Halloween party ideas 2015

Кыргыз Республикасынын президенти АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы

ЖЭЭНБЕКОВ Асилбек Шарипович,Кыргыз Республикасынын премьер-министри САРИЕВ Темир Аргембаевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук”  боюнча комитетинин төрагасы БААТЫРБЕКОВАлмазбек Баатырбекович ,Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы

ЖУМАКАДЫРОВ Темир Курмангазиевич, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри – милициянын генерал майору ТУРГАНБАЕВ Мелис Токтомамбетович, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси

СЕГИЗБАЕВ Абдил  Кенешевич,Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ЖОЛДУБАЕВА Индира Ырысбаевна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту ТОКБАЕВА Айнаш Абдымановна

“Кыргыз мамлекетинин ички жана тышкы коопсуздугу –терроризм менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек жана эмнелерге жол бербөөсү зарыл, терроризмдин реалдуулугу, чындыгы жана божомолдору” боюнча

КАЙРЫЛУУ

2015-жылдын 10-декабрь күнү “Элдик демилге” коомдук-саясий кыймылы тарабынан демилгеленген “Кыргыз мамлекетинин ички жана тышкы коопсуздугу–терроризм менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек жана эмнелерге жол бербөсү зарыл, терроризмдин реалдуулугу, чындыгы жана божомолдору” аталышында тегерек стөл уюштурулуп, жыйынтыгында мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштар кабыл алынды.

Киришүү

Эл аралык терроризм жана башка глобалдуу масштабдагы чакырыктар дүйнөдө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууда башкы коркунучтар катары калууда. Ага каршы турууда мамлекеттердин биримдиги жана аракеттердин коллективдүү координациясы талап кылынат. Бул жагынан караганда Кыргызстандын жетекчилигинин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму , Шанхай Кызматташуу уюму сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого багытталган саясаты кыргыз элинин кызыкчылыгына дал келгендей.

ЖККУга кирген мамлекеттер эл аралык терроризм менен күрөшүүнүн алдынкы сабында болуп, бул коркунучтун масштабын өзгөчө сезишет. Терроризм, экстремизм, массалык жоготуучу куралдардын жайылышы сыяктуу жаңы коркунучтарга эффективдүү каршы турууда уюмдун интеграциялык процесстерди тереңдетүүсү барган сайын белгилүү факторго айланып жатат. Акыркы кезде уюмдун саясий жана оперативдүү ишин практикалык күчтөндүрүүдө көп нерсе жасалды.Уюмга кирген мамлекеттер эл-аралык терроризм менен күрөшүүдө тийиштүү мыйзамдарды тактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жетишишти жана жамааттык чечимдин негизинде уюмдун алдында коопсуздук маселелерин тез чече турган жамааттык күч түзүлдү.

Жалпысынан Кыргызстан үчүн  өтө маанилүү багыт-бул конкреттүү жана реалдуу коркунучтарга каршы туруу. Миграция, мамлекеттик коопсуздук боюнча проблемаларды азайтуу боюнча ар кандай иш-чараларды, операцияларды өткөрүү”.

Ал эми, мамлекеттик органдардын жетишсиз бирдиктүү-координациялык иш алып баруусу өлкөдөгү коомдук-саясий абалды ан сайын туруксуздаштырып, радикалдашууну  курчутууда.

Андыктан, жогоруда белгиленген маселелерди жөнгө салуу үчүн диний аалымдар менен эксперттер төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин кезексиз жыйыны чакырылып, өлкөдөгү өткөн акыркы экстремистик окуялар боюнча бирдиктүү чечим кабыл алынып, Коргоо Кеңешинин чечимине төмөнкү сунуштар киргизилсин:

  1. Жаштар арасындагы радикалдашууну токтотуу жана такфиристтик идеологияга альтернатива катары дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарын эске алуу менен Исламдын негиздерине ылайык идеялык-баалуулук системасын түзүү;

 

Маалымат мейкиндигинде Исламды жана мусулмандарды ар кандай жалаа жабуулардан жана агрессивдүү терминдерден коргоо.  «Исламистер», «ислам» террористери, «ислам» фундаменталистери деген сөздөрдү массалык маалымат каражаттарында колдонууга тыюу салуу;

Массалык маалымат каражаттары диний темадагы комментарийлерге атайын билими бар дин таануучуларды жана эксперттерди тартуулары зарыл;

Кыргыз Республикасынын жарандары  үчүн интеллектуалдык  аянтчаларды жана агартуу борборлорун түзүү. Жаштарды коомдоштуруу максатта мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу;

Коом менен мамлекет дин боюнча бирдей түшүнүктө болушу абзел. Бул багытта, коомдун диний сабатсыздыгын, мамлекеттин динге болгон көз-карашын жакшыртууда атайын диний агартуучу топ түзүү;

Ислам билим берүү системасында терең жана реалдуу реформаларды жүргүзүү,имамдарды даярдоо ( окутуу, аттестациялоо ж.б.);

Терроризм идеологиясына  каршы чыгып жүргөн имамдарды, окумуштууларды, эксперттерди, теологдорду жана активистерди коргоо жана кепилдик берүү жөнүндө мамлекеттик программа кабыл алуу (денесинен жаракат алса, же каза болгон учурда үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү ж.б.);

Имамдарга, окумуштууларга, теологдорго жана эксперттерге кол салган кылмышкерлерге жазаны күчөтүү;

Жөндүү мусулман жамааттарына репрессивдик чараларды же кысымдарды көрсөтүүгө же колдонууга жол бербөө;

Тышкы келбети жана диний атрибуттары аркылуужарандарды басмырлоого жол бербөө (хиджаб, сакал, кийим ж.б.);

Дегеле мамлекет дин менен терроризмди ажыратып берүүсү зарыл!


December 10, 2015 at 05:06PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.