Halloween party ideas 2015


Чоң атам менен жаргылчакка буудай тартып жатканбыз. Жаргылчакты айландыруу кезеги мага келген. Капыстан чоң атамдын көздөрүнө жаш толо түштү. Ал ыйлап жаткан болчу. Аны көрүп чыдай албай, эмнеге ыйлаганын сурадым.

«Сен али кичинесиң, түшүнбөйсүң» деди. Мен болбой көгөрүп туруп алдым. Чоң атам жооп берүүгө мажбур болду. «Бул жаргылчактын эмнелерди айтып жатканын билесиңби?» деп, кайра менден сурады. Мен болсо, жаргылчактын «сүйлөгөнүн» ушул убакка чейин билбегендиктен, кызыгуу менен чоң атамдын оозун карап калдым. Чоң атам оор улутунуп, «Ооба, жаргылчак сүйлөйт, балам, сүйлөгөндө да бизден так жана акылга сыйган, маанилүү нерселерди сүйлөйт. Бирок аны уга билген кулактын болушу абзел. Мына, ал ушул турушу менен минтет экен: «Эй, мени караган маңыроо адам! Көзүңдү чоң ачып, мени жакшылап кара. Себеби мен бул дүйнөнүн үлгүсүмүн. Мага коюлган буудайлар да ааламга келген адамдардай. Ошол буудайлар эки таштын ортосунда кандай эзилип отуруп ун болсо, адам баласы да ошентип асман менен жердин ортосунда түрдүү кыйынчылык, азап менен кыйналып, сыноодон өтүп бышат”. Кыскача айтканда, дүйнө, ар бир инсандын бешенесине жазылган өмүрү түгөнгөнчө мага окшоп, улам жаңысын майдалоо менен алектене ишин улай, бараар жерине узата берет» деп сөзүн бүтүргөн эле.

Насыпбек Асанбаев

Отправить комментарий

Технологии Blogger.