Halloween party ideas 2015

Аллах Тааланы жакшы көрөсүңбү? деген суроого кайсы эле мусулман пендеси болбосун экиленбей туруп ооба деп жооп берет. Бирок бул сөздөр тилибиздин учунда гана айтылууда. Мусулман деген эле аты болбосо толук мусулмандар саналуу гана. Аллах Тааланы сүйүү -бул ыйман келтирүүдөн башталат. Ыйманың толук болгон болсо Аллахка болгон сүйүүңдүн далили.Пайгамбарыбыз (саллАллоху алехи васаллам) айтты:

«Кимде үч сыпат болсо ,анда ал ыйман ыраахатын алат. Алла жана Анын элчиси ал үчүн баарынан сүйүктүү болсо-Эгерде бир адамды жакшы көрсө Аллах үчүн гана жакшы көрсө. Алла аны куфурлуктан сактагандан кийин кайра ага кайтууну -Отко ыргытылганды жаман көргөндөй жаман көрсө »(Имам алъ Бухари:Имам Муслим) ..

«Ким Аллахка Анын элчисине моюн сунса ,албетте, ошол зор ийгиликке жетишет»(Азхаб:71) …

Биз Аллах Тааланы жакшы көрү үчүн Анын бизге жөнөткөн Пайгамбарын ,парз,сүннөт жолдорун тутунуп ишке ашырсак ошондо Аллахка болгон сүйүүбүздү далилдейбиз..

«Айт! Эгер силер Аллахты сүйсөңөр анда мени ээрчигиле ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет.Аллах Кечиримдүү,Боорукер»(Аали Иамран: 31)..

ЭГЕРДЕ БИЗ АЛЛАХТЫ СҮЙСӨК..

Абу Хурейро (роди Аллоху анхудан) : Алланын Элчиси айтты:”Алла Таала мындай деп айтты:«Ким менин досум менен душман болсо аны менен Мен душман боломун. Менин кулум мага жакындоо үчүн дин жолунан кымбат эч нерсе таба албайт! Менин сүймөнчүлүгүмө ээ болмойунча буйруктун чегинен ашып кеткен (нафил ыктыярдуу) аракеттепди жасай берген кулум Мага жакындаша алат. Мен сүйгөн кулума уга турган кулак,көрө турган көз,тута турган кол, баса турган бут болом. Эгер ал Менден бир нерсе сураса Мен албетте сураганын берем. Эгер ал Менден калкалоочу жай сураса Мен албетте ага жай берем»(Бухариден) ..

АЛЛАНЫН КЕЧИРИМИНИН КЕҢДИГИ..

Анас (ради Аллоху анху) нун айтымында: Алланын Элчиси айтты: ” Кудуреттүү Алла айтты: « О,Адам уулу сен Мага жалбырап турган жана Мага кайрылып тилеп турган учуруңда Мен сини кылгандарыңдыкечиремин жана Мага баари бир. О,Адам уулу ал турсун ,эгер сенин күнөөлөрүң асмандагы булуттарга чейин да жетсе, анан сен жалбарып кечирим сурасаң Мен сени кечиремин.
О,Адам уулу,эгер сен Мага жердин чоңдугундай күнөөлөрүң менен келсең да,бирок Мага эч кимди шерик кылбасаң(Алладан башка Кудай жок деп ишенсең) Мен сага ошончолук магфират (кеңчилик -кечирим) беремин »(Тирмизиден) ..

АЛЛАХ ТААЛАНЫН БООРУКЕРЛИГИ..

Ибн Аббастан (Алла экөөнө тең ыраазы болсун): Алланын Элчиси айтып келтирген сөздөрүндө кудуреттүү Алла Таала тарабынан мындай деп айтылган:

«Акыйкатта Алла Таала бардык жакшы жаман иштерди жазып койгон,анан муну мындайча түшүндүргөн: «Эгер кимдир бирөө жакшы иш иштейин деп ниет кылып,бирок аны аткаралбай калса Алла Таала муну жакшы иш деп жазып алат. Эгер кимдир бирөө жакшы иш жасайын деп ниет кылып ,аны аткарса Алла Таала муну ондон жети жүзгө чейин,андан да ашыгыраак жакшы иш катары жазып алат. Эгер кимдир бирөө жаман иш жасайын деп ниет кылса, аны жасабаса Аллах муну жакшы иш катары деп жазып алат. Эгер кимдир бирөө жаман иш кылам деп ниет кылса, аны иштесе муну Аллах жаман иш деп жазып алат »(Бухари жана Муслим сахиктеринен) ..

Ушундай Улуук, Кудуреттүү, Кечиримдүү,Боорукер, жакшы көрүүсүнүн чеги жок Раббымды эмне үчүн жакшы көрбөйбүз?
Биз үчүн баарын жаратып, кооздуктарды тартуулап ,бизге жашоо берген ,жоктон бар кылып жараткан,бул дүйнө,аркы дүйнө бакытын тартуулаган Раббымды эмне үчүн жакшы көрбөйбүз?
Чеги жок ырыскы,нээматтарын жегиле,ичкиле жашагыла курсанчылыкта деп жашоо тартуулаган Раббымды эмне үчүн жакшы көрбөйбүз?

Биз дагы эле уйкудабыз ойгоно элекпиз, Аллахтын акыйкатын көрүп билип,сезип турсак да кайдыгер карап келебиз, Аллах болгон сүйүүбүз далилибиз кайда? Качан далилдейбиз?

Эгерде чынында Аллах Тааланы сүйүп жашаймын десең төмөнкүлөрдү ишке ашыруу керек:
Ширк келтирбестен жалгыз Аллах Таалага гана ибадат кылуу,өкүм-буйруктарын аткаруу,ысым -сыфаттары менен Ага кайрылуу ,Пайгамбарыбыз (саллаАллоху алейхи васаллам) дын сүннөттөрү менен,өкум буйруктарына,толук моюн сунуу,баардык жакшя иштерди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кылуу…

Эгерде биз Аллахты сүйүп Анын Пайгамбарын ээрчип жашасак,Аллах биздин жүрөгүбүздү жалаң жакшылыктарга ачып коёот,күнөөлөрүн кечирет,ырайым кылат,иш -аракеттерине тууралык салат.
Эч качан Пайгамбарды тааныбай тууруп Аллахты сүйөм деп айтууга болбойт,анткени Аллах Пайгамбарлар аркылуү өкүм -буйруктарын жөнөткөн. Ошондуктан Пайгамбарыбыз Мухаммед СаллаАллоху Алейхи Васалламды жакындан таанып, аны сүйүп жашайлы. Аллах Таалам:

” Пайгамбарды кимде -ким сүйүп,ээрчип жашабаса бейиштен үмүт кылбай эле койсун”-деп айткан…

Насиба Абдуллаева,

www.formula.kg


December 01, 2015 at 03:48PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.