Halloween party ideas 2015

Жаңы -күн, жаңы -ай, жаңы -жыл бул болгону жылдардын алмашусу. Бул күндүн кубанычы, кандай майрамы бар, эгер билсек бизди бир жылга өлүмгө жакындатып жатканы. Биз кубанбай эмне амал кылдым, кандай жакшылык, канча сооп тааптым деп ойлонуубуз керек.

“Жаңы жылың менен!”- деп айтуунун ордуна, “Кабырга жакындооң менен!”- десек, инсандар кандай кабыл алмак? Чындыгында,

күн-жылдардын алмашуусу өлүмгө жакындаганыбыздан кабар берет эмеспи. Динибизде Орозо айт, Курман айт, Жума күнү майрамдарыбыз бар. Айт майрамын жаңы жылга салыштырып көрөлүүчү, айтта эмнелер болот жаңы -жылда эмнелер болот. Же айт майрамында кандайдыр кылымыш, иштер, өкүнүчтүү окуялар, ичимдик, зордук -зомбулук ж.б.коомго терс таа сирин берген окуялар болгонун көрдүңүздөрбү? Жок, тескерисинче бүт жакшылык, кубаныч, курсанчылык, дегиэле эң негизгиси Аллах алдында жүзүбүздүн жарыктыгы. Бул күнү ыймандын нуру жаркырап,  жалаң жакшылыгы менен өтөт.  Курсагы ач болгондор, курсактары төёот, муктаждардын садака аркылуу кыйынчылыктары жеңилдейт, жетимдер -жесирлердин үйү кубанычка толот, оорулардын көңүлү көтөрүлөт, айтып олтурсак бүт мусулман элдеринин үйүндө курсанчылыка бөлөнөт, ушуну майрам деп айтсак болот.Мына сенин майрамың, сенин күнүң, мусулман бир тууганым, кайдагы каапырдын майрамын майрамдабай өзүңдүн майрамыңды майрамда!  Майрам -деген бул ар бир үйдө тынчтыктын, бактылуулуктун, курсанчылыктын символу десек туура болот. Мындай көрүнүш бир гана мусулман майрамында гана болот жана мусулманга гага тиешелүү. Дегеле, мусулман үчүн дем алып турган ар бир күн майрам болуп эсептелет. Ошол эле учурда өмүргө саресеп кылуу керек. Андыктан келиңиздер, ар бир жасаган кыймыл-арекетибизге көңүл буралы!

ЖАҢЫ ЖЫЛ ТУУРАЛУУ АЗЫНООЛАК КЕП

“Келе жаткан жаңы жылың менен!” деген куттуктоолор айтылып, аны күн санап күткөндөргө күбө болуп мындай “кубанычты” кайдан таап алышкан деген ой акылга кылт дей түшөт. Бала бакчадан тартып, жогорку кызматтарга чейин бул майрамдын күүсү менен ыргалып калды. Канча кылымдар өз салт-санаасы, каадасы, наркы, дини бар элдин кечээ эле келген насили жок күнгө байланып калганына эмне себеп болду?! Дегеле, ушул күндүн биздин коомго келиши, сиңип кетиши, ата-бабабыз карманып келген түптүү динибиз Исламда кандай каралат? Бул тууралуу азыноолак кеп кылалы.
Тарыхка назар салсак, бул майрамдын Ислам динине эч кандай тиешеси жок. Христиандар Иса пайгамбардын “Туулган күнү” (Рождество) деп майрамдашат. Ошого карабастан, христиандардын ортосунда да бир бүтүндүк жок. Кээ бирлери 25-декабрда, кээ бирөөлөрү 6-7 январда, 24-25-апрелде бул майрамды белгилеп келишет. Иса пайгамбардын качан туулгандыгы тууралуу так маалыматыбыз жок.

БУЛ МАЙРАМ БИЗГЕ КАНТИП КЕЛГЕН?

Иса пайгамбар пайгамбар болуп келгенде, жөөттөр Рим империясынын карамагында болгон. Римдиктер митроизм динин кармашкан. Митро – Күн кудайы дегенди билдирет. Күнгө сыйынган бутпарастар күндүн эрте батып кеткенине капаланышчу. 25-декабрдан баштап күн узара баштаганда, Күн кудайынын өздөрү менен бирге калып ыраазы болгонуна сүйүнүшүп, майрамдашкан. Ал күндү Күн кудайынын туулган күнү деп эсептешкен. Бул күнү өздөрүнүн ыйык деп эсептешкен дарактарды айланышып, белек беришип, ичимдик ичишип, бийлеп, оюн-зоокторду өткөрүшкөн. Мындан тышкары, алардын дагы башка кудайлары болгон, Күн кудайынын туулган күнүндө башка кудайларынын маскаларын тагынышып майрамдашкан. Ошол учурда динге киргендер чоң кыргынга учурайт. Б.з. 70-жылдарынан баштап Рим империясындагы элдер жапырт Христиан динине кире башташат. Бирок императорлор дагы деле бутпарас эле. Ошол мезгилдерде динге ишенген адамдарга императорлор тарабынан куугунтук күчөй баштайт. Алар аман калуу үчүн, тоо-таштарга жашынып жашап калышкан. Ошол кыйын учурда, Саид (Ыйык) Николай ысымы менен бир уламыш пайда болот. Ата-энелер балдарынын көңүлүн көтөрүү үчүн, белектерди даярдап ар бир үйгө Саид Николай таштап кетти дешкен. Кыйынчылыкта балдарын алаксытуунун жолун ушундайча табышкан. Бул ысым кийинчерээк “Санта Клаус” деп аталып калган. Саид Николайдын образы орто кылымда Орусияга “Аяз ата” деген ат менен кеңири тарай баштаган. Ал эми кыргыздар бул ойдон чыгарылган каарманды СССР системасынын таасири менен тааныды. Рим императору Константин б.з. 313-жылы христианчылыкты кабыл алуу менен бирге бутпарастык ишенимдерди да ичине киргизген. Натыйжада, Күндүн туулган күнү Иса пайгамбардын туулган күнү болуп алмашып калат. Демек жогоруда белгиленгендей бул майрам мусулмандардын майрамы эмес, бутпарас бир коомдон келген майрам. Пайгамбарыбыз (Саллаллаху Алехи уа саллям) бир хадисинде: “Ким башка коомго окшосо, ал ошол коомдон болуп саналат”,- деп айткан. Мусулман ибадаттарында гана эмес ар бир кыймыл-арекетинде да башка коомго окшошпоосу керек. Бул майрамга суктануу, же болбосо өзгөчө күн кылып өткөрүү динибизде күнөө болуп эсептелет.

Учурда Жаңы жылдын көптөгөн зыяндарын көрүп келебиз. Бул күнү эң эле оболу мамлекет эң көп чыгымга учураган күн жана зыналар, адамдардын алкоголдук ичимдиктер көп ичилип, анын себебинен көп кунөөлөрдүн жасалышына жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн бузулушуна себеп болуп келет.

“Жаңы жылың менен!”- деп айтуунун ордуна, “Кабырга жакындооң менен!”- десек, инсандар кандай кабыл алмак? Чындыгында, күн-жылдардын алмашуусу өлүмгө жакындаганыбыздан кабар берет эмеспи. Динибизде Орозо айт, Курман айт, Жума күнү майрамдарыбыз бар. Дегеле, мусулман үчүн дем алып турган ар бир күн майрам болуп эсептелет. Ошол эле учурда өмүргө саресеп кылуу керек. Андыктан келиңиздер, ар бир жасаган кыймыл-арекетибизге көңүл буралы! 

 ЖАҢЫ-ЖЫЛ КЕСЕПЕТИ..

(Болгон окуя) ..

31- декабарь, бул күн адаттагыдай кимдер үчүн көптөн күткөн чоң майрам. Ушул күнү бүт соода жайлар, дүкөндөр, таксистердин, милитциялардын, врачтардын киреше күнү деп айтсак да туура болор. Бул күндө пайда таап, балдарын белектер менен кубантайын деп өлүмдүн курбанбыгына айланган таксистин окуясын айтып өтсөк кимгедир сабак болор…

Таксист жаш жигит  эки баланын, сүйүктүү жарынын көңүлүн алуу үчүн, аларды кубантуу үчүн, аларга чоң кымбат белек сатып берүү үчүн бул күндү түнү менен иштеп өткөрүүнү туура көрдү да жолуна аттанды. Чыгып кете жатып жарына карап:

-Мен силерди жылдагыдан, быйыл башкача курсан кылам.  Эртең менен силерди чоң белектер күтөт -деп жылмайып койуп чыгып кетти…

Кечке чейин жүргүнчүлөрдү ташып, кучак -кучак гүл, торт, шампан, вино көтөргөн адамдарды даректерине жеткизип, жакшы эле акча таап баштады. Ичинен сүйүнүп быйыл башкача кылып үй -бүлөсүн кубантам деп кандай белек-бекчектерди алсам деп ойлонуп жатты.

Кеч да кирди, саат он эки болгон убак асман жаркырап, көздүн жоосун алган даңылдактар айлананы жарып жатты.  Көчөлөр жаштар менен толуп, кыйкырышып, ырдашып, жүргөн эле адамдар. Жаш жигит унаасын тазалап эки жака көз чаптырып, качан дагы жүргүнчүлөр келет экен деп турган кезде, эки жигит мас абалда колунда эки, үч шише арак, таксис жигитке келип:

-Бизди айткан жерге алып барып койсоң, канча кааласаң беребиз дешти. Жигит ойлонбой макул болду. Алар:

– Шаар четине айда, ошол жакта турабыз  -дешип өздөрүнчө бир нерселерди күбүрөшүп жатты. Бирок жигиттин ойунда эч нерсе жок болчу.  Шаар четине да жетип келишти, унаны токтотуп, таксис жигиттин артынан бири мойнунан муунтуп кыса баштайт. Экинчиси да ургулап бир заматта таксистин деми чыкпай бул дүйнө менен коштошту. Эки зөөкүр таксисти болгон акчасын алып, анын жансыз денесин, жолдон алыс бир таштанды таштоочу чуңкурга алпарып ташташты. Артка карабай унааны айдап өз жолдоруна түшүштү.

Эртең да болду бирок таксис үйүнө келбеди, келип калаар деп жубайы бүгүнда иштейин деп жүрөтко деген ой менен өзүн тынчтантып койду. Эки күн болду, үчүнчү күн да келди жок, жубайы эмне кылаарын билбей туугандар, тааныш, досторуна кабар берип милитцияга да барды. Бирок жок таксис жигит, бүт шаарды издеп чыксаларда таабышпады.

Эми эмне кылам? Балдарым атасыз кандай чоңойтом? Алардын келечеги кандай болот?-деп байкуш жаш эне ойлонуп, көзүнөн аккан жашы, жан дүйнөсү ооруп, жашоосу бир заматта астын -үстүн болуп кеткенине ишенбей , жоголду го кайдан таабабыз, же келип калаар деп үй -бүлөөсү үмүт менен жашап, күндө милитцияга телефон чалып сурап турду.  Бир ай болуп болбой шаар четинен таксистин жансыз, карарып, тоңуп калган денесин милитциялар таап үй -бүлөөсүнө жеткизип беришти…. Өкүнүчтүүсү эки зөөкүрдүн, эч нерсе болбогондой, өз жолдорунда дагы канчалардын канын ичип, эркиндикте жүрүшү. Аларда жазасыз калышпайт албетте …

Эх, мына жаңы-жыл кесепети, бир үй -бүлөөнүн курбандыгы болду, мындай окуялар канча дейсиң.Адашкан кыз – жигиттер жөнүндө айтып олтурсаң толтура.. Мындай окуяларга ошо жаңы -жылдагы, ичимдиктер, оюн күлкүлөр, себепчи, эми ойлоп көрөлү мусулман кыргыз элим булар бизге керекби? Тыптынч болгон жашообузду өкүнүчтүү окуяларга айландырып албайлы, бул күн биз үчүн харам, бул күн каапырлардын кубанычы, алардын кесепетинен, чоң күнөөлөргө батып, шайтандын отуна айланбайлы.

Жаңы -күн, жаңы -ай, жаңы -жыл бул болгону жылдардын алмашусу. Бул күндүн кубанычы, кандай майрамы бар, эгер билсек бизди бир жылга өлүмгө жакындатып жатканы. Биз кубанбай эмне амал кылдым, кандай жакшылык, канча сооп тааптым деп ойлонуубуз керек.

“Жаңы жылың менен!”- деп айтуунун ордуна, “Кабырга жакындооң менен!”- десек, инсандар кандай кабыл алмак? Чындыгында, күн жылдардын алмашуусу өлүмгө жакындаганыбыздан кабар берет эмеспи. Динибизде Орозо айт, Курман айт, Жума күнү майрамдарыбыз бар.Айт майрамын жаңы жылга салыштырып көрөлүүчү, айтта эмнелер болот жаңы -жылда эмнелер болот. Же айт майрамында кандайдыр кылымыш, иштер, өкүнүчтүү окуялар, ичимдик, зордук -зомбулук ж.б.коомго терс таа сирин берген окуялар болгонун көрдүңүздөрбү? Жок, тескерисинче бүт жакшылык, кубаныч, курсанчылык, дегиэле эң негизгиси Аллах алдында жүзүбүздүн жарыктыгы. Бул күнү ыймандын нуру жаркырап,  жалаң жакшылыгы менен өтөт.  Курсагы ач болгондор, курсактары төёот, муктаждардын садака аркылуу кыйынчылыктары жеңилдейт, жетимдер -жесирлердин үйү кубанычка толот, оорулардын көңүлү көтөрүлөт, айтып олтурсак бүт мусулман элдеринин үйүндө курсанчылыка бөлөнөт, ушуну майрам деп айтсак болот.Мына сенин майрамың, сенин күнүң, мусулман бир тууганым, кайдагы каапырдын майрамын майрамдабай өзүңдүн майрамыңды майрамда!  Майрам -деген бул ар бир үйдө тынчтыктын, бактылуулуктун, курсанчылыктын символу десек туура болот. Мындай көрүнүш бир гана мусулман майрамында гана болот жана мусулманга гага тиешелүү .. Дегеле, мусулман үчүн дем алып турган ар бир күн майрам болуп эсептелет. Ошол эле учурда өмүргө саресеп кылуу керек. Андыктан келиңиздер, ар бир жасаган кыймыл-арекетибизге көңүл буралы!


December 19, 2015 at 05:42PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.