Halloween party ideas 2015

Бүгүн, 15-апрель күнү Ош облустук мусулмандар казыятында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “Маданият жана Тарых” жылына карата дин кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу максатында “Улуттук маданият жана Дин” аталышындагы семинар өткөрүлдү. Семинарга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган Ош облустук жана Ош шаардык казыятынын кызматкерлери жана мечит имамдары катышышты. Семинарды Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КМДБнын фатва бөлүмүнүн кызматкери Данияр Мурадилов өтүп Ислам дининин баалуулуктары менен кыргыздын улуттук маданиятынын айкалыштарын түшүндүрдү. Анын айтымында маданият –бул диндин бир бөлүгү катары эсептелет. Себеби, диндин ичинде бардык баалуулуктар камтылгандыктан, маданият бул диндин ичиндеги өзгөчө орунда турган багыт катары жол көрсөтөт.  Мындан сырткары улуттук маданий баалуулуктарга байланышкан түшүнүктөрдүн диндеги мааниси кеңири талкууланып, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор берилди. Талкууда улуттун үрп-адаты, каада-салты Исламдын принциптерине дээрлик айкалышып, туура келген учурлар бар экендиги айтылды. Семинардын жыйынтыгында дин кызматкерлери коомчулукка диний идеологияны жайылтууда улуттук маданияттын баалуулуктарын диндин баалуулуктарына айкалыштырып, өзүнүн иш-аракетинде улуттун чечендик сүйлөө чеберчилигин пайдалануу сунушу берилди.

Эскерте кетсек, ушундай эле семинарлар кечээ Оштогу маасалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө да өткөрүлгөн болчу.

















Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

Отправить комментарий

Технологии Blogger.