Halloween party ideas 2015

Таравих намазы Рамазан айында гана куптан намазынан кийин витр намазынын алдында окулуучу 20 рекет муаккад сүннөт намаз болуп эсептелет. Таравих намазы эркек, аял окууга тийиш болгон сүннөт амал. Таравих намазын жамаат менен окуу сүннөт. Таравих намазын жеке өз алдынча окуса да болот. Бирок жамаат менен окуу абзел.
Азирети пайгамбарыбыз САВ: “Кимде ким бекем ишеним жана сообун Аллахтан үмүт кылуу менен окуса, ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (Муслим, Салатул-Мусафирин 174) – деп таравихтин сооптуулугун баса белгилөө менен таравихти окууга чакырган.

Таравих намазы жыйырма рекет. Ар бир төрт рекет намаздан кийин бир саамга тыныгып бой жазылганы үчүн "Таравих" деп аталган. "Таравих" - тыныгуу, эс алуу, бой жазуу деген мааниде. Бир жолку таравих намазында беш тыныгуу бар. Тыныгуу учурунда Алла Тааланы зикир кылуу, тасбих айтуу же Пайгамбарыбызга салават айтуу мустахап болуп эсептелет.

Таравих намазына: “Алланын ыраазылыгы үчүн таравих намазын окууга ниет кылдым, уюдум ушул имамга, халисан лиллахи таала Аллааху Акбар” – деп ниет кылынат.

 Таравих намазынын ар бир төрт рекетинен кийин тасбих айтып отуруу сүннөт. Олтурган кезде тасбих же тахлил айтып олтуруу мустахаб:

 “Субхаана зилмулки валмалакуут, субхаана зил иззати валазамати валь кудрати, валь кибирийаи валь жабаруут, субханал маликил хаййиллазий лаа ямуут, суббухуун, куддуусур-роббуна, ва роббул малааикати вар-руух. Лаа иллаха иллалааху настагфируллах, нас-алукал жанната ва наьуузубика минаннаар”.

Таравих намазында Фатиха сүрөсүнөн кийин имам бир кыска сүрө окуса жетиштүү болот. Же болбосо Курандын башынан баштап Рамазан бүткөнчө аягына чейин окуса өтө чоң сооп, сүннөт амал болот. Имам таравих намазын үн чыгарып окуйт. Таравих намазын окуп бүткөндөн кийин бул дуба окулат:

“Аллохума солли алаа Мухаммаддив-ва алаа, аали Мухаммад. Аллохума заййинаа бизийнатил иимаани, ва шаррифна, ва акримна фи шахри Рамазана, варзукнаал жанната вал гуфрана ва такаббал миннаа тараавиихана яа Субхан, вастажиб дуа-анаа яа Ханнаану, би фазлика важуудика яа Маннану, бирохматика йаа Архамар рохимиин”.

Эң акыркы таравихте бул дубаны окуса болот: «Субхаанал ханнаанил маннаани. Субхаанал малиикид даййаани. Ал мавсууфу бил ихсаан вал маърууфу бил гуфроони, алвадааъ алвадааъ йаа шахро рамазана, алфироок алфироок йаа шахрот тараавийхи ваттасаабийхи ва хатмил кураани, хааза шахруун аввалуху рахматун ва авсатуху магфиратун ва аахируху иткумминан нийроони. Лаа илаха иллаллоху настахфируллоху насалукал жанната ва наъузу бика минаннаар.»

Таравих намазынын рекеттеринин саны Азирети Умардын халифалык доорунда Набави мечитинде окулган таравих намазынын 20 ирекеттик таризине таянат. Пайгамбарыбыздан кийинки алгачкы төрт халифанын учурунда бул намаз 20 ирекеттен окулган. Кийинки мусулмандар да ушул боюнча окуганды четке кагышкан эмес. Пайгамбарыбыз мындай деген: "Менден кийин, менин сүннөтүмдөн жана туура багыттагы халифалардын сүннөтүнөн ажырабагыла". (Абу Дауд, Суннат-5; Тирмизий, Илим-16; Ибн Маажа, Мукаддима-6; Ахмад бин Ханбал, 4/126-127; Даримий, Мукаддима-16).

Таравих куптан намазынан кийин окулат. Куптандан мурун окулса, аны кайра окуу керек.

Таравих намазын жалгыз киши да окуса болот. Ар бир экинчи ирекетте салам берүү дурус. Ошондой эле ар бир төрт ирекетте же 10 же 20 ирекетте бир салам берип окуса да болот. Бирок, он же жыйырма рекетте салам берип окуу макрух болуп эсептелет.

Таравих намазында кыраатты узун окуу абзел. Ошону менен бирге жамааттын абалына жараша аракет кылууну да эстен чыгарбоо керек. Намазды эрте бүтүрүү үчүн ылдам окуу

Отправить комментарий

Технологии Blogger.