Halloween party ideas 2015


Суроо: Үй-бүлөм бар, бир балам бар. Аялым динине ылайык кийинет, жоолук салынат жана намазын окуйт. Бирок, эне-атам аялымды эч жактырышпайт, аны урушуп акаарат кылышат. Мен дагы аялыма эне-атам менен тил табышып жакшы мамиледе бол деп айтам, эне-атамды капалуу көргөндө аялыма ачууланып урушуп, кол көтөрүп да жибердим. Карасам бул абал оңолчудай эмес, акыры аялымды балам менен бирге эне-атасынын үйүнө алып барып таштадым. Кандай кылуумду сунуш кыласыз?

ЖООП
Жоолук салынган, динине ылайык кийинген аял чоң жакшылык. Жакшылыктын кадырын билбесеңиз колуңуздан чыгат. Келин-кайнене маселеси бүгүн эле болуп жаткан көрүнүш эмес. Үйлөрдүн өзүнчө болуусу муну чечүүнүн бир жолу болушу мүмкүн. Эгер келин-кайнене урушуп жаткан болсо эч көрүштүрбөй койуу орундуу болот.
Эне-атанын каалоосу менен аялын урууга же таштап салууга болбойт. Кылган ишиңиз өтө жаман жана жаңылыш. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) буюрууда:
«Аялыңарга кыйынчылык тарттырбагыла! Алар Аллаху тааланын силерге аманаты. Аларга карата жумшак болгула, жакшылык кылгыла!» [Муслим]
«Акысыз түрдө аялын ургандын Кыяматта доочусу мен боломун. Аялын урган Аллах жана Расулуна каршы келген болот.» [Р.Насыхин]
«Мусулмандардын ыйман жагынан эң үстөмү ахлагы эң жакшы болгону, аялына эң жакшы, эң мээримдүү мамиле кылганы.» [Тирмизи]
«Мусулмандардын эң жакшысы, эң пайдалуусу аялына эң пайдалуу болгону. Силердин араңарда аялына карата эң жакшы, эң кайырлуу, эң пайдалуу болгон менмин.» [Несаи]
«Аялына күлүмсүрөп караган эркектин дептерине бир кул азат кылгандай сооп жазылат.» [Р.Насыхин]
Үйгө келгенде аялга салам берип, ал ахвалын сураш керек, кайгы жана кубанычын тең бөлүшүш керек. Себеби, ал башкалардан үмүтсүз өмүрлүк жары жана бир гана өзүнө боор баскан досу, дартына орток, көңүлүн көтөрүүчү, балдарын багып өстүрүүчү жана түрдүү муктаждыктарын камсыздоочусу болуп саналат. Аяти карималарда мындай мааниде буюрулган:
«Жакшы аялдар Аллахка баш ийишет жана күйөөлөрүнүн акыларына көз салышат. Күйөөлөрү жок кезде алардын намыстарын жана мал-мүлкүн Аллахтын жардамы менен коргошот.» [Ниса 34]
Эркек киши кемчиликти алгач дайыма өзүнөн издеши керек, «Мен жакшы болгонумда ал мындай болмок эмес» деп ойлонуусу керек. Аялынын жакшылыгын, уятын Аллаху тааланын чоң ниматы деп билүүсү керек. Анын жаман мүнөзү чыгып кала турган болсо жакшылык менен мамиле кылуусу керек, жакшылыгы көбөйүп, ар ишин ырахаттануу менен аткарганда ага кайырлуу дуба кылып Аллаху таалага шүгүр кылуусу керек. Себеби, өмүрдө ылайык аял өтө чоң жакшылык. Жакшы мамиле кылуу бул бир гана аялын таарынтпоо эмес. Андан келе турчу кыйынчыылктарга да чыдоо болуп саналат. Хадиси шарифте айтылган:
«Аялынын жаман мүнөздөрүнө чыдаган эркек балээлерге сабыр кылган Хазрети Аййуб сыяктуу сыйлыктарга жетет.» [И. Газали]
Жакшы мусулман болуш үчүн жубайы менен жакшы мамиледе болуу шарт. Курани каримде: «Алар менен жакшы мамиледе болгула!» - деген мааниде буюрулган. (Ниса 19)
Суроо: Эне-атанын сексен акысы тууралуу жазуудан кийин иштерибиз чиймеленишти. Күйөөм апасын биздин жаныбызга алгысы келип жатат. Үйүбүз бир болуп турганда тил табыша алчу эмес элек. Азыр эми уябыз дагы бузулат. Улам талашып-тартыша берүүдөн мектепте окуган балабыздын нерви бузулду, депрессияга кирди. Күйөөмдүн жана апасынын ден-соолугу жана материалдык абалы жакшы. Мурда жашаган үйүндө турса болот. Ошого карабастан бизге келип кайрадан тынчыбызды алууга акысы барбы?
ЖООП
Күйөөңүздүн ал-жагдайы жакшы болгондугуна караганда апасын өз жанына алуусунда зарылдык жок. Канча жолу жазылып келет, келин кайнене менен бирге бир үйдө жашоого мажбурланбашы керек. Мажбурланган кезде үйдө тынчтык кетет. Акылы бар эркек үйүндө чыр чыгарбайт. Мындай абалда динине каршы болбой тургудай бир чара табат.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.