Halloween party ideas 2015

Жаңы жыл майрамына карата коюлган балатылардын эң бийиги Ош шаарында болсо, эң кыскасы Баткен шаарына коюлду.

Жаңы жыл майрамына бардык жакта камылга кызуу жүрүүдө. Майрамдын негизги символу болгон балатынын бийиктиги жана шаарды жасалгалоо үчүн кайсы калаа канча каражат жумшаганын бул жактан окуңуздар.

Ош шаары

Быйыл Ош шаарынын борбордук аянтына коюлган балатынын узундугу 29 метрди түзөт. Ош шаарына коюлган балаты Кыргызстандагы эң узун балаты. Шаардагы жаңы жылдык иш чараларды өткөрүүгө – административдик имараттарды кооздоого, борбордук аянтта шаардыктар үчүн муз аянтчасын курууга 1,5 миллион сом которулганын вице-мэр Замирбек Аскаров билдирди. Бөлүнгөн бул каражаттын ичине балатыларды орнотуу да кирген. Ал былтыр Ош шаарына коюлган балатынын узундугу 28 метр болгонун кошумчалады.

© АЙША КАМИЛОВА

ОШ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаарынын чок ортосуна орнотулган 18 метрлик балатынын баасы 30 миң сом. Шаардык бюджеттен жаңы жылга карата шаарды жасалгалоого жалпысынан 450 миң сом бөлүнгөн. Калаа боюнча үч балаты коюлган.

© ЭСЕН ШИШКАРАЕВ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Каракол шаары

Каракол шаарынын борбордук аянтына быйыл 19 метрлик балаты орнотулду. Аны 24 миң 400 сомго алып келишкен. Шаарды жаңы жылга карата кооздоого жергиликтүү бюджеттен 130 миң сом бөлүнгөн. Ал эми жаңы жылдык иш-чараны өткөрүүгө 60 миң сом каралган.

© АЗАМАТ АЙТБАЕВ

КАРАКОЛ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Нарын шаары

Нарын шаарына коюлган жаңы жылдын негизги символу болгон балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт. Ошондой эле, шаардын “Ала-Тоо” стадионунда муз аянтчасы ачылып, ал жакка 15 метрлик балаты орнотулган. Эки балатыны 30 миң сомго Нарын облусунун Кайыңды аймагынан алып келишкен.

© SPUTNIK

НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Токмок шаары

Чүй облусунун борбору Токмок шаарына орнотулган негизги балатынын бийиктиги 13 метр. Жалпысынан Токмок шаарына мэрия төрт балаты орнотту. Аларды 47 миң сомго алышкан. Негизги балатыны кооздоого болжол менен 30 миң сомдун айланасында каражат корогон. Ал эми жаңы жылга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө (ичине балаты, шаарды кооздоо, майрамдык салюттар да кирет) 400 миң сом каралган.

Талас шаары

Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин алдына 12 метрлик балаты орнотулду. Балаты турган жерди жана анын чет жакасын кооздоо үчүн 100 миң сом бөлүнгөнүн шаардык мэриядан билдиришти. Ал эми майрамдык иш-чаралар калаанын маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулат.

© ЭЛЬМИРА СУЙУТБЕКОВА

ТАЛАС ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Баткен шаары

Баткендин борборуна 10 метрлик балаты орнотулган. Мэриядан билдиришкендей, жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө жалпысынан 100 миң сом каралган. Анын ичине балатыны кооздоо, жаңы жылдык көрнөк-жарнактарды илүү жана майрамдык концерт боло турчу сахнаны жасалгалоо кирген.

© ДИЛЯ ПАРПИЕВА

БАТКЕН ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Балыкчы шаары

Балыкчы шаарына быйыл 10,5 метрлик балаты коюлду. Мэриянын маалыматы боюнча шаарды жаңы жылга карата кооздоого жалпысынан 106 миң сом которулган. Бул каражаттын ичине шаардын башкы балатысын шөкөттөө, административдик имараттарды кооздоо да кирет. Балаты 25-декабрда күйгүзүлөт.

© АЗАМАТ АЙТБАЕВ

БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Бишкек шаары

Борбор калаага бийиктиги 25 метр болгон жасалма балаты коюлду. Аны Кытайдан белек кылганын мэриядан билдиришкен. Өлкөнүн негизги балатысын кооздоо үчүн 475 миң сомго оюнчуктар алынган. Ал эми майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө жана шаарды кооздоого кеткен каражаттар учурда такталып жатканын билдиришти. Борбор шаарда ири беш балаты орнотулду.

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ

БИШКЕК ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Эгер өлкө аймагындагы балатылардын бийиктигине карап рейтинг түзө турган болсок, биринчи орунда Ош шаары (29 метр), андан кийин Бишкек (25 метр) жана үчүнчү орунда 20 метр бийиктиктеги балатысы менен Нарын шаары турат. Андан кийинки орундар Каракол (19 метр), Жалал-Абад (18 метр), Токмок (13 метр), Талас (12 метр), Балыкчы (10,5) жана Баткен (10 метр) шаарларына тийди.

Sputnik Кыргызстан


December 24, 2015 at 01:54AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.