Halloween party ideas 2015


🌹Күзгүдөн сонун көрүнгөнүң менен, башкаларга жан дүйнөң кандай көрүнөр экен.
🌹Жашоодо биринчи Кудайга тобокел кылбай туруп, өзүңө ишене бербе.
🌹Балаңдын түз басышын кааласаң, өзүңдүн изиңди кара.
🌹Чындап эле ниет кылсаң, сөзсүз ниетиң ишке ашат.
🌹Эркек туруп намысы жок адамдын гана кыздары көчөдө жарым жылаңач жүрөт.
🌹Даанышман Айды көрсөтүп, Күн жөнүндө айтышы мүмкүн. Калганы сенин акылыңдын таразасында.
🌹Сулуулуктун алдында падышалар да эркинен ажырайт.
🌹Бирөөнүн сезими менен ойногон адам, адам деген аттан ажыраарына аз эле калыптыр.
🌹Улут деп күйгөн адамдын уруусу болбойт.

Жеңишбек Жумакадыр.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.