Halloween party ideas 2015

☝Суроо:  Орозодо ийне сайдырса болобу? Ооз ачылбайбы?

Жооп: Орозодо ийне сайдыруу орозону бузбайт. Анткени ийне аркылуу кирип жаткан суюктук, адаттагы азык кирүүчү жол (ооз, мурун, кулак, арткы аврет) менен эмес, андан башка жер аркылуу кирип жатат. Ошондой эле кирип барган жери да адаттагы азык кирүүчү жай (кекиртек, ашказан, ичегилер) эмес, этибарга алына турган көңдөй болбогондуктан, ийне менен берилген дарыга ооз ачылбайт.
Жооп:
Ийне сайса орозо бузбайт деген аалымдардын көч башында Мухаммад Саьиид Рамазан Буутий турат.
Кээ бир аалымдар курамында “глюкоза” болсо ооз ачылып калат дешет. А бирок, ага маани берүүнүн кажети жок.

☝Суроо: Орозодо сууга ,бассейинге түшсө,гусул кылса болотбу?

Жооп: Сууга,бассейинге түшсө болот салкындоо максатта ,этият кылып кулак мурунга суу киргизбөө керек. Гусул алса да болот оозду мурунду чайкаганда этият кылып.

☝Суроо: Орозодо тишти тиш паста мененен жуусу болотбу,мисвак менен тазаласа болобу?

Жооп:  Тиш пастасы менен жууса болот,бирок даамы кетип калчуудай болсо ооз ачылып калат ошондуктан макрүх.  Ошол үчүн ооз жапканда,ооз ачканда жууп койсоңуз жетишээрлик болот.
Мисвак менен тишти жуу,ал суулу болсо да,сууланган болсо да,түштөн мурун,түштөн кийин болсо да макрүх эмес.
Себеби: Мисвак ооздун жытын кетирип,ал орозо кармаган адамдын оозун жытын Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана ырайымы болсун) мактаган: "Орозо кармаган адамдын оозунун жыты Аллах Тааланын астында мисктин жытынан да жакшыраак болот ".
Эскертүү мисвак менен тазалаганда да абайлаш керек тиштеги калып кеткен тамак калдыктарын жутуп албоо керек орозо бузулуп калуусу мүмкүн..

☝Суроо:  Орозодо жыттуу нерселерди себинсе,жыттаса,жүзүнө,колуна крем,косметикалык каражаттарды колдонсо,ооруган жерлерге мазь,май сүйкөсө орозо бузулабы?

Жооп: Атыр себинсе, жыттаса,кремдерди колдонсо ,мазь,май сүйкөсө орозо бузулбайт.

☝Суроо: Орозодо жаш балдарды,тууган,эже апаларды өбсө,күйөсү аялы өбүшсө орозо бузулабы?

Жооп: Жаш балдарды, тууган апа эжелерди жүзүнөн сүйүп өбүп койсо орозо бузулбайт.
А жубайлар ортосунда  кызыгуу шахваттар козголуп кетчүү болсо макрүх болот. Эгер өздөрүнө ишенсе боло берет. Оозмо ооз өбүшү орозону бузат.

☝Суроо: Орозодо тамакты даамдаш,даарат эмес башка убакта оозду ,мурунду чайкаса,сагыз чайнаса орозо бузулабы?

Жооп:  Макрүх болот. Макрух шариятта жактырылбаган иш орозонун соопторунан куру калуу дегендик. А макрүх убакта абайлабаса орозо бузулуп калат.. Тамактын даамын татуу нафил орозо учурунда болот,а парз орозодо болбойт.

☝Суроо: Орозодо тиши канаса,шилекейин жутса,мурду канаса,тиш арасында калган калдыктарды жутса орозо бузулабы?

Жооп: Шилекейин жутса,түкүрсө бузулбайт.Түкүрүктү оозуна жыйып жутса макрүх болот.
Тиши канса,тиш жулдурса,мурун канса канды жутпаса орозо бузулбайт.
Көңүлү бузулуп башы айланып куса турган болсо ,кусканда ооз толо кусуп кайра  жутуп алса орозосу бузулат. А кусканда кусунду артка өзү кайтып кетсе орозосу бузулбайт.
Тиш арасында калган калдыктар нокоттон чоң болсо жутуп алса орозосу бузулат.Оозуна кар, жамгыр кирип кетсе,жутуп алса бузулат.

☝Суроо: Орозодо көзгө, мурунга,кулакка,аялдар, эркектер алдыңкы жынысына даары тамызса орозо бузулабы?

Жооп: Көзгө даары тамызса орозо бузулбайт.
Кулакка,мурунга,аялдар,эркектер жыныстыгына
даары тамызса ички тарапка өтүп кетсе орозо бузулат.

☝Суроо: Боюнда бар аял,эмчек эмизген аял орозо кармаса болобу?

Жооп: Боюнда бар аял орозо кармап,баласына коркунуч болсо,же бала эмизген аял өзүнө, баласына коркунуч болсо, сүтү азайып кетсе орозо кармабайт.Врачтын кеңеши  менен кармоо керек. А  кийин казасын кармап берет.

☝Суроо: Тамеки,насвай орозону бузабы?

Жооп:  Бузат анткени тамеки тартканда түтүн ички органга кирет,а түтүн орозону бузат.
Түтүн десе от жакканда же кандайдыр себептен түтүн оозго мурунга кирип кетсе орозо бузулбайт. Анткени атйлап жутулган жок кокустан болгону үчүн.
Насвай чеккенде бул оозго даам берет,жана адам кайф болуп өзгөрүү порссеси жүрөт организимде ошон үчүн бузат. Бул тамаки,насвай шариятта маркрүх тахримий болуп эсептелет.  Бул дегени арамга жакыныраак.
Бир жылда бир келүүчү ыйык орозо айыбызды мындай жагымсыз нерселер менен булгабасак жакшы болоор..

☝ Суроо: Орозодо анализ тапшырса болобу?

Жооп: Доктор Рамазан Бути деген улуу аалым "ийненин бардыгы бузбайт" деп айткан. Албетте, ар кандай анализ тапшырууга жана ийне сайдырууга болот. Кандан анализ берүүдө да чочулоо керек эмес. Кан тапшырса, кан алдырса ооз ачылып калат дегендикке жатпайт. "Хохна" деген араб сөзүнөн которгондо ийне дегенди туюнтуп калган. Анын бир мааниси боюнча клизма кылууга болбойт. Ушул эки нерсени айрып түшүнүүдө айрым чала сабат молдокелердин айтуусу боюнча адамдар жаңылып калып жатышат. Дары-дармек же ар кандай майларды сүйкөнө берсе болот. Бир гана ооздун, кулактын, мурундун ичине дары киргизүүгө жол берилбейт. Негизи ачка жүргөн организм күчтүү ийнени жакшы көтөрө албайт. Ошондуктан мүмкүн болушунча ийне албаганга же кечинде алганга аракет кылуу( дурус.

☝Суроо: Этек кири келгенде орозо кармоо керекби?

Жооп: Жок, намаз окубаган сыяктуу эле орозо да келген күндөн баштап таза болгон күнгө чейин оозу ачык болот. Таза болгондон кийин гусул алып кармай берет. Качан күн келген болсо ошончо күн казасын кармап берет.

☝Орозо кармагандар үчүн күмүш сырга болсун! Башкаларга таркатууну да унутпаңыз, кээ бир туугандарыбыз суроолоруна жооп таппай жүрүшү мүмкүн себепчи болуп калыңыз!

"Муктасар "китебинин,Чубак устаздын өкүмдөрү негизинде даярдалды ...

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

"Бактыңыздын багыты бизге катталууну унутпаңыз! "..

Одноклассники: http://ok.ru/formulasy

Facebook: http://facebook.com/formulasy

Вконтакте : http://vk.com/formulasy

Instagram : http://instagram.com/formulasy

Блог : http://formulasy.blogspot.com/

Twitter : http://twitter.com/formulasy

Google+ : http://plus.google.com/+formulakg

 YouTube: http://www.youtube.com/formulakg

WhatApp :‪ +996 773 882 303‬
‪+996 773 460 482‬
‪ +996 700 334 493‬

Отправить комментарий

  1. Орозо кармаган киши колун кесип алса орозо бузулабы

    ОтветитьУдалить

Технологии Blogger.