Halloween party ideas 2015

✍ Кайсы эле нерсе болбосун анын кадырына жетсең,ийгилиги,жакшылыгы сөзсүз болот. Кече эле орозону чыдамсыздык менен  күтүп жаттык эле. Мына бүгүн көбү кетип азы калды ,орозо кармап, ибадаттар менен өткөргөн,ырайым жана береке мезгили болгон Рамазан айынын кадырлуу,кадырына жете турган ,күндөрдүн, түндөрдүн пазилеттүүсү,улуусу  ,рамазандын акыркы он күнү болгон «Миң айдан,дагы берекелүү»делген кадыр кечеси жакындап босогобузду каккылап келип калды!
Бул тууралу Аллах Таалам: «Акыйкатта,Биз кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңерби? Кадыр түн -миң айдан да артыгыраак. (Ал түндө) Аллахтын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жерге түшүшөт. Ал таң атканча тынчтык -амандык»(Кадыр сүрөсү; 1-5аяттар)

    Берекелүү айдын берекеси катылган кадыр кечесин күндөрдүн он күнөнөн издөө керек. Эгерде бизге бир кыйын жерде ,чөлдө,тоодо катылган байлык,же алтын бар ким он күн ичинде таап алса ошонуку деп жарыяласа. Эмне кылмаксыз күнү,түнү бардык жумушту таштап издеп жөнөмөксүз, жамгырына,карына,суугуна,ыссыгына карабай,анткени ал байлык бир келген мүмкүнчүлүк,пайдаланып байып ,абройлуу кемиксиз инсан болуп алыш үчүн.   Эми ушул кадыр кечесин ушундай байлык деп элестетиң,ал сизди бул дүйнө эле эмес акыретиңизге да камдап ала турган Бейиштин ачкычын сатып алам деп , бул чындык ин ша Аллах! Аллах Таалам кааласа эч нерсе эмес, Анын байлыгы кемибейт да,азайбайт да ошол күндөрүнөн насип этсин!

Бул түн аманчылык жана ишенимдин бардык тарапка жайылган,асмандын эшиктери ачылган,дуба жана тообалар кабыл болгон куттуу түн болуп эсептелет. Биз бул түнү өзүбүздү жакшы жолго баштоо,жашообузду туура жолго багыттоо мүмкүнчүлүгүнөн туура пайдаланып,убакытты өзүбүз үчүн,үй -бүлөөбүз үчүн жана бардык адамзат үчүн дуба кылуу менен өткөрүшүбүз өтө пайдалуу.

Куттуу хадис: «Кадыр түндү,анын ыйыктыгына,пазилетине ишенип,сообун жалгыз Аллахтан гана күтүп,ибадат менен өткөргөн кишинин (пенде акысынан башка) бардык күнөөлөрү кечирилет »(Бухари, Муслим)

Пазилеттүү амалдарды кылууга ашыгуу жана үммөтүн да ага кызыктыруу - пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллам)дын адаты эле. Алланын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бир амалды кылууга кызыктырса, өзү ошол нерседе үлгү болоор эле. Айша рахияллаху анха айтты: «Алланын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) акыркы он күндө башка учурда болуп көрбөгөндөй ибадаттарга бекем болоор эле» (Муслим).

 Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бул түндөрдүн баарында Куран окуу, намаз окуу, зикир жана этикаф сыяктуу түрдүү ибадаттар менен алек болчу. Өзү гана алек болбостон кол астыдагыларды да ага буйруйт эле. Айша радияллаху анха риваят кылат: «Пайгамабар (саллаллаху алейхи уа саллам) акыркы он күндүк киргенде, ыштанын (ычкырын) бекем байлап, (т.а. аялдарына жакындабайт эле) түнүн уктабай өткөрчү жана үй-бүлөөсүн ойготот эле» (Бухарий жана Муслим)

Бүгүнкү күндө кээ бир адамдар Кадыр түнүн өткөрүү үчүн үйлөргө топтолуп, түрдүү тамактарды даярдап, дасторкон үстүндө түнү бою аркы-беркини кобурашып, каткырып күлүп  отурушат. Таң атканда өз ойлорунда биз кадыр түндө уктабадык, биздин күнөөлөрүбүз да кечирилди деп, үй-үйлөрүнө таркап кетишет. Алардын кадыр түнү менен пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын Кадыр түнү ортосунда асман менен  жердей айырма бар.

Айша (радияллааху анха) пайгамбардан (саллаллаху алейхи ва саллам) сурады:

-      «Эгер түндүн кадыр түнү экенин билип калсам, эмне деп дуа кылайын?»
-      Айтты: «Оо, Аллахым! Сен Кечиримдүүсүң! Кечиргенди жакшы көрөсүң. Мени(н күнөөлөрүмдү) кечир көр! – деп айткын». (Ахмад жана Тирмизий).

Бул улуу түндөрдүн баркын билип, жогоруда айтылган дуаны кайра-кайра кылууга ашыгалы. Ар бир адам убагын туура жана үнөмдүү пайдалануусу зарыл. Түндү тажабай өткөрүү үчүн түрдүү ибадаттар менен алек болгон жакшы. Мисалы: Алгач намаз окуу, чарчаганда, отуруп куран окуу, анан кол көтөрүп Жаратканга жалбарып дуа кылуу. Мына ушул тартипте кайра-кайра кайталаса да болот. Негизгиси убакытты пайдасыз өткөрбөө.

Кадыр түнүн айдын ушул түнү деп эч ким кескин айта албайт. Анткени, адамдар көбүрөөк ибадатта болуусу жана аны табууга тырышуулары үчүн Аллах Таала аны акыркы он күнгө жашырып койгон. Алланын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Кадыр түнүн акыркы он күндүн так түндөрүнөн издегиле» (Бухарий).

Шейхул Ислам рахимахулло айтты: «Өткөн так күндөрдүн этибары менен болушу мүмкүн. Ал учурда кадыр түнү 21-,23-,25-,27- жана 29- түндөрдөн изделет. Калган так күндөрдүн этибары менен да болушу мүмкүн. Ал жөнүндө Алланын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деген: «Аны калган тогузунчу түндөн, калган жетинчи түндөн, калган бешинчи түндөн издегиле» (Бухарий). Ушуга караганда эгер ай 30 күн болсо, ал түндөр жуп түндөрдөн болот. Тактап айтканда, 22- калган тогузунчу, 24- калган жетинчи мына ушундайча. Абу саид ал-Худрий радияллааху анху аны сахих хадисте минтип түшүндүргөн. Эгер ай 29 күн болсо, жогоруда айтканыбыздай болот. Тактап айтканда, өткөн күндөр этибары менен да, калган күндөр этибары менен да так түндөр ошол түнгө туура келет.

Демек, ыймандуу адам Кадыр түнүн акыркы он күндүн баарында издеши лаазым. Ага Алланын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) төмөнкү хадисте ишарат кылган: «Аны акыркы он күндөн издегиле» (Бухарий)

Кадыр түнү акыркы жети түндө болуп калышы көбүрөөк ыктымал, ага Абдулла ибн Умар радияллааху анхуманын хадиси далалат кылат: «Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын сахабаларынан бир канчасы түштөрүндө Кадыр түнүн акыркы жети түндө экендигин көрүшкөн. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) : «Мен силердин түшүңөрдүн акыркы жети түнгө туура келгенин көрдүм. Ким Кадыр түнүн издөөнү кааласа, акыркы жети түндө издесин» деген.

Имам Муслим риваят кылган хадисте: «Аны акыркы он күндөн издегиле, эгер силердин бирөөңөр алсыздык кылса же алсыз болсо, калган жети түндө (уйкуга) жеңилип калбасын».

Акыркы жети түндүн так түндөрүнүн ыктымалга жакыныраагы 27- түн. Ага Убай ибн Каъб радияллаху анхунун хадиси далил болот: «Аллага ант ичип айтамын, мен Аллахтын элчиси бизди турууга буюрган түн кайсы түн экенин билемин. Ал 27- түн» (Муслим). Андан сиз аны кантип билдиңиз? - деп сурашты. Ал: Алланын элчиси кабар берген белги менен, деди. «Кадыр түнүнүн таңында күн чыкканда анын нуру болбойт, көтөрүлгөнчө кудум дагарадай болуп турат» деген. Бул кабар сахих болсо да, мусулман адам жалкоолонбой Кадыр түнүн табуу үчүн катуу тарышышы лаазым. Жогоруда айтканыбыздай Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) акыркы он күндүн түндөрүн ибадат менен өткөрүп, үй-бүлөөсүн да ойготоор эле. Али жана Фатима радияллаху анхумалардын эшиктерин каккылап, «Туруп намаз окубайсыңарбы!» дечү. Анан ыймандуулардын энелеринин [1] бөлмөлөрүнө бет алып: «Бөлмө ээлерин ойготкула, бул дүйнөдө канча-канча кийимдер бар, Кыямат күнү жылаңач калышат» дээр эле. (Бухарий)

 
: Аллах Таалам ыйык айдын улуусу  кадырлуу болгон коногу кадыр кечесинен,берекесинен,соопторунан үмүт кылган, бардык мусулман туугандардын, окуган куран,намаздарын,тарткан зикир,салаваттарын, сураган тилектерин,дубаларын кабыл кылсын Оомиийн!

Насиба Абдуллаева.
➖➖➖➖➖➖➖
‍‍‍Бактылуулук Формуласы ".

Отправить комментарий

Технологии Blogger.