Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

  Учурда Жер жүзүндө 7,1 млрд киши жашайт. Көпчүлүк өлкөлөрдө каттоодон өтпөгөн балдар көп экенин эске алсак, анда учурда адамзатынын саны жогорудагыдан бир канчага көп да болушу мүмкүн. Мисалга алсак, 1960-жылы Бутан БУУнун каттоосуна калкынын санын 1 млн киши деп калп маалымат берген. (ред: БУУга элинин саны миллиондон ашкан өлкөлөр гана мүчө боло алат) Дээри Жердеги суу, тамак-аш, нефть чектелүү гана өлчөмдө. Планетабыз канча адамды бага алат? Климат, тамак-аш таңсыктыгы өзгөрөбү? Алдыда ушул тууралуу кеп салабыз.

Кишинин саны

Албетте, адамдын саны келечекте дал азыркыдай темп менен өсүп отурат деп ойлоо туура эмес. 1999-жылы Жердеги адамдардын саны 6 млрд болчу. БУУнун изилдөөсүнө ылайык, 13 жылдан соң адамзаты дагы 1 млрд ка көбөйөт. 18 жылдан соң 9 млрд, 40 жылдан кийин адамзаты 10 млрд ка чукулдайт. Ал эми башка изилдөөлөрдө 21-кылымдын акырына жетип Жердин жашоочуларынын саны 10 млрд ка жетип, бирок кескин түрдө азая баштайт деп айтылат.

Учурда 42% улут төмөнкү көрсөткүчтөгү төрөлүү деңгээлинин коркунучунда жашайт. Бул өлкөлөрдө 1 аялга 1 ымыркай туура келет. Алар: Орусия, Кытай, Канада, Австралия, Бразилия жана Батыш Европанын дээрлик баардык өлкөлөрү (Исландия менен Ирландияны эске албаганда). Дагы 40% мамлекет төрөлүүнүн орточо көрсөткүчтөгү коркунучунда. Аларда 1 аялга 1-1,5 ымыркай туура келет: Индия, АКШ жана Мексика. Болгону 18% гана өлкөлөрдө төрөлүүнүн көрсөткүчү жогору (Африка) жана бул мамлекеттерде 1 аялдын башына 1,5 ымыркайдан көп бала туура келет. Демографтардын маалымдоосуна таянсак, анда жүз жылдыктын соңуна чейин акыркы группада айтылган мамлекеттерде калктын саны 1,2 млрд дан 4,2 млрд ка чейин көбөйөт. Ал эми төрөлүү көрсөткүчү төмөн мамлекеттерде эл 2,9 млрддан 4,2 млрдка чейин азаят. Кылым соңуна жете төрөлүүнүн жалпы көрсөткүчү кайрадан төмөндөп кетет.

Азык

Жердеги кишинин көбөйүп кетүүсүнөн чоочулаткан жалгыз нерсе – азык. 1798-жылы британиялык экономист Томас Мальтус өзүнүн “калктын көбөйүү мыйзамы тууралуу тажрыйба” аттуу эмгегинде ачкачылык тууралуу маалымдаган. “Дүйнө жүзүндөгү элдин көбөйүүсү менен тамак-аш тартыштыгы байкалат жана Планетадагы өлкөлөр өз элин багуу үчүн бири-бирине согуш ачышат”- деп жазган Мальтус. Бактыга жараша, 1804-жылдан бери Жердин жашоочулары 7 эсеге өскөнү менен убада кылынган ачкачылык боло элек.

БУУнун эксперттеринин айтымында, учурдагы айыл-чарба продукциялары минималдуу түрдө 8-9 млрд кишини бакканга жетет. Бирок көйгөйдүн баары ошол азыктын Жер бетине тегиз таркабай жатканында. Мисалы, бир америкалык 9,5 га жер тилкесине ээлик кылса, дагы бир немец 4,2 га жер тилкеге эгедер. Ал эми индиялык жаран болгону 1 га жерге ээ. Дээри Планетадагы ар бир кишиге болжол менен 2,2 га жер бөлүнгөндө гана теңчилик болмок. Учурда Жердеги 900 млн киши жегенге тамак-ашы жок отурса, 1,5 млрд адам семиздиктен, ашыкча салмактуулуктан жабыркайт. Экинчи тараптан, айыл-чарба продукциясынын басымдуу бөлүгү биоотун иштетип чыгууга сарпталат жана мал жандыктарын багууга керектелет.

БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба уюму 2005-жылы “2050-жылга жетип айыл-чарба продукциясы 70% га көбөйүшү керек” – деп айткан. Анткени, канчалык эл көбөйгөн сайын ошончолук тамак-ашка болгон талап да жогорулай баштайт. Болбосо 2050-жылы Жер жүзүндөгү адамзатын тамак-аш менен камсыздоо үчүн Жердин өзү менен тең дагы 2 Планета керек болот. Ошого карабай ОБСЕ азыктардын баасы да алдыңкы 10 жылдыкта кооптонуу жаратпайт деп айтып келет.

Суу

Азыр сууну керектөө төрөлүү көрсөткүчүнө караганда 2 эсеге көп. Жердеги суунун көпчүлүк бөлүгү өндүрүшкө иштетилгени үчүн жогорудагыдай жыйынтык келип чыгууда. Байкап көрүңүз: учурда 1 жыл ичинде Жерде 4500 млрд метр куб суу иштетилет. 2030-жылга жетип, керектөө 6900 млрд метр куб болсо, анда суунун таңсыктыгы 40% ды түзөт. Бул каатчылыкты жеңүү үчүн сууну кайра иштеп чыгуучу өтө кымбат технология керектелет жана ага жыл сайын 200 млрд доллар сарптоого туура келет.

Дал ушул күндөрү суунун 70% айыл-чарбада иштетилип, 16% өндүрүштө жана 14% турмуш тиричиликтеги муктаждыкка жумшалат. Баса, 1 пластикалык бөтөлкөнү жасоо 95 литр суу керек болот. 1 кг күрүчтү алуу үчүн 1900 л, 1 кг тоок этин алууда 3500 л, ал эми 1 автоунаага 148 000 литр суу жумшалат. Эми сарамжалдуулук тууралуу өзүңүз жакшылап ойлонуп көрүңүз.

Шаардаштыруу

2008-жылы Жер жүзүндө жашаган шаардыктардын саны биринчи ирет айылдыктардыкынан ашып кеткен. 2050-жылы Түндүк жана Түштүк Американын 90% калкы шаарда жашап калат. Азиялыктар 60% шаарлашса, Африкада 55% киши шаарга отурукташат. Дал ошол жылдары шаардаштыруу өтө активдүү жүрөт. Ошол эле учурда шаардын четиндеги аймактарда кедейлик катуу темп менен өсө баштайт. Учурда шаардын четки бөлүгүндө чатырда жашагандардын саны 1 млрд кишиге чукул. Анын ичинен 828 миллиону өнүккөн өлкөлөрдө. БУУ белгилегендей, 2030-жылы 5 млрд шаардыктардын 2 миллиарды чатырларда жашап калат. Шаардаштыруу менен катар эле мурдагы айылдыктардын өмүрү узарат, алар көбүрөк энергия ала баштап, төрөлүү көрсөткүчү акырындык менен төмөндөп кетет.

Энергия

Албетте, өнүккөн өлкөлөр энергияны көп керектеп башташат. 2050-жылга жетип адамзатына 2000-жылкыга караганда 3 эсеге көп энергия керек болот. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, 2010-жылдан арткан (188 млн т) нефттин запасы жакынкы 46 жылга дейре, ал эми газдын запасы 59 жылга жетет. Баса, бул Жер жүзүндө болгон нефть, газдын баары эмес.

Миграция

Бүгүнкү күнү дүйнөдө 214 миллион мигрант бар. Бул Жер жүзүндөгү калктын 3,1 % дегендик. Жыл сайын алар үйлөрүнө 449 млрд доллар акча каражатын которушса, бул сумманын 325 млрд доллары өнүккөн өлкөлөргө келип түшөт. Ал эми 2050-жылы мигранттардын саны 405 млн кишиге жетери күтүлөт.

2013-жылдагы көрсөткүчкө ылайык, мигранттар эң көп каттаган өлкө катары АКШ таанымал, анда 45,8 млн мигрант бар. 2-орунду Орусия ээлейт, бул өлкөдө 11,2 млн мигрант жашайт. 3-орунда 9,8 млн кишилик көрсөткүчү менен Гермения турат.

Макаланын түпкү максаты эмнени көздөгөнүн балким баамдап жеткен да чыгарсыз. Бирок, бир гана ынануу бар: кайсы улут дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабасын, кайсы бири өнүгүп, кайсы бири кедей жашабасын АДАМЗАТЫН бириктирчү бир гана Мекен бар. Ал – Жер Планетасы. Андыктан күнүмдүк тиричиликте керектеп жаткан ар бир муктаждыгыбызды сарамжалдоо менен бул ааламдагы АДАМДЫК милдетибизди аркалайт экенибизди унутпашыбыз зарыл. Биз көппүз, Жер бирөө гана. Ал баарыбыздын жападан жалгыз үйүбүз…

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

 


December 31, 2015 at 04:42PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

43 жаштагы ташкенттик Муслима “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына коомдук жайда жана көчөдө хижаб кийип жүргөндөрдүн 700 миң сум айыппул төлөп же эки жылга камалып кетүү коркунучу бар экенин кабарлады.

18 жыл бою хижабчан жүргөн Муслима өлкө тарыхында алгач ирет ушундай куугунтук башталганын, мунун айынан бир нече айдан бери көчөгө чыга албай кыйналып жатканын айтып арызданган.

Ал хижабчан жүргөн айрым кыз-келиндерди көчөдөн милиция кармап, ички иштер бөлүмүнө алып барып, ким экенин тастыктагандан кийин койо берип жатканына өзү күбө болгон. Үнүн радиого жаздыргандан корккон бул аял “Азаттыктын” өзбек кызматына электрондук кат аркылуу арызданды.

Метро баштаган коомдук унааларда да хижаб кийгендерди катуу текшерип, тартип сакчылары алардын колунан сумкасын жулуп алып, ичиндегилердин баарын жерге төгүп, кемсинткен окуялар боло баштады дейт Муслима. Кокус милиция сумкадан дептер, китеп көрүп калса, ар бир барагын ачып окуйт экен.

— Көчөгө такыр чыкпай калдым. Акыркы бир нече айда сыртка чыккандан коркуп жашап жатам. Күч органдары менден «оронбойм» деген тил кат алышкан. Тааныш кыз-келиндердин көбүн ушинтип жаздырышкан. Албетте алардын бир тобу нааразы. Айрымдарын ички иштер бөлүмүнө алып барып, хижаб кийсеңер биринчи 700 миң сум айыппулга жыгыласыңар, экинчисинде 15 сутка камаласыңар, үчүнчүсүндө эки жылга кесилесиңер деп катуу эскертишиптир, — деп жазат Муслима.

Өткөн аптада Ташкенттеги маале комитеттери хижабчан аялдарды чакырып алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мусулман оромолун жамынуу мыйзамга каршы экенин айтышып, Өзбекстан хижабга тыюу салган деп, мындан ары жамынбай жүрүүгө убада берген кагазга кол койдуруп алышкан. Ташкенттин Улугбек Мирзо районунан келген маалыматка караганда, мындай иш-чаралар Өзбекстан Ички иштер министрлигинен түшкөн буйруктан улам жүрүп жатат.

Тартип сакчылары мында Өзбекстандагы Диний ишенимдердин жана уюмдардын эркиндиги жөнүндөгү мыйзамдын 184-беренесиндеги “Атуулдардын коомдук жайларда кандайдыр бир культту кубалап кийинүүсү тууралуу жобону» жүйө катары кармап жатат. Ал арада Өзбекстандын Дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, шейх Абдулазиз Мансур:

 1998-жылы кабыл алынган бул мыйзам боюнча “культук” делген сөз диний кийинүү дегенди түшүндүрөт, демек “диний” кийим кийгендер коомдук жайларга барганга тыюу салынат. Бизде мындай «диний» кийим жок, христиандардыкы бар да. Мусулмандар авратын жапкан бардык кийимди кийе алат. Аялдар үчүн аврат деп бети, колунан башка бардык турпаты, эркектердики киндигинен тизесине чейинки жери айтылат. Азыр эл арасында түшүнбөстүктөр болууда, бирок бийликтен эч ким кандайдыр бир буйрук алган эмес, — деп айткан.

Бирок “Азаттыкка” кат жазган Муслима кырдаал таптакыр башкача дейт.

— Шариятка ылайык кийинген кыз оромолун чечкиче көп кыйынчылыктан өтөт. Ар бир мектеп, окуу жайдын алдында исламды жектеген 25-30 жаштардагы жигиттер туруп алып, күнүгө оромолчондорду чечинтет. Макул болбогондорду түшүнүк кат жаздыртышат. Мындай кысымдан улам ата-энелер да кыздарынын оронуп жүрүүсүн каалашпай, хижабдарын чечтирип, өзбек салтына ылайык жоолукту артына байлатып жатышат, — деп жазган.

Быйыл октябрь айынын ортосунда Наманганда жума намазына ак топучан баргандарды милиция бирден текшерип, мыйзамды бузуп жатасыңар деп киргизбей койгон. Ошондой эле айт, жума намаздарына жаш балдарды алып барууга жана арабдардын улуттук кийимдерин кийгендерди мечитке киргизүүгө да тыюу салынган эле.

Булак: “Эл деми”


December 31, 2015 at 01:15PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баткен облустук мусулмандар казыятынын фатва бөлүм башчысы Кадырбердиев Абибилла ажы Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүм башчысы кызматына которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Баткен облусунун мусулмандар казысы Султанмуратов Пазыл ажынын буйругуна ылайык Абдиравшан Дүйшөев казыяттын фатва бөлүм башчысы кызматына дайындалды. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы кабарлады.

Дүйшөев Абдиравшан Ганыевич 1973-жылы 13-июлда Лейлек районунун Кулунду айылында туулган. 1980-жылы “Коммунизм” орто мектебинин босогосун аттап, 1990-жылы орто мектепти аяктаган. 1991-1995–жылдары Баткен районундагы Карабак айылындагы мечитте жергиликтүү молдолордон билим алган. 1995-жылы Ош облусундагы “Абдужапар” атындагы ислам институтуна тапшырып, 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2001-жылы туулуп-өскөн Кулунду айылындагы мечитте имама хатиб, 2002-жылдан 2005-жылдары Кулундудагы Таир медресесинде мугалим, 2005-жылы Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” ислам институтунун окуу бөлүмүнүн башчысы, 2006-2012-жылдары аталган институтта мүдүр, 2013-жылы КМДБнын уламалар кенешинин мүчөсү болгон. 2014-жылы Лейлек районунун баш имам хатибинин орун басары кызматтарын аркалаган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.


December 31, 2015 at 01:01PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Чыкылдап сааттын жебеси согуп турат….   

Демейде убакыттын бат өтүп, эч нерсеге жетише албай жатканынан арызданып жүргөн адамдар, азыр күн санап жаңы жылдын келишин күтүп жаткан учуру. “ Жаңы жыл бакыт, ийгилик, бойдокторго өмүрлүк жар алып келсин!”- азыртан эле каалоо тилектер да даяр. Булар христиандар же башкалар болсо мейли дейсиң, бирок булар өзүбүздүн эле мусулмандар, балким “тилде” мусулмандар. Бир жансыз эле сан “2016” деген, кантип ошол тилектерди орундатсын, аны түшүнүү кыйын. Адам айткан сөзүнө, кылган тилегине маани бербейби? Дегеле майрамдаган майрамын эмнеге майрамдап жатканын билеби? Акылдуу адам ар бир ишинин себебин жана ал ишти аткаруудан максатын билет. А сиз жаңы жылдын тарыхын, эмнеге майрамдап жүргөнүңүздү билесизби?

Менимче жаңы жылды мынчалык толкундануу менен күткөнгө эч бир себеп жок. Кадимки эле 2015 деген сан 2016 га алмашат болгону ошо. Бирок, тилекке каршы жаңы жыл биздин коомчулуктун жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып калган көрүнөт, адам бирөөлөргө же башка жакшы иштерге сарптоо ар жакта турсун өзүнө, өзүнүн керектөөлөрүнө жумшабай жүрүп чогулткан акчасын ушул күнгө чаптайт. Буга, студенттер, орто жашаган үй-бүлөөлөр ап-ачык мисал боло алат. Андан кийинки, ал күндөгү зыяндуу жаман иштерди айтпасам да баарыбызга белгилүү.

“Жаңы жыл бир жылда бир жолу келет, аны да майрамдабайлыбы?”- деп жаткан чыгаарсыз балким. Анда тактап алыңыз, “эмне үчүн майрамдайм?”, “бул менен мен эмнеге жетишем?” Булардан да мурда “мен мусулманмынбы?”- деп, ушуну тактап алыңызчы!
Эгер жообуңуз “ооба” болсо, анда караңыз “ Ким бир коомго окшошкусу келсе, ал да ошолордон!”  Демек сурооңузга жооп башыңызда жанданды болуш керек.

Анын үстүнө жаңы жылды майрамдабай коюу чоң трагедия эмес, анын пайдасы көп. Тескерисинче жаңы жылды тосуунун зыяндарын тизмелесек узундан узун бир текст келип чыгат. 2016 сиз даңкылдактарды атып, арак-шарапты ичип, же “мусулманча жаңы жыл” болгон,  жөн гана дастарконду жасап тозуп албасаңыз деле таарынбайт жана кирип келе берет! (Аллах насип эткен болсо)

Жаңы жыл келатат деп толкундануу менен согуп жаткан жүрөгүңүздү, толкунданууңузду басаңдатыңыз! Ойлонуңуз! Биз сизге мусулман бир тууганыңыз катары жакшылык каалап жатабыз, дагы да чечим өзүңүздө!

Сиз качандыр бир, курман айтты майрамдаган христианды көрдүңүзбү? А биз христиандын майрамын майрамдаган мусулманды көп көрдүк.

Перизат Мусабек кызы, 

www.formula.kg


December 30, 2015 at 11:45PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Шаардын расмий аталышы – Аль Мекка Аль Мухарам.
Арабча айтылышы – Макках.
Жайгашкан жери – Сауд Арабстандын батыш тарабы, Кызыл деңизден 100 чакырым алыстыкта.
Жалпы аянты – 43 миң 100 чарчы чакырым.
Калкы – арабдар.
Калкынын саны – 1,4 миллион (2003-жылдагы көр­сөткүч).
Абасы – ысык, тропикалык чөл климаты үстөмдүк кылат. Абанын орто жылуулугу +20 градус. Эң муздак -8, эң ысык +50 градус болушу мүмкүн. Жаан-чачын кыш айларында гана жаайт.
…Жери кургак келип, дыйканчылыкка жарачу эмес…
Шаардын негизделген жылы белгисиз. Биздин күндөргө чейин жеткен кээ бир жазууларда Макораба аттуу шаар жөнүндө сөз болгон. Хиджаз облусундагы өрөөндө жайгашкан ал шаар бардык жагынан тоолор менен курчалган. Меккенин жери илгертен эле кургак келип, дыйканчылыкка эч жарабаган. Эчки, төөдөн башка мал бул жерде чөп таап жей алчу эмес. Бирок, ислам пайда болгонго чейин Макораба, кийинчерээк Мекке Чыгыш менен Батышты байланыштырып, эки тараптын ортосундагы соодада чоң роль ойночу.
571-жылы Меккеде Алланын элчиси, мусулмандардын башын бириктирген Мухаммед пайгамбар (САВ) төрөлгөн. Ал 630-жылы алгачкы мусулмандар менен чогуу Меккени толугу менен ээлеп, бардык момун мусулмандар үчүн Каабага зыярат кылууну буюрган.
…Мусулман болбогондорго кирүүгө тыюу салынган…
Куранда Мекке тууралуу “шаарлардын энеси” деп айтылат. Ар бир мусулман шаарга кирип баратканда “лаббайк Аллахума лабайка” (Мен мындамын, Аллам, мен мындамын) деген дубаны окушат. Ал эми мусулман болбогондор үчүн Меккеге кирүүгө тыюу салынган. Эгер мурда Аллага ишенбегендер Меккенин босогосунан өтсө, аны өлүм жазасына алышчу. Бүгүн башка диндеги адам Меккенин жерин басканы үчүн акчалай айып төлөйт. Ошентсе да, тарыхта ихрам жамынып алып Каабага келген каапырлардын аты калган. Мисалы, 1830-жылы англиялык жазуучу Ричард Бэртон мусулманмын деп Мекке шаарын кыдырып чыккан. Шек алдырбаш үчүн ал бардык мусулмандардай болуп намазга жыгылып, Каабага колун тийгизип келген. Кийин Ричард Бэртон “Зыярат” аттуу китеп жазып чыгарган. Кээ бир булактарда ошол жазуучунун акыры ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу айтылат.
1979-жылы 20-ноябрда Аль-Харам мечитине (Кааба) террорчулар кол салышкан. Башында Аль-Утайби деген адам болгон 500 кишиден турган топ мечитти жана андагы 6000 кишини камап алышкан. Аль-Утайби Америкага мунайзаттын сатылбашын талап кылган. Мамлекет 3000 аскер, 12 брондолгон унаа жана 5 вертолёттон турган тобу менен дагы террорчуларга күчү жетпей койгон. Ошондо Арабстандын падышасы алгачкы жолу Меккеге мусулман эместерди киргизүү чечимин кабыл алып, 4-декабрда франциялык спецназ террордук топту колго түшүргөн. Бул операцияда 200 террорчу жана 250 барымтага алынгандар каза тапканы белгилүү.
…алгачкы кургактык азыркы Кааба турган жер болчу…
Мекке шаарынын эң узун жана эң жазы көчөсү – Массаи. Ал көчөгө тоодон ылдый салынган майда көчөлөр кошулат. Көчөнүн эң ортосунда чоң аянт жайгашкан. Ал аянтта Кааба мечити турат.
638-жылы курулган Аль-Месжид Аль-Харам (тыюу салынган жер, ыйык жер) деп аталган мечитти арабдар анын төрт бурчтуу формасынан улам Кааба (куб) деп да аташат. Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар намаз убактысында жүздөрүн Кааба тарапка бурушат. Суу ме­нен капталып турган Жер планетасындагы эң алгачкы кургактык дал ушул Кааба турган жерден тараганын окумуштуулар далилдеп чыгышкан.
Ошондой эле, ар бир зыяратчы Меккеге барганда ыйык замзам суусунан даам татып, үйүнө да ала келери белгилүү. Көпчүлүктүн айтымында, замзам булагы чындыгында эле өтө даамдуу.
…Дүйнө жүзү боюнча эң кымбат кыймылсыз мүлк Меккеде…
Заманбап Мекке дүйнөдөгү эң алдыңкы шаарлардын бири. Бул – Арабстандын административдик, соода жана бизнес борбору. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча эң кымбат кыймылсыз мүлк Меккеде. Үйлөрдүн 1м2 орточо эсеп менен 90 миң доллар турат. Шаар тургундары соода-сатык менен алек. Алар зыярат кылып келгендерди тейлөө менен акча табышат. Негизи, Мекке – планетадагы эң көп зыярат кылынуучу жер. Бул жакка зыяратчылар Жидда шаары аркылуу келишет. Мекке менен Жидданы 78 чакырымдык түз кара жол байланыштырат.
Жыл сайын Меккеге 10 миллионго жакын киши келип кетет. Анын ичинен 2 миллиону эле ажылык кылынган Зуль-Хиджа айында келет. Сауд Арабстандын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 2008-жылдын Зуль-Хиджа айында Меккеге келген адамдардын саны рекорд койду. Быйыл зыяратчылыкка 1 миллион 700 миң адам келген. Меккени замандаштыруу, жылда бир өтүүчү зыяратчылыкты коопсуздандыруу иштери тынымсыз жүрөт. Учурда Меккеге келген мусулмандар үчүн ыңгайлуу телефон байланыш түйүндөрү орнотулууда.
http://super.kg

December 30, 2015 at 05:18PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

31-декабрда Бишкек шаардык мэриясы Ала-Тоо аянтында Жаңы жыл майрамынын урматына 400 миң сомдук салют аттырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Малик Ракишев “Марал” радиосуна билдирген. Ракишевдин айтымында, учурда “Россалют” аттуу ишкана менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, аталган ишкана быйылкы жылдын Жаңы жылдык жардыргычтарын камсыздап берет. Ракишев ошондой эле  быйыл салюттар үчүн былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көп экенин жашырбайт. “Бул салюттар баасына жараша. Алар бийикке да атылат жана узакка созулат”,-деп кошумчалады ал. [1]

Жаңы жылдык маанай, шаң-шөкөт, асманга аттырылган фейрверктер. Бир күндүк майрам үчүн кеткен чыгымдар. Айрыкча 5 мүнөттүк көздүн кумары, майрамдын көркү үчүн асманга сүрөт тартып, көз жоосун алган пиротехникалык жардыргычтар. Булар кимге пайда, кимге зыян? 

Атын атагысы келбеген сатуучу пиротехникалык жардыргычтарды сатып соода кылат. Анын айткан маалыматтарына таяна турган болсок, орточо жашаган бир үй-бүлө орточо эсеп менен 2000-3000 сомго соода кылат. Өткөн жылдары 5 миңдин тегерегинде соода кылышчу. Быйылкы жылдын экономикалык абалына байланыштуу алардын соодасы солгундаган. Бирок ага карабай 5 мүнөттүк жыргалчылык үчүн коомчулук оңой эле 2000-3000 сомду асманга чачууга даяр.

“Жылда бир кадар келип, 5000 сомдук соода кылса, быйыл 2000-3000 сомдук соода кылып кетишүүдө. Кытайлардан келишимдердин негизинде сатып алып, ижарага алган жерге жараша товар алабыз. Маселен 200миң, 150 миң,эң аз дегенде 100миң сомдук товар алабыз”.

Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалында мындай каражатты асманга сапыруунун кажети барбы? Балким ага кеткен каражатты аз да болсо, аксап жаткан тармактан өнүгүүсүнө жумшагандыгыбыз оң чыгаар. Анткен менен Бишкек шаардык мэриядан маалымдашкандай быйыл борбор калаада 400 миң сомдук пиротехникалык жардыргычтар аттырылат. Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынан маалымдашкандай быйылкы фейрверктерге кеткен каражат 2 эсе көп.

“31-декабрда саат 12:00дө 400 миң сомдук пиротехникалык жардыргычтар аттырылат. Бул каражат былтыркыга салыштырмалуу 2 эсе көп. Баасына жараша бийикке атылып, узакка дагы созулат. «Россалют» аттуу ишкана менен келишим түзүлгөн”. 

Ал эми экономика боюнча серепчи Мейманбек Абдылдаевдин айтымында кыргыз коомчулугу “экономия” маданиятын калыптандыра элек. Акча каражатын пайдалуу жакка жумшоонун ордуна жыргалчылыкты тандап келет.

“Кыргыз коомчулугунда “экономия” түшүнүгү калыптана элек. Жеке үй-бүлөлүк финансыны башкарууда сабатыбыз өтө төмөн. Бир эле фейерверкти аттырууда эмес, көбүн эсе акчаны максатсыз колдонуп коебуз. Андан көрө ал каражатты балдардын келечеги, алардын билими үчүн колдонгондугубуз жакшы”.

Бул пиротехникалык жардыргычтар бир гана акча жагынан адамга зыянын тийгизбестен, экологияны, коопсуздукту камсыз кылууда да коркунуч жаратаары баарыбызга маалым. Аны алдын алуу максатында 2007-жылы пиротехникалык жардыргычтарды көзөмөлгө алуу боюнча мыйзам кабыл алынып, ага ылайык, каттоодон өткөн гана компаниялар алып кирип, ишмердүүлүгун жүргүзө алат. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук башкармалыгынын лицензияга уруксат берүү башкармалыгынын башчысы Бактыбек Кубакаев маалымдады.

Тилсиз келген жоо болгон өрт кырсыгы да дал ушул күнү демейдегиден көп катталат. Адистердин айтымында пиротехникалык жардыргычтарды колдонуу эрежесин билбегендиктен жана эрежелерди туура сактабагандыктан өрт кырсыгы ушул күнү көп болот. Өрткө каршы кызматынын өрттү алдын алуу кызматынын башчысын Акжол Үсөн уулу маалымдагандай өткөн жылы бир түндө 38 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин калкынын саны болжолдуу түрдө 1 млнго чукул. Шаар калкынын орточо он адамын бир үй-бүлө катары эсептей турган болсок, болжол менен 100 миң үй-бүлө келип чыгат. Ошондо ар бир үй-бүлө 500 сомго фейерверк сатып алса 50 миллион сом абага чачылат. [2]


December 30, 2015 at 04:21PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн Кыргызстан ислам университетинин жыйындар залында пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айынын урматына карата мавлид кечеси өтүүдө.
Кечеге КИУнун ректору, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, КИУнун проректорлору жана мугалимдер жамааты, аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Тажидин ажы Байтейитов, Марс ажы Ибраев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы, аалымдар кеңешинин жоопту катчысы Жоробай ажы Шергазыев катышууда.
КИУнун 4-курстары тарабынан уюштурулган мавлид кечеси Куран окуу менен башталып, алгачкы сөз, ректор Абдишүкүр ажы Нарматовго берилди.
«Жападан жалгыз үммөтүн ойлогон пайгамбарыбызды (ﷺ) кантип сүйбөйлү. Ар бир эне пайгамбарыбыздын (ﷺ) хадистеринен балдарына окуп берсе, канчалаган инсандар анын өмүр жолунан кабардар болмок»,-деди ректор өз сөзүндө.
Ал эми КИУнун проректору Марс ажы Ибраев 4-курстун бүтүрүүчү студент кыздары тарабынан даярдалган мавлид кечесине келген конокторго ыраазычылыгын айтып, пайгамарыбызды (ﷺ) сүйүү менен жашайлы деген пикирин билдирди.
Мавлид кечесинин катышуучуларына бул күнү атайын даярдалган пайгамарыбыздын (ﷺ) өмүр жолунан, мусулман үммөтү үчүн жасаган баа жеткис эмгектеринен слайд көрсөтүшүп, катышуучулардын жүздөрүнө жыйлмаюу жаратты.
Майрамдык кеченин уюштуруучулары тарабынан атайын таттуулар жана пайгамарыбыздын (ﷺ) насааттары жазылган баракчалар даярдалган.


December 30, 2015 at 02:23PM

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жашым 65тен өтүп калган, кемпирим экөөбүз 35 жыл өмүр сүрдүк. Кемпиримдин өлгөнүнө быйыл туура он жыл болду. 7балам бар, 4 уул, 3 кыз. Баарысыжакшы иште иштешет, уйлуу жайлуу, чоң балам  40 жашында бул дүйнөдөн өттү.

Карыгандан баштап көп оорудум. Ар кайсы доктурга барып көрүнөм, бутум ооруйт, нервден деп эле жаткырып коюшат. Палатада жанымда жаткан аксакал киши жашы 67де экен, ал дагы башы ооруп жатыптыр.

Анын аты Жоробай, эки уулу, бир кызы бар экен. Кемпири дүйнөдөн жаш кезинде эле өтү, андан кийин такыр үйлөнбөптүр. Эки уулу күнүгө келишет, атасына башкача мээрим менен карашат. Балдары намаз окуган ыймандуу жигиттер, кызы да эки күндө бир келип турат, тез-тез звонок кылып, атасынын ал-акыбалын сурап турат.

Мына бүгүн кичине уулу келди, кирип эле баарыбызга: “Ассалому алейкум, аталар, жакшы жатасыздарбы? Аллах сиздерге шыпаасын берсин” деп жылмайып амандашат, атасына келип көрүшөт, атасынын жүзүнөн өөп, колунан жыттап койот. Тамагын берет, массаж жасап колу-бутун ушалайт, бүгүн атасынын бутун самындап жууп тырмагын алды, кийимин которду, атасы каршылык кылып, эки күн эле болду го алмаштырганыма, ботом тим эле койчу, келинди да убара кылып улам кир жуудуруп кыйнай бербей десе, баласы ага:

– Ата, өзү кир жууш да ишби, сиздин кириңизди жуубаса, анда мен аялды эмнеге алдым? – деп тамашалай күлөт.

Доктурдун узун каридорунда ары-бери жетелеп басат, андан келип жаткырып, ар кайсыны сүйлөшүп олтурат, атасы уктаса биздин идиш-табакты жууп келет. Биздин да колу-бутубузду укалап, массаж жасайт, рахматыңды айтсаң, “мага да бир дуба кылып бата берип коюңуз” деп турат.

Атасы турганда даарысын берип, тамагын ичирип, анан үйүнө кетет. Эртеси чоң уулу келет. Анысы өтө шайыр, баарыбызды каткыртып күлдүрөт, палатага келип эле жаркылдап салам берет, атасына жетип эле: “кубатым, күчүм, бейишим” деп кучактап эркелеп кетет. Атасы каткырып эле:

– Ой, сен бир шумсуң, өзүң балалуу болуп калдың, анан дале мага эркелейсиң,– деп койот.

Кызы келет, ал да жоолук оронгон, намаз окуган кыз, ал дагы атакелеп жаны тынбайт. “Атаке, эмне жегиңиз келди, эртеге жасап күйөө балаңыздан берип жиберейин, мени билесиз, үйдөгү кичине келинмин, күнүгө келе албай жатам, ата эмнеңиз кем, даары-дармек баары барбы, мен врач менен сүйлөштум, эки-үч күндө чыгат деди,– деп сүйлөп жатты.

Бул Жоробайдын эки уул, бир кызы болсо да күнүгө келишет, а менин алты балам бар, үч уул, үч кыз, доктурга жатканыма беш күн болгондо, бир уулум эки кызым менен келип кетишкен. Андан бери беш күн өттү, доктурда жатканыма он күн болду, бирок дале эч кимиси жок, кийимим кирдеп тер боло түштү, кичине уулума звонок кылып:

– Балам, менин кийимдеримди алып келип берчи айлайыйын,–дедим. Ал:  “Канттиңиз, даары-дармек эмне болуп жатат, тамак-ашың кантти” деп да сураган жок.

– Ата, иштен бошоп эле алып барам деп телефонду өчүрдү.

Балдарыма чындап капа болдум, үйдөн бир ысык тамак жасап келишбеди, келип кабар да алышпады, жадагалса звонок кылып сураганга да жаарышбады, оорудум десем эле кабактары түйүлүп:

– Сиз эле ооруй бересиз, же чын же жалган экенин билбейбиз дешип сүйлөнүшөт, баарынын машинелери бар, а мен доктурга көрүнгөнү өзүм басып, кыдырып эптеп жолду таап келем.

Эртеси кичине уулуму келет деп күттүм, бирок анын ордуна жетинчи класста окуган небере балам келди, пакетке кийим алып келиптир. Кийимден башка эч нерсе жок, эч болбосо ысык атала да кылып бербептир, көзүмө жаш келди, өзүмдү кармай албай ыйладым, жанымда турган неберемдин турганын унутупмун, бир карасам ал таң кала тиктеп туруптур.

– Кийимди чечип берейин, алып кет. Апаң, жууп койор,– дедим.

Ошондо киймимди чечейин деп колумду көтөрө албай кыйналдым. Жоробайдын кичине баласы алмаштырганга жардам берди, эскилиги жеткен кийимимди элдин алдында алмаштырып жатып, намысымдан шолоктоп ыйладым, эмнеге өз балдарым мага мындай суук мамиле жасашат деп өпкө өпкөмө батпай ыйладым.

 

Көрсө, балага тарбия бергенде ниет, дуба кылганда, чоң иште иштесин, чоң депутат же аким болсун деп ниет кылбаш керек экен. Көзүм карайлап, ата болуп туруп талаага ташталган иттин кейпин кийгенде түшүндүм. Карайлап бактым эле го, каректеринен айланып, кагылайын деп, өзүм кийбесем, ичпесем да, ушулар ичсинчи, кийсинчи деп жаным бердим эле го?! Эми минтип карыганда өзүм тилеп жаткан балдарымдын колунда кароосуз калып, турмуштун кордугун көрүп жатам.

 

Карыганда , Кудайдан тилегенде баламды ыймандуу, ынсаптуу, Аллах жолунда жүргөн, ата-эне кадырын билген адам болсун деп ниет дуба кылыш керек экенин эми түшүндүм. Бирок эми түшүнгөнүм менен өткөндү кайрып болбойт экен…

 


December 30, 2015 at 02:21PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кошунаң жакшы болсо маңдайдын жаркыраганы, кошунаң жаман болсо маңдайыңдын куруганы. Кошуна бул биздин жашоодо бир туугандан да өйдө турат деп айтсак болот. Анткени кошунаң качан болбосун жакшы-жаман күнүңдө бат жетип келип, болгон жардамын берип, бөлүшүп турат. Ошон үчүн Ислам да кошуна биринчи оруна турары айтылган.
Ислам дини мусулман адамдын жанында жашаган кошунасы, бирге иштеген кесиптеши жана бирге жүргөн сапарлашы менен эң жакшы мамиледе болууга буйруйт.
 Алла Таала минтип айткан:
«Алла Таалага кулчулулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени (шерик) кылбагыла! Ата-эне, тууган-урукка, жетимдерге, бей-бечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдршуңарга, жалоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарга жакшылык кылгыла!» (Ниса:36)
Кошунанын исламдагы орду өтө чоң. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам салаваттары болсун) хадисинде мындай деген:
«Жабрейил мага кошунага жакшылык кылууну ушунчалык көп осуят кылгандыктан, аны мураскор кылып коёт го деп ойлоп калгам».  (Бухари, Муслим).
Мусулман адам кошуна менен жакшы мамиледе болуу үчүн төмөнкү адептерге көңүл буруусу керек:
1.  Кошунага зыян жеткирүүдөн сактануу керек. Мисалга, аялы менен зына кылуу (ойноштук кылуу), уурулук кылуу, анын короосуна таштандыларды ыргытуу, сөгүп-тилдөө, тынчын алуу ж. б. у. с. бардык кошуна ыза боло турган нерселерден сактануу зарыл.
Алланын элчиси (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун:
«Кимде-ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына зыян бербесин!»-деп айткан. (Бухари, Муслим)
2.  Кошунасын урматтап, жакшылык кылуу керек.
Алланын элчиси (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун):
«Кимде-ким Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына жакшылык кылсын!»-деген.  (Муслим, 47. )
3. Кошунанын ал-абалын сурап, эгер муктаж болсо, тамак-аш жана кийим-кечеден жардам берүү керек.
Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун) Абу Зарга кайрылып:
«Эй, Абу Зар! Эгер шорпо бышырсаң, суусун көбүрөөк куюп, кошунаңа алып барып андан кабар ал!»-деп буйруган. (Муслим: 2625).
Бул жерде кошуна акысы деген болот.  Эгерде сенин курсагың ток, киймиң жетиштүү артып да турат, бирок кошунаң да жок болсо анда кошунаңа жардам берүүң керек ансыз үйүңдө береке болбойт.
«Жанындагы кошунасы ач туруп, өз курсагын тойгузган адам ишенимдүү эмес». (хадис)
4.   Кошуналардын арасынан эшиги жакыныраагы жакшылыка көбүрөөк акылуу болот.
Айша энебиз Пайгамбарыбыздан:
«Кошуналардын кимиси менен жакшылыгыма акылуу болот?»-деп сураганда, «Кимисинин эшиги жакын болсо, ошонусу жакын кошуна болуп эсептелет»-деп айткан.
Насиба Абдуллаева, 
www.formula.kg

December 29, 2015 at 05:56PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кечээ, 28-декабрда Ош шаарында Ош облусунун мусулмандар казыяты менен КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери футбол беттешин өткөрүштү. Майданда кызуу оюн жүрдү. Жыйынтыгында жолдоштук беттеш тең чыгуу менен аяктады. Мындай иш-чараны тынымсыз өткөрүүнү пландаштырган жетекчилер жакынкы күндөрү кышкы спорт оюндарынын түрү менен “Алай-Чыйырчык” лыжа базасында да мелдештерди уюштурууну пландашууда.

Облустук казыяттан кабарлашкандай, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев ден соолукту чыңдоодо жана ынтымак, биримдикти бекемдөөдө спорт мыкты аянтча болуп бере аларын белгиледи.

http://www.super.kg/


December 29, 2015 at 12:59PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Каражат үнөмдөө максатында мамлекеттик мекемелердин көбү бюджеттин эсебинен өтүүчү жаңы жылдык отуруштан баш тартышкан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) корпоративге кетүүчү акчага балдар үйүндөгү наристелерге жаңы жылдык белек сатып берүүнү чечкен. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Белектер ЖАМКтын көзөмөлүндөгү Военно-Антоновкадагы интернаттын тарбиялануучуларына берилди.

Буга чейин бир катар мамлекеттик мекемелер жаңы жылдык отуруштан баш тартышкан. Кимдир бирөөлөр социалдык тармактагы сын пикирден улам өткөрбөй калса, айрымдары акча үнөмдөөнү чечишкен.

Sputnik Кыргызстан


December 29, 2015 at 12:56PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Өлкөдө имамдарды окутуу масштабдуу түрдө жүргүзүлүп жатат.

Жыл узап жаткан күнү, 31-декабрда Кара-Балта шаарындагы Чүй облусундагы бардык имамдар эки күндүк окуусун жыйынтыктайт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Башкы максат — имамдардын күнүмдүк аткарылуучу милдеттерин жакшыртуу жана шариат көргөзгөн тартипте үйрөтүү.

“Имамдарга жума күндөрү хутба айтуу, Ханафий мазхабын үйрөтүү жана жайылтуу, ар түрдүү радикал агымдардын алдын алуу, намаз окуу, нике кыюу, жаназа намазын окуу, маркумду кепинге алуу жана башкалар боюнча практикалык түрдө көргөзүп беришмекчи”, — деп билдирди муфтияттын маалымат кызматынын жетекчиси Максат Атабаев.

Өлкөдө имамдарды окутуу жүргүзүлүп жатат. Мындай иш-чаралардын зарылдыгын жакында эле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирген. Президент имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга атайын каражаттар бөлүнүп, алардын эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү үчүн стипендиялар бериле баштагандыгын айткан.

Sputnik Кыргызстан


December 29, 2015 at 12:54PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1-январь: Кытайдагы жаңы жылдык тыгындан 36 адам каза болду

Өтүп бараткан 2015-жылда дүйнөдө кандай окуялар болду? Мындай суроого токтоло турган болсок, жаңы 2015-жылдын 1-январында эле Кытайда 36 адамдын өлүмү катталды. Болгондо да Шанхай шаарындагы жаңы-жылды тосуу кезиндеги тыгындан улам 36 адам мерт болсо, 46 адам жараланган.

7-январь: Париждеги “Шарли Эбдо” окуясы 

“Шарли Эбдо” буга чейин Мухаммед пайгамбардын карикатурасы тартып, анын айынан 7-январда журналдын Париждеги кеңсесине кол салуу болуп, 12 адам каза болгон. Бул окуя дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, Европа лидерлери да бул окуядан соң Франциянын баш калаасында жөө жүрүш уюштурган. Теракты уюштурган бир туугандар эки күндөн кийин, кармоо учурунда каза болгон.

23-январь: Сауд королу Абдуллах каза болду

Сауд Аравия королу Абдуллах бин Абдулазиз борбор калаа Эр-Риядда дарыланып жаткан ооруканада бул дүйнө менен коштошту. Анын тактысына 79 жаштагы бир тууганы мураскор Салман бин Абдулазиз отурду. Маркум королду акыркы сапарга узатуу зыйнатына дүйнөлүк лидерлердин баары келип катышкан. Маркум Абдуллах бин Абдулазизтин сөөгү жалпы көрүстөнгө көптүн бири катары коюлду, бирок аын көмүү жашыруун жүргүзүлдү.

4-февраль: Тайванда учак шаар ичиндеги дарыяга кулады

Тайванда учак шаар ичиндеги дарыяга кулап, анда 26 адам каза болду. Учак TransAsia аба жолдору компаниясына таандык болгон.

11-февраль: Качкындар кемеси чөктү

Деңиз аркылуу Ливиядан Италияга жол тарткан качкындардын кемеси чөгүп, 300дөн ашык адамдын өмүрүн алды. Мындай окуялар жыл аягына чейин кайталанып турду десек да жаңылыштык болбойт.

25-февраль: Кар көчкү 128 адамдын өмүрүн алды

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Пенчшир провинциясында кар көчкү түшүп, жыйынтыгында 128 адам каза болду.

26-февраль: Жихадчы Жон

“Жихадчы Жон” лакабы менен белгилүү “Ислам мамлекетинин” согушкеринин аты-жөнү такталды. Ал Англия жараны жана Мухаммед Емвази экени жарыяланды.

28-февраль: Орус оппозиционери өлтүрүлдү

Орусиялык оппозиционер 28-февралдан 1-мартка караган түнү Москванын так борборунда киши колдуу болуп каза тапты. Анын өлүмүнө протест кылуу үчүн 17 миң киши Москванын көчөлөрүндө жүрүшкө чыкты.

7-март: Боко Харам “Ислам мамлекетине” ант берди

Нигериядагы террордук топ “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганын жар салышты. Алар “ИМ” халифи Аль-Багдадиге кызмат кылууга ант беришти.

16-март: 10 күн ММКга көрүнбөгөн Путин Атамбаев менен жолукту

10 күндөй дайынсыз болгон, Орусия президенти Владимир Путин 16-мартта биринчи ирээт коомчулукка чыккан. Анда Путин Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Санкт-Петербургда жолугушкан.

22-март: Атамбаевдин Европага сапары 

Президент Алмазбек Атамбаев 22-марттан 1-апрелге чейин Европа мамлекеттерин кыдырды. Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германияда расмий сапар менен болуп, алардын башчылары менен жолугушту.

24-март: Францияда учак кырсыгы 

Германиялык Lufthansa компаниясына таандык Germanwings авиа компаниясынын учагы 150 киши менен кырсыктап, бирөө да тирүү калган эмес. Учакты 27 жаштагы Андреас Любиц атайылап кыйратканы кийинчерээк маалым болгон.

26-март: Йеменде согуш башталды 

26-январда Йеменде граждандык согуш башталган. Анда бийликти өлкөдөгү хуситтер басып алган. Ал эми өкмөткө көмөк көрсөтүү үчүн Сауд Арабия жетектеген эл аралык коалиция жардамга кол сунуп, хуситтер ээлеген аймакка аскердик жортуул баштаган.

2-апрель: Иран менен “алтылык” ортосундагы ядролук келишим

Тегеран менен P5+1 өлкөлөрү ортосунда Ирандын ядролук программасы боюнча көп жылга созулган сүйлөшүү жыйынтыкталып, келишимге жетишилген. Бул дүйнөлүк айдыңда тарыхий окуя катары бааланган.

25-апрель: Непалдагы жер титирөө

Непалдагы 7,9 баллдык жер титирөөдөн 7 миңге чукул жаран каза болду. Ошондой эле Гималай тоосундагы кар көчкүдөн да жүздүн тегерегинде адам каза болду.

9-май: Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы

Москвада Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы расмий белгиленди. Ага дүйнөлүк лидерлер келип, Кыргызстандын президенти да бул иш-чарада Путинге жакын жерде отуруп, сыйлуу конок болду. Юбилейдик мааракеге КМШ өлкөлөрүнөн да согуш ардагерлери барып катышты.

21-май: Сириядагы Пальмира шаарын жихадчылар ээлеп алды

Пальмира шаары ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесинде болгон. Андагы эң байыркы эстеликтер да жок кылынган.

31-май: Индияда ысыктан 2300дөй адам өлдү

Индиянын түштүк штаттарында 2300 адам ысыктан көз жумду. Абанын эң жогорку температурасы 47 градуска чейин жетип, дээрлик бир жумага созулду.

14-июнь: Тбилисини суу каптады

Грузиянын борбору Тбилисиде 14-июнга караган түнү катуу сел кетип, дээрлик шаардын баардык жерин каптады. Тилсиз жоодон каза болгондордун саны 12ге жеткен. 3 саат катуу жааган жамгырдан улам кеткен сел, шаардын борбордук зоопаркына да зыян келтирип, жырткыч жаныбарлар баары көчөгө чыгып кетишкен.

6-июль: Грециядагы кризис жана ыйлаган пенсионер

Интернетте аргасыздыктан ыйлап жаткан грециялык пенсионер тууралуу сүрөт бир канча адамдарды ойго салды. 77 жаштагы пенсионер жубайынын 120 евролук пенсиясын алуу үчүн Салоники шаарындагы бир канча банктын эшигин каккылаган. Бирок натыйжасыз болгон. Бул окуя Грециянын чыныгы жүзүн көрсөттү,- деп жазган айрым Твиттер колдонуучулары. Греция карыздан улам кризиске учурап, банктар 6 күнгө ишмердүүлүгүн токтотушкан. Бул чара дефолтко түшпөөгө жардам берет деп түшүндүргөн, грек өкмөтү.
30-июль: Талибан лидери өлдү

Ооган чалгындоо кызматынын өкүлү Хасиб Сыддыки, Талибан лидери Омар 2013-жылы апрель айында Пакистандын Карачи шаарындагы ооруканалардын биринде өлгөнүн билдирди. Ошондой эле, ал бул билдирүү расмий болуп саналат деп кошумчаланды.

12-август: Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болду

12-августта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болду. Бул күнү Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары каттады.

31-август: Европадагы миграция кризисинин башталышы

Евробиримдик аймагына кирген качкындардан улам, бир канча шаарларда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

9-сентябрь: Качкынды тээп жыккан венгриялык журналист

Венгрия менен Сербия чегинде полициядан качып жаткан качкындарды чалып жыгып, тепкен венгриялык журналисттин аракети интернетте катуу талкууга алынды. Ал ортодо журналист өзү иштеген телеканалдан кызматтан алынганы кабарланды.

11-сентябрь: Меккедеги кырсык

Каабада кеңейтүү иштеринде колдонулуп жаткан жүк көтөргүч кран кулап кетип, ажылык ибадатына барган адамдар каза тапкан. Кран шамалдын таасиринен кулаган, анын кесепетинен кеминде 107 киши каза таап, 154 киши жаракат алган.

16-сентябрь: БУУнун 70-юбилейдик сессиясы

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 70-сессиясы Нью-Йоркто өз ишин баштады. Расмий ачылыш БУУнун расмий сайтынан түз алып көрсөтүлгөн. Жыйында Башкы Ассамблеянын алдыдагы жакынкы жылдарда 150дөн ашык маселени кароо пландалган. Анын арасында коопсуздук, маданий баалуулуктарды сактоо, жакырчылыкты жоюу жана аялдардын абалын жакшыртуу маселелери алдыңкы планга чыккан.

24-сентябрь: Ажылыктагы тыгын

Мекке шаарындагы зыяратчылар таш ыргытуу жөрөлгөсүн жасоо учурунда түртүшүү пайда болуп, натыйжада миңдеген адамдар тебелендиде калган. Бул окуя ажылык тарыхында акыркы 15 жылдагы эң трагедиялуу окуялардын бири болду. Анда миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.

30-сентябрь: Палестина желеги БУУда желбиреди

Палестина менен Ватикандын желеги БУУнун башкы штабынын астында желбиремей болду. Ага ылайык, БУУнун байкоочу өлкөлөрүнүн бири Палестинанын желегинин желбирешине 119 өлкө макулдук берсе, 8 өлкө каршы чыккан. Ал эми 45 өлкө добуш берүүдөн баш тартышкан.

30-сентябрь: Орусия аскерлери Сирияга киргизилмей болду 

Орусиянын Федерациялык кеңеши аскерлердин чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге жиберилүүсүнө уруксаат берди. Бул боюнча президент Путин, Сирияга аскер жиберүү боюнча федерациялык кеңешке буга чейин кайрылган болчу.
Орусияга Сириянын президенти Башар Асад кайрылган. Орусиянын аскерлеринин чет өлкөдө согушка катышуусу тууралуу чечимге ылайык, бир гана аба күчтөрү Сирияга жиберилет. Ал эми кургактагы аскерлердин жиберилүүсүнө уруксаат берилген жок.

5-октябрь: Нобель жумалыгы башталды

Стокгольмдо Нобель жумалыгы башталды. Салт боюнча биринчи кезекте физиология жана медицина жаатындагы лауреаттын атын жарыялашты.
Маалыматка ылайык, Нобель сыйлыгы физика, химия, адабият, экономика жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу жаатында көрүнүктүү иш жасагандарга берилет. Алардын арасынан тынчтык сыйлыгы эң престиждүү деп саналат.

20-октябрь: Асад Москвага расмий сапар менен келди

Бул күнү кечинде Москвага Сириянын президенти Башар Асад келди. Орусия прзиденти Владимир Путин менен жолугушуусу Кремлде болуп өттү. Асад менен Путиндин жолугушуусу тар жана кеңири форматта өткөн. Кеңири чөйрөдөгү жолугушууда Орусиянын жогорку кызматтагы чиновниктери да катышкан. Анда Сирия кризиси жана андагы аскерий операциялар тууралуу талкууланган.

31-октябрь: Орусия учагы Египетте кыйрады

31-октябрда Орусиянын «Когалымавиа» жүргүнчү ташыган Airbus 321 учагы “Шарм эш-Шейх – Санкт-Петербург” каттамы дайынсыз жоголуп, Египеттен Синай жарым аралынан аталган учактын сыныктары табылган. Анда 217 адамдан бирөө да тирүү калган эмес.

13-ноябрь: Париждеги ири теракт

Париждин борборундагы кандуу окуялар 7 жерде ишке ашкан. Полициянын айтымында куралчандар алгачкы кол салууларын Bataclan концерттик залына жакын жердеги кафеде баштаган. Куралчандардын экинчи тобу ошол эле убакта шаардын башка жеринде ок атып баштаган жана футболдук мелдеш өтүп жаткан стадиондо жардыруу болгон. Ошондой эле Биш, Республика, Шарон проспектилеринде да элдерге карата ок атышкан. Анда кеминде 130дай киши мерт болду.

15-ноябрь: Анталияда “чоң жыйырманын” саммити

Анталиядагы G20 саммитинде бул жылы экономикалык жаатта алгач ирет 7 жаңы маселе каралды. Тактап айтканда саммиттин аягында кабыл алынган документте алгач ирет интернет сөзү колдонулду. Интернеттин экономикага тийгизген таасири жана анын келечеги талкууланды. G20 1999-жылдан бери бар болгону менен, интернеттин экономикадагы орду бул ирет кызуу талкууланды. Жаштар жумушсуздугу, энергияны табигый булактардан алуу маселелери да козголду.

24-ноябрь: Орусия-Түркия мамилесине доо кетти

Орусиянын Су-24 учагы 24-ноябрда Түркиянын аба мейкиндигин бузуп өттү деген жүйөө менен атып түшүрүлгөн. Окуя Сирия-Түркия чек арасында болуп, Түркия тарап орусиялык учакка 5 ирет эскертүү бергенин айтышууда. Ал эми аскердик учактагы эки пилот парашют менен секирип кетишкен. Алардын бирөөсү каза болуп, экинчисин сириялык аскерлер куткарып калышкан. Мындан улам эки өлкө ортосундагы саясий кризис башталды.

2-декабрь: Цукербергдин кайрымдуулугу

30-ноябрда кыздуу болгон Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кызынын төрөлүшүнүн урматына компаниянын 99% акциясын кайрымдуулукка жумшаарын билдирди. Жаш миллиардер Цукерберг менен жубайы Присцилла Чанга тийиштүү болгон акциялардын учурдагы баасы 45 млрд. долларды чапчыйт.

Кызынын төрөлгөнү тууралуу жазган ачык катында Цукерберг акциялар этабы менен кайрымдуулукка жумшалаарын жазган. Алдыдагы 3 жылда компаниянын 1 млрд долларлык акциясын сатып, кайрымдуулукка берет. Калган акциялар да акырындык менен сатылат. Марк менен анын жубайы 2009-жылдан бери жаш балдарга багытталган кайрымдуулук фондун иштетип келишет. Chan Zuckerberg Initiative кайрымдуулук уюму “дүйнөдөгү бардык жаш балдарга бирдей шарт түзүү” негизинде иш алып барып, көпчүлүк учурда билим берүү жана жаш балдар арасындагы оорулар менен күрөшүүгө акча сарптайт.

4-декабрь: Саакашвили Грузия жарандыгынан ажыратылды

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини Грузия жарандыгынан ажыратышты. Бул боюнча өлкө президенти Георгий Маргвелашвили кол койду.

Михаил Саакашвилини Украина президенти Порошенко Одессанын губернаторлугуна дайындаган. Ал бул кызматка келүү үчүн Украинанын жарандыгын алды. Ал эми Порошенко менен Саакашвили студенттик кездердеги достордон экени да жалпыга маалым.

8-декабрь: Трамптын мусулмандар боюнча билдирүүсү

Республикачылардын партиясынан чыккан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп АКШга мусулмандарды киргизбөөнү сунуштады. Саясатчы өзүнүн Твиттер баракчасында, мамлекеттин коопсуздугу боюнча баяндама жарыялады. Миллиардердин пикиринде АКШга кирип жаткан мусулмандар, америкалыктарга карата өч алуу сезими жогору жана душмандык маанайда.

10-декабрь: Тажик президент “Улуттун лидери” аталды

Тажикстан парламенти президент Рахмонду расмий түрдө “Улуттун лидери” деп жарыялады.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасында каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, президентке “Улуттун лидери” деген макам расмий түрдө берилсе, анда анын кол тийбестиги өмүрүнүн аягына чейин сакталат. Мындан сырткары ал сот жана башка бардык жоопкерчиликтен бошотулуп, президент кезинде турган кезде жасаган иштери үчүн ага бийликтен кеткенден кийин да эч кандай иш козголбойт.
12-декабрь: Сауд Аравияда алгач ирет аялдардан депутат шайланды

Сауд Аравиянын тарыхында алгачкы ирет аялдардын шайлоочу жана шайлануучу болуп катышып жаткан шайлоо жыйынтыкталды. Маалыматтарга ылайык, Жеддадан эки, Меккеден бир аялдын шаардык кеңештин мүчөсү болгондугу айтылды.

12-декабрь: Климат боюнча саммит

Париждеги климат боюнча жыйын жыйынтыкталып, анда атайын резолюция кабыл алынды. Бул иш-чарага дүйнөнүн 120дан ашуун лидерлери катышышкан.

14-декабрь: Мусулман өлкөлөрдүн аскердик альянсы

Сауд Аравия өкмөтү терроризмге каршы күрөшүүчү жаңы альянс түзүлгөнүн жарыялады. Анда 34 мусулман өлкөлөрү биригишкен. Бул альянс 72 саат ичинде түзүлгөн.

Терроризмге каршы күрөшүүчү жаңы биримдиктин күчтөрүнүн башкы штабы Эр-Риядка жайгашаары айтылган. Бул альянска Сауд Аравия, Түркия, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Бангладеш, Бахрейн, Бенин, Того, Тунис, Жибути, Сенегал, Судан, Сьерра-Леоне, Сомали, Габон, Гвинея, Палестина, Катар, Кот-д’Ивуар, Куеайт, Ливан, Ливия, Мали, Мальдив Республикасы, Малайзия, Египет, Маракко, Мавритания, Нигер, Нигерия жана Йемен мүчөлүк кылат.

21-декабрь: Футбол чиновниктеринин чыры

ФИФАнын экс-президенти Йозеф Блаттер жана УЕФА президенти Мишель Платини 8 жылга футболдук иш-чаралардан четтетилди. Буга ФИФАнын этика комитети чечим кабыл алды.

ФИФА этика комитетинин кабыл алган чечимине ылайык, Блаттер футболдун этикасын бузуп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн. Анткени буга чейин Блаттер УЕФА президенти Платининин банктык эсебине 2 млн. франк акчаны мыйзамсыз которгону тастыкталган. Ошондой эле булар ФИФАнын тегерегиндеги коррупциялык чырга катыштыгы бар деп айыпталган.

22-декабрь: Мунай баасы 2004-жылдагы көрсөткүчкө түштү

Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы дагы арзандады. Brent мунайынын баасы Лондондун ICE Futures биржасында 1,34%га кыскарды. Учурда мунайдын бир баррели 36 доллар 24 центти түзүүдө. Бул көрсөткүч 2004-жылдагы көрсөткүч менен бирдей болду. Анткени 2004-жылдын июнунда мунайдын баасы, 36,17 болчу.

24-декабрь: Атамбаев Түркияга сын айтты

Президент Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында, Орусия-Түркия ортосундагы учак кризиси тууралуу билдирүү жасап, “Учактын атып түшүрүлүшү ката болгон. Бул тууралу Путин менен сүйлөшкөнбүз. Атып түшүрүү чечими туура эмес “,-деген пикирин айткан.

Орозгүл Арстанова
http://maralfm.kg/

December 29, 2015 at 09:38AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Алыскы айылдардын биринде, калкка кадырлуу, акылман карыя жашай турган. Ал балдарды өтө жакшы көргөндүктөн, дайыма алар менен ойноп, аларга ар кандай белектерди берип турчу. Бирок ал берген оюнчуктар дайыма жука жана өтө назик боло турган.

Балдар алар менен көпкө ойной алышчу эмес, себеби бат эле сындырып алышчу. Ыйлап келген балдарга карыя андан дагы батырак сына турган, назик оюнчук берчү. Канчалык аракет кылышпасын, балдар аларды да көп өтпөй эле сындырып алышчу. Бир күнү балдардын ата-энелери карыяга мындай дешет:

“Биз сизди абдан сыйлайбыз. Сиз биздин балдарыбызды жакшы көрөсүз, бирок дайыма аларга назик, бат эле сынып кала турган оюнчуктарды бересиз. Балдар аларды бат эле сындырып алышкандыктан, ызаланып ыйлап жатышат. Сиз берген оюнчуктар аябай сонун болгондуктан, ойногулары келсе дагы коркуп, ойной албай жатышат”,—дешет. Ошондо карыя:

“Бир аз убакыт өткөндө балдар чоңоюшат. Ошондо бирөө аларга жүрөгүн тартуулай турган учур келет. А мен балдарыңар андай назик, кымбат нерсени сындырбай уруна билүүгө азыртан үйрөнүп, кийин жашоодо кыйналышпасын деп жатам”.—деп жооп кайтарат.

Демек балдарыбызга кичинесинен баштап чоң турмушка карай туура багыт берүү абдан маанилүү. Себеби алар—биздин эртеңки келечегибиз.

“Балдарды чын дилден сүйүп, аларды коргоо—тозоктон сактанууга себеп болот”. (Хадис)

“Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт”. (Эл нускасы)

“Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”. (Макал).


December 28, 2015 at 04:48PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баткендеги Кара-Дөбө айылындагы медреседе жалпы жонунан 74 кыздар жана балдар билим алышат.

Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу сегиз медреседе быйылкы окуу жылында “кол өнөрчүлүк”, “ашпозчулук” кесиптери, андан сырткары орус, англис тили жана Кыргызстандын тарыхы кошумча окутулуп жатат. Бул туурасында Баткен облустук казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми Кадамжай районундагы Кара-Дөбө медресесинде кол өнөрчүлүк, ашпозчулук курстары менен бирге орус жана англис тили сабагы окутулууда. Кыргызстанда орус тили расмий тил жана канча көп тил билүү башка эл менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн жаратат дешти диний окуу жайынын жетекчилери.Аталган айылдагы медресенин директору Исмаил Саиназаров тил билүү балдарга ашыктык кылбай тургандыгын айтты.

“Балдардын аң-сезими жогорулашы керек, сыртка чыгат, башка жактарга барат дегендей. Алар тилди билиши керек. Шаарга барганда же болбосо документтерди толтурганда түшүнсүн деген максатта орус тилин киргиздик”, — деди Саиназаров.

Медресе директору эми окуучулар үчүн компьютердик класстарды ачып берүүнү пландап жаткандыктарын кошумчалады.

Учурда аталган диний окуу жайда 14 бала жана 60 кыз окуп жатат.

http://sputnik.kg/


December 28, 2015 at 04:21PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Франция мусулмандары 2016-жылдын январында мамлекеттеги бардык мечиттерде ачык эшик күнүн өткөзүүнү демилгелеп жатат. Мусулмандардын мындай аракетинин максаты, кызыккан тараптарга чыныгы Ислам тынчтыктын дини экенин түшүндүрүү.

Франциядагы мусулмандар кеңешинин жетекчиси Ануар Кбибештинин билдирүүсүндө мечиттердеги ачык эшик күндөрүндө кызыккандарды атайын чай үстүндө баарлашууга чакырышат.

Иш-чара 9-10-январь күндөрү уюштурулат. Анда келген коноктор Ислам боюнча билгиси келген баардык суроону берсе болот. Расмий эсеп боюнча Францияда 6 миллион калк Ислам динин карманышат.

http://maralfm.kg/


December 28, 2015 at 04:10PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Стамбулда Босфор көпүрөсүнөн өзүн-өзү таштап өлтүрүүгө аракет кылган кишини Тайип Эрдоган оюнан кайтарды. Маалыматка ылайык, Сиирт шаарынын тургуну Везир Чатраш үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам депрессияга кабылып, өзүн-өзү өлтүргүсү келип, Босфор көпүрөсүнөн өзүн таштамак болот. Бирок жолдон өтүп бара жаткан Түркиянын өлкө башчысы Тайип Эрдоган жан сакчыларына анын абалын суроону буюрган. Өлкө башчынын маселени чечүүгө аракет кылганын уккан Везир Чатраш таасирленип, оюн өзгөрткөн.

Бирок мындай окуяны Түркияда социалдык тармактарда ар кандай сынга алышууда. Кээ бирлери атайын уюштурулган деп сындашууда. Анткени көпүрөдөн президеттин картежи өтөөрдөн мурда дайыма жолдор жабылып, эч ким өтө алган эмес.

1733295

http://maralfm.kg/


December 26, 2015 at 02:35PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн Кыргыз Туусу гезити 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарып, жыл мыктыларын сыйлоо аземин «Береке» ресторанында өткөрдү.
Жыл мыктыларын аныктоо аземинде «жылдын мыкты инсаны», «жылдын мыкты губернатору», «жылдын мыкты маданият кызматкери», «жылдын мыкты министри», «жылдын мыкты айыл өкмөт башчысы» сыяктуу бир топ наамдар берилди.
Иш чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы, ЭлТР телеканалынын башкы директору Мусаев Айбек, КР Өкмөтүнүн аймактык өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары жана кыргыздын белгилүү уул-кыздары, фонддор жана минитрликтин кызматкерлери катышышты.
Кыргыз Туусу гезити Кыргызстандагы диний кырдаалдын туруктуулугуна жана имамдардын билим деңгээлин жогорулатып, Ханафий мазхабын жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажыга «Жылдын мыкты инсаны» наамын ыйгарышты. Сыйлыкты Кыргыз Туусу басма үйүнүн директору, башкы редактор Балбаков Эрнис Тиленбекович тапшырып, Азирети муфтийдин иштерине ийгиликтерди каалады.

муфтий


December 26, 2015 at 01:45PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жаңы жылдык жамааттык отуруштан баш тартып, кызматкерлердин үй-бүлөлүк бюджетинен орто эсеп менен 50 миңге жакын сомду үнөмдөп калды. Бул туурасында аталган өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Диляра Парпиева маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин өкүлчүлүктүн кызматкерлери жаңы жылдык жамааттык отуруштарга ар бири 1000 сомдун тегерегинде каражат жумшап келген.

“Ал эми өкүлчүлүк өзүнчө каражат бөлүп, жаңы жыл алдында облустагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык белек тартуулоо чечимин кабыл алды” — деп билдирди Парпиева.

Жамааттык отуруштардан баш тартуу чакырыгы менен Ош калаасынын мэри Айтмамат Кадырбаев да шаардыктарга кайрылган.

“Бул демилгени колдогон Оштогу жүргүнчүлүрөрдү ташуучу ишкана отуруштан баш тартып, болгону маданий гана иш-чараларды өткөрүү менен чектеле тургандыгын билдиришкен. Алар муну менен ишкананын жана кызматкерлердин үй-бүлөлүк бюджетин үнөмдөөнү чечкен”, — деп билдирди мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Гүлжамал Актаева.

Ал эми мэриянын өзү да мындай отуруштардан баш тартып, орточо эсеп менен алар 400 миңдей каражатты үй-бүлөлүк бюджеттен каражат үнөмдөлгөндүгүн билдиришти.

Мэрия бүгүн жетим, майып жана аз камсыз болгон бүлөлөрдөн 150 балага жаңы жылдык белектерди тапшырып, майрамдык концерт уюштуруп берди.

“Балдарга белек алуу үчүн мэриядан 100 миң сом каражат каралды”, — деп билдирди мэриянын социалдык бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Аманова.

Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке компаниялар арасында каражатты үнөмдөө максатында жаңы жылдык жамааттык отуруштардан баш тартуу тенденциясы жүрүп жатат. Ал эми өкмөт башчысы жакында эле жаңы жылдык көңүл ачуулардан баш тартып, анын ордуна муктаж болгон жетим жана оорулуу балдарга майрам уюштуруп берүү орундуу экендигин айткан.

Sputnik Кыргызстан


December 26, 2015 at 07:13AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул тууралуу, Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алардын айтымында, КРнын Өкмөтүнүн Баткен областы боюнча өкүлчүлүгүнүн эмгек жамааты жаңы жылдык кечени өткөрүүдөн баш тартты.

“Кечеге каржылана турган каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана кароосуз калган балдардын муктаждыктарын камсыздоого жумшалат”, – деп түшүндүрүштү.

http://kabarlar.kg


December 25, 2015 at 11:40PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

22-декабрь. Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын соттору төмөнкү экстремисттик жана террористтик уюмдардын мамлекеттин аймагында иш алып баруусуна тыюу салган.
1.»Аль-Каида» — 2006-жылдын 15-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
2. «Талибан Кыймылы» — 2006-жылдын 15-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
3. «Чыгыш Түркстандагы Ислам кыймылы» – 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
4. «Курдск элдик конгресси» («Конгра-Гель») — 2008-жылдын 11-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
5. » Чыгыш Түркстанды бошотуу уюшум» — 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
6. «Хизб ут-Тахрир-аль-Ислами» — 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
7. «Группа джихада» («Исламс джихадынын союзу») — 2008-жылдын 11-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
8. «Түркестандын ислам партиясы» (Өзбекстандын ислам кыймылы) — 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
9. «Чиркөө бирикмеси» 2012-жылдын 22-февралында Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
10. «Жайшуль Махди» — 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
11. «Джундь-аль Халифат» (Джунд-аль Халифат) — 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
12. «Ансаруллох» (Ансарул Аллах) — 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
13. «Ат-Такфир Валь-Хиджра» (Ат-Такфир вал-Хиджра) 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
14. «Акромия» — 2014-жылдын 14-мартында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
15. А. Тихомировдун үгүт материалдары жана үгүт ишмердиги – 2014-жылдын 14-мартында Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен тыюу салынган.
16. «Ислам мамлекети» — 2015-жылдын 13-февралында Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен тыюу салынган.
17. «Джабхат ан-Нусра» — 2015-жылдын 23-июнунда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен тыюу салынган.
18. «Катибат аль-Имам аль-Бухари» (Батальон Имама Бухари) – 2015-жылдын 13-майында Ош шаардык сотунун чечими менен тыюу салынган.
19. «Жаннат Ошиклари» — 2015-жылдын 13-майында Ош шаардык сотунун чечими менен тыюу салынган.

http://www.vb.kg


December 25, 2015 at 11:23PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1.Урматтуу Чубак ажы! Мен сиздерге кээде капа болуп кетем! Эмне үчүн дайыма ата-эненин укугун айтып, балдардын укугу боюнча даават кылбайсыздар? Же балдар эч кандай укукка ээ эмеспи?! Ата-эне бир баланы, же бир кызды көрсөтүп туруп, ушуга үйлөнөсүң десе, алардын көңүлүн кыйбай, өзүңө жакпаган адамга үйлөнүүгө мажбур болуш керекпи? Москва, аты белгисиз.

 Жооп: Ардактуу агайыным! Акыркы учурда балдардын эмес, ата-энелердин укугу көп бузулуп жаткандыктан, ошол эле учурда балдардын ата-энеге кайрымсыз болуп баратканынан улам, ата-энелерди угуу жөнүндө көп айтып жатканыбыз чындык.

Эми сенин маселеңе келе турган болсок, ата-энең айткан кызга үйлөнбөй коюуга укугуң бар. Бирок, ата-энең тапкан кызды карап көрүүгө жана ал жөнүндө пикирленүүгө эмне үчүн болбосун. Анткени сен сыяктуу жаш балдар акылы менен сүйбөй, сезими менен жакшы көрүп, жыйынтыгында бактысыз үй-бүлөлөр, ажырашуулар көп болуп жатпайбы. Тең-теңи менен, тезек кабы менен деген накыл кеп бекеринен эмес.

Көп учурда ата-энелерибиз биз үчүн бизге караганда кыйла эсе мээримдүүрөөк жана алардын турмуштагы тажрыйбасы да кенен. Алардын балдарына жакшылык гана каалаганынан кымындай да шектенүүнүн кажети жок. Ата балага сынчы деген кептин төркүнү, баланы ата-энесинен жакшыраак эч ким билбейт деген мааниге келип такалат. Сен өзүңдү аларчалык билбешиң мүмкүн.

Менин айткан кебим сага тузу жок сорподой туюлар, а бирок, жылдар жылга жылбышып, аталык макамга жеткен учуруңда ушул сөздөрүмдү аргасыздан эстейсиң.

Акырында дагы бир ирет айтарым, ата-энең сени мажбурлап үйлөнтүп коюуга укугу жок. Сен баш тартууга укуктуусуң.

2. Быйыл орозодо оң колум толугу менен ысык жармага күйүп калган. Бирок, мен орозомду улантып кармай бердим. Эми менин оозум ачылдыбы, же кайра ошол күндү тутуп беремби? Балыкчы. Жамал.

Жооп: Оозуңуз ачылган жок. Ачылбагандан кийин аны кайрадан кармоонун зарылчылыгы жок. Кудай Таалам орозоңузду кабыл кылсын!

3. Мен 3 жылдан бери Москвада ресторанда бармен болуп, арак, пиво куюп иштейм. Акыркы күндөрү такыр ушул иште иштегим келбей калды. Башка иш табыш кыйын болгондуктан айласыздан иштеп жүрөм. Ушул ишим канчалык деңгээлде күнөө, не кылсам болот? Москва. Жаңыл.

Жооп: Ишиң арам, тапканың да адал эмес. Колуңан келсе, башка жумуш тап дагы, ошол жакка оодарылып кет, боорум! Кудайым адал оокаттан айрыбасын баарыбызды!

4. Лөлүлөр үйлөрдү кыдырып, силердин үйдү дубалатып кетиптир, бир нерселерди таштап кетиптир деп айтышат. Аларга ишенсе болобу? Талас, Адилет.

Жооп: Жок, берекем! Лөлүлөргө ишенүүнүн кажети жок. Колуңдан келсе бир азыраак жардамыңды берип, жолуна сал. Негизи жардамды да таанып-билген жардыларга бергениң жакшыраак болот. Садага-кайрымдуулук адамга келе турган балээлерди кайтарат. Өмүрдү узартып, ырыскыны кеңейтет. Адамдын ден-соолугу жакшырып, дубалары кабыл болуусуна өбөлгө.

5. Адамды дубалатып койсо канчалык зыяны бар? Дубаны кантип кайтартса болот? Аты белгисиз.

Жооп: Дубалатылган адамга терс дубанын, сыйкырдын зыяны тиет. Терс дубаны-сыйкырды ыймандуу адам жасабайт. Аны ыймансыз, кесепеттүү, бактысыз жана алдамчы адамдар жасайт жана жасатат. Тескери дуба тийбөөсү үчүн дайыма даараттуу болуп, сактануучу дубаларды окуп жүрүү кажет. “Мусулмандын чеби”, “Мусулмандын коргону”, “ Маснун дубалар” сыяктуу китепчелерде сактануу дубалары кенен баяндалган. Намазга бекем адамга андай нерселердин таасири тийбейт.

6. Биз Ислам мамлекети эмеспиз. Шариатыбызда эркек менен аялдын бир жерде иштөөсүнө, окуусуна болобу?

 Жооп: Мусулман пенде жашап жаткан өлкө кандай гана өлкө болбосун, ал колунан келишинче мусулманчылыктын шарттарын аткарууга аракеттенүүсү керек.

 Ислам мамлекети эмес өлкөдө жашаган адамдарга Ислам өкүмдөрүн аткаруу милдеттүү болбой калса, анда ар ким каалаганын кыла бербейби? Нике, адал-арам маселеси кайда калат?

Динибизде акыл-эс кирип калган балдар менен кыздардын аралашып окуусуна тыюу салынат. Анткени, аралашып окуудан көп проблемалар пайда болууда. Ошол жерден бири-бирине көнүп, эки башка жыныстын аралашып кетүүсүнө шарттар түзүлүүдө. Абийирдин сакталуусу сыяктуу маселелер тебелендиде калууда.

Намахрам эркек менен аял киши жалгыз бир бөлмөдө калып иштөөгө да тыюу салынат. Колдон келишинче айрым-айрым канааларда иштөөгө шарт түзүш керек. Албетте, мен бул маселени мусулмандарга гана айтып жатам. Мусулман эместерге тиешеси жок. Алар эмне кылса өздөрү билет, өтүктөрүн төрүнө илет.

7. Ачык көзү ачыктык кылса күнөө, бирок жашыруун кылса болот да ээ? Кайсы негиздерге таянып аларды каапыр дейсиздер? Бишкек, Болот.

Жооп: Көзү ачыктардын каапырлыгы анык. Ачык кылса да, жашыруун кылса да ал чоң күнөөлөрдөн болот. Тообо кылбаса, аткарган көзү ачыктыгынан кайтпай өлсө, кыяматта тозокто түбөлүкө калат. Кудай Тааламдын илимине таандык болгон кайып илиминен сүйлөгөндүгү үчүн каапыр дейбиз. Анткени, кайып илимин билүү жалгыз Кудай Таалама гана таандык. Ал эле эмес, аларга ишенгендер да каапыр болот. Бул туурасында “Аалам сырларыбы, же шайтандын ырларыбы?” аттуу макалабызда кеңири баяндаганбыз. Таап окуңуз.

 8. Устаз, төрт рекет парз намаздын акыркы эки рекетинде кошумча сүрө кошуп койсо сажда сахви кылынабы? Аты белгисиз.

 Жооп: Менин билишимче, намазда кайсы бир ички парзды (рукунду) кечиктирип койсо, сажда сахви ваажып болот. Парз намаздардын үчүнчү жана төртүнчү рекеттеринде фатиха сүрөөсү жалгыз эле окулат, аны окуу сүннөт. Ага зам сүрөө кошуп коюу менен рукууь амалы кечигип калат. Жыйынтыгында рукун кечигип жатат. Аллах билүүчүрөөк.

 9. Бир тууган менен мамилени үзсө, жаза кандай, устаз? Каракол, Фархад.

 Жооп: Бир тууган менен мамилени үзгөн адамдан Кудай Таалам да мамилесин үзөт. Ал пендеге ырайым нурун азайтат деген маани келет. Ал адамдан Кудайдын бере турган берекеси качат.

 10. Балам аябай тентек болуп жатат. Жакшы да айтам, алдап-соолап, жаман да айтып түшүндүрөм, эч болбой жатат. Аз-аздан таалим өтүп тарбияланабы десем, өткөзбөйт. Бала бакчага барат. Кичине балдар менен ойноп алаксыйбы десек, тетири кетип жатат. Беш жашта. Кеңешиңизди бериңизчи, устаз? Аты белгисиз.

Жооп: Беш жаштагы бала шоктонбогондо, отуз беш жаштагы киши шоктонмок беле? Жигит болсо шок болсун, шок болбосо жок болсун! Балага жаман айтуунун кереги жок. Колдон келишинче ак-караны ажыратып айтып берүүгө аракет кылганыңыз ийги. Бала балалыгын толук албаса, кийин чоңойгондо ошол жаш баладай болуп ойногусу келе берет. Карап көрсөңүз, ошол балалыгын толук албагандар чоңойгондон кийин деле машиненин түрүн алмаштырганга кызыгышат, дайыма жаңы кийим кийишет, айтор балалыктын синдромдору кала берет. Андыктан, балаңыздын балалыгын уурдабаңыз.

11. Устаз, чүкө ойносо болобу? Атам чүкөдө жин бар дейт. Бул нерсенин канчалык деңгээлде чындыгы бар? Кара- Кулжа, Курманбек.

Жооп: Сөөктөр жиндердин тамагы болуп эсептелгендиктен, анда жин бар деп айтылса керек. Сөөктөрдү булгап, аны менен дааратканада тазаланганда жиндердин ачуусу келет. Ал эми аларды булгабаган учурда алардын ачуусу деле келбейт. Андыктан аларды пайдаланса болот. Бирок, чүкөнү төлгө кылып салуу дурус эмес. Төлгө салуу шариатыбызда жок. Ордо оюну сыяктууларды ойносо боло берет.

12. Жолдошум мага талак бергем дейт. Бирок мен уккан эмесмин. Үч балабыз бар. Балдарга да карабай кетип жатат. Жолдошумду жакшы көрөм. Эмне кылсам болот, устаз? Аты белгисиз.

Жооп: Күйөө берген талакты аялы укпаса да түшө берет. А бирок, айтылган талактын так түшкөндүгүн билүү үчүн илимдүүлөргө айтып тактатып алуу керек. Жолдошуңузду жакшы көрсөңүз, жакшы көргөнүңүздү далилдеп, анын көңүлүн табуунун аракетинде болуңуз. Намаз окуп, дуба кылсаңыз түштөгүнүн ишке ашуусу Кудайыма кыйын эмес.

13. 23 жаштагы жигит атасынан суранбай дааватка чыкса болобу? Аты белгисиз.

Жооп: Чыкса боло берет. Анткени ал бойго жеткен чоң адам.

14. Сиңдим 1-күйөөсү менен ажырашкандан 10 жылдан кийин күйөөгө чыкты. 9 ай жашагандан кийин жолдошу героин менен кармалып 16 жылга кесилди. Сиңдим жообун сурап алса болобу? Аты белгисиз.

Жооп: Ооба, сурап алса болот. Мындай учурда ага жол берилет. Эч бир себепсиз талак сурагандыгы үчүн күнөөкөр болгон аялдардын катарына кошулбайт сиздин сиңдиңиз.

15. Аллахым сизден ыраазы болсун! Телефондон “сага үч талак” деп жазып жиберсе эмне болот? Бишкек, Айзада.

Жооп: Антип жазып жиберген болсо, ошол жазуу ошол бойдон жетип барат. Эгер эркектин талак берүү ниети бар болсо, жазган талагы түшөт. А эгер ажырашууга ниети жок болсо, анда жазуунун өзү мааниге ээ эмес. Анткени кат менен жазылган талак толук эмес түрдө жазылган учурда эркектин ниетине муктаж.

16. Моргдо иштегендерге кандай дейсиз? Маркумдарды союп, жашыруун иштегендери күнөөбү? Медиктер кандай кесип тандаганы туура? Рахмат! Ош, Дастан.

Жооп: Өлүкканада деле бирөө иштеш керек болбойбу? Андыктан иштесе боло берет. Болгону алардын авреттерине көз салбай, аларды улкуп-жулкубай, жакшы мамиле кылуу керек. Маркумду эч бир себепсиз соё берүү күнөө. Арам. Медиктер өздөрүнө жаккан адистигин тандай бергени макул. Аялдарды караганга аялдардын, эркектерди караганга эркектердин окуганы максатка ылайыктуу.

17.Психиатр врачтар жин жөнүндө билишпейт. Молдо окуганы менен пайда жок дешет. Псих больницаларда жин киргендер көп деп ойлоймун. Биз медикпиз, бирок ошол жин чыгаруучу илимди канча жылда, кантип өздөштүрсөк болот? Ош, Дастан.

Жооп: Жыргал каары сыяктуу жинайдаар молдокелерге шакирт болуп түшсөң, үч жылда Куран жаттап бүтсөң, анан дагы бир жылдай кайда-эрежесин үйрөнсөң, өздөштүрүп аласың. Бул эми стандарт убакыт. Зээниңе жараша мындан да тезирээк болуу ыктымалы бар.

18. Аллахым сизге эки дүйнө бактысын берсин! Мен намаз окуганыма бир жыл болуп калды. Аллахыма ыраазымын мени туура жолго салганына. Жашым 28де. Жоолукчан, ыймандуу, Жаратуучубуздан корккон кызга үйлөнгүм келет. Бирок апам каршы. Сен заманга жараша окуган, чокуган кызга үйлөнөсүң деп айтат. Чынында, апамды мурда көп капа кылчумун. Ошондуктан азыр апамдын сөзүн аттап кете албай же өзүм жакшы көргөн кызга үйлөнө албай жатам. Эмне кылсам болот? Аты белгисиз.

Жооп: Жоолук салынганды современный эмес деп ким сага айтканын билбейм, бирок так билгеним, ал адашыптыр. Жоолук салынып окууну да окуган, жылаңачтар билгенден да көбүрөөк билген сарамжалдуу саркеч кийинген мусулман кыздарыбыз көп. Апаңды капа кылба, өзүңө жакканга үйлөн. Диндүүсүн кармасаң, береке табасың, берекем!

19. Жолдошум мага “жообуңду бердим” деп үч жолу айткан. Бирок азыр жашап жатабыз. Кандай болот? Аты белгисиз.

Жооп: Талак ниетинде айткан болсо бир талак боин түшкөн болот. Боинге боин жабышпайт. Кайрадан нике жаңыртуу керек. Ниетинде ажырашуу жок болуп, жөн эле айткан болсо, бир да талак түшпөйт. Киная-кыйытма талактар ниетке байланыштуу болот.

20. 5 маал намаз окуйм. Кээде кечиктирип, каза кылып окуйм. Окуганда ар нерселер оюма келе берет. Намазымды окусамбы же токтотсомбу? Аты белгисиз.

Жооп: Окуганыңды токтотпо! Намаз парз. Жашоо үчүн күрөш дегендей эле, бейиш үчүн шайтан менен күрөшүү. Намазды кунт коюп окууга аракет кылуу да өз алдынча жихад.

21. Үй-бүлөөсү бар туруп, башка аялга кетип калган эркектерге кандай чара колдонуу керек? Мамлекет тарабынан же хадис, куран негизинде болобу? Аты белгисиз.

Жооп: Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет деген кеп бар. Жөн жерден кетип калбаса керек го. Күйөөңө көңүл бурбай, өзүңчө төшөк салып балдарың менен жатып алсаң, ага жаккан тамак жасабай, иштен келсе үтүрөйүп тосуп алсаң, ал кетпегенде ким кетмек эле. Ал төшөккө чакырганда келбесең, төркүнүңдүн акчасына чиренип, аны тоготпосоң, анда кетип кала берет.

22. 13 жыл жакшы жашоодон кийин жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүк пайда болду. Ортодо 5 бала бар. Түшүнбөстүктү жоюу үмүттө экинчи ирет нике окутса болобу. Бирок мага талак берген жок. Башка жубанга көзү түшүп калыптыр. Аны тим эле айга теңейт. Аны менен жолугушуусуна тоскоол болсом, мени шүмшүккө теңейт. Кандай кылсам болот? Аты белгисиз.

Жооп: Тиги жубанды никелеп алсын… Никеси жок арам болот.

23. Назыр орозону ниет кылсаң, аны үзбөй тутуп берүү керекпи же үзүп-үзүп тута берсең болобу? Алай, Максат.

Жооп: Эгерде “бир нече күндү удаама-удаа кармап беремин”, же “бир ай орозо кармап беремин” десе, анда айткан сөзүн аткаруусу ваажып болот. Удаама-удаа кармап берүүсү милдеттүү. Бир ай орозосу жаңы чыккан айдын башталышы менен башталып, анын чыгуусу менен бүтөт. Айдын башталышынан баштабай, орто жеринен баштай турган болсо, анда отуз күндү толук кармап берет. Болбосо, каффаарат төлөөсү зарыл.

Удаама-удаа, же бир ай дебей, жөн гана отуз күн кармап беремин десе, анда отуз күндүн эсебин толтурса эле эсеп болот.

 http://saresep.kg


December 25, 2015 at 01:25PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин орусиялык учак Су-24 учагы тууралуу Түркиянын кечирим суроосу керек деген пикири, түркиялык басылмалардын сынына кабылды. Ошондой эле, социалдык тармактарда да президенттин бул билдирүүсүнө ар кандай сын-пикирлер айтылууда.

Milliyet: Кыргызстан лидеринен күтүүсүз билдирүү

Түркиянын Миллиет басылмасы, Атамбаевдин бул билдирүүсүн күтүлбөгөн жерден айтылды деп жазды. Ошондой эле алар Атамбаев менен Түркия президенти Эрдогандын «ага-ини» сыяктуу жакын мамилесине токтолуп, бул билдирүү Путин менен Атамбаевдин жеке жолугушуусунан соң айтылганына басым жасалган.

Yeni Akit: Кыргыз лидери Путинге жанашты

Атамбаевдин Түркия-Орусия мамилеси боюнча билдирүүсү Эрдоганды “ага” деп жүргөн кезиндеги мамилеге карама-каршы келүүдө. Эрдоган президенттик шайлоодо жеңип, калк алдына чыкканда Атамбаев кошо чыгып, бир катар жылуу пикирлерин айткан болчу. Бирок учак кризисинде Орусияны жандап, Путиндин сөзүн кайталады.

Эрдоган ар дайым жардам колун сунуп келген эле

Атамбаевдин Путин менен жолугушуусунан соң, мындай билдирүү жасаганы шек жаратпай койбойт. Бирок Түркия менен Кыргызстандын мамилеси ушул кезге чейин аябай жакын болуп келген. Айрыкча Атамбаев бийликке келгенден тарта Эрдоган менен өзгөчө боордош катары саясий да, жекече да кызматташтыктар бар болчу.

Мисалы, Эрдоган өкмөт башчы болуп турган кезде бир канча жолу Кыргызстанга иш сапар менен келген. Эң маанилүүсү президент Атамбаевдин өтүнүчү менен эки өлкө ортосундагы карыздарды Түркия тарап кечкен.

Түркия Кыргызстандын 51 млн доллар карызын кечкен

Тактап айтканда, Түркия өкмөтү Кыргызстандын 51 миллион долларлык карызын 2011-жылы сентябрда кечкен. Буга Кыргызстандын ошол кездеги оор экономикалык абалы себеп болгонун жазат Йени Акит басылмасы.

Карызды кечүү боюнча документтерге Түркиянын ошол кездеги өкмөт башчысы Эрдоган жана Кыргызстан парламентинин ошол кездеги спикери Ахматбек Келдибеков Анкарада кол койгон.

Мындай ири суммадагы карыз кечилген соң, Атамбаев билдирүү жасап, “Эрдоган агабыз бизге жардам колун сунганы үчүн ыраазычылык”,-деп айтканын да түркиялык басылмалар мисал келтирип өткөн.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөр

Ал эми президент Атамбаевдин Түркия-Орусия кризиси боюнча билдирүүсү карапайым түркиялык жарандардын да талкуусуна алынды. Твиттер, Фейсбук социалдык тармактарындагы бир топ колдонуучулар бул билдирүүнү калпыстык деп баалады.

Ал эми айрымдары боордошторубуз Эрдоганды «артынан бычактады» дешсе, дагы башкасы бул билдирүү орусиялык пропаганда экенин, бул маалыматка ишенбестигин айткан.

Кыргызстандын Түркияга болгон карызы 90 млн доллар

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 3,6 миллиард долларды түзөт. Алардын эң көбүн коңшу өлкө Кытайдан алынган. Тактап айтканда, Кыргызстан Кытайга 1 млрд 113 миллион доллар карызы бар. Ал эми андан кийинки сапта, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Япония, Орусия жана Түркия турат. Түркия мамлекети Кыргызстанга ири көлөмдөгү карыз жана грант берип келгендердин тизмесинде. Учурда Кыргызстан Түркиядан 90 млн карызы бар. 

Эки өлкөнүн экономикалык алакасы

Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык алакасына токтоло турган болсок, Соода өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстан-Түркия соода алмашуусунун жалпы көлөмү 130,4 млн. долларды түзгөн. Кыргызстандан Түркияга товар экспорттоо бул аралыкта 30,6 млн. доллар, ал эми Түркиядан импорт 99,7 млн. доллар болгон.

Бирок бул көрсөткүч ЕАЭБке кирген соң 22% азайган. Буга чейин эки өлкө ортосундагы соода көлөмү мындан да жогору болуп келген.

Маалым болгондой, кечээ Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында, учак кризиси тууралуу билдирүү жасап, “Учактын атып түшүрүлүшү ката болгон. Бул тууралу Путин менен сүйлөшкөнбүз. Атып түшүрүү чечими туура эмес “,-деген пикирин айткан.

Ошондой эле, “Албетте, Орусия учагын атып түшүрүү такыр туура эмес болгон. Биринчиден, Орусия өз учагы Түркиянын чек арасынан өткөн деген маалыматты жокко чыгарып келатат. Чек арадан өткөн учурда да 25 жылдан ашуун убакыттан бери калыптанып келаткан орус-түрк мамилесине ошол 17 секундда сокку уруу чоң жаңылыштык болду. Түрк тарап да бир сыйра ойлонуп, өз күнөөсүн мойнуна алат деп ойлойм. Бул Кыргызстан үчүн да өкүнүчтүү болду. Бул окуядан эки өлкө тең жабыркайт. Мен өзүмдүн оюмду Путин менен да, Эрдоган менен да сүйлөшкөндө айттым”, - деди президент Атамбаев.

Атамбаев ошондой эле, эгер эки мамлекет мамилесин жөнгө салса мен кубанычта болом. Бул эки тарапка тең пайдасыз. Түрк тарап азыр кандайдыр бир кадамдарды жасаш керек, деген пикирин да кыстарып өткөн. 

http://maralfm.kg


December 25, 2015 at 01:08PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Кыргызстан “Таблиги жамааты” кыймылына тыюу салбай туура чечим кылды”,-деди Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында.

Анын айтымында, тыюу салуу жолу – бул маселени татаалдаштыруу жолу. “Мына мисалы, Казакстан жана Өзбекстан “Таблиги жамааты” кыймылына тыюу салган, бирок алар бир жашап жатат, эч жакка кеткен жок. Бир күнү ал радикалдык чечим кабыл алышы мүмкүн. Мен биз бул кыймылга тыюу салбай туура чечим кылдык деп ойлойм. Азыр алар биздин салттуу Ислам динине үгүттөп жатат. Азыркы учурда үгүтөөнүн белгилүү бир формалары бар”,-деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчысы белгилегендей, аталган кыймылга тыюу салган өлкөлөрдө алар тескерисинче көбөйүп жатышат. “Дин маселеси менен алектенүүнү кеч баштаганыбыз башка кеп. Биз тыюу салуунун ордуна көбүрөөк түшүндүрүшүбүз керек”,-деди А.Атамбаев. 
 


December 25, 2015 at 09:16AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн бүткүл дүйнөдөгү Ислам дининин өкүлдөрү Маулид ан-Наби майрамын – Мухаммед (САВ) Пайгамбардын туулган күнүн майрамдашууда. Шарият салтына ылайык, бул майрам Раби аль-авваль Ай жылнаамасындагы 3-айдын 12-күнүндө келет жана Мухаммед (САВ) Пайгамбар ушул айда төрөлүп, каза тапкан. Ал эми 2015-жылы Маулид ан-Наби майрамы эки ирет – 23-декабрь жана 3-январда белгиленет.

Бул күнү мусулмандар конок тосуп, бири-бирине белек беришет, кайрымдуулук иштерин аткарып, маданий иш-чараларды өткөрүшөт. Ислам аалымдарынын айтымында, бул күн жөн гана эске алуу күнү. Ал эми Ислам дининде эки гана майрам бар. Алар Курман айт жана Орозо айт майрамдары.

Гүлжан Эшбаева, “Эркиндик”


December 23, 2015 at 02:50PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жакында, эксперт Кадыр Маликовго болгон кол салуудан кийин, дин аалымдарынын коопсуздугун сактоо боюнча “Жаңы Жаш күч” жаштар коомдук бирикмеси билдирүү таратып, анда Чубак ажы баш болгон бир топ адамдарды коргоого даярбыз деген пикирлерин билдиришти.

“”Жаны Жаш Куч” коомдук бирикмеси дин таануучуларды коргоого алганга даяр. Кыргыздын аттуу баштуу спортсмендери да аталган коомдук бирикменин мучосу болуп эсептелет. Дал ошол спортсмендер коомдук бирикменин мучолору, дин аалымдарын коргоого алганга даяр. Откон жумада Кадыр Маликовго болгон кол салуудан кийин, “Жаны Жаш Куч” коомдук бирикмеси дин өкүлдөрүн коргоого алууга даяр экенин билдирет. Бул туурасында, Кадыр Маликов менен суйлошконубуздо, эгер зарылчылыгы болсо созсуз кайрылам деп ыраазычылыгын билдирип макулдугун берди. Андан сырткары, Жогорку кенештин 5 чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулун жана Кыргызстандын экс Муфтийи Чубак ажы Жалиловду да зарылчылыгы болсо коргоого алабыз. Себеби, биздин оюбузча бул адамдар дин маселелелери боюнча оз оюн ачык айтып билдирип журушот. Оз оюн ачык айтканы учун эч кимиси куугунтука, ур токмоко алынбашы керек. Акыркы кезде белгисиз бир динийуюмдар тарабынан да аталган адамдарга коркутуу уркутуу болуп, коркунуч туудуруп келет, ошондуктан эгер Чубак ажы Жалилов, Турсунбай Бакир уулу, Кадыр Маликовбу кимиси болсо кайрылса биз коргоого алабыз.”,-деп айтылат билдирүүдө.

http://formula.kg/


December 24, 2015 at 02:15AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жаңы жыл майрамына карата коюлган балатылардын эң бийиги Ош шаарында болсо, эң кыскасы Баткен шаарына коюлду.

Жаңы жыл майрамына бардык жакта камылга кызуу жүрүүдө. Майрамдын негизги символу болгон балатынын бийиктиги жана шаарды жасалгалоо үчүн кайсы калаа канча каражат жумшаганын бул жактан окуңуздар.

Ош шаары

Быйыл Ош шаарынын борбордук аянтына коюлган балатынын узундугу 29 метрди түзөт. Ош шаарына коюлган балаты Кыргызстандагы эң узун балаты. Шаардагы жаңы жылдык иш чараларды өткөрүүгө – административдик имараттарды кооздоого, борбордук аянтта шаардыктар үчүн муз аянтчасын курууга 1,5 миллион сом которулганын вице-мэр Замирбек Аскаров билдирди. Бөлүнгөн бул каражаттын ичине балатыларды орнотуу да кирген. Ал былтыр Ош шаарына коюлган балатынын узундугу 28 метр болгонун кошумчалады.

© АЙША КАМИЛОВА

ОШ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаарынын чок ортосуна орнотулган 18 метрлик балатынын баасы 30 миң сом. Шаардык бюджеттен жаңы жылга карата шаарды жасалгалоого жалпысынан 450 миң сом бөлүнгөн. Калаа боюнча үч балаты коюлган.

© ЭСЕН ШИШКАРАЕВ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Каракол шаары

Каракол шаарынын борбордук аянтына быйыл 19 метрлик балаты орнотулду. Аны 24 миң 400 сомго алып келишкен. Шаарды жаңы жылга карата кооздоого жергиликтүү бюджеттен 130 миң сом бөлүнгөн. Ал эми жаңы жылдык иш-чараны өткөрүүгө 60 миң сом каралган.

© АЗАМАТ АЙТБАЕВ

КАРАКОЛ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Нарын шаары

Нарын шаарына коюлган жаңы жылдын негизги символу болгон балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт. Ошондой эле, шаардын “Ала-Тоо” стадионунда муз аянтчасы ачылып, ал жакка 15 метрлик балаты орнотулган. Эки балатыны 30 миң сомго Нарын облусунун Кайыңды аймагынан алып келишкен.

© SPUTNIK

НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Токмок шаары

Чүй облусунун борбору Токмок шаарына орнотулган негизги балатынын бийиктиги 13 метр. Жалпысынан Токмок шаарына мэрия төрт балаты орнотту. Аларды 47 миң сомго алышкан. Негизги балатыны кооздоого болжол менен 30 миң сомдун айланасында каражат корогон. Ал эми жаңы жылга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө (ичине балаты, шаарды кооздоо, майрамдык салюттар да кирет) 400 миң сом каралган.

Талас шаары

Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин алдына 12 метрлик балаты орнотулду. Балаты турган жерди жана анын чет жакасын кооздоо үчүн 100 миң сом бөлүнгөнүн шаардык мэриядан билдиришти. Ал эми майрамдык иш-чаралар калаанын маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулат.

© ЭЛЬМИРА СУЙУТБЕКОВА

ТАЛАС ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Баткен шаары

Баткендин борборуна 10 метрлик балаты орнотулган. Мэриядан билдиришкендей, жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө жалпысынан 100 миң сом каралган. Анын ичине балатыны кооздоо, жаңы жылдык көрнөк-жарнактарды илүү жана майрамдык концерт боло турчу сахнаны жасалгалоо кирген.

© ДИЛЯ ПАРПИЕВА

БАТКЕН ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Балыкчы шаары

Балыкчы шаарына быйыл 10,5 метрлик балаты коюлду. Мэриянын маалыматы боюнча шаарды жаңы жылга карата кооздоого жалпысынан 106 миң сом которулган. Бул каражаттын ичине шаардын башкы балатысын шөкөттөө, административдик имараттарды кооздоо да кирет. Балаты 25-декабрда күйгүзүлөт.

© АЗАМАТ АЙТБАЕВ

БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Бишкек шаары

Борбор калаага бийиктиги 25 метр болгон жасалма балаты коюлду. Аны Кытайдан белек кылганын мэриядан билдиришкен. Өлкөнүн негизги балатысын кооздоо үчүн 475 миң сомго оюнчуктар алынган. Ал эми майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө жана шаарды кооздоого кеткен каражаттар учурда такталып жатканын билдиришти. Борбор шаарда ири беш балаты орнотулду.

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ

БИШКЕК ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Эгер өлкө аймагындагы балатылардын бийиктигине карап рейтинг түзө турган болсок, биринчи орунда Ош шаары (29 метр), андан кийин Бишкек (25 метр) жана үчүнчү орунда 20 метр бийиктиктеги балатысы менен Нарын шаары турат. Андан кийинки орундар Каракол (19 метр), Жалал-Абад (18 метр), Токмок (13 метр), Талас (12 метр), Балыкчы (10,5) жана Баткен (10 метр) шаарларына тийди.

Sputnik Кыргызстан


December 24, 2015 at 01:54AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Дин маданиятынын концепциясынын негизинде окуу программалары, стандарттары иштелип жатат.  Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде түзүлгөн жумушчу топтун сунушу боюнча, дин маданиятынын тарыхы окуучуларга 5-класстан баштап окутулат. Анткени окуучулардын көз караштары 5-6-класстан баштап калыптанат.

“Кабар даамында” программасында диний билим берүү маселеси талкууланды. Студиябызга КР Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова, Дин маданиятын тарыхы боюнча жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Мурат Иманкулов жана “Мутакаллим” коомдук уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы келишти.

Кыргыз Республикасынын диний багыттагы мамлекеттик саясатын ишке ашырууда жана диний билим берүүнү жогорулатуу боюнча кандай иштер аткарылып жатат?

Кылым Сыдыкназарова: Диний билим берүү азыркы учурдун зарыл маселеси. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги 2009-жылдан бери иш алып барат. 2014-жылы дин маданиятынын тарыхы боюнча Концепция иштелип, коллегияда бекитилген. Мыйзамдарга ылайык, окутуу динден тышкары жана билим берүү, саясий диний институттарга көз каранды эмес. Тилекке каршы, азыркы учурдагы кырдаалдарга байланыштуу дин маселесине кайрылууга шарт түзүлүүдө. Бирок мугалимдер, окуу китептери даяр эмес. Ошондуктан КР Коргоо кеңешинин чечиминин негизинде дин маданиятынын тарыхын окутуу, окуу курсун киргизүү каралган. Бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн.

2014-2020-жылдарга карата КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы иштелип чыкты. Бул багытта иш жүргүзүлүп жатат, бирок эртең эле диний билим берүү мектептерге кирип калат деп айта албайбыз. Билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, окуу китептерин чыгаруу, конкурс жарыялоо иштери бар. Азыркы учурда биздин министрлик тарабынан 10 мектеп тандалып алынды.

Жамал Фронтбек кызы: Окуу тренингдери 20 окуу жайда өтүш керек. Жаңы жылга чейин 10 университетте өтүлүп жатат. Максаты- динди таануу, светтик мамлекет деген эмне, дин эркиндигинде кандай мыйзамдар бар ж.б. маалыматтар берилет. Мунун баары былтыр кабыл алынган Концепцияда жазылган.

Азыркы учурда Коргоо кеңеши чыккандан кийин бул сабактарды киргизүүнү тездетүү зарыл. Себеби, кыргызстан өтө глобалдашып баратат. Интернеттеги маалыматтарга өлкөнүн теле-радиолору жетишпей калып жатат. Ошондой эле кабыл алынган концепциянын негизинде мектептерге диний билим берүүнү биринчи кезекте киргизүү керек. Себеби экстремисттик-терористтик уюмдарга жаштар, аялдар өтө көп кирип жатышат.

Мектептерге диний билим берүү кандай жолдор менен киргизилет?

Мурат Иманкулов: Дин маданиятынын концепциясынын негизинде окуу программаларын, стандарттарын иштеп жатабыз. Биздин сунушубуз боюнча дин маданиятынын тарыхы окуучуларга 5-класстан баштап окутулат. Анткени окуучулардын көз караштары 5-6-класстан баштап калыптанат. Норвегияда 1-7-класстан башталгыч класс деп эсептелип, 2 сааттан берилет. Биз дагы ушул тажрыйбаны колдонуу пландарыбыз бар. Башталгыч класстан Адам жана коом курсуна дин элементтерин киргизип, дин тууралуу маалыматтарды башталгыч класстан эле берилет. 5-11-класска чейинки этапта негизги диндер боюнча маалыматтарды алышат. Ошонун ичинде 8-класста Ислам дини бир жыл бою окутулат. 9-класстан кыргыздардын дин маданиятынын тарыхы үйрөтүлөт. Кыргыздар кандай ишеним менен жашашкан, бүгүнкү күндөгү ишенимдери ж.б. маалыматтар берилет.

Кыргызстандын калкынын 80 пайыздан ашыгы Ислам динин тутунган үчүн Ислам динине басым жасалат. 10-класста дүйнө жүзүндөгү диний агымдар тууралуу маалыматтар айтылат. Мисалы, бир динден экинчи динге өтүп кетип жатышканы, протестант болуп кетишкендер тууралуу маалымат берилет. 11-класста учурдагы Кыргызстанда кандай диний агымдар бар, саясий багыттагы экстремисттик агымдар жөнүндө да туура маалымат берүү зарыл. Себеби экстремисттик топтор Ислам дининде эле эмес, башка агымдарда да болуп жатат. Ошондуктан баарын тактап, балдардын жаш курагына, турмуштук тажрыйбасына ылайык билим берели деп жатабыз. Ошондо ар түрдүү агымдарга кирип кетпей жашашат.

Дин таануу сабагын окутуучу адистер барбы? Жок болсо аларды ким окутат?

Мурат Иманкулов: Азыркы мезгилде биздин окуу жайларда атайын дин таануучулук, теологиялык факультеттери бар, адистер даярдалып жатат. Биз аларды даярдаганда ушул биздин программага ылайык окутушубуз керек. Көпчүлүк мектепте мугалимдер аз болгондуктан дин маданиятынын тарыхын үйрөтүү үчүн, тарых сабагынан берген мугалимдер кайра даярдалат. Ал эми чоң мектептерде өзүнчө атайын адистер сабак берет. Адистер даяр болгондо, биздин иштеп жаткан стандарттар текшерүүдөн өткөндө гана этап-этабы менен диний билим берүү киргизилет.

Сөзсүз түрдө дин аалымдары, дагы башка адистер менен биргеликте иштелип жатат.

Түркияда диний билим жана светтик билим берген атайын орто мектептер бар. Ушул системаны бизге киргизсе болобу?

Мурат Иманкулов: Албетте биз Туркиянын да тажрыйбасын карап чыктык. “Имам Хатиб” лицейлери бар. Ал жерде диний билимди тереңирээк алып, кесиптик билим да алышат. Келечекте башка адистиктерди тандап кетүү мүмкүнчүлүктөрү болот. Биз дагы ушул багытта сунуштарды берип жатабыз. Азыркы медреселерде диний билим бир жактуу берилет. Бүткөндө аттестат албай калып башка кесиптерди тандоого мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан диний да светтик да билим берүү багыты кириш керек. Ал эми светтик билим берүү мекемелерине дин тууралуу маалыматтарды берүү зарыл.

Ал эми, Тажикстанда дин тарыхы 2000-жылдары эле киргизилген. Биз кеч калдык деп жата бергенде болбойт, кырдаал өтө күчөп кете элегинде диний билим берилиш керек.

Жамал Фронтбек кызы: Кыргызстанда 87 медресе бар, анын 67си иштеп жатат. Ошонун ичинен 10 медреседе пилоттук түрдө 30 пайыз светтик билим берүү боюнча Муфтият иш алып барууда. Бирок медресенин бүтүрүүчүсү кайсы бир кесип ээси болуп, мисалы мугалим болгонго укугу жок. Себеби алардын диплому Билим берүү жана илим министрлигинин каттоосунан өткөн эмес, эч жакка жарабай жатат. Ушул жагын караш керек. Мамлекеттик дин комиссиясы лицейлерди ачып, пилоттук түрдө көрөлү деп жатышат. Негизи биздин өлкөдө мыйзам боюнча өзүнчө бир теологиляк университет ачылышы мүмкүн эмес. Эгер бардык медреселердин баарын министрликке өткөрүп берсе, өзүнчө бир башкармалык ачылыш керек. Ислам университетин бүтүрүүчүлөрү да диплом алуу үчүн кайра баштан, башка окуу жайларга тапшырып жатышат.

http://maralfm.kg/


December 23, 2015 at 06:03PM
Технологии Blogger.