Halloween party ideas 2015


(Жараткан жакшылык кылсаң,жакшылыгың сый менен кайтарат) Таңдан туруп ишке шашып бараттым, Жол четинде караан мени каратты. Жакын барып карасам бир карыя, Жаткан экен чекесинде дарактын. Туруң дедим акырындан түрткүлөп, Тургузган соң кийимдерин сүрткүлөп. Эмне болду десем ошол карыя, Башын чайкам муңду эле үшкүрөт. Мунду суйлоп баштады ал кептерин, Айттып жатты бир убакта келгенин. Иштеп журуп эл катары бул жакта, Эске салды алгачкы кун кездерин. -Айтайынбы деди мага арманымды, Койчу деди ушул болгон заманынды. Болок жерде болок элде азап тартып, Кочодо кайырчы болуп калбадымбы. Кундор отту билинбестен иштеримде, Келе жаткам тун бир окум кечтеринде. Тосуп чыгып бейтаныштар жолумдан, Андан кийин эч нерсе жок эсимде. Билбедим кийин турдум козум ачтым, Болонгонсуп калган экен канга башым. Аркадан бироо келип урган окшойт, Эсиме келе албастан копко жаттым. Тез жардамда кийин келип алып кетти, Унаасыда коп кыйкырып аран жетти. Ак халатчан чоочундар ийне сайып, Ошол замат мен жоготтум акыл эсти. Козум ачып копко жаттым ошол жерде, Келген жок эчким,керек элем озу кимге. Кундор отуп ал жерденда чыгар куну, Жанынызда эч нерсениз жок эле дешти. Чыгып эле уйго шашып жоноп калдым, Жоо басып аран жайдан жетип бардым. Эшикти тыкылдатсам созумду укпай, Кийимдерди карматып чыгарып салды. Баарын алып которуп жумушка бардым, Тушундуруп болгондорду тактап айттым. Баардыгына ишенбестен иш башчыбыз, Жок дегенден ал жерден кайра кайттым. Барар жерим жатар жайым калбай калды, Издеп журуп кезиктирдим ушул жайды. Кетейин десем колумда паспортум жок, Журом санап мен ушинтип кунду айды. Кутуп журуп соолуп бутту каректерим, Издеседа табалбайт дейм,жок дарегим. Журогумдо такыр очпой жашап келет, Жакындарды корсом деген бар тилегим". Козу жашка толуп баарын айтып жатты, Калтасынан алып чыгып берди катты. Бул катты Пери кызыма берип кой деп, Санаасын билдирбестен унун катты. Катты алып суйлой албай турдум катып, Алып бердим жакын жерден тамак сатып. Колуна акча берип алыныз атаке деп, Жоноп кеттим жумушума тезден шашып. Жумушумда журсом дагы ойдон кетпей, Чыгып алып сураштырдым аны издей. Акыры ал Перинида таптым окшойт. Чырай жузу сулуу экен периштедей. Таанышканга алга тезден кабар жаздым, Коп кутпостон Периденда жообун алдым. Болгондордун баарысын айтып берип, Жаш журогун кубантып ойго салдым. Байланышта берген катты окуп бердим, Кубанганын корбосомда байкап сездим. Дарегимди бердим дагы кулуп жайнап, Жумуштан кечки убак шашып келдим. Суйунчуну карыяга барып айткым келди, Бара жатып муздак сезим журок сезди. Аптыгып ал жерге барсам карыя жок, Ошол замат журокту мыкчып кайгы эзди Коп издедим тан атканча табалбадым, Тун бир окум коп жерлерди араладым. Сураштырып копторунон кезиктирбей Кун чыгаарда Перигеда кабарладым. Кулуп суйлоп унутуптур армандарды, Токтоп тур деп,укчу дедим айткандарды. Атакенди таппай журом деп айтканда, Журогундо кубанычы мунга айланды. Кун отпостон учак менен учуп келди, Келдим деп мага чалып кабар берди. Кезигишип Пери экообуз биргеликте, Карап чыктык атакеси жургон жерди. Коп карадык табалбастан издей бердик, Кеч кирип айласыздан эле уйго келдик. Жол тараптан Пери экообуз келип жатып, Уй жанында бир караанды байкап сездик. Алыстан эле атасы экенин Пери сезди, Кутуп жаткан экен эртеден бери бизди. Ошондогу эн бактылуу коз ирмемдер, Кубанычка болоп мени журок эзди. Ошол кечте конок болду сыйга илинип, Эртеси куну коштошугада убак келип, Ыраазычылык билдирип конулдордон, Рахматын айтты карыя батасын берип. Кол булгалап узап кетти алыстарга, Кубандым жан дуйномдон мен аларга. Себеби билдим жашоо баркын эми, Ыраазымын мин бир ирет жаратканга, Кол булгалап башым ийип кала бердим, Жылга айланып ото берди ал кездерим, Перисиз жашоом кызык кунго айланып, Чындап эле суйорумду эми эстедим. Бактым деп Пери тарапка сапар алдым, Суйуум учун тоскоолдукту карабадым. Издеп барып периштеме жолукканда, Назик болгон ак колуна шакек салдым. Суйунгондон коздоруно жашын алып. Бактысына жан дуйносу куйуп жанып. Эмне деп жооп берерин кутуп жаттым, Жанында туруп алып тынчсызданып. Жашын арчып ошол жерде макул болду, Атасына айтып бердик болгондорду. Ак батасын алып эле кунду узатпай, Откордук кереметтуу чоон бир тойду. Андан кийин бактылуу жашап калдым, Ыраазымын жаратканшга берген баарын. Жаш кезимден атасы жок чонойсомда, Ошол карыяны атаке деп атап калдым.
Тынаров Асан, Новосибирск шаары

Отправить комментарий

Технологии Blogger.