Halloween party ideas 2015

Жашым 65тен өтүп калган, кемпирим экөөбүз 35 жыл өмүр сүрдүк. Кемпиримдин өлгөнүнө быйыл туура он жыл болду. 7балам бар, 4 уул, 3 кыз. Баарысыжакшы иште иштешет, уйлуу жайлуу, чоң балам  40 жашында бул дүйнөдөн өттү.

Карыгандан баштап көп оорудум. Ар кайсы доктурга барып көрүнөм, бутум ооруйт, нервден деп эле жаткырып коюшат. Палатада жанымда жаткан аксакал киши жашы 67де экен, ал дагы башы ооруп жатыптыр.

Анын аты Жоробай, эки уулу, бир кызы бар экен. Кемпири дүйнөдөн жаш кезинде эле өтү, андан кийин такыр үйлөнбөптүр. Эки уулу күнүгө келишет, атасына башкача мээрим менен карашат. Балдары намаз окуган ыймандуу жигиттер, кызы да эки күндө бир келип турат, тез-тез звонок кылып, атасынын ал-акыбалын сурап турат.

Мына бүгүн кичине уулу келди, кирип эле баарыбызга: “Ассалому алейкум, аталар, жакшы жатасыздарбы? Аллах сиздерге шыпаасын берсин” деп жылмайып амандашат, атасына келип көрүшөт, атасынын жүзүнөн өөп, колунан жыттап койот. Тамагын берет, массаж жасап колу-бутун ушалайт, бүгүн атасынын бутун самындап жууп тырмагын алды, кийимин которду, атасы каршылык кылып, эки күн эле болду го алмаштырганыма, ботом тим эле койчу, келинди да убара кылып улам кир жуудуруп кыйнай бербей десе, баласы ага:

– Ата, өзү кир жууш да ишби, сиздин кириңизди жуубаса, анда мен аялды эмнеге алдым? – деп тамашалай күлөт.

Доктурдун узун каридорунда ары-бери жетелеп басат, андан келип жаткырып, ар кайсыны сүйлөшүп олтурат, атасы уктаса биздин идиш-табакты жууп келет. Биздин да колу-бутубузду укалап, массаж жасайт, рахматыңды айтсаң, “мага да бир дуба кылып бата берип коюңуз” деп турат.

Атасы турганда даарысын берип, тамагын ичирип, анан үйүнө кетет. Эртеси чоң уулу келет. Анысы өтө шайыр, баарыбызды каткыртып күлдүрөт, палатага келип эле жаркылдап салам берет, атасына жетип эле: “кубатым, күчүм, бейишим” деп кучактап эркелеп кетет. Атасы каткырып эле:

– Ой, сен бир шумсуң, өзүң балалуу болуп калдың, анан дале мага эркелейсиң,– деп койот.

Кызы келет, ал да жоолук оронгон, намаз окуган кыз, ал дагы атакелеп жаны тынбайт. “Атаке, эмне жегиңиз келди, эртеге жасап күйөө балаңыздан берип жиберейин, мени билесиз, үйдөгү кичине келинмин, күнүгө келе албай жатам, ата эмнеңиз кем, даары-дармек баары барбы, мен врач менен сүйлөштум, эки-үч күндө чыгат деди,– деп сүйлөп жатты.

Бул Жоробайдын эки уул, бир кызы болсо да күнүгө келишет, а менин алты балам бар, үч уул, үч кыз, доктурга жатканыма беш күн болгондо, бир уулум эки кызым менен келип кетишкен. Андан бери беш күн өттү, доктурда жатканыма он күн болду, бирок дале эч кимиси жок, кийимим кирдеп тер боло түштү, кичине уулума звонок кылып:

– Балам, менин кийимдеримди алып келип берчи айлайыйын,–дедим. Ал:  “Канттиңиз, даары-дармек эмне болуп жатат, тамак-ашың кантти” деп да сураган жок.

– Ата, иштен бошоп эле алып барам деп телефонду өчүрдү.

Балдарыма чындап капа болдум, үйдөн бир ысык тамак жасап келишбеди, келип кабар да алышпады, жадагалса звонок кылып сураганга да жаарышбады, оорудум десем эле кабактары түйүлүп:

– Сиз эле ооруй бересиз, же чын же жалган экенин билбейбиз дешип сүйлөнүшөт, баарынын машинелери бар, а мен доктурга көрүнгөнү өзүм басып, кыдырып эптеп жолду таап келем.

Эртеси кичине уулуму келет деп күттүм, бирок анын ордуна жетинчи класста окуган небере балам келди, пакетке кийим алып келиптир. Кийимден башка эч нерсе жок, эч болбосо ысык атала да кылып бербептир, көзүмө жаш келди, өзүмдү кармай албай ыйладым, жанымда турган неберемдин турганын унутупмун, бир карасам ал таң кала тиктеп туруптур.

– Кийимди чечип берейин, алып кет. Апаң, жууп койор,– дедим.

Ошондо киймимди чечейин деп колумду көтөрө албай кыйналдым. Жоробайдын кичине баласы алмаштырганга жардам берди, эскилиги жеткен кийимимди элдин алдында алмаштырып жатып, намысымдан шолоктоп ыйладым, эмнеге өз балдарым мага мындай суук мамиле жасашат деп өпкө өпкөмө батпай ыйладым.

 

Көрсө, балага тарбия бергенде ниет, дуба кылганда, чоң иште иштесин, чоң депутат же аким болсун деп ниет кылбаш керек экен. Көзүм карайлап, ата болуп туруп талаага ташталган иттин кейпин кийгенде түшүндүм. Карайлап бактым эле го, каректеринен айланып, кагылайын деп, өзүм кийбесем, ичпесем да, ушулар ичсинчи, кийсинчи деп жаным бердим эле го?! Эми минтип карыганда өзүм тилеп жаткан балдарымдын колунда кароосуз калып, турмуштун кордугун көрүп жатам.

 

Карыганда , Кудайдан тилегенде баламды ыймандуу, ынсаптуу, Аллах жолунда жүргөн, ата-эне кадырын билген адам болсун деп ниет дуба кылыш керек экенин эми түшүндүм. Бирок эми түшүнгөнүм менен өткөндү кайрып болбойт экен…

 


December 30, 2015 at 02:21PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.