардык адамдардын мыйзам алдында бирдейлигин чын дилинен жар салган насаатчы болгон. Ошондуктан ал өз дастаны аркылуу ири алды өкүмдарлар арасында социалдык адилеттик идеалын туу туткан акыйкаттуу бийлик идеяларын жайылтууга астейдил умтулган.

Айтор, көрүнүп тургандай, Европа Ренессансы менен Агартуу доорунун ишмерлери кандай идеалдарды кастарлашса, Жусуп Баласагын да өз кезинде дал ошондой идеалдар үчүн күрөшкөн. Бирок алардан бир нече кылым озуп кеткен.

Жусуп Баласагындын дагы бир салмактуу чыгармачыл салымы – ал түрк адабий тилин мурдагыдан алда канча бийик деңгээлде кайрадан жандандырган. Ал эми түрктөрдүн алгачкы адабий тили, башта айтылгандай, рун жазма эстеликтеринин тили болгону жакшы маалым. Бул процесске кандай салым кошконун Жусуп Баласагын өзү эң эле элестүү жана ташка тамга баскандай таамай сүрөттөгөн:

Көшөрүп билим уулап, кезердим тыным албай,
Керемет сөз кештесин – тиздим мен шурулардай.
Жайылган түрк сөздөрүн – жапайы бугулардай,
Жоошутуп колго үйрөттүм, жөн карап туруп албай.

Ага мен мээрим төктүм, а дагы үйүр алды,
А бирок дале үркүп, ойт берип туруп алды.
Баарына кайыл болуп, сөздөрдү асырадым,
Баламдай жытын искеп, жыпардай чачырадым (6615-бейт)

(Эскертүү: дастандын жаңыча аталышы жана келтирилген мисалдардагы Жусуп Баласагындын ыр саптары орус тилинен макала авторунун өзүнүн котормосунда берилди).

Ошо мусулман ренессансы мезгилиндеги түрк маданиятынын өсүп-өнүгүшүндө жаңы барак ачкан жана бир орошон кубулуш айтылуу “Түрк сөздүгүнүн” (“Диван лугат ат-түрк”) автору – залкар филолог Махмуд Кашгаринин чыгармачылыгы. Махмуд Кашгари түрк адабий тилин жандандырыш үчүн абадай зарыл болгон эки негизги жумушту жасаган. Ал өзүнүн чымырканган аракетин ошо кездеги жандуу түрк тилдерин үйрөнүп, алардагы сөз байлыгын чогултууга арнаган. Өзүнүн айтымында түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын тилиндеги назик оош-кыйыштар менен өзгөчөлүктөрдү аңдап, сөздөрүн терип-тепчип жыйнайым деп жүрүп, Махмуд Кашгари алар жашаган калааларды, айыл-кыштактарды, конуш-журттарды жана жайыт-жайлоолорду бүт кыдырып чыккан. Жыйынтыгында түрк адабий тилинин элдик катмарынын дүйүм түркүн дүрдүйнө байлыгын чагылдырган орошон “Сөздүк” жаралган. Эскерте кетүүчү эрекче жагдай, мындай энциклопедиялык маани-мазмундуу эмгек а кезде дүйнөдө али жок болгон. Анын башкалар баштап кеткен үлгүсү да, мисалы да болгон эмес. Мындай уникалдуу универсал “Сөздүктүн” алгачкы үлгүсүн дал ушул биздин улуу бабабыз Махмуд Кашгари адамзат маданиятынын тарыхында биринчи болуп жараткан. Бүгүңкүчө айтканда, андай энциклопедиялык-лингвистикалык “Сөздүк” түзүү жагынан дүйнө жүзү боюнча биздин Махмуд Кашгари (Барсхани) бабабыз биринчи болуп жараткандай прецедент ага чейин болгон эмес. Ал түзгөн “Түрк сөздүгүндөгү” лексикалык кордун 70-80 пайызы азыркы кыргыз тилинде өз калыбында кадимкидей сакталуу экенин биздин тилчи адистер далилдешүүдө. Арийне, Махмуд Кашгаринин “Түрк сөздүгүнүн” маани-маңызы бир гана лексикография менен чектелбейт. Ал ошондой эле, тарыхый-этнографиялык жана поэтикалык мүнөздөгү эң бир бараандуу материалдарды да өз ичине камтыйт. Бу жагынан ал тарых жана адабият изилдөөчүлөр үчүн баа жеткис булак болуп саналат.

Ислам Ренессансы мезгилиндеги түрк маданиятынын жандануу процесси, ошентип, эки негизги компоненттен куралган деп айтууга негиз бар. Биринчиден, түпкү түрк маданий катмарынын өзүнөн. Экинчиден, мусулман дүйнөсүндөгү бардык калктардын маданий жетишкендиктеринен. Өз жандануу процессинин жүрүшүндө түрк маданиятынын көкөлөп жеткен бийиктиги дал мына ушул эки компоненттин жараткыч ширөөсүнөн улам келип чыккан натыйжа болгону баамга урунат.

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктай келип, түрк цивилизациясынын өсүп-өнүгүүсүндөгү ислам этабы – анын тарыхындагы эң бир тагдыр чечүүчү эрекче этап болгон деп ачыктан ачык тастыктоого болот. Ал өз мезгилинин өркүндөп өскөн философиялык, илимий жана адабий-көркөм ой чабытынын обологон озгун жүрүшү менен бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. Биз ага Батыш акындары кийин аларды туурап ыр жазган айтылуу «Чыгыш поэзиясы» сыяктуу көркөм сөз чыгармачылыгынын ажайып феномени, курулуш өнөрүнүн чыныгы шедеврлери жана башка көптөгөн нерселер үчүн милдеткербиз. Эң негизгиси, ал өз учурунда мезгил чакырыгына жана талабына зарыл жооп иретинде пайда болуп, акырында бүтүндөй түрк цивилизациясынын жана маданиятынын кайра жаралып гүлдөшүнө алып келди.

Калык Ибраимов, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, философия илимдеринин кандидаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Индияда катуу ысыктан улам 300дөй адам көз жумду. Буга чейин 150 киши көз жумганы айтылган эле. Indian Express гезитинин маалыматында, Теленган штатында 137 киши, Одишада 119 киши каза тапкан.

Бихар штатындагы ысык абадан улам чыккан өрт 66 адамдын өмүрүн алды. Мындан улам штат жетекчилери 42 градустан ашкан ысыкта күндүзгү саат 9дан кечки алтыга чейин от жагып, тамак жасоого тыюу салды. Ошондой эле от жагып өткөрүлчү диний майрамдарга да чектөө киргизилди.

Гидрометтер Индиядагы мындай ысык аба июнь айына чейин сакталаарын эскертти. Ысыктан улам былтыр Индияда эки миңден ашуун киши каза тапкан.
http://maralfm.kg
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Катардын Аль Жазира телеканалы Америкадагы эфирин бүгүн, 30-апрелден тарта токтотот. Буга телеканалдын 2 жылдан ашуун убакытта да ири аудиторияга жайыла албаганы себеп болгондугу айтылууда.

Маалым болгондой, аталган телеканал башкы штабы Катарда жайгашкан. Мындан эки жарым жыл мурун 2013-жылдын августунда Аль Жазира АКШда обого чыккан. Бирок акыркы изилдөөлөрдү карай турган болсок, бул телеканалдын прайм-тайм убагындагы эфирлерин 30 миңдин тегерегинде гана адам көрөт. Мындай көрсөткүч АКШда аз болуп санааларын компания түшүндүрүп өткөн.

Аль Жазиранын Америкадагы жетекчиси Аль – Анстей мындан бир нече ай мурда кызматкерлерге жиберген электрондук катында Аль Жазиранын Америкадагы кабелдик жана санариптик эфирлеринин 30 - апрелден баштап акырына чыгарын билдирген. Буга негиз катары АКШ медиа базарында кездешилген экономикалык кыйынчылыктар себеп катары көрсөтүлгөн.

Эске салсак, Аль Жазира телеканалы араб өлкөлөрүнүн арасынан дүйнөгө жайылган, англис тилиндеги телеканалдардын бири.
http://maralfm.kg/
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Учурда бул өлкөгө жылына ажылык үчүн дүйнөнүн чар тарабынан 8 миллионго чейин зыяратчы келет.

Сауд Аравиясынын бийлиги 2020-жылга карата кичи ажылык — умрага келгендердин санын 8 миллиондон 15 миллионго чейин чыгарууну пландап жатканын Saudi Gazette гезити билдирди.

Сауд Аравиясынын королу Салмандын мындай сунушу өлкөнүн министрлер кабинетине берилди. Буга чейин Сауд Аравиясы нефтинин баасы түшкөндүктөн туристтик тармакка ыктоо ниетин билдирген. Туристтердин көбүн дал ушул ажылыкка келгендер түзөт.
Учурда өлкөгө кичи ажылык — умрага келгендердин саны бир жылда 8 миллион кишиге жетет. Басылма жыл башынан бери ажылык үчүн 4,6 миллион виза берилгенин баса белгилейт. Өлкөнүн королу Салман эң ири ислам музейин ачуу керектигин да айткан.
Быйыл кыргызстандык зыяратчылардын Мекке шаарына ажылыкка баруусу үчүн 3685 орун бөлүнгөн.

Sputnik Кыргызстан
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш



Профессор, доктор шариатских наук, специалист Кувейтской Энциклопедии исламского права Ахмад Хаджи аль-Курди, отметил, что 60% населения мусульманского мира практикуют ханафитский мазхаб в своей повседневной практике ислама. В 90-е годы называли еще больше число – 83%. Почему ханафитский мазхаб столь широко распространился среди мусульманских народов? Ведь никто не заставлял народы силой следовать именно этому мазхабу?
- Ханафитский фикх начал формироваться в городе Куфа (Ирак), который в 17 году по Хиджре основал второй праведный халиф Умар ибн Аль-Хаттаб. Он заселил город арабами, наделенными совершенными знаниями (афсахуль-араб) арабского языка. Отправил к ним самого знающего сподвижника Абдуллаха ибн Масгуда. Как произнес по этому поводу сам Умар ибн Аль-Хаттаб в своей проповеди перед жителями Куфы: «Не жалея себя я отдаю вам Абдуллаха ибн Масгуда, для того чтобы он научил вас знаниям фикха и Корана». И как передают поздние источники - из его уст выучили Коран 4 тысячи куфийцев.
- В Куфе поселились 1,5 тысячи сподвижников, среди которых четвертый праведный халиф Али ибн Абу Талиб и известный сподвижник Абдулла ибн Масгуд. Именно здесь родился Абу Ханифа и обучался религии.
- Ученик Абу Ханифа – Абу Юсуф во времена правления Аббасидов был избран на должность первого в истории Халифата верховного судьи. Он был самым знающим в области фикха и хадисов – изречений пророка в то время. Это послужило внедрения мнений ханафисткого мазхаба.
- Учение Абу Ханифы брало вверх своей основательностью, логическими суждениями, ответами на те вопросы, с которыми сталкивалось общество, но не находило на них ответа. И никто из ученых не спорит, что такой раздел Фикха как «Муаммалят», то есть, «Взаимоотношения» в том контексте, в котором его изложили ханафитские ученые – является сильно аргументированным и наиболее раскрытым.
- Методология Абу Ханифы, которую он разработал, позволяет его учению не терять актуальность во все времена. Даже в современном мире большинство ученых – это ханафиты, которые ежегодно издают тысячи фетв.
- Особенность Абу Ханифы заключалось в том, что он никогда не торопился с принятиями хадисов – изречений пророка. Он ставил для их принятия такие условия, которые другие имамы не требовали, например, знание арабского языка в совершенстве. Опираясь на свой иджтихад Абу Ханифа умел выходить из тех ситуаций, в которых не видели выхода другие ученые.
- Менталитет иракцев был склонен к тому, чтобы пытливо задавать вопросы, так как между представителями различных мировоззренческих учений, которые были широко распространены, проводились диспуты – и это было обыденным явлением того времени. Это привело к появлению «Фикха аль-Ифтирадый», поиска ответа на вопросы, которые не имели места быть, но могли бы свершиться.

Источник: muslim.kz
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

��بسم الله الرحمن الرحيم
✨Аллахтын кереметтүү ысым -сыпаттары (3 бөлүк) .

��Эгерде сиз күнөөлөрүңүз кечирилишин кааласаңыз.

✨15. Йа -Гаффару.

«Кечиримдүү;  Ал Кечиримдүү Жалгыз Зат.
Ал ким Ага чын дили менен тооба кылып, кечирим сурап кайрылса, аны сөзсүз кечирем деп убада берген. Ким ушул Аллахтын кереметтүү ысымын жума намазынан кийин 100жолу окуса,аны Аллах Таала кечирет. Ошондой эле кечирим үчүн дагы ушул ысымды көп кайталоо талап кылынат. Ал эми кимле -ким күн сайын аср намазыдан кийин "Йа -Гаффару ,игфирли "деп окуп жүрсө, аны Аллах Таала кечирилгендердин катарына кошот».

��Эгерде сиз Аллахка болгон сүйүүңүз жүрөгүңүзгө сиңүүсүн кааласаңыз.

✨16.Йа -Каххару.

«Үстөмдүк кылуучу.
Ким маериализимге жакын болсо (б.а. дүйнө-мүлктү катуу сүйсө) ,ал Аллахтын ушул кереметтүү ысмын көп кайталап жүрсүн. Ошондо Аллахка болгон сүйүү анын жүрөгүнө сиңет. Ошдой,бул касиеттүү ысым - сыпат күнөө кылып коюудан да сактайт».

��Эгерде сиз жакырчылыктан чыга албай жатсаңыз же өзүңүздү-өзүңүз камсыз кыла албай жатсаңыз.

✨17. Йа -Вахаббу.

«Тартуу кылуучу.
Жакшылыктын баары Ага гана таандык. Жакырчылык азабын тартып жүргөн адам Аллахтын бул кереметтүү ысымын көп жолу кайталасын же зухаа намазынын акыркы саждасында 40 жолу окусун. Ошондо ал адам өзүнөн жакырыкты Аллах кандай жок кылганына таң калат,ин ша Аллах. Кандайдыр бир дубанын (суранычтын) аткарылышы үчүн Аллахтын бул кереметтүү ысымын дубадан кийин 7 жолу кайталоо заарыл же үйдүн же мечиттин короосунда 3 жолу сажда кылып,андан кийин колун дубага көтөргөн сыяктуу.көтөрүп Аллахтын ушул кереметтүү ысымын 100 жолу окуу керек. Ин ша Аллах, бул дуба сөзсүз кабыл болот. Муктажган болгон адам же туткунга түшкөн киши же өзүн -өзү камсыз кыла албаган адам Аллахтын ушул кереметтүү ысымын 3 же 7 түн ичинде түн жарымында эки рекет (тахажуд)напил намазын окугандан кийин 100 жолу окусун. Ошондо Аллах Таала аны жакшылыкка.бөлөйт же ага өзүн толук камсыз кылууга шарт түзүп берет же туткундан чыгарат ин ша Аллах! ».

�� Эгерде үйүңүзгө ырыскы эшиктери ачуулусун кааласаңыз.

✨18. Йа -Раззаку.

«Ырыскы берүүчү жана ырыскынын ар бир жандууга өзүнүн керектелүүчү.өлчөмдө так,жана даана бөлүп берүүчү;
Кимде -ким багымдаат намазына чейин ушул ысымды үйдүн ар бир бурчуна 10 жолудан окуп дем салса,ал үйгө Аллах Таала ырыскы -берекенин эшиктерин ачат. Аллахтын ушул кереметтүү ысымын көп жолу кайталап жүргөн адам ар дайым бардарчылыкта өмүр кечирет,ин ша Аллах ».

��Эгерде ыйман нуру жүрөгүңүзгө толуусун кааласаңыз.

✨19. Йа -Фаттаху.

«Жеңүүчү. Ал жашыруун сырларды.ачыкка чыгарат,кыйынчылыкты жеңилдетет жана алыстатат. Ал ыймандуулардын жүрөгүн Өзүн таанытуу.жана Ага болгон сүйүү үчүн ачып койот. Баамдат намазынан кийин Аллахтын ушул кереметтүү ысымын колун көкүрөгүнө коюп 70 жолу окуган адамдын жүрөгү ыйман нуру толтурулат. Аллахтын бул кереметтүү ысымын көп жолу кайталап жүргөн адамга нур жана жеңиш берилет».

��Эгерде сиз жүрөгүңүзгө илимдин, акылмандыктын эшиктери ачылуусун кааласаңыз.

✨20. Йа -''Алииму.

«Баарын Билүүчү;  Ага эң майда амалдарда да,жашыруун сырлар да,купуя ой -кыялдар да,ички ниеттер да белгилүү; Ал эч кандай кошумча маалыматка эмес,тескерисинче,бардык илимдер Андан келет. Ага кичинекей нерсе да жашыруун эмес. Ал эмне болгонун,эмне болоорун,баарын билип турат жана билүү болбогон нерселерден да кабардар. Кимде -ким Аллахтын бул кереметүү бул ысымын көп жолу кайталап жүрсө, ага Аллах Таала илимдин, акылмандыктын эшиктерин ачат жана анын жүрөгүн нур менен толтурат,ин ша Аллах. Өзгөчө Аллахтын бул кереметтүү ысмын күн сайын кечинде кайталап турууга кеңеш берилет ».

Уландысы бар ...

☝��Эскертүү! Мусулман бир тууганым жогорудагы дубалар кабыл болуусу үчүн шарттары бар.

1  Толук усулман болуусу.

2. Ишеним менен үмүт кылып сөзсүз болоот деген ой жүрөктө болуш керек.

3. Харамдан, күнөөлөрдөн алыс болуу ,ичкени, жегени, кийгени адал болуу керек.

��‍��‍��‍��"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

ЖУМА НАМАЗЫНЫНЖУМА НАМАЗЫНЫН АЛДЫНДА (АТАЙЫН) ГУСУЛ ДААРАТ АЛУУНУН, МИСК СЕБИНҮҮНҮН, МЕЧИТКЕ ЭРТЕРЭЭК КЕЛҮҮНҮН, ЖУМА КҮНҮ АЛЛАХКА КАЙСЫЛ ДУБАЛАР МЕНЕН КАЙРЫЛЫП, ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) КАНДАЙ САЛАВАТ-САЛАМДАРДЫ ЖОЛДОШУБУЗДУН ЗАРЫЛДЫГЫ, АЛ КҮНҮ КАЙСЫЛ УБАКТАГЫ ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛОРУ ЖАНА ЖУМА КҮНҮ АЛЛАХТЫ КӨБҮРӨӨК ЗИКР КЫЛУУ КЕРЕКТИГИ ТУУРАЛУУ

Имам Нававинин «Момундардын бакчасы» китебинен
Аллах Таала мындай деген:
“(Жума) намазы (окулуп) бүткөн соң, жер бетине таралып, Аллахтын ырайым-ырыскыларын издегиле жана ийгиликке жетүү үчүн Аллахты көп-көп зикр кылгыла!” (“Жума”: 10 аят).
1147. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн эң мыктысы — Жума, Адам ата ушул күнү жаратылган, ошол күнү ал Бейишке киргизилген жана ошол эле (жума) күнү ал Бейиштен чыгарылган”. (Муслим).
1148. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Ким талаптагыдай даарат алып, анан жума намазына келсе, (хутбаны) унчукпастан укса, анын мурдагы жана (эки) жуманын ортосундагы, ошондой эле (ага кошумча) дагы үч күндүн (ичинде жасаган майда) күнөөлөрү кечирилет. Ал эми майда таштарды термелеп (ойноп) олтургандар — пайдасыз амал менен алектенишүүдө”. (Муслим).
1149. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Беш маал намаздар, жума намаздары жана Рамазан айы өздөрүнүн араларындагы күнөөлөрдү жууп кетишет, эгер ал арада оор күнөөлөр жасалбаган болсо”. (Муслим).
1150. Абу Хурайра жана Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) өзүнүн жыгачтан жасалган минбарында турган Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлашат:
“Ант болсун, же адамдар жума намазын каза кылганды токтотушат, же Аллах алардын журөкгөрүн мөөрлөп салат да, ошондон кийин алар сөзсүз (динге) кайдыгерлердин катарына кирип калышат!”
(Муслим).
1151. Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде силерден кимдир бирөө жума намазына келүүнү чечкен болсо, ал гусул даарат алып келсин!” (ал- Бухари; Муслим).
1152. Абу Саид ал-Худри (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Балагатка жеткен ар бир адам жума күнү гусул даарат алууга милдеттүү!” (ал-Бухари; Муслим).
Бул жерде “милдеттүү” деп “фарз же важиб” айтылган жери жок, тек гана ал аткаруу абдан зарыл болгон пазилети мыкты сүннөт экени кабардалууда . Мисалы, бул — кайсыл бир адамдын өзүнүн диндеш тууганына (Аллахтын ысмы менен) ант ичип: “Сенин акыңды берүү — мен үчүн фарз” дегенчелик катуу милдет эмес.
1153. Самура (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде адам жума күнү кичи (вуду) даарат алса — ал жакшы, ал эми кимдир бирөө гусул даарат алса — ал андан да мыкты!” (Бул хадисти Абу Дауд менен аны “жакшы хадис” деп атаган ат-Тирмизи келтиришет).
1154. Салман ал-Фариси (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде адам жума күнү колунан келишинче гусул (даарат) алып, үйүндө бар мисктен чачтарына (же: денесине) сүртсө, анан жума намазына жөнөп (келген соң, мечитте) олтургандарды түрткүлөбөсө, (Аллах тарабынан) буюрулган (“масжид акы)” намазын окуса, анан имам сүйлөгөн кезде унчукпай олтурса, анда, анын мурдагы жумадан ушул жумага чейинки (майда) күнөөлөрү кечирилет!” (ал-Бухари).
1155. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Жума күнү, “жунуб” болгондон кийин алынган гусул сыяктуу эле гусул (даарат) алып, анан биринчи саатта мечитке келген адам төөнү курмандык чалган адам сыяктуу, андан кийинки саатта келген адам уйду курмандык чалган адам сыяктуу, андан кийинки саатта келген (адам) мүйүздүү койду курмандык чалган (адам) сыяктуу, андан кийинки саатта мечитке келген адам тоокту курмандык чалган (адам) сыяктуу, андан кийинки саатта келген адам тоөктун жумурткасын курмандык чалган (адам) сыяктуу (соопко ээ болот), ал эми имам (минбарга) чыккан кезде периштелер да (сооп жазууну токтотушуп) зикрди угуу үчүн (минбар жакка) келишет”. (ал-Бухари; Муслим).
1156. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) жума күнүнүн пазилети тууралуу Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Исламды карманган жана Аллахка такай дуба кылып жүргөн пенде жума күнүнүн ичинде (Аллахтан) эмнени сураса, Аллах ошону бере турган бир (саамдык куттуу) убакыт бар” — деген Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) ал убакыттын (абдан) кыска экендигин билдирген ишарат жасады”. (ал- Бухари; Муслим).
1157. Абу Бурда бин Абу Муса ал-Ашаринин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
“Абдуллах бин Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) менден минтип сурады: “Жуманын ошол (дуба кабыл болуучу) убактысы тууралуу сенин атаңа Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) бир нерсе дегенин сенин укканың барбы?” Мен айттым: “Ооба, мен анын минтип айтканын укканым бар: “Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун): “Ал (кыска) убакыт имам (минбарга) олтургандан баштап, намаздарды окуп бүткөнгө чейин” — дегенин уккан элем”. (Муслим).
1158. Аус бин Аус (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Чындыгында, жума — силердин эң мыкты күндөрүңөрдүн бири. Ошондуктан бул күнү мага (көп-көп) салам-салаваттарды жолдогула. Анткени, чындыгында, силердин салават-саламдарыңар тууралуу мага (периштелер сөзсүз) кабарлашат!” (Бул хадисти Абу Дауд ишенимдүү иснад менен келтирет)
http://formulasy.blogspot.com/2016/

Технологии Blogger.