Halloween party ideas 2015


Ашхабад шаарындагы “Акса” мечити бульдозерлер менен тыптыйпыл талкаланды. Ал акыркы жылдары Түркмөнстанда уратылган сегизинчи мечит болуп калды.

Түркмөнстандын баш калаасындагы мечиттердин жарымынан көбүн бузуп салуу туурасындагы чечим бар. Себеби 12-апрелде тарта жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, ар бир диний багыттагы имараттын тийиштүү документтери болушу керек.

Бийликтин ырасташынча, Ашхабаддын Копетдаг районундагы “Акса” мечити 23 жыл мурун тийиштүү уруксат албастан эле курулган. Бул акыркы жылдарда борбор шаарда буздуруп салынган 14 мечиттин сегизинчиси болуп саналат. Тийиштүү документтери жок христиан чиркөөлөрүнө да ушундай эле мамиле жасалууда.

«Акса» мечити 90-жылдардын башында жергиликтүү калктын каражатына салынган. Ага 100гө чейин адам батат. Бийлик аны бузуу туурасындагы чечимди калк менен кеңешпестен кабыл алып, зыяндын ордун толтуруу үчүн эч кандай кенемте сунуштаган жок.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.