Halloween party ideas 2015

АКШда өткөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, смартфонду колдонуучулардын 71%ы уктап жатканда телефондорун төшөктүн жанында алып жатаарын айтышкан.
Ал эми алардын 35%ы ойгонору менен эле смортфонун колдоруна алып, ага келген билдирүүлөр менен таанышууга шашышат.


Ушул адамдардын арасынан өзүңүздү көрө алдыңызбы? Андай болсо биз Сизге эмне үчүн телефонду жаныңызга алып жатуу ден соолукка эң эле зыян адат экенин айтып беребиз. Белгилүү болгондой, компьютер, планшет, смартфон сыяктуу көпчүлүк санариптүзмөктөрдүн экраныспектрдин бир бөлүгү болгон кыска толкундуу көк шоола бөлүп чыгарат. Дал ошол нур биздин көзүбүздү талдырат.

Мындан тышкары, бул нур биздин мээге дагы олуттуу таасир тийгизет экен. Кеч кирип, уктарга убакыт келгенде, көздүн рецепторлору активдүү дүүлүккөндүктөн биздин мээни “алдап”, ага күндүзгүдөй сергектикти туйдуруп турат.

Жыйынтыгында уйкуга тартуучу жана жайлуу ойгонуу үчүн жооп берген мелатониндин бөлүнүп чыгуусу кечеңдейт. Анын негизинде биз кыйынчылык менен уктап, ошондой эле кыйынчылык менен ойгонобуз. Канчалык биз өзүбүздүн жеке расписаниебиз менен жашагыбыз келсе да, биздин мээбиздин суткалык ритми жарыктын цикли менен аныкталат.

Эгер эле Сиз мээни алдыгыңыз келсе, анда түнкү сменада иштеген жумушчулардан айырмаңыз жок болот: алар өздөрүнүн күндүзү иштеген “коллегалары” сыяктуу эле 8 саат укташ мүмкүн, бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй алар жумуш ордунда аябай эле чарчаңкы жүрүшөт. Психологдор уктар алдында бир эле кыска толкундуу жарыктан эмес, негизи эле смартфондун өзүнөн алыс болуу керек деп эсептешет.

Азыр бүткүл дүйнө бир телефонго кичирейтилип киргизилген. Эгерде уктар алдында Сиздин мээңиз эс алуу фазасына өтүп калат. Бирок, сиз ага карабай зордоп эле социалдык тармактарга саякат жасай турган болсоңуз, мээде маалыматтарды кайра жүктөө жүрөт. Андан кийин мурдагы, чарчаңкы калыбына келүү үчүн көп убакыт талап кылынат.

Башка айтканда, Instagramдан кайсы бир пляждын сүрөтүн көрүү менен биз эс алып жатабыз деп ойлойбуз. Ал эми биздин мээ үчүн бул таптакыр эс алууга жатпайт.

Бул мисалдар смартфон жана башка гаджеттерди уктоочу жайдан алыс кармоого ынандыра албадыбы? Төмөндө телефондун уктар алдында пайдалануунун зыяны тууралуу бир нече жүйөлүү мисалдырды келтиребиз.

Сиз уктар алдында телефонуңузду чукулап отуруп, мээңизди “акыр-чикирге” толтуруп аласызбы?

Уктарга бир нече мүнөт калганда биздин акыл-эсибиз активдешип, дал ошондо кабыл аланган маалымат жакшы өздөщтүрүлөрү далилденген.

Дал ушул нерседен пайдалануу керек. Керектүү маалыматты эске сактап калуу үчүн, уктар алдында  Facebook баракчаңыздагы “акылмандардын цитаталарын” эмес, жаныңызга искусство же француз тили боюнча китеп алып окуңуз.

Смартфондо сексуалдык жашоого дагы терс таасирин тийгизет.

Ооба, андагы тиркемелердин жардамы менен беш мүнөттүн ичинде өзүңүзгө бирге уктоо үчүн өнөктөш таап алууга болот. Бирок, аны менен сиз каалагандай түндү өткөрүү үчүн смартфонду жакшысы өзүңүздөн алыс эле коюп коюңуз.

Элестетиңиздер, ошол эле америкалык сурамжылоонун жыйынтыгында 20% смартфон колдонуучулар жада калса сүйүү кумарына батып жаткан кезде да телефонун колунан түшүрбөйт экен. Мына сага! Ушундай да болчу беле?!

Смартфон аркылуу интернетке кирген кезде көбүрөөк нурдануу жүрөт. Албетте, ал зыян.

Смартфон рак ооруларын пайда кылат деген аныкталган далилдер азырынча жок. Бирок, телефондор иондошпогон электромогниттик нурланууну бөлүп чыгарат. Эгер телефон жакын жерде болсо, ошол бөлүнүп чыккан нурларды дененин ткандары өзүнө сиңирип алат.

Азыркы кезде илимий чөйрөдө ушул радиациялык нурларлын берилүүсү “онкологиялык болушу мүмкүн” деп табылып, изилденип жатат. Бул нурданууну минималдаштыруу үчүн телефонду, же жок дегенде андагы Wi-Fiды өчүрүп коюу керек.

Смартфонду каптал жакта көтөрүп жүрүү нервденүүгө алып келет.

Эгер телефон сумкаңызда жүрсө, үнү жана вибрациясы өчүрүлбөгөн болсо деле, ага келген билдирүүлөрдү сөзсүз уга турган болсоңуз деле, аны улам-улам карай бересиз, бул адатка айланат.

Ушул эле нерсе уктап жатканда, жаныңызда телефон болсо, уйку арасында телефон текшерүүгө алып келет. Бул Сиздин ар дайым бир нерсеге даяр экениңизди, ошол нерсени күтүп жашап калган сезимге алып келет.

Мындай сезимди травма алгандан кийин стресс абалында жүргөндөрдөн кезиетирүүгө болот: адам өзүн ийненин учунда жүргөндөй сезет, бирок эмнеге андай болуп жатканын түшүндүрүп бере алышпайт.

Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн, врачтар уктар алдында 30 мүнөт гаджет колдонбоону сунушташат. Эгер, Сиздин күн сайын эле уйкуңуз канбай жүргөн болсо, анын себеби телефон менен түнкү “кучакташууларда” катылган.

Смартфондор уйкуну уурдашат.

Эстеп көрсөңүз, телефондун үнүн өчүргөндү унутуп калып, түн ичинде келген билдирүүлөрдөн жана телефондун жаңылануусунан канча жолу ойгондуңуз эле?


Сиз өзүңүздүн мээңизге керексиз маалыттарды толтургандан тышкары, “беш мүнөт өз баракчамда отуруп, анан уктасам эч нерсе болбойт” деген шылтоо менен интернетте жок дегенде жарым саат отурасыз. Муну менен Сиз өзүңүздүн организмиңиздин уйку үчүн деп бөлүнгөн убактысын уурдайсыз.
http://chabarman.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.