Halloween party ideas 2015

Шаардын расмий аталышы – Аль Мекка Аль Мухарам.
Арабча айтылышы – Макках.
Жайгашкан жери – Сауд Арабстандын батыш тарабы, Кызыл деңизден 100 чакырым алыстыкта.
Жалпы аянты – 43 миң 100 чарчы чакырым.
Калкы – арабдар.
Калкынын саны – 1,4 миллион (2003-жылдагы көр­сөткүч).
Абасы – ысык, тропикалык чөл климаты үстөмдүк кылат. Абанын орто жылуулугу +20 градус. Эң муздак -8, эң ысык +50 градус болушу мүмкүн. Жаан-чачын кыш айларында гана жаайт.
…Жери кургак келип, дыйканчылыкка жарачу эмес…
Шаардын негизделген жылы белгисиз. Биздин күндөргө чейин жеткен кээ бир жазууларда Макораба аттуу шаар жөнүндө сөз болгон. Хиджаз облусундагы өрөөндө жайгашкан ал шаар бардык жагынан тоолор менен курчалган. Меккенин жери илгертен эле кургак келип, дыйканчылыкка эч жарабаган. Эчки, төөдөн башка мал бул жерде чөп таап жей алчу эмес. Бирок, ислам пайда болгонго чейин Макораба, кийинчерээк Мекке Чыгыш менен Батышты байланыштырып, эки тараптын ортосундагы соодада чоң роль ойночу.
571-жылы Меккеде Алланын элчиси, мусулмандардын башын бириктирген Мухаммед пайгамбар (САВ) төрөлгөн. Ал 630-жылы алгачкы мусулмандар менен чогуу Меккени толугу менен ээлеп, бардык момун мусулмандар үчүн Каабага зыярат кылууну буюрган.
…Мусулман болбогондорго кирүүгө тыюу салынган…
Куранда Мекке тууралуу “шаарлардын энеси” деп айтылат. Ар бир мусулман шаарга кирип баратканда “лаббайк Аллахума лабайка” (Мен мындамын, Аллам, мен мындамын) деген дубаны окушат. Ал эми мусулман болбогондор үчүн Меккеге кирүүгө тыюу салынган. Эгер мурда Аллага ишенбегендер Меккенин босогосунан өтсө, аны өлүм жазасына алышчу. Бүгүн башка диндеги адам Меккенин жерин басканы үчүн акчалай айып төлөйт. Ошентсе да, тарыхта ихрам жамынып алып Каабага келген каапырлардын аты калган. Мисалы, 1830-жылы англиялык жазуучу Ричард Бэртон мусулманмын деп Мекке шаарын кыдырып чыккан. Шек алдырбаш үчүн ал бардык мусулмандардай болуп намазга жыгылып, Каабага колун тийгизип келген. Кийин Ричард Бэртон “Зыярат” аттуу китеп жазып чыгарган. Кээ бир булактарда ошол жазуучунун акыры ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу айтылат.
1979-жылы 20-ноябрда Аль-Харам мечитине (Кааба) террорчулар кол салышкан. Башында Аль-Утайби деген адам болгон 500 кишиден турган топ мечитти жана андагы 6000 кишини камап алышкан. Аль-Утайби Америкага мунайзаттын сатылбашын талап кылган. Мамлекет 3000 аскер, 12 брондолгон унаа жана 5 вертолёттон турган тобу менен дагы террорчуларга күчү жетпей койгон. Ошондо Арабстандын падышасы алгачкы жолу Меккеге мусулман эместерди киргизүү чечимин кабыл алып, 4-декабрда франциялык спецназ террордук топту колго түшүргөн. Бул операцияда 200 террорчу жана 250 барымтага алынгандар каза тапканы белгилүү.
…алгачкы кургактык азыркы Кааба турган жер болчу…
Мекке шаарынын эң узун жана эң жазы көчөсү – Массаи. Ал көчөгө тоодон ылдый салынган майда көчөлөр кошулат. Көчөнүн эң ортосунда чоң аянт жайгашкан. Ал аянтта Кааба мечити турат.
638-жылы курулган Аль-Месжид Аль-Харам (тыюу салынган жер, ыйык жер) деп аталган мечитти арабдар анын төрт бурчтуу формасынан улам Кааба (куб) деп да аташат. Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар намаз убактысында жүздөрүн Кааба тарапка бурушат. Суу ме­нен капталып турган Жер планетасындагы эң алгачкы кургактык дал ушул Кааба турган жерден тараганын окумуштуулар далилдеп чыгышкан.
Ошондой эле, ар бир зыяратчы Меккеге барганда ыйык замзам суусунан даам татып, үйүнө да ала келери белгилүү. Көпчүлүктүн айтымында, замзам булагы чындыгында эле өтө даамдуу.
…Дүйнө жүзү боюнча эң кымбат кыймылсыз мүлк Меккеде…
Заманбап Мекке дүйнөдөгү эң алдыңкы шаарлардын бири. Бул – Арабстандын административдик, соода жана бизнес борбору. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча эң кымбат кыймылсыз мүлк Меккеде. Үйлөрдүн 1м2 орточо эсеп менен 90 миң доллар турат. Шаар тургундары соода-сатык менен алек. Алар зыярат кылып келгендерди тейлөө менен акча табышат. Негизи, Мекке – планетадагы эң көп зыярат кылынуучу жер. Бул жакка зыяратчылар Жидда шаары аркылуу келишет. Мекке менен Жидданы 78 чакырымдык түз кара жол байланыштырат.
Жыл сайын Меккеге 10 миллионго жакын киши келип кетет. Анын ичинен 2 миллиону эле ажылык кылынган Зуль-Хиджа айында келет. Сауд Арабстандын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 2008-жылдын Зуль-Хиджа айында Меккеге келген адамдардын саны рекорд койду. Быйыл зыяратчылыкка 1 миллион 700 миң адам келген. Меккени замандаштыруу, жылда бир өтүүчү зыяратчылыкты коопсуздандыруу иштери тынымсыз жүрөт. Учурда Меккеге келген мусулмандар үчүн ыңгайлуу телефон байланыш түйүндөрү орнотулууда.
http://super.kg

December 30, 2015 at 05:18PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.