Halloween party ideas 2015


Умдатул Ахкаам деген китепте мындай хадис келген: «Пайгамбарыбыз алейхи салам айтты: 
«Кимде -ким дасторконго түшкөн ушактарды жесе,ал ар дайым мол ырыскы менен жашайт».
   Азирети Жабирдан (р.а.) риваят: «Пайгамбарыбыз алейхи салам айтты: 
«Эгер силердин бирөөңөрдүн жеп жаткан тамагы жерге түшүп кетсе, аны алып,ага жуккан кирди тазалап,ал тамакты жегиле жана аны шайтанга калтырбагыла! »(Бул хадисте айтылган амал текеберчиликти сындырат) .
    Бир хадисте келген: 
«Кимде ким тамак жеп жаткан учурда дасторконго түшкөн тамакты кайрадан алып жесе,ал түшкөн тамак бейиште хур кыздардын махыры (калыңы) болот жана Аллах Таала аны,үй -бүлөөсүн пес,жиндилик жана шал оорусунан сакайтат»(Канзул Ибаад) .
Дагы бир хадисте: 
«Тамактануудан мурда жана тамактангандан кийин колун сүннөт деп (түшүнүп) жууган адам.Аллахтын каалосу менен эч качан кедей болбойт».

Берекелүү дасторкон үчүн окулуучу дубалар.

 Төмөнкү жазылган дубаларды пайдалануу дасторкондун берекелүү болуусуна себеп:
«Роббанаа аатинаа фид дунйаа хасанатав уа фил аахироти хасанатав уа кинаа ъазаабан наар».
Мааниси: «Оо,биздин Робб! Бизге дүнүйө жана акыретте жакшылык бер жана бизди тозок отунан сакта! ».
«Робби зиднии ъилмаа».
Мааниси: «Оо Роббим! Менин илимимди көбөйткүн! ».
«Робби иннии лимаа аңзалта илаййа мин хойриң факиир».
Мааниси: «Оо,Роббим! Мен Сенин мага берген жакшылыгыңа муктажмын».
«Роббанаа аңзил ъалайнаа маа ' идатам минас самаа 'и такууну ланаа ъиидан лиав валинаа уа аахиринаа уа аайатам миңка.уарзукнаа уа аңта хойрур роозикиин».
Мааниси: «Оо,биздин Робб! Бизге амандан дастаркон түшүр! Ал бизден мурдакыларга жана бизден кийинкилерге сүйүнүч болсун жана Сенин кудуретиңдин белгиси болсун! Сен бизге ырыскы бер! Сен эң жакшы ырыскы Берүүчүсүң! ».
«Аллоохумма аслих лии диннийал лазии хува ъисмату амрин. Уа аслих лии ахиротийал латии фиихаа ма -ъаадии.  Уаж -ъалил хайаата зийаадатал лии фии кулли хойрин. Уаж -ъалил маута роохотал лии миң кулли шаррин».
Мааниси: «Оо,Аллах! Менин акымды сактаган динимди дурус кыл! Мен кайтып бара турган акыретимди дурус кыл! Ар бир жакшылыкта өсүүмө бул жашоону себеп кыл! Өлүмдү ар бир жамандыктан кутулуп ыракатка жетүүмө себеп кыл! ».

Дастаркон адеби

Динибиз дасторкондо отуруунун жана кандай жеп-ичүү керек экендигинин бир канча тартиптерин киргизип кеткен.
Ислам, мусулмандын жашоосунун ар бир минутасында адептүү, тартиптүү жана жумшак болуусун каалаган дин. Адептүү болуп жашоо адамдардын арасында сый-урматты жана сүйүнүчтү жаратат.
Күнүмдүк жашообузга байланыштуу Пайгамбарыбыздын риваят кылган хадистеринин көпчүлүгү тамак адеби тууралуу. Пайгамбарыбыз ар бир ишти кылаардан мурун «бисмилла» деп айтып баштоону жакшы көрөөр эле жана тамактануудан мурун колун жууну эч качан унутпайт эле.
Сахабалардан бири: 
«Эй Алланын элчиси! Тамак жеп-ичип жатабыз, бирок курсагыбыз тойбой жатат.» - деп сураганда, Пайгамбарыбыз: «Балким өзүнчө-өзүнчө жеп жатасыңар» дегенде «Ооба» деп жооп берет. Пайгамбарыбыз: «Чогуу жегиле, «Бисмилла» деп айткыла, тамагыңар берекелүү болот» - деп айткан (Абу Дауд, Имаара 20).
Тамактануу адебинде колго алына турган кээ бир жагдайлар төмөнкүлөр:
- Оозундагы тамакты жеп жатканда башка бирөө менен сүйлөшпөө;
- Башкалардын табитин буза турган иштерди жасабоо;
- Табакка бата тургандай эле тамак куйулуусу жана ысырапчылыктан алыс болуу;
- Ортого коюлуп чогуу жегенде өзүнүн алдынан гана алуу;
- Чүчкүргүсү келсе жана оозунан бир нерсе чыгара турган болсо башын сол жагына же болбосо оъ жагына буруусу;
- Тамактанып бүткөндөн кийин «Алхамду лиллаа» деп айтуу;
- Тамактангандан кийин сөзсүз колун жакшылап жуусу жана тишин щётка менен же болбосо мисвак менен тазалоосу керек.
Дубалар кабыл болсун бир тууганым !
Алакандар көккө көтөрүлүп,дубалар ,тилектер кабыл болсун. Дасторкондо тамак -аш мол кенен болуп,Аллахым берекесин төгүп турсун! Эл -журтта тынчттык өкүм сүрүп,жаштарда ыйман-инсап кетпес болсун. Ар бир үйдө кубаныч-курсанчылык ,ден -соолук,күлкү  болуп, Жаратканым, Ырайымын төгүп турсун! Ата -энебиз төрүбүздө дуба берип , балдарыбыз өнүп-өсүп келечекти улап жүрсүн. Аллах Таалам ар бир мусулман пендесинин ырыскысын кенен, мол ,берекелүү кылып берсин, Аллах Таалам одүнүйө бул дүнүйө азабынан сактап,Бейишиден насип этсин!  Омиин!
👪"Бактылуулук Формуласы ".

Отправить комментарий

Технологии Blogger.