Halloween party ideas 2015


Ыйык Курандын он төрт сажда аяты бар. Мына ушул он төрт сажда аяттын бирин окуган же уккан мукаллаф адамга саждага баруу важиб. Бул сажда «Тилават саждасы» деп аталат. Куттуу хадистерде Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз сажда аятын окуган кезде жанындагы кутман сахабалары менен бирге саждага жыгылганы айтылат. Сажда аятынын башка тилдеги котормосун окуган же уккан адам да сажда жасашы зарыл. Анткени бул аяттардын мазмунунда Алла Таалага сажда кылууга берген буйрук камтылган.
Радиодон, кассета же дисктен, же теледен сажда аятын уккан адам да саждага жыгылышы керек. Анткени сажданын зарылчылыгын бул нерселер аркылуу да аңдоого болот.
Сажда аятын окубай, жөн гана көз менен кароо тилават саждасын талап кылбайт.
Тилават саждасын дароо өз учурунда орундатуу мустахап. Машинада бараткан адам тилават саждасын ишарат-ымаа менен кылса болот.
Сажда аяты намаз учурунда окулса, дароо рукуга, андан кийин саждага жыгылуу абзел. Бул учурда тилават саждасы үчүн өзүнчө саждага жыгылуунун кажети болбойт. Намаздын өзү Аллага моюн сунуу болгондуктан намаз учурунда окулган сажда аятынан улам өзүнчө саждага жыгылуу жамаатта баш аламандыкка жол ача тургандыктан өзүнчө саждага жыгылбоо дагы да жакшы.
Тилават саждасына жыгылуу үчүн даарат, кийим жана орундун тазалыгы, авраттын жабык болушу шарт. Алгач кыбыла тарапка бет алып тилават саждасына ниет кылуу керек. Андан соң колду көтөрбөй туруп: «Аллаху акбар» деп дароо саждага барып, үч жолу «Субхаана Роббийал-аълаа» деп айтылат. Андан кийин кайра «Аллаху акбар» деп кыямга тура баштаган адам сыяктуу тизесин бир гана көтөрүп каадага олтурат да, төмөндөгү сөздөрдү окуп дуба кылат: «Сажатту лирРахмани ва ааманту бир Рахмаани фагфирлии зунуубии яа Рахман. Гуфроонака Роббанаа ва илайкаль-масиир».
Тилават саждасы үчүн бутту бүгүү, саждадан кийин өйдө болуу, «Гуфроонака Роббанаа ва илайкаль-масиир» деп айтуу жана тилават саждасына баруу жана өйдө туруу учурунда алынган «Аллаху акбар» такбирлери мустахап иш катары каралат. Бул сажданын рукуну Жараткан Алла Тааланы даңктоо үчүн маңдайды жерге коюу.
Намаздын сыртында окулган сажда аятынан улам тилават саждасын каалаган убакта жасаса болот. Бирок себепсиз кечиктирүү макрух. Эгер жунуб адам сажда аятын укса, гусул кылган соң сажда кылат. Хайз, нифастуу аял укса, сажданы кийин аткарууга милдеттүү эмес.
 Сажда аяттарынын бирин намаз ичинде окуп рүкүгө кетсе, ошол рүкү сажда ордунда болот. Башка сажда кылуунун кереги жок. Эгер сажда аятын окуганда рүкү кылбай, рүкүгө чейин үч аятан көп аят окууга туура келсе, сажда аятын окуган соң, дароо такбир айтып саждага барышы керек. Бир сажда кылып такбир айтып кайра дагы кыямга кайтат. Кыямга кайткандан кийин рүкү кылганга чейинки окула турган аяттарды окуп, анан рүкү кылат.
 Намаз ичинде бир имам сажда аятын окугандан кийин рүкүгө барбаса, анда жамаат намаздан кийин ар бириси өздөрүнчө сажда кылышат. Эгер имам тилават саждасын аткарса, муктадилер менен масбуктар дагы имамды ээрчип сажда кылышат.
Бир орунда туруп, бир сажда аяты бир нече жолу кайталанып окулса, бардыгы үчүн бир гана сажда жасоо жеткиликтүү. Бирок бир сажда аяты бир канча жерде окулса, ошого ылайык тилават саждасы да кайталанат. Ал эми башка-башка сажда аяттары бир эле орундабы, же бир нече жерге алмашып окулабы, ар бир аят үчүн өзүнчө сажда жасоо керек. Ачык талаада же жолдо үч кадамдан ашык жүрсө, орун алмашканга тете. Бирок бир бөлмө, же мечиттин ичинде бир жагынан башка бир жагына өтсө, орун которгон болуп эсептелбейт.
Саждага даярдыгы жок болгон угуучулар бар жерде сажда аятын окуган адам үнүн бир аз басаңдатып, акырын үн менен окуганы жакшы. Бир сүрө окуп жатып, анда кезиккен сажда аятын окубай аттап өтүү макрух. Сажда аяты окулган кезде кээ бир себептерден улам дароо сажда кылууга мүмкүн болбой калса, окуган жана уккан адамдын:

«Самиъна ва атона гуфраанака раббана ва илайкал масиир» – деши мустахаб.

Ыйык Курандын 14 жеринде өткөн сажда аяттары төмөнкүлөр:

Аараф 206; Раад 15; Нахл 48; Исра 107; Мариям 58; Хаж 18; Фуркан 60; Намл 25; Сажда 15; Саад 24; Фуссилат 37; Нажм 62; Иншикак 21; Алак 19.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.