Halloween party ideas 2015

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
Ошентип, көптөн күткөн китеп жарык көрдү. Бул учур мен үчүн өтө маанилүү болду. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын өмүр баяны  чындыгында бүгүн бизге жетпей жаткан үлгүлөрдүн төрөсү. Анткени Ислам динин туура түшүнүү пайгамбарыбыздын асыл сыпаттары, мүнөзү, дин таратуудагы күжүрмөндүгүн үйрөнүү менен ишке ашат. Антпесе ар ким өз алдынча жоромолдогон дин таратуу кыймылы чынында бир чети чектен ашса, экинчи чети коомдо ыдыроолорду пайда кылуусу ыктымал.
Бул эмгек акыркы беш жыл ичинде таалыкпаган мээнеттин натыйжасында жарыкка чыкты. Албетте, азыр деле кемчиликтери, айтылбай, же толук камтылбай калган жерлери, грамматикалык каталар дагы деле табылууда. Ошого карабай бул китеп пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын өмүр таржымалын түшүнүүдө жана аны башкаларга түшүндүрүүдө колго алаарлык эмгектерден болгону аны барактаган адамга дароо байкалат.
Китептин негизги өзгөчөлүктөрү:
  • китеп илгерки классикалык булактардын негизинде иштелип чыкты;
  • окуялардын дээрлик баары карталар, архивдик сүрөттөр жана так даталар менен камтылган;
  • академиялык илимий жана кыргыз адабий гарамматикасында жазылды. Ошого карабай сүйлөмдөрү жөнөкөй жана түшүнүктүү түзүлгөн;
  • китепке түзүүчүнүн эч бир ою кирген эмес, жалаң гана хронология жана фактылар;
  • окууга жана колдонууга, кайсыдыр маалыматты издөөгө өтө оңтойлуу.
Урматтуу окурман!  
Колуңуздагы бул жупуну мээнет мага гана таандык эмес. Мен болгону түзүүчүмүн гана. Бул эмгек баарыбызга таандык жана Сиз да анын калың журтка кеңири жетүүсүнө жардам берүүңүздү суранам. Бул китепти жайылтуу боюнча кандай демилге болбосун талкуулоого жана кабыл алууга даярмын.
Аллах ар бирибиздин аракеттерибизди Көрүүчү жана ага берекесин берсин!

Сиздерди терең урматтап Мыктыбек ажы Арстанбек
15-июнь 2016-жыл. Бишкек шаары

Отправить комментарий

Технологии Blogger.