Halloween party ideas 2015

  Учурда Жер жүзүндө 7,1 млрд киши жашайт. Көпчүлүк өлкөлөрдө каттоодон өтпөгөн балдар көп экенин эске алсак, анда учурда адамзатынын саны жогорудагыдан бир канчага көп да болушу мүмкүн. Мисалга алсак, 1960-жылы Бутан БУУнун каттоосуна калкынын санын 1 млн киши деп калп маалымат берген. (ред: БУУга элинин саны миллиондон ашкан өлкөлөр гана мүчө боло алат) Дээри Жердеги суу, тамак-аш, нефть чектелүү гана өлчөмдө. Планетабыз канча адамды бага алат? Климат, тамак-аш таңсыктыгы өзгөрөбү? Алдыда ушул тууралуу кеп салабыз.

Кишинин саны

Албетте, адамдын саны келечекте дал азыркыдай темп менен өсүп отурат деп ойлоо туура эмес. 1999-жылы Жердеги адамдардын саны 6 млрд болчу. БУУнун изилдөөсүнө ылайык, 13 жылдан соң адамзаты дагы 1 млрд ка көбөйөт. 18 жылдан соң 9 млрд, 40 жылдан кийин адамзаты 10 млрд ка чукулдайт. Ал эми башка изилдөөлөрдө 21-кылымдын акырына жетип Жердин жашоочуларынын саны 10 млрд ка жетип, бирок кескин түрдө азая баштайт деп айтылат.

Учурда 42% улут төмөнкү көрсөткүчтөгү төрөлүү деңгээлинин коркунучунда жашайт. Бул өлкөлөрдө 1 аялга 1 ымыркай туура келет. Алар: Орусия, Кытай, Канада, Австралия, Бразилия жана Батыш Европанын дээрлик баардык өлкөлөрү (Исландия менен Ирландияны эске албаганда). Дагы 40% мамлекет төрөлүүнүн орточо көрсөткүчтөгү коркунучунда. Аларда 1 аялга 1-1,5 ымыркай туура келет: Индия, АКШ жана Мексика. Болгону 18% гана өлкөлөрдө төрөлүүнүн көрсөткүчү жогору (Африка) жана бул мамлекеттерде 1 аялдын башына 1,5 ымыркайдан көп бала туура келет. Демографтардын маалымдоосуна таянсак, анда жүз жылдыктын соңуна чейин акыркы группада айтылган мамлекеттерде калктын саны 1,2 млрд дан 4,2 млрд ка чейин көбөйөт. Ал эми төрөлүү көрсөткүчү төмөн мамлекеттерде эл 2,9 млрддан 4,2 млрдка чейин азаят. Кылым соңуна жете төрөлүүнүн жалпы көрсөткүчү кайрадан төмөндөп кетет.

Азык

Жердеги кишинин көбөйүп кетүүсүнөн чоочулаткан жалгыз нерсе – азык. 1798-жылы британиялык экономист Томас Мальтус өзүнүн “калктын көбөйүү мыйзамы тууралуу тажрыйба” аттуу эмгегинде ачкачылык тууралуу маалымдаган. “Дүйнө жүзүндөгү элдин көбөйүүсү менен тамак-аш тартыштыгы байкалат жана Планетадагы өлкөлөр өз элин багуу үчүн бири-бирине согуш ачышат”- деп жазган Мальтус. Бактыга жараша, 1804-жылдан бери Жердин жашоочулары 7 эсеге өскөнү менен убада кылынган ачкачылык боло элек.

БУУнун эксперттеринин айтымында, учурдагы айыл-чарба продукциялары минималдуу түрдө 8-9 млрд кишини бакканга жетет. Бирок көйгөйдүн баары ошол азыктын Жер бетине тегиз таркабай жатканында. Мисалы, бир америкалык 9,5 га жер тилкесине ээлик кылса, дагы бир немец 4,2 га жер тилкеге эгедер. Ал эми индиялык жаран болгону 1 га жерге ээ. Дээри Планетадагы ар бир кишиге болжол менен 2,2 га жер бөлүнгөндө гана теңчилик болмок. Учурда Жердеги 900 млн киши жегенге тамак-ашы жок отурса, 1,5 млрд адам семиздиктен, ашыкча салмактуулуктан жабыркайт. Экинчи тараптан, айыл-чарба продукциясынын басымдуу бөлүгү биоотун иштетип чыгууга сарпталат жана мал жандыктарын багууга керектелет.

БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба уюму 2005-жылы “2050-жылга жетип айыл-чарба продукциясы 70% га көбөйүшү керек” – деп айткан. Анткени, канчалык эл көбөйгөн сайын ошончолук тамак-ашка болгон талап да жогорулай баштайт. Болбосо 2050-жылы Жер жүзүндөгү адамзатын тамак-аш менен камсыздоо үчүн Жердин өзү менен тең дагы 2 Планета керек болот. Ошого карабай ОБСЕ азыктардын баасы да алдыңкы 10 жылдыкта кооптонуу жаратпайт деп айтып келет.

Суу

Азыр сууну керектөө төрөлүү көрсөткүчүнө караганда 2 эсеге көп. Жердеги суунун көпчүлүк бөлүгү өндүрүшкө иштетилгени үчүн жогорудагыдай жыйынтык келип чыгууда. Байкап көрүңүз: учурда 1 жыл ичинде Жерде 4500 млрд метр куб суу иштетилет. 2030-жылга жетип, керектөө 6900 млрд метр куб болсо, анда суунун таңсыктыгы 40% ды түзөт. Бул каатчылыкты жеңүү үчүн сууну кайра иштеп чыгуучу өтө кымбат технология керектелет жана ага жыл сайын 200 млрд доллар сарптоого туура келет.

Дал ушул күндөрү суунун 70% айыл-чарбада иштетилип, 16% өндүрүштө жана 14% турмуш тиричиликтеги муктаждыкка жумшалат. Баса, 1 пластикалык бөтөлкөнү жасоо 95 литр суу керек болот. 1 кг күрүчтү алуу үчүн 1900 л, 1 кг тоок этин алууда 3500 л, ал эми 1 автоунаага 148 000 литр суу жумшалат. Эми сарамжалдуулук тууралуу өзүңүз жакшылап ойлонуп көрүңүз.

Шаардаштыруу

2008-жылы Жер жүзүндө жашаган шаардыктардын саны биринчи ирет айылдыктардыкынан ашып кеткен. 2050-жылы Түндүк жана Түштүк Американын 90% калкы шаарда жашап калат. Азиялыктар 60% шаарлашса, Африкада 55% киши шаарга отурукташат. Дал ошол жылдары шаардаштыруу өтө активдүү жүрөт. Ошол эле учурда шаардын четиндеги аймактарда кедейлик катуу темп менен өсө баштайт. Учурда шаардын четки бөлүгүндө чатырда жашагандардын саны 1 млрд кишиге чукул. Анын ичинен 828 миллиону өнүккөн өлкөлөрдө. БУУ белгилегендей, 2030-жылы 5 млрд шаардыктардын 2 миллиарды чатырларда жашап калат. Шаардаштыруу менен катар эле мурдагы айылдыктардын өмүрү узарат, алар көбүрөк энергия ала баштап, төрөлүү көрсөткүчү акырындык менен төмөндөп кетет.

Энергия

Албетте, өнүккөн өлкөлөр энергияны көп керектеп башташат. 2050-жылга жетип адамзатына 2000-жылкыга караганда 3 эсеге көп энергия керек болот. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, 2010-жылдан арткан (188 млн т) нефттин запасы жакынкы 46 жылга дейре, ал эми газдын запасы 59 жылга жетет. Баса, бул Жер жүзүндө болгон нефть, газдын баары эмес.

Миграция

Бүгүнкү күнү дүйнөдө 214 миллион мигрант бар. Бул Жер жүзүндөгү калктын 3,1 % дегендик. Жыл сайын алар үйлөрүнө 449 млрд доллар акча каражатын которушса, бул сумманын 325 млрд доллары өнүккөн өлкөлөргө келип түшөт. Ал эми 2050-жылы мигранттардын саны 405 млн кишиге жетери күтүлөт.

2013-жылдагы көрсөткүчкө ылайык, мигранттар эң көп каттаган өлкө катары АКШ таанымал, анда 45,8 млн мигрант бар. 2-орунду Орусия ээлейт, бул өлкөдө 11,2 млн мигрант жашайт. 3-орунда 9,8 млн кишилик көрсөткүчү менен Гермения турат.

Макаланын түпкү максаты эмнени көздөгөнүн балким баамдап жеткен да чыгарсыз. Бирок, бир гана ынануу бар: кайсы улут дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабасын, кайсы бири өнүгүп, кайсы бири кедей жашабасын АДАМЗАТЫН бириктирчү бир гана Мекен бар. Ал – Жер Планетасы. Андыктан күнүмдүк тиричиликте керектеп жаткан ар бир муктаждыгыбызды сарамжалдоо менен бул ааламдагы АДАМДЫК милдетибизди аркалайт экенибизди унутпашыбыз зарыл. Биз көппүз, Жер бирөө гана. Ал баарыбыздын жападан жалгыз үйүбүз…

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

 


December 31, 2015 at 04:42PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.