Halloween party ideas 2015




1) Билбей арам тамак жеп алсаң, 40 күн кылынган сооптуу амалдарың кабыл болбойбу? Москва, Чыңгыз.
Жооп: Билбегенге күнөө жок. Ошондой болсо да, адам адал оокатка аракет кылуусу лаазым. Ал эми сооптуу амалдардын кабыл болуп-болунбоосу сиздин аракетке да байланат. Адал жегенге аракет кылса жакшы болуп, аракет кылбаса, аракет кылбай туруп эле билбей жеп алса, дубалар кабыл болбошу мүмкүн....

2) Кичинекей бала чочуп калса, кайсыл дубаларды окуш керек?
Жооп: Куран аяттарынын баары окула берет. Чоң-кичине деп бөлүнбөйт.

3) Кредиттен түшкөн пайдадан бей-бечарага жардам берсе болобу жана жардам берүү менен бирге кредитке акча берүү мүмкүнбү?
Жооп: Жардам адал оокаттан берилгенде сооп болот. Арам оокаттан берилгендин сообу болбойт.

4) Азыркы кыргыз жаштарына кандай насаат берет элеңиз? Биз жаштар эмнеден аксап жатабыз?
Жооп: Китеп окууга маани берилбей калды. Ар нерсенин убагында болорун эске алып, аксакалдарды, улуу муундагыларды урматтаса жакшы болот. “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” кебинин фалсафасына кулак салсак жакшы болмок.

5) Орозодо нике кыйдырса болобу? Кайсыл күнү нике кыйдыруу жакшы шариатта?
Жооп: Ыңгайы келген күнү жакшы болот. Ар бир күнү нике кыйдырса боло берет. Деги эле, нике кыйдырса болбойт деген күн жок.

6) Өлгөн адамды кабырга койгондо, бетин ачып коюу керекпи?
Жооп: Жок, бети ачылбайт.

7) Жолдошум “башың бош” деген эле, кайра жарашсак болобу?
Жооп: Ниетинде талак болгон болсо, бир талак боин түшкөн болот. Кайра жашоо үчүн жаңы нике кыйдыруу керек болот.

8) Намазды каза кылгандан көрө окубай койгон жакшыбы?
Жооп: Намазды окуу парз, окулбай калса, казасын окуу ваажып. Каза кылгандан көрө окубай койгон жакшы деген сөздүн өзү жаман.

9) Малга күйгүзүп белги койсо болобу?
Жооп: Болот. Эн салганга, бычканга да уруксат берилет.

10) “Жакшы амал менен пенденин күнөөлөрү кечирилет” дешет. Чоң күнөөлөр үчүн тообо кылыш керек экен. Кайсы күнөөлөр чоң болуп эсептелет? 
Жооп: Ыйык Куранда же мутаватир хадисте ачык текст менен кайтарылган күнөөлөр арам болот. Ошол күнөөлөргө Аллах Тааланын же Пайгамбарыбыз алайхис саламдын каргышы, же тозок отун ваажып кылат десе, анда ал күнөөлөр жөн эле арам болбостон, чоң күнөөлөрдүн катарына кошулат. Мисалы: арак ичүү, сойкулук, уурулук, адам өлтүрүү, калп айтуу, аманатка кыянат ж.блар.

11) Күйгүзүлгөн, боёлгон чачтан даарат өтөбү?
Жооп: Көпчүлүк аалымдардын пикиринде химиялык боёк менен боёлгон чачтан даарат өтө берет. Кээ бир аалымдар өтпөйт деп да айтат. Ал эми күйгүзүлгөн чачтан даарат өтө берет.

12) Меринос койдун этин жесе болобу?
Жооп: Жеп эле жүрөбүз. Меккедеги мусулмандар деле Австралиядан келген мериносторду ылгабай жей беришет. Ушул суроо эмне үчүн акылыңа келди экен деп ойлоп жатам? Сен деле ойлодуң болуш керек...

13) Жубайым менин бир-туугандарым келсе такыр жактырбайт, түшүндүрүп айтсам “майда адамсыз” дейт. Эмне кылам?
Жооп: Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам. Жактырбаганы жакшы эмес. Аларды аялыңыз жактырбаса, аялыңыз сизге жакпай баштайт. Ошентип «майдасыз» деген аялыңыз “пайдасыз” аялга айланат. Акырында өзү тарткан жөргөмүштүн бактысыз желесине байланат. Жыйынтыгында бактылуу үй-бүлө “шайтандын эмгеги” менен жайралат. Үй-бүлөнү бузган шайтан, чоң шайтандан орден - сыйлык алып, майлуу орунга жайланат. Ал сыйлыгын кичи шайтандарга жууп берип, кичи шайтандардын ичегиси майланат.

14) Исламда досчулуктун мааниси кандай?
Жооп: Исламда досчулуктун мааниси жогору. Акыреттик дос деген түшүнүк да бар. Алланын ыраазылыгы үчүн дос болуу ибаадат эсептелет. Бул боюнча атайын китептер жазылган. Ошолорду окусаңыз жакшы болот.

15) Дубайда кафеде официант болуп иштейм, ал жерде арак да сатат. Мага, сен мусулмансың деп ташытпайт. Бирок акчаларын чогуу бөлүп алабыз. Кандай болот ошондо?
Жооп: Сен ошол адал эмгегимдин акысы деп түшүнсөң туура болот. Ошондо туура болот. Анткени, адатта ар кимге иштеген мээнетине жараша төлөнөт эмеспи. Арак ташытпаган кожоюн, арактын арам экендигин билет. Аны билген тигини да билет.

16) Абысыным менен такыр келише албай койдум, ал аз келгенсип кайнагам да мага киришет. Кайната-кайненең, балдарың болуп бир бөлмөдө, ортого парда тосуп жатасыңар. Болбосо ток, көмүр көп кетет дейт кайнагам. Жолдошум Москвада, аны менен жакшымын ортодо эки балабыз бар. Кеңешиңизди бериңиз?

Жооп: Жолдошуң менен жакшы болсоң, ошол олжо сага. Кайнагага маани бербе, абысыныңдын бар экенин эсиңден чыгар! Сүйлөгөндө булбулдун үнүн укканыңдай эле абалда бол! Бир бөлмөдө парда тосуп жатсаң, кайын атаңдын жанында кайын энең болсо болот, болбосо болбойт. Илгери боз үйдө ошентип эле жатышчу. Жолдошуң менен жакшы болсоң, утуш сеники... . Эки балаңды эки жагыңа кучактап жатып аласың, таттуу түш көрүп, түшүңдө татуу иш көрүп жата бересиң...

17) 1 жыл мурун банкка 100 000 сом салган элем, кийин 114 000 сом кылып алдым. Ошонун 14000 сому адал эмес сага дешет. Чын эле адал эмеспи? Эгер адал болбосо, кандай жолго иштетейин?
Жооп: Ал сага арам экендиги чын. Аны жебе! Жалпы мусулмандардын тамактан башка жерине иштет. Мисалы жолго, же башка жерлерге...

18) Бала апасына “уфф, иий, кайра-кайра эле ушинтип айта бересизби!” деп катуу сүйлөсө эмне болот?
Жооп: Арам болот. Тозокко түшүүгө адал болот. Бейиш ага арам болот. Тооба кылбаса акыбалың абда-ааа-ан жаман болот.

19) Бизде таза суу жок болгонуна байланыштуу, шаардын канализациясындагы суу менен эгиндерибизди сугарабыз. Боло береби?
Жооп: Боло берет.

20) Талаада чатыр тигип жашайбыз, ал жерде жыландар аябай көп. Зыяны тийбесин деп көп өлтүрөбүз. Күнөө эмеспи?
Жооп: Зыян бере турганын өлтүрсөңөр болот. Бербей турганын болбойт.

21) Колум туткак. Жакшы көрүп эле бир-нерселерди ала берем. Бул адатты эч таштай албай жүрөм. Эмне кылсам?
Жооп: Чыпалагыңды ширеңке жагып отко кактап көр. Ошого чыдайсыңбы же жокпу? Муну кара.
Же, бир араң тапкан жакшы буюмуңду агын сууга ыргытып жиберип, издеп таппай кал! Ушул акыбалың жакшыбы? Муну кара.
Түрмөгө барып, уурулук менен камакка алынгандарды зыярат кыл! Муну кара.
Анан, ойлонуп көр! Арам жакшылыкка алып барбайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Ууру уурулук кылган учурда ыйманы ажырап турат!” Ыйманың ажырагандыгын каалайсыңбы? Карап көр...
Ага да болбосо, башың баш, багалчагың кара таш...

22) “Ата жолу” деген агым барбы? Манас атабыз деп мүрзөлөргө зыярат кылат экен.
Жооп: Ал эми болбогон бир пенделер. Ыймандан ажыраган, Исламдан четтеген бир байкуштар! Манас атабыз азыр тирүү болгондо, мына ошол мазарларга каттагандарды кылыч менен кыя чапмак...

23) Жаныбарларды уруштурууга шариат кандай карайт?
Жооп: Арам.

24) Намазды кечиктирип окуу мустахаб болобу? Кечиктирсе канчалык кечиктирүү керек?
Жооп: Багымдатты ар дайым, жайында бешимди, дигерди дайыма бир аз, күн бүркөктө шамды, куптанды түндүн үчтөн бирине чейин ар дайым кечиктирген мустахаб болоор.

25) Кайын сиңдим үчүнчү турмушунда жашачу. Балдары менен батышпай үйгө кайтты. Бирок күйөөсү 5 жылдан бери карап жүргөн. Анан телефондон башка эркек таап, ошону менен кетмекчи болот. Кайненем молдо апкелип нике кыйдырып, үйдө эки күн тургузуп узатты. Ошондо мунусу төртүнчүсү. Бирок, жолдон үчүнчү эри жолугуп калат. Өзү эле чакырса керек. Бизден жашырат. Ага Бишкекке иштегени баратам деп алдайт. Күйөөсү ага ишенбей үйдөгүлөрдүн баарына сарпай кылып, кайынсиңдиме шакек-сөйкө берип алып кетет. Аны менен 5 күн жашайт. Бул арада баягысы менен телефондо сүйлөшө берет. Анан күйөөсүнө чыр салып апамдыкына алып бар дейт. Күйөөсү баласы экөөнү кечке жуук үйгө алып келет. Эртең барам деп күйөөсүн кетирип, эртеси паспортун апасынан талашып, тополоң кылып, эри берген сөйкөнү сатып төртүнчү эрине өзү кетип калды. Эми бул жагы кандай болду? Арам болгону белгилүү, бизге кесепети тийбейби? Менин күйөөм билбейт. Жолун айтыңызчы, эмне кылыш керек?
Жооп: Кайын сиңдиңиз кимдин аялы экени аны менен тактап сураганда ачыкка чыгат. Ансыз бирдеме дей албайбыз. Дей ала турганыбыз - анын азыркы кылып жүргөндөрү зынадан башка эмес. Кудай сактасын. Билген кеңешиңерди айткыла, дуба кылгыла...

26) Жолдошум намаз окуйт, жаңы төрөлгөн баласын эмдетпей койду. Дарыгерлерге барган сайын алар мени урушат. Балким ойлонорсуңар. Балага кийин кыйын болот дешет. Эмне кылсак болот?
Жооп: Прививка, эмдөөнүн зыяндуулугу жөнүндө көп маалыматтар интернетте жүрөт. Окусаңыз төбө чачыңыз тик турат. Ошол себептен мен эмдөөлөрдү жакшы көрө бербеймин.

27) Шариатта кандай шартта, кандай абалда ажырашуу керек?
Жооп: Шариатта ажырашуу жакшы эмес. Колдон келсе ынтымактуу жашаганга не жетсин.

http://saresep.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.