Halloween party ideas 2015


Бисмиллахир рохмаанир рохиим!
Алхамду лиллаахи Роббил-Ааламиин!
Васаллаату васалааму 'алаа расулиллаах.

Бардык ааламдарды жараткан Кудурети чексиз Улуу Аллах Таалама Анын Өзүнүн тактысы болгон Аршынын салмагындай,Өзүнүн Сөзү болгон Ыйык Курандын мазмунундай жана Ал Өзү жараткан сансыз макулуктарынын санынан чексиз эсе көп болгон мактоолор жана шүкүрлөр болсун!

Бардык пайгамбарларга,өзгөчө пайгамбарлардын мөөрү болгон Мухаммад (алейхи саламга) анын үй -бүлөөсүнө,сахабаларына сансыз -чексиз саламдар жана садаватт
ар болсун!

 Аллахтын кереметтүү ысым -сыпаттары тууралуу сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллооху алейхи вассалам)мындай көптөгөн хадистерди калтырган:
«Ким Аллахтын 99 ысмын жатка билип,тез-тез кайталап жүрсө, ал сөзсүз Бейишке кирет».
«Темирдин даты,ал жерге сүрүлгөндө кандай тазаланса, Аллахтын ысымдарын кайталоо да биздин жүрөгүбүздү бардык жамандыктардан дал  ошондой тазалайт». (Куттуу хадистерден)

 🌹Эгерде  жүрөгүңдө Аллахка болгон шектенүү болсо..

✨1. Аллах.

«Аллахтын бул ысмы -Анын чыныгы Затын билдирип турган эң улуу ысмы.
 Кимде -ким ушул ысымды 1000 жолудан күн сайын кайталаса, анын жүрөгүндөгү (Аллахка) ширк кошуунун жана шектенүүлөрдүн бардык түрлөрү ыйманга жана чындыкка сөзсүз алмаштырылат.  Ошондой эле айыкпас.оорудан айыгуу үчүн ушул эле ысымды дуада.катары көп кайталоо заарыл».

🌹Эгерде сизде эс тутум начар,жүрөгүңүз катуу болсо.

2.✨Йа -Рохмаану.

«Өзү жаратка бардык, макулуктарга бул дүйнөдө эң Мээримдүү. Аллахтын бул кереметтүү ысмын ар бир намаздан кийин 100 жолу окуу-эске тутуу жөндөмүн жакшырышы жана жүрөктүн каттуулуктун жоюлушу,ошондой эле диний маселелерге кайдыгер болбош үчүн жетиштүү»..

🌹Эгерде сизге кыйынчылык келген болсо.

3✨Йа -Рахииму.

«Ырайымдуу. Акыретте ыймандуу адамдардын баарына ырайым кылуучу.
Кимде -ким Аллахтын ушул кереметтүү ысмын ар бир намаздан кийин 100окуп жүрсө,ал бардык кыйынчылыктардан кутулат»...

🌹Эгерде сиз каржы жактан эч кимге муктаж болбоюн десеңиз.

4✨Йа -Маалику.

«Бардык нерселердин Падышасы,Кыямат Күнүнүн Өкүмдары.
 Аллах Өзү жараткан макулуктарынын эч бирине эч кандай муктаж эмес,ошол эле учурда бардык нерселер Ага муктаж болуп турушат жана анын гана бийлигинде. Эгер бир кайсыл бир такыба адам Аллахтын бул кереметтүү ысмын түштөн кийин көп жолу кайталап жүрсө, ал каржылык жактан эч кимге муктаж көз карандысыз болуп калат»...

 🌹Эгерде сиздин жан дүйнөңүз руханий жактан кыйналып жатса,жашооңузда коркунуч абалдарга туш болсоңуз.

5.✨Йа -Куддусу.

«Ыйык кемчиликтерден Аруу.
 Кимде -ким Аллахтын ушул кереметтүү ысмын ар дайым кайталап жүрсө ,аны Аллах бардык руханий оорулардан куткарат. Ал эми коркунучтан кутулуу үчүн күн сайын Аллахтын ушул кереметтүү ысмын 100жолудан окуу талап кылынат»...

🌹Эгерде сиз кедейлик -жакырлыктан оолак болом десеңиз,оорулу болсоңуз.

6. ✨Йа -Салааму.

«Аманчылык,бейпилчилик тартуулоочу.
 Ким Аллахтын ушул кереметтүү ысмын көп жолудан окуп жүрсө,аны Аллах кедейлик -жакырчылыктан сактайт.
 А эгерде ушул ысымды 115 (же 160) жолу окуп, оорулуу адамга дем салса, анда Аллах Таала ал адамдын ден -соолугун кайтарып берет, ин ша Аллах! ».

 Уландысы бар ...

☝🏻Эскертүү! Мусулман бир тууганым жогорудагы дубалар кабыл болуусу үчүн шарттары бар.

1  Толук мусулман болуусу.

2. Ишеним менен үмүт кылып сөзсүз болот деген ой жүрөктө болуш керек.

3. Харамдан, күнөөлөрдөн алыс болуу ,ичкени, жегени, кийгени адал болуу керек.

👤 Насиба Абдуллаева,
👪 «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Отправить комментарий

Технологии Blogger.