Halloween party ideas 2015

Аллах Тааланын элчиси Мухаммад  (с.а.в) озу улгу эле. Чындыгында, анын кылган ишинде зыян жок. Бардык кылган иши жакшылык болгон. Ар бир созунун озунчо жакшы мааниси болгон. Убай ибну Каъаб (р.а) айтты: ”Кундордун биринде Аллахтын элчиси (с.а.в) биз менен бирге танкы намазды окуп бутуп: ”Баланча намазга келдиби?”-деп сурады. ”Жок”-деп айтышты . ”А баланчачы?”-деп сурады. ”Жок”-деп айтышты. Ошондо ал : ”Чындыгында , бул эки намаз (багымдат менен куптан) - мунафыктар учун эн оор намаздар. Эгерде бул эки намазда кандай сооптор бар экендигин билгенинерде,анда ал экоосуно жормолоп болсо дагы келмексинер.”-деп айтты.”
(Имам Абу Дауд.)

Имам Муслимдин риваят кылган хадиси далил болот.
Усман ибну Аффан (р.а) айтты: ”Аллахтын элчиси (с.а.в) дын мындай деп айтканын уктум: ”Ким куптан намазын жамаат менен окуса,бул анын тун жарымына чейин намаз окуганына барабар. Ал эми ким танкы намазын жамаат менен окуса,бул анын туну менен намаз окуганына барабар.”
(Сахих Муслим.)

Мисвар ибну Махрама (р.а) айтты: ”Умарды сайып кеткенден кийинки туну , аны багымдатка ойготкону кирдим. Ошондо ал : ”Намазды таштаган адамдын Исламдан эч кандай улушу жок.”-деп айтты. Кийин багымдатты окуду. Ошондо анын жаратынан кан диркиреп агып турду.”
(аль-Муватта.)

Абу Хурайра (р.а) риваятынан , Аллахтын элчиси (с.а.в) айтты : ”Качан силерден биринер уктаганда, шайтан анын желкесине уч туйун туйот. Ар бир туйуну чечилбеши учун уруп: ”Тунун узун уктай бергин.”-дейт. Эгерде ал туруп Аллахты эстесе, бир туйун чечилет. Эгерде даарат алса , экинчи туйун чечилет. А эгерде намаз окуса учунчу туйун чечилет, ошентип ал уйкусунан сергек , жайдаары турат. А эгер мындай кылбаса , анда ал уйкусунан эч нерсени жактырбай,жалкоолонуп турат.”
(Сахих аль-Бухари.)

Абдулла ибну Масъуд (р.а) айтты : ”Арабыздан бироо Пайгамбарыбыз (с.а.в) дын козунчо бир адам тууралуу :”Ал туну уктап, тан атса да намазга турган жок.”-деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты : ”Ал адамдын кулагына шайтан заара кылып койгон.”
(Сахих аль-Бухари.)

Самура ибну Жундуб (р.а) риваят кылган узун хадисте, Пайгамбарыбыз (с.а.в) озу коргон тушуту сахаабаларга мындай деп айтып берди : ”Бугун туну  мага экоо келип: ”Кеттик”- дешти. Мен алар менен жонодум. Андан сон чалкасынан жаткан бир адамга келдик,анын устундо колунда таш кармаган башка бир адам туруптур. Ал жаткан адамдын башын таш менен урганда, башы жанчылып,таш четке тоголонуп кетти. Ал адам таштын артынан барып, аны кайра алып келгенче,жаткан адамдын балы мурдагы калыбына келип калды. Кийин ага кайтып кели, ага биринчи жолу кылганындай дагы кылды...” Хадистин аягында айтылган : ”Ал экоосу айтты : ”Жанагы сен жанына барган, балы таш менен жанчылган адам,ал Куран жаттап окубай таштап койгон жана фарз намаздарды окубай уктап калган адам. ”
(Сахих аль-Бухари.)

Жогоруда коп хадистер айтылгандай,
Жакшы амалда чексиз сооптор камтылгандай.
Эгерде биз , калтырбасак намаздарды,
Акыретте Жыргал жашоо жашынгандай!

Дааратты алып, намаз окуп, Аллахты эсте!
Уч туйунду кундо чечпей артка кетпе.
Тан саардан тура албай уйку тартса,
Пайгамбарым мында айткан хадисти эсте!

Чексиз шугур Жаратканга мусулманбыз,
Ин шаа Аллах намаздарды калтырбайбыз.
Жамаат менен намаз окуп тан саардан,
Уктап калбай, Аллах парзын аткарабыз.

Автор: Б. Ибрагимова

  👪 «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Отправить комментарий

Технологии Blogger.