Halloween party ideas 2015


Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүндө жайгашкан борбордук мечиттен бир адамдын телефонун уурдап кеткен жаран кармалды. Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын тургуну 38 жаштагы А.Б арыз менен кайрылып, белгисиз адам күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 4 миң сом турган “Самсунг-5830” уюлдук телефонун уурдап кеткенин кабарлаган. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде ”Бродяга” рейд учурунда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын тургуну 26 жаштагы А.К кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

http://www.maralfm.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.