Halloween party ideas 2015

"Сабырдын сыны сөөгүңдү сыздатканда, сызылган сызыктар санааңды саргайтпасын. Сабырды сакайганда сөзсүз сезесиң " дегендей бул дүнүйө өзү сыноо жашоо. Аллах Таалам пендесинин сыноо жашоого сыноосу менен жараткан.
Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинен(ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт:
«Аллах кимге жакшылык кааласа, аны сыноого туш кылат» (Бухарий) ..
"Сыноону сыналган жан билет "дегендейт, кимдин башына келгенде, сыноонун ачуусун сезе баштайт. Ал эми "сыноонун таттуусу бул сабыр деп коёт, илилимде болсун,жашоодо болсун баарына сабыр менен жеңишке жана ийгиликке жетесиң. 
Аллах Таалам Куранда мындай деген:
«Биз силерди араңарда гы аракетчилер менен сабырдууларды билебиз жана силердин амалыңарды айкындоо үчүн,чындыгында,силерди сыноодон өткөрөбүз». (Мухаммед: 31).

Эгер билсек динибизде сабыр эң башкы орунда,"ыймандын жарымы сабыр менен ". Эч качан шашылыш чечим чыгарба,сабыр менен чечсең баары өз ордунда болот.
Биз пенделер башыбызга  кыйынчылык,оору,кырсык -балээ,чыгаша,жоготуларга туш болсок  караңгылык дүнүйөсүнө чөмүлүп алабыз. Бул да болсо ыйманыбыздын алсыздыгынан болуп жатат. Сабыр кылганды эмес, бакырганды,ыйлаганды,өлгөндү,үмүтсүздүк болууну билебиз. Бул тууралуу Аллах Таалам куранда мындай деген:
«Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерселер менен, ошондой эле, мал -мүлкүңөрдү жаныңарды, түшүмүңөрдү азайтуу аркылуу сынайбыз.  Сабыр кылгандарга (Бейишти) сүйүнчүлө! ». (Бакара: 155) .
Демек сыноо келгенде кайгырбай сабыр кылганды үйрөнүү керек.

БАШЫҢА КЫЙЫНЧЫЛЫК КЕЛГЕНДЕ..

   Аллах Тааламдын сыноолорунун бири кедейлик. Азыркы кезде бизче айтканда,күнүмдүк жашоодогу жетишпестик,банкрот болуу,мал-мүлктөн айрылуу,чыгаша,проблемалар ушуларды айтсак болот.
Эгер билсек биздин жашоону кедейликке теңдесек туура болбойт,жок деген үй -бүлөөдө жашганга үйү,ичкеген бир айлык жетээрилик тамагы бар, а биз шүгүр кылбай  "жок "жок " дегенден башканы билбейиз. Кедейлик кандай экенин Пайгамбарлардан Иса (алейхи салам)дын жашоосунан үлгү алсак, ал Пайгамбардын ичкенге бир курушкасынан башка эч нерсеси болгон эмес. Ошол тагдырына да ыраазы эле Жаратканга шүгүр кылып күнүн ибадат менен өткөргөн.
Анас (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай айтканы кабарланат:
«Чындыгында, улуу сыйлык үчүн-улуу сыноолор (берилет) жана чынында, Аллах (кайсы бир мусулман) адамдарды сүйгөн болсо, анда Аллах аларды сыноолорго кабылтат, ошондон кийин сабыр кылгандар Аллахтын ырайымына ээ болушат, ал эми нараазы болгондор (анын) каарына калышат» ( Тирмизий) .

БАШЫҢА ООРУ КЕЛГЕНДЕ.

    Инсан жаралган соң,оорубас жан болбос. Ар бир инсандын башына ар кандай болуп келет ооруу сыноосу. "Башыңа оору келсе сүйүнгүн деп коёт,анткени кичинекей ооруу менен болсо да Аллах Таалама пендесинин күнөөлөрүн жоюулуусун каалайт. Ооруну Аллах Таалам эң жакшы көргөн инсаны берет. Анткени аны Өзүнө кайрылуусун,Өзүнө жакын боолуусун каалайт экен.

Ибн Мас'уудун (андан Аллах ыраазы болсун)  мындай дегени кабардайт:
«(Бир жолу) мен безгектен кыйналып жаткан Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) кирип,мындай дедим: 
"О Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) ,сизди безгек кандай катуу кармады? ". Ал айтты: "Ооба,безгек мага (силердин ар  бириңерге келгенден) эки эсеге катуу кыйноо алып келет ". Мен сурадым: "Ал анткени, сизге (Бейиште) эки эссе сыйлык камдалып коюлгандыгынанбы? ". Ал айтты: "Ооба, ошондой ". Анан ал минтти: "Мусулмандын (бир жерине) тикен кирип кетсин,же ага андан да жаманыраак нерсе келсин,ошол (нерсе) үчүн да Аллах анын ар бир жаман амалын сөзсүз кечирет жана дарак жалбырактарынан ажыргандай ал да өз күнөөлөрүнөн ажырайт». (Бухарий,Муслим) 

Эгерде сенин көзүң көрбөй жаткан болсо бул тууралуу Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай деген: 
«Чындыгында, Кудуреттүү Аллах Таала мындай деген:«Эгерде менин кулумду,анын эки сүйүктүүсүнөн (эки көзүнөн) ажыратып, сыноого туш кылсам, ал ага сабыр кылса, анда ал үчүн Менден берилчү сыйлык-бейиш гана болот!» (Бухарий) .
Демек башка келген оорулар биз мусулмандар үчүн бейиштин ачкычы экен,Аллахка шүгүр келтирип жашасак ,азап эмес ырайым деп билсек,бейишке кирүүчүлөрдөн болот экенбиз.
Ооруп ,башка келген кыйынчылыктаэч айла таппай кыйналып жаткан болсоң дейт Алланын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай деп айткан: 
«Силердин араңарда эч кимиңер өзүнө келген балээден улам өзүнө эч качан тилебесин,а эгерде андай кылуудан башка (эч бир) арга калбаган болсо, анда «Оо,Аллах,менин тирүүлүгүм мага жакшы болсо,анда менин өлүмдөн сакта,а эгерде мага өлүм жакшы болсо, анда мага өлүм бер»- "Аллахумма,ахййи -ни ма каанат ал -хайату хайран ли,ва таваффа -ни иза канаат ал -вафаату.хайран ли "-деп айтсын.  (Бухарий: Муслим)

БАШЫҢА КАЙГЫ ТҮШСӨ..

   Аллах Таалам ар бир пендесине жан аманатын тартуу кылган,Ал каалаган учурда кимди кааласа, жаш,болобу,бөбөк болобу,каары болобу Өзүнө кайтарып алат. Жакшы көргөн балабыз,ата -энебиз,жубайыбыз бул дүйнөдөн көз жумса, кайгыга батып, кээде Кудайна наалып да жиберебиз бул тууралуу Аллах Таалам мындай деген: 
«Кимдин бул дүйнөдө жакшы көрөгөнүн (баласын же эң жакын адамын) алган болсом, ага ал сабыр кылса, анын ордуна (сабыр кылгандын сообуна) Бейиш берем». (Хадис) .
«Эгер бир момун бир пенденин баласы каза болсо, (Аллах жан алгыч) периштелеринен сурайт: "Момун пендемдин баласын алдыңарбы? "Периштелер:"Ооба "-деп жооп берет. Анда Аллах: "Жүрөгүнүн мөмөсүн үздүңөрбү? "-деп кайрадан сураганда периштелер: "Ооба,"-деп жооп берет. Аллах: "пендем эмне деди? "-дегенде периштелер: "(сабыр кылып) сага мактоолорду айтты жана (баласын) Сага тапшырды". Анда Аллах Таала (периштелерине буйруйт): "бул пендеме Бейиште бир үй куруп, атын мактоо үйү деп атап койгула "(хадис)
«Пендеге канчалык мусийбат (кыйынчылык) чоң болсо ага ошончолук сооп көп болот. Эгер Аллах бир коомду жакшы көрсө, анда ал (коомду бир) мусийбат (кыйынчылык) менен сынайт.  Ким ошого сабыр кылып) ыраазы болсо, анда ага ыраазылык (сооп) болот. Ал эми ким каарданса, ага каара болот »(хадис) .

Ошондуктан башка келеген сыноолорго кыйынчылыгына чөкпөй,жакшылыгына көппөй сабыр кылып жаша. Эгер билсек ыймандын пайдаларынын бири, бул тагдырдын жаман же жакшылыгына.ыйман келтирүү. Баары ар дайым биз каалагандай боло бербейт,анткени биз тагдырдын.кандай болоорун билбейбиз, жана мындай болсун,тигинедей болсун.деп да айта албайбыз.  Бирок биздин аткара тургаи ишибиз Аллахка кулчулук кылып моюн сунуу.
   Аллах Таала ар пенденин ыйманына жараша сыноо берет.

«Эң кыйын сыноо бул Пайгамбарларга,андан кийин салих инсандарга» (хадис)


👤Насиба Абдуллаева.
👨‍👩‍👧‍👦"Бактылуулук Формуласы ".


Отправить комментарий

Технологии Blogger.