Halloween party ideas 2015

МИҢ АЙДАН АРТЫК БОЛГОН - КАДЫР ТҮН

Ыйык Рамазан айынын береке чачкан артыкчылыктарынын бири – Кадыр түн. Бул улуу түн тууралуу маалыматтар сизге берекесин гана берет деп ишенебиз.

Аллах Таала айткан: 
«Кадыр түн – миң айдан да артык (түн)».
Пайгамбарыбыз Мухаммед (с. а. в.) мындай деген:
«Кадыр кечесин ыйман менен соопко үмүт кылып өткөргөн адамдын күнөөлөрү кечирилет».

ЭМНЕ ҮЧҮН БУЛ ТҮН КАДЫР ТҮН?

Бул түндүн Кадыр түн деп аталышынын себептери туурасында аалымдар арасында ар кандай ой-пикирлер айтылган.

1. Кадыр түн деп аталышынын себептеринин бири - Аллах Таала бул түнү жыл бою болуучу бардык иш-аракеттерди тагдыр кылат. Мисалы, ушул жылы кимге канча ырыскы берилери, кимдин ажалы жетип бул дүйнөдөн өтөрү сыяктуу иш-аракеттер жазылат.

2. “Кадыр” деген сөз “кадыр-барктуу”, “шарапаттуу”, “бийик даражалуу” дегенди билдирет. Мисалы, баланча кадыр-барктуу же кадырлуу адам деген сыяктуу.

3. Бул түндү тоскон адам буга чейин жетпеген улуу даражага жетет. Ошондой эле бул түн ал адамдын Аллахтын алдындагы кадыр-баркын да көтөрөт.

4. Бул түндө кылынган ибадат бийик даражага ээ. Аллах Таала: «Кадыр түн – миң айдан да артык (түн) деген.

Кадыр түндүн артыкчылыгы тууралуу Алла Таала мындай дейт:
" لَيْلَةُ الْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ" سورة القدر (٣).
"Кадыр түн, миң айдан да артыгыраак", Кадр сүрөсү 3 чү аят.
Миң ай, 83 жыл төрт айга барабар. Куранды чечмелеген аалымдар, Кадыр түндө кылынган ибадат, кадыр түнү жок миң ай ибадат кылгандан жакшы деп айтышкан. Адам баласынын өмүрү, орточо эсепти алганда 60 менен 70 жылдын ортосу. Ал тууралуу Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам) мындай дейт: "Менин үммөтүмдүн жашы, алтымыш менен жетимиштин ортосу". 

Адам баласынын ибадатсыз өткөзгөн убактысын эсептеп көрсөк, төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болот: 
15 жылга жакын өмүр, бойго жете элек болгондугу үчүн, ибадаттар парз болбой өтөт. 20 жылга жакын өмүр уйку менен өтөт, анткени адам баласы күнүнүн үчтөн бирин (8 саатын) уктап өткөрөт. Бул, алтымыш жылдык өмүрүнүн үчтөн бирин уйку менен өткөздү деген сөз. 20 жылга жакын өмүр жумуш менен өтөт, орточо эсеп менен алып карасак, бир күндүк жумуш сааты сегиз саатка созулат. Бул өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгү дегени. 2 жылдык өмүр, тамак-аш жеп, суусундук ичип, кажетин бүтүрүү же кийим кийүү жана башка нерселер менен өтөт. Орточо жашаган адамдын өмүрүн алып карасак, үч жылдын тегерендеги өмүрү гана калат.

Ушул калган үч жылдын канчасы ибадат менен өтөт?, биз кайсы ибадатты аткарып, анын себебинен кыяматта жеңишке жетсек болот?. Бизге берилген чоң артыкчылык бар, ал - Кадыр түн. Ал түндө аткарылган ибадаттын сообу, Кадыр түнү жок миң ай кылынган ибадаттын сообунан көбүрөөк болот. Бул түндө ибадат кылбай, анын соопторунан куру калуу, эң чоң зыянга учуроого барабар. 

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: 
“Чындыгында силерге бул (Рамазан) айы кирип келди, ал айда миң айдан артык болгон бир түн бар, ким ал түндү өткөрүп жиберсе, анда ал бардык жакшылыктардан куру калган болот”.
5. Кадыр түн деп аталышынын себептеринин бири – Аллах Таала бул түндө Куранды түшүргөн. Бул туурасында Аллах Таала Куранда мындай деп айткан: 
«Чындыгында Биз (Куранды) берекелүү түндө түшүрдүк». «Чындыгында Биз (Куранды) Кадыр түндө түшүрдүк».
6. Бул түн – өкүм, буйрук кылынуучу түн. Мужахид (рахимахуллах) айтты: 
«Кадыр түн – өкүм, буйрук түнү» (“Тафсир ат-Табари”).

КАДЫР ТҮН КАНДАЙ ТОСУЛУУСУ КЕРЕК?

Түндү ибадаттын бардык түрлөрү менен тосуу керек. Себеби ушул түнү бир жылдык тагдыр чечилет.
– Намаз окуу, анын ичинен таравихке катышуу
– Зикир чалуу
– Алладан кечирим суроо, тобо кылуу
– Куран окуу
– Көп-көп дуба кылып тилек айтуу

КАДЫР ТҮНДӨ ОКУЛУУЧУ ДУБА

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ بُرَيْدَةَ، عَنْ عَائِشَةَ، أَنَّهَا قَالَتْ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَرَأَيْتَ إِنْ وَافَقْتُ لَيْلَةَ الْقَدْرِ مَا أَدْعُو؟ قَالَ: " تَقُولِينَ: اللَّهُمَّ إِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ فَاعْفُ عَنِّي "
Айша энебиз айтат, мен: "Оо, Алланын элчиси! Эгерде мен Кадыр түнгө туш келип калсам, эмне деп дуба кылайын? - деп сурадым. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): "Аллохумма иннака ъафуввун, тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии" - "Оо, жараткан Алла! Сен кечирим ээсисин, кечиргенди жакшы көрөсүн, менин күнөөлөрүмдү кечиргин" - деп дуба кыл деди.
Жалпыңыздардын Кадыр түнүңүздөр кут болсун. Жараткан Алла Таала мекенибизге тынчтык, биримдик жана бакубат жашоону насип кылсын!

Урматыбыз менен “Formula.KG” – Маалыматтык Маданий-Рухий агартуучу порталы


Отправить комментарий

Технологии Blogger.