Halloween party ideas 2015

Адистин айтымында, ар кайсы бурчта соода кылгандар мындай турсун, уруксаты бар сатуучуларды текшерүүгө алганда деле санитардык эрежелерди сактабагандар миңдеп саналат.
Көчөлөрдүн ар кайсы кесилиштеринде сатылган жүгөрү, вата, нан, манту сыяктуу азык-түлүктөрдөн гепатит вирусу сыяктуу коркунучтуу ооруларды жуктуруп алууга болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин балдар жана өспүрүмдөр бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова билдирди. 
Анын айтымында, ар кайсы бурчта туруп соода кылган адамдар эч бир жерде катталбагандыктан, продукциянын сапатына жооп беришпейт. 
"Ар кайсы бурчта кимдин эмне сатып жатканы бизге белгисиз. Себеби, мыйзам боюнча биз мамлекеттик ишканалар менен жеке ишкерлерди гана текшерүүгө ала алабыз", — дейт Кушубакова. 
Ал көчө бизнесин тартипке салуу мүмкүн эмес экенин кошумчалайт. Себеби, андай сатуучулар эки саат бир бурчта турса, кийин башка жерге барып соода кыла берет. Мындан улам бирөө жарым ууланып калса, сатуучунун мойнуна күнөө коюу кыйынчылык жаратарын белгилейт. 
Ал эми "БИОМ" экологиялык кыймылынын мүчөсү Анна Кириленко ар кайсы бурчта соода кылган жарандардын дени сак деген медициналык справкасы жок экенин айтат. 
"Мүмкүн сатуучу кургак учук же гепатит менен ооруйт. Аны эч ким билбейт да. Аларга көзөмөл жок болгондуктан кооптуулук абдан жогору. Мындан сырткары, азыктар эч кандай санитардык нормаларды сактабастан сатылып жатканын байкаса болот. Чаңдуу көчө кесилишиндеги азыктар ден соолукка коркунуч жаратат", — дейт Кириленко. 
Анын айтымында, чаң бул ар кандай микробдордун топтому болуп эсептелет. Мисалы, жердеги түкүрүктөр кургаганда чаң менен кошо абага көтөрүлүп, бети жабылбаган азыктарга орноп калат. 
Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаев башаламан соодага туура эмес түзүлгөн система дагы түрткү берип жатканын айтат. 
"Мурда биздин уруксатыбызды алмайынча азык-түлүк сатууга эч кимге уруксат берилчү эмес. Азыр болсо ар бир райондук администрация өзү эле чечип калды. Аларда атайын азык-түлүк боюнча адистер жок. Ошентсе да, ижарасын төлөп койсо эле, уруксат бере беришет. Анан жүктүн бардыгы биздин мойнубузга жүктөлүп калып жатат", — дейт Базарбаев. 
Ал билдиргендей, ар кайсы бурчта соода кылгандар мындай турсун, уруксаты бар сатуучуларды текшерүүгө алганда деле санитардык эрежелерди сактабагандар миңдеп саналат. 
"Бир жылда эле 3-4 миң объектилер жабылып турат. Ошого карабастан, кайрадан эле ачып алып жатышат. Ош базарында 50дөн ашык менчик бөлүктөр бар. Ал жактан мыйзам бузуучуларды аныктоо өтө кыйын. Себеби, "биз ижарада отурабыз, ээси башка" деп коюшат. Анан анын ээсин таппай жүдөйбүз", — дейт Базарбаев. 
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы попкорн менен таттуу вата саткан айымга кайрылып, бир нече суроо узатканда ал жөн гана сатуучу экенин айтты.
"Мэрияданбы, айтор, текшерүүчүлөр келип кубалашат. Бирок, аны менен менин башым деле оорубайт. Мен жөн гана сатуучумун. Бул жердин ээси текшерүүчүлөр менен сүйлөшүп, көйгөйдү өзү чечип коет. Буга чейин башка жакта отурчумун, бүгүн бул жерге көчүп келдик", — дейт атын атагысы келбеген сатуучу.
Ал сатып жаткан таттуу ватасы башкалардыкына салыштырмалуу сапаттуу экенин белгиледи
"Шефим булар германиялык таттуу ваталар деп айтты. Өңү чыкпайт экен. Башкалар кызыл-тазыл ваталарды сатып жатпайбы, алардын өңү чыгып кетет", — дейт сатуучу. 
Биринчи Май райондук акимиатынын экономика жана финансы бөлүмүнүн адиси Эмил Курманалиев ар кайсы бурчта соода кылгандардын арасында жаштардын саны көбөйүп жатканын белгилейт.
"Башаламан, уруксаты жок соода кылгандардын саны өтө эле арбын. Алардын арасында жаштардын саны өсүп жатат. Көпчүлүгү тоок этин сатышат. Аларды кайдан алып келип жатканы белгисиз. Биз текшерүүгө барганда азыктарын жыйнап алып, бурчтарга бекинип калышат. Кетип калсак, кайра эле соодаларын баштайт", — дейт Курманалиев. 
Анын айтымында, базардан кетпей мыйзам бузуучуларды кечке кайтаруу мүмкүн эмес. 
Бул көйгөй боюнча Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жанар Акаев өз пикирин билдирди. 
"Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик борбору ар кайсы бурчта туруп азыктарды саткандарды көзөмөлдөөгө ыйгарым укугу жок экенин, анын айынан көйгөй жаралып жатканын билип туруп эмнеге Жогорку Кеңешке кайрылбайт? Өнүккөн өлкөлөрдө Жогорку Кеңеш мыйзам жазбайт. Алар өкмөт сунуштаган мыйзамдарды талкуулап, бекитип берет. Биздегилер болсо унчукпай отура беришет", — дейт Акаев.
Ал жалпы элдин саламаттыгы үчүн башаламан соодага тыюу салуу керек экенин билдирип, бул көйгөйдү парламентте талкуулоо зарылдыгы бар экенин кошумчалады. 

Отправить комментарий

Технологии Blogger.