Halloween party ideas 2015


ХХ кылымдын улуу мушкери Мухаммед Али азыркы бокстун пайдубалын түптөгөн десек жаңылышпайбыз. Мушкер оору менен күрөшүп жүрүп 3-июнь күнү 74 жашында дүйнө салды. Эмне үчүн Алини улуу дешет, ага жооп издеп көрөлү.

Толук аты-жөнү
 – Мухаммед Али (төрөлгөндө коюлган аты Кассиус Клей)
Туулган жылы, күнү – 1942-жыл, 17-январь, (2016-жылы 3-июнда каза болду) 
Туулган жери – Луисвилл, АКШ
Профессионалдык карьерасы – Жалпы 21 жыл мушташкан (1960-жылдан 1981-жылга чейин) 61 беттештин 56сын уткан (анын 37син нокаут менен), 5 жолу жеңилген.
Жетишкендиктери – Олимпиада чемпиону (1960-жыл), оор салмакта абсолюттук чемпион (1964-1966-жылдары, 1974-1978-жылдары). "ХХ кылымдын мыкты мушкери" наамынын ээси.

САБАКТАН НАЧАР, ТЕНТЕК БОЛОЧОК ЧЕМПИОН
«Өзүмдү күзгүдөн карап, өзүм менен сыймыктанчумун. Бирок көпчүлүк кара терилүү адамдар өздөрүн антип ойлошчу эмес. Кичинекей кара балдар кимден үлгү аларын билишпейт эле».Келечектеги мушкер сүрөтчү жана үй кожойкесинин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Ал кезде Кентукки штатында расалык теңдик деген түшүнүк жок эле, андыктан бул жагдай кичинекей Кассиустун мүнөзүнө чоң таасир берген. Ал 12 жашында алгачкы жолу бокс залынын босогосун аттаган. Машыгып жүргөн кезинде эле тентектик кылып, залдын ичине «атактуу чемпион болом» деп жар салгандан тажачу эмес. Бирок анын мектептеги окуусу абдан начар эле, бир жылы класстан көчпөй да калган. Бирок мектептин директору бул баланын спортко болгон кызыгуусун байкап, келечекте мектептин атагын чыгарат деген ишенимде окуусун бүтүрүүгө жардамын аяган эмес.

ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ
«Олимпиададан кийин Луисвиллге алтын медалым менен келип, «актар» гана тамактануучу жайга кирдим. Аларды ордуна коём деп ойлодум, чемпионмун кантсе да. Алар «караларга эч нерсе берилбейт» деп узатып коюшту. Ошондо Огайо дарыясына бардым да, медалымды сууга ыргытып ийдим».18 жаштагы Кассиус Клей Рим шаарында өтчү Олимпиадага барууну каалаган эмес. Себеби ал учакка түшкөндөн абдан коркчу. Машыктыруучулар мыкты мушкерин 2 ай бою көндүрүү аракетин көрүп, жыйынтыгында Кассиус парашют менен гана учакка отурган. Мушкер барганына өкүнгөн эмес. Анда атаандаштарын жеңил эле утуп, серепчилер бул жигиттен келечекте көптү күтсө болорун баамдашат. Финалдык беттеште Клей өзүнөн 9 жаш улуу Збигнев Петшиковскийдин таш талканын чыгарган.

АТАКТУУЛУКТУН АЛГАЧКЫ НУРЛАРЫ
«Колдор иштейт, көздөр көрөт. Көпөлөктөй калкы, аарыдай чак».Римдеги жеңиштен соң профессионалдык бокско өтүп, жаш мушкер 3 жыл аралыгында чемпиондукка талапкерликке жетет. Серепчилер бул мушкердин чемпион Сонни Листонго каршы эч мүмкүнчүлүгү жок деп белгилешет. Бирок 22 жаштагы Кассиус Листонду бир эмес, эки беттеште тең утуп алат. Ал чемпиондук мүнөзү жана укмуштуу техникасы менен бирге трештокингдин башатын ачып өзгөчөлөнөт. Атаандаштарын беттешке чейин эле кагыпсөгүп, эки чайнап, бир жутуп салчу. Ринг анын үйү, атаандашы анын курмандыгы эле. Беттеш учурунда атаандашынын айласын алты кетирип кааласа сокку узатып, кааласа буттарын бийлетип кирчү.

БААРЫНА КАРШЫ ТУРУУ
«Жеңилген спортчунун кийинүүчү жайында эмне деп айтууну эч ким билбейт».Атактуулуктун келиши менен жаңы чемпиондун жашоосундагы татаал сыноолор башталат. Ошол эле жылы чемпион «Ислам улуту» уюмуна кошулуп, ислам динин кабыл алат. Төрөлгөндө коюлган Кассиус Клей атын Мухаммед Али деп өзгөртөт. Бирок муну менен көптөгөн сыноолорго туш болуп, америкалыктар анын бул кылыгын жактырышкан эмес. Бул арада жаш кезинде кумир туткан Флойд Паттерсондон тарта эч кимге белгисиз Зора Фолейге чейин беттешип, чемпиондугун жалпы 8 жолу коргойт.
1967-жылы Али расмий түрдө АКШнын армиясында кызмат кылуудан баш тартат. Арадан бир саат өтпөй, спорттук комиссиялар анын мушкердик лицензиясынан тарта чемпиондук курларына чейин тартып алышкан. Спорттон четтетилген мушкердин өкүнүүгө убактысы жок эле, анткени Али бул үчүн абдан атактуу болчу. Ал ораторлук сапаты менен өлкөнүн университеттеринде лекция окуу менен алаксыйт. Рингге 1970-жылы гана кайтып келет.

КЫЛЫМДЫН БЕТТЕШТЕРИ
«Беттеш узактыгы 13 секунда гана болушу керек. Жакындаганга 2 секунда, соккуга 1, калганы калыстын саноосу».Карьерасын жандандырган Али 1971-жылы «кылымдын» алгачкы беттешине чыгат. Анын атаандашы – ал кездеги чемпион Жо Фрейзер эч кимге утулуп көрө элек эле. Бул беттеште Али алгачкы жолу жеңилүү ызасын тартат. Чемпиондук кур үчүн 1974-жылы кайрадан чыгып, чемпион Жорж Формен менен кезигет. «Формен көлөкөсү менен беттешкенин көрдүм, анда ал утулуп калды» деп сөз менен чабуул жасаган Али жаш чемпионду 8-раундда нокаутка учуратат. Беттеш Заирде өткөндүктөн «Жунглидеги дабыш» деген ат менен белгилүү. Эми Али Фрейзер менен реваншка чыгуусу керек эле.
«Маниладагы триллер» атка конгон тиреш 1975-жылдын 1-октябрында Филиппин аралдарынын борборунда өткөн. Фрейзер менен Алинин көз караштары кезигип, соккулар сокку менен тирешти. Беттеш ортосунда эки дөө ринг ичинде чайналып, ар бири көздөрүнүн алдына бирден шишик алышты. 13-14-раунддар боксту эмес, кадимки кыл чайнашты элестеткен. Фрейзердин машыктыруучулары мушкерин соңку раундга чыгарышкан жок. Бул беттештер Алинин чыныгы улуулугун даңктаган.

ПАРКИНСОН МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
«Менин эң оор беттешим – бул Паркинсон оорусу менен болгон тиреш. Ал оор деле эмес, бирок түшүндүрүү мүмкүн эмес».1981-жылы Али акыркы беттешин өткөрүп, карьерасын жыйынтыктайт. 3 жылдан кийин мушкерге Паркинсон оорусу(калтыратма шал оорусу)жабышат. Бул азаптуу ооруну айыктыруу мүмкүн эмес болгондуктан, тагдырга баш ийгенден башка арга жок эле. Али дин жолуна түшүп, кайрымдуулук менен алектенген. Жашоосунда 4 жолу үйлөнүп, 7 кызын жана 2 уулун тарбиялаган. Лейла Али аттуу кызы атасынын жолун жолдоп, орто салмак категориясында IBA, WIBA жана IWBF версиялары боюнча Дүйнө чемпиону болгон. Мухаммед Али 3-июнда 74 жашында Финикс шаарынын ооруканасында өмүрү менен коштошту.
Атасынын жолун жолдогон Лейла Али карьерасында жеңилүүнү билген эмес.

«Спорт залда чемпион боло албайсың. Чемпионду адамдын өзүнүн ичиндегилер жаратат: каалоо, кыял жана максат».

«Күн нурунун соккусунан башкасы жоопсуз калбашы керек».

Адилет Керимбек уулуsport@super.kg

Отправить комментарий

Технологии Blogger.