Halloween party ideas 2015


1) 1 айлыгымда апам мени таежеме таштап кеткен экен. Өз апамды таежем деп жүрдүм, 6-классымда гана билдим апам экенин. Азыр баккан апамды да, өз апамды да жек көрөм. Баккан апам “өз апаңа кет” деп тилдейт. Ага барайын десем өзү зорго жашайт, турмушка да чыккан эмес экен. Атамды сурасам айтышпайт, Көл жакта деп коёт. Эмне кыларымды билбей калдым?

Жооп: Бакканды да, тапканды да жек көрбө! Балам балалуу болгондо билерсиң деген экен илгери бирөө. Анын сыңарындай, балалуу болгондо алардын баркын билесиң. Апанын тилдегени дары болот. Чоңоюп эле калыпсың, колуңа ак карга чычып, бак таалайлуу болсоң баарын карарсың. Жоголгон атаңды да табарсың. Намаз оку, ыймандуу бол! Куран окуганды үйрөн. Бактылуулук динде гана. Андан башкадан таппайсың, тапкандай болосуң, а бирок, ал закым гана. Жаратылганды жараткан Жаратканым жаратканын жаттан жакшы билет, Ал сызып берген сызыктан чыкпай жашасаң, бакытка жеткениң ошол, берекем!

2) Намаз окугандан кийин сөзсүз оронуш керкпи? Москвада оронгондорду жумушка албай жатат. Эмне кылсам, устаз?

Жооп: Намаз окуу - парз. Оронуу да парз. Бир парзды аткара албай жатсаң, экинчисин да аткарбай коюш керек деген маани жок. Пендеси колунан келишинче амал кылып, мусулманчылык вазийпасын өтөйт. Эң ириде абийирдүү ниеттин болмогу абзел, калганы Кудай Таалама ташталат.

3) Жолдошумдун экинчи жубайымын. Кара тизмеге кирип калган жолдошумду сагынып Кыргызстанга келсем ал: «Келбе, кайра кет» деп жатат. Ушуга чейин жок эле дегенде байпак да алып берген жок. Ортобузда бир балабыз бар. Ал биринчи аялы менен жашайт. Талагымды сурап кете берсем болобу?

Жооп: Байпак менен бардыгы чечилип деле кетпейт. Ага турмушка чыгарда эмнеге макулдук берип, эмнени талап кылган элең? Бир байпак албаган сенин кадырыңа жетер беле? “Кайра кет!” десе күндөшүңдөн коркуп жаткандыр. Сага мээримин бере албаса, ашы жок болсо да кашын тартуулай албаса!?! Ээн талаа эрме чөлдөй Орусияга шыйракка чапкандай кайра айдаса!?! Анын эмнеси эркек да, анын эмнеси эр?!? Кумурскадай кыжылдаган адамы көп Орусияда мээрлеше турганың жок болсо, ээн талаа болбогондо гүлзар болмок беле? Өзүң карап көр, атына ыраазы болсоң ыраазы болуп жашай бересиң. Аты эмес заты керек боло турган болсо, анда анын затын, же ажырашуу тууралуу оозеки же жазуу түрүндөгү катын суроого болот акың.

4) Балдарымдын денесине арак сүртүп турам. Эч нерсе болбойбу?

Жооп: Арак эмес, атайын ошонун ордун баса турган медициналык каражаттар болот. Ошондон сүрт. Атың өчкүр арактын шишесине балдардын көзү көнбөсүн. Аны көргөндө жийиркенип, кача тургандай тарбия берген жакшы.

5) Мед. колежде окуйм. Мен да намаз окуп, жоолук салынгым келет. Ошого бул окуумду таштап, медресеге тапшырып алсам болобу?

Жооп: Окууну таштабай эле намаз окуп, жоолук салынсаң болот эмеспи? Сөзсүз медресеге окуу да шарт эмес. А эгер диний таалимди тереңдеп алууну каалаган болсоң, анда башка кеп. Бир окууну баштап, бүтүрбөй аны таштап, экинчисине жармашып жаңыдан аны окуп баштап жүрө берсең, убакыт өтө берет. Убакыт кылыч сыңары, аны кесип калбасаң ал сени кесип кетет.

6) Эволюцияга көз карашыңыз кандай, устаз?

Жооп: «Өөрчүп, өзгөрүп отуруп бир абалдан экинчи абалга өтүү процесси” эволюция деп жалпылай айтылса, философияда “сан жагынан акырындап өзгөрүп отуруп, сапаттык өзгөрүүлөргө алып келүүчү өнүгүү формасына» айтылат. Сиздин сурооңуз советтик (СССРдик дегеним, светтик эмес) илимде айтылып келген “ Дарвин органикалык дүйнөнүн эволюциясына көп сандаган далилдерди келтирген. Жыйынтыгында адам маймылдан жаралган деген теорияны аныктаган” деген түшүнүккө такалса керек деп ойлоп турам. Сиздин сурооңузга бир аз узунураак жооп берүүгө туура келет. Аллах Таала касиеттүү Куранда инсандын жаралуусунун тепкич-этаптарын баяндап берген. Биринчи этап анын топурак (же кааласаң “баткак, же ылай”) болуусу; • “Чындыгында, Биз жараттык адамзатты ылайдан, (Чындык ушул, жалганы жок кылайган)”. (Аль Муьминуун: 12) • “О, адамдар! Эгерде, Шек кылсаңар тирилүүгө кайрадан, Силер үчүн (далилдер көп жайнаган). Эң биринчи топурактан башталып, (Көзү өткөнчө топуракка байланган)”. (Аль Хажж:5) • “(Эй Мухаммад! Эстегин!) Раббиң периштелерге: “Топурактан Мен жараттым денесин, Кара баткак түгөл берди (мөмөсүн). Турпатына өз жанымдан дем үйлөп, Жан киргиздим адамзатка Мен Өзүм. (Андан кийин Адам көзүн ачканда), Таазим кылып жыгылгыла саждага”.” (Аль Хижр:28-29) • Аллах Таала, каргышка калган Иблистин сөзүн мындай кабар берди: “(Иблис) жооп берет: “Сен аркылуу, Баткак менен ылайдан ал жаралды, Аны билип мен саждага барамбы?””. (Аль Хижр:33) • “(Эй, Мухаммад!) (Мушриктерден) сурачы, Эмне алар жаралганбы өзгөчө, Бышык бекен Биз жараткан заттардан? Билебиз го адамдардын денесин, Жабышкак бир (кара) ылайдан чапталган”. (Ас Саффат: 11)

Аяттардан көрүнгөдөй инсандын топурактан жаралуусу бир канча этаптарды басып өттү. Адегенде топурак, андан соң топурак сууга аралашып созулган ылай (жабышкак ) болду. Кийин ал ылай сасык жыттуу кара баткакка айланды. Бул кара сасыган баткак кургап, черткенде үн чыга турган чопо сымалга өттү.

Кээ бир окумуштуулар эволюция көз карашын адегенде Ламарк айтып, андан соң Дарвин кенен баяндап чыккан деп айтышат. Дарвин бул теорияны 1859-жылы жарыялаган. Чындыгында, бул теория аларга чейин эле айтылып келген. Мусулман аалымдарынан бул теорияны алгачкы оозанган аалым Ахмад бин Сахл аль Балхий (834-жылы туулган) болгон. О.э. биздин жердешибиз Абу Наср аль Фарабий (950 жылы өткөн) да бул сыяктуу пикирдин ээси болгон. Ал айтат: “Аллах Таала барлыкты жаратканда жөнөкөйлүктөн татаалдыкка, төмөндөн жогоруга карай жараткан. Акыркы чекит адамды жаратуу болгон. Адамдан да мыкты жаратылган барлык жок...”. Айтор, Дарвин абышкага чейин эле мусулман аалымдары бул маселени козгогон. А бирок кандайдыр бир бөлөк өңүттө сөз кеткен. Менимче, Дарвин аксакал өзүнөн мурдакылардын пикирин жакшы аңдай албастан, акыйкаттан алыстап кеткен болуу керек.

7) Ооз ачуу убагынан эрте ачып алса, орозо бузулабы?

Жооп: Ооба, ачылат. Эгерде атайылап ачса, анда бир күн каза менен биргеликте алтымыш күн каффаарат да кармап берет. Бирок, күн батыптыр деп ачып алган болсо, анда бир күн казасын кармап берет.

8) Шамдын убактысы киргенден баштап канча мүнөттө чыгат?

Жооп: Муфтияттын календарын карасаңыз бардыгы ачык болот.

9) Апам мен тандаган мусулман балага турмушка чыгуума каршы болуп жатат. Эгер ага турмушка чыксаң сенден кечем дейт. Өзү Москвада, динди жакшы түшүнө бербейт. Мен ал балага турмушка чыгуум менен жоолук ороном деп жатам иншаАлла. Өгөй атам бар, өз атам жок. Турмушка чыгып кете берсем болобу?

Жооп: Сен тандаган баланы сен тараптагы эркек адамдарга көрсөт. Мисалы атаңдын бир туугандарына, же өзүңдүн бир туугандарыңа. Балким сен жаңылып жаткан болушуң да мүмкүн. Ошол эле учурда апаң менен да кеңеш. Кеңешип кескен бармак оорубайт.

10) Намаз окубай туруп, орозо тутса болобу?

Жооп: Намаз парз. Ким намазын тургузса, динин тургузган болот. Орозо да парз. Аны кармабаган адам күнөөкөр болот. Намаз да окусун. Орозо да тутсун. Колунан келишинче аракетте болсун.

11) Биздин жашап жаткан жерибиз чоң аталарыбыздан мураска калган үй. 12 жыл мурун жаныбыздагы кошуна үйүн сатып кетти. Жаңы келген кошуна силер бизге жарым метр кирип кеткенсиңер деп үйүбүзгө ныктап чатырын бийик кылып малкана салып алды. Анын чатырынын суусу биздин үйдүн дубалына түшөт. Багына суу койгондо биздин үйгө кирет. 6 бөлмөлү үйүбүздүн 2 бөлмөсү жараксыз болуп калды. Атам жок. 5 бир тууганбыз. 90 жаштагы энем, апам болуп жашайбыз. Азыр жаңы үй салууга каражатыбыз жетишпейт. Ошондо кимибиз бир-бирибиздин акыбызга кирип жаткан болобуз?

Жооп: Жаңы келген адам мурдатан кандай болгон болсо, ошол чегарага ыраазы болуп алат. Ыраазы болбосо, ошол сатуучудан алып жаткан учурда тактап алуусу керек болот. Же, үйдүн документиндеги жердин картасына карап иш кылат.

12) Жорго атты суутуп таптаса болобу?

Жооп: Болот.

13) Жолдошумду жакшы көрбөй, балам үчүн чыдап жашасам болобу?

Жооп: Жакшы көрүп жашоо деле милдеттүү эмес. Ырайым, мээрим болсо деле жетет.

14) Жума намазынан кийин сөзсүз “Этиатул бешим” намазын окуйбуз. Бул туурабы?

Жооп: Ханафий мазхабында этиет бешим туурасында айтылат. Окуган жакшы. Бирок окуунун шарттарын кененирээк билген оң болот. Адатта бул маселелер жума намаздын шарттарын билүүгө келип такалат.

15) Мусулман адам жалганчы болушу мүмкүнбү?

Жооп: Мусулман адам жалган айтпайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам ушундай деп осуят айткан. Жалган айтып жаткан учурда ыйманы көтөрүлүп турган болот. Ыйман жана жалган айтуу бири-бирине коошпогон нерселер.

16) Азыр жубайым, 3 балам бар. Үйлөнгөнгө чейин жашоом жакшы болчу, ибадаттарыма бекем, намаздар убагында окулуп дегендей. Жубайымды намазга жыга албай койдум. Жакшы да, катуу да айтып көрдүм, бирок болбоду. Намазым алсыздап, ал да намазга жыгылбай, тапканым да берекесиз болуп, кыйналып кеттим. Эмне кылсам болот устаз?

Жооп: Аялыңды дааватка чакырсаң, мастурат жамаатка алып чыксаң жакшы болуп кетет. Дубада болсоң баары жакшы болот. Үмүтсүз шайтан.

17) Жолдошум менен аз эле жашадым, бирок ошондо эле “мен сага эч качан ыраазы болбоймун” деп айта берчү. Бул сөзүнө акыретте жооп берип калбаймынбы?

Жооп: Эми өткөн ишке салават. Ката кылган болсоң, тооба кыл. Кудай Таалам тообаларды кабыл кылат.

18) Бала 2 жашка чейин эмизүү керек деген шариатта бар. Бирок жолдошуң бала 2 жашка чыккыча эле төрөй бер десе эмне кылуу керек?

Жооп: Баланын акысын жеп койгон болуп, бир азыраак күнөөкөр болот.

19) Орозодо кыз узатсак болобу?

Жооп: Боло берет. Бирок орозодон кийинкиси жакшыраак.

20) Узиге түшкөндө боюңдагыны кыз же уул деп айткан эжелерге ишенсек Аллага ширк келтирген болбойбузбу?

Жооп: Жок, ширк эмес. Ал тажрыйбанын негизинде боло турган нерсе...

21) Атаң зынакор болсо кандай чара колдонуш керек?

Жооп: Дуба кыл. Катуу айтпа. Жакшы адамдар менен жолугуштур. Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети.

22) “Жолдошум жок. Кыз багып алсам болобу» деген суроого «ата тарбиясын көрбөгөн кыз эрин кантип сыйласын” деп жооп бердиңиз. Ошондо атасынан эрте ажыраган кыздар турмуш курбай эле коюш керекпи?

Жооп: Атасы бар туруп деле ата тарбиясынан албай калгандар болот. Атасы жок туруп деле аталуу кыздардай тарбия алгандар бар. Бирок, айта кете турган маселе бүтүн үй-бүлөдөн келин алган эң жакшы. Бүтүн үй бүлөгө кыз берген да эң жакшы..... Бүтүн үй-бүлө адатта бүтүн тарбия берет. Кээде андай болбой да калат.

Атактуу аалым Чубак ажы Жалиловго суроолоруңуздарды SMS же Whatsapp аркылуу 0773-61-54-87 номуруна жибериңиздер!
Эскертүү: аталган номур Чубак ажыныкы эмес

http://saresep.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.