Halloween party ideas 2015

1. Биз жигитим экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы көрчүбүз. Сегиз жылда үч эле жолу көрүштүк. Кийин ортобузда катуу уруш болуп, ал башка кызга үйлөнүп алды. Бирок менин артыман дагы эле аңдып жүрөт. Ал кыз көзү ачыктарга барып, жигитимдин башын айландырып алыптыр. Ушундай дагы болобу? 

Жооп: Болгону ушул, көрүп турбайсыңбы? Намаз окуп, таза жүрсөң, баары ордуна келет. Жигитиңен эми күдөрүңдү үз же токолу болуп турмушка чыккандын камын көр. Сегиз жыл бир жигитти күткөндөн көрө, сегиз жыл мурда турмушка чыксаң, эки жылда бирден болгондо төрт баланын, эгизден болгондо сегиз баланын энеси болуп олтурмак экенсиң. Же иттен жок, же ит байлаган жиптен жок олтурасың. Тандабай эле турмушка чык! Ыйманы болсо, буту менен басып мурду менен тынган болсо эле болду. Калганы Кудайдын буйругу менен сенден болоор! Жакшы аял жаман эркекти орто кылат, орто эркекти мыкты кылат, мыктысын хан кылат. Жаман катын мыкты эркекти кул кылат.

2. Намаз окуп жатканда кийимде жазуулар, сүрөттөр болсо эмне болот? Кара-Кулжа, Эдил

Жооп: Уят жана шариатка туура келбеген жазуулар болсо, же жандуулардын сүрөтү болсо, ал кийимдерде намаз окуу макүрөө болот. Ал эми жаратылыштын сүрөтү, же зыянсыз сөздөр жазылган болсо, эч нерсе болбойт.

3. Мен Кудай буйруса жакында ата болом. Ошондуктан болочок балама кийим-кече алсам болобу? Көп жерде төрөлө элек балага кийим алса болбойт деп айтылат экен. Талант

Жооп: Боло берет. Кийим албаганы –илгери бала төрөлмөйүнчө анын жынысын билишкен эмес. Эми азыр шыкаалап жатып билип алып жатышпайбы, тынч жаткыра койбой. Өзү кичине балага жаңыны ким коюптур, же ал анын кадырын билбесе, жарым саат сайын “кыхы” кылып эле жатат. Ага ошо эски-уску деле жарай берет. Биз бизден чоңдордун кийими менен эле чоңойгон элек. Мен Шамшы таекемдин мага берген манат күрмөсүн азыркыга чейин эстейм.

4. Биз эки эле бир тууганбыз. Ата-энебиз арактын айынан ажырашып кетишкен. Азыр өздөрүнчө үй-бүлөсү бар. Агам ичкенди такыр токтотподу. Бир нерсе десем «мен алкаш эмесмин» деп кайра өзүмдү беттен алат. Күйөөмдөн да уялып кетем. Жалганды да аябай көп айта турган болду. Жеңеме да жакшы карабайт. Эмне кылсак болот? Аргам калбады . Кээде өрттөп жибергим келет, устаз? 

Жооп: Аа, бир тууганым. Көңүлү ток болбогон жалгыз эле сен эмессиң! Арактын кесепетинин каарына калбаган ким бар дейсиң? Мен өзүм да кээ бир жакын туугандарымдын арак азабын али күнчө тартып келем. Уй мурдун сасык деп кесип салбайт экен. Биз туугандардан кечип кете албайт экенбиз! Аларга дуба кылабыз, Кудай Таалам ынсаптан айырбасын деп эртели-кеч Жаратканга жалбарабыз!

5. Жумушумда камера бар. Бирок аялдар кийим алмаштыруучу жерде жок. Ошол жерде намаз окуймун. Бирок устаз ал жерге орустар кирип арак ичишип, арактарын коюп коюшкан. Алгыла десем, башка жер жок дешет. Ошондо менин окуган намазым кандай болот. Намаз окуган жер таза болуу керек го. Мен кайра күнөөгө батканым жокпу? 

Жооп: Аялдар кийим алмаштырчу жерде арак ичкен оруска балээ барбы? Аялдардын авретин көргөнү жатышат деп эле, швабра менен кууп чыгыш керек, андай чочко сасыган эмелерди… Кандай болгон күндө да ошол жерден башка арга таппасаң, анда ошол жерде окусаң боло берет. Бирок, жанагы жарыбаган арак кыбыла тарабыңда көрүнөө жерде турбасын. Жайнамазың таза болгон болсо эсеп.

6. Биз жарнама чыгарган жерде иштейбиз. Кээде кредит берген банктардан заказ түшөт. Ушул буйрутмаларды эмне кылсак болот? 

Жооп: Сүткорлукка жардамдашкан болосуң. Колуңдан келсе адал оокатка иште. Дубаларың кабыл болуп, балдарың келечекте сага кайрымдуу-мээримдүү болсун десең, аларга адалдан оокат-аш бер!

7. Үйдөгүлөргө сүрөт тартса болбойт, жазасы оор болот деп көп айтам. Бирок алар: «Бул Жаратуучубуз берген талант» дешет. «Эгер сүрөтчүлөрүбүз жок болсо, тарыхты кантип билмек элек?» дешет. «Музейлерде сүрөт жок болсо, анда музейдин эмне кереги бар?» – дешет. Бул кандай болуп калат? 

Жооп: Сүрөт жок болсо эле, тарых билбей калганды сенин туугандарыңан биринчи ирет угушум. Укмуштуунун төөсү жорго дегендей эле болуптур. Анда, көзү азиз бир туугандарыбыз тарыхты окубай эле койгону лаазым болобу? Ошондой эле сүрөтсүз музей болбойт дегениңер да акылга сыйбайт. Албетте, акылдуунун акылынан демекчимин.

Садагасы, ар бир сүрөтчү жандуунун сүрөтүн тартканда ошол сүрөткө жан киргизип жиберүүнү көксөп, бирок өзү сезбей калат экен. Антпесе, андай сезимдер келбесе, сүрөтчү да боло албайт экен. Ошентип, өзүнчө керемет-күчкө ээ болгондой болуп, оозу менен айтпаса да, абалы менен, ой-пикири менен Кудайга теңата болуу сезимин баштан кечирип, билип-билбей Жаратканга шерик кошуунун босогосун аттайт экен.

8. Мен бир ажырашкан бала менен никем бар. Бирге болгон эмесмин, айызым келип. Апам макул болгон болчу, бирок бир боорлорум нараазы болуп алып келип алышкан. Бир жылдан бери жообумду бер десем, бербей жатат. Тизелеп сурасаң берем дейт. Эмне кылсам болот?

Жооп: Ал боорлоруң сага эр болуп бере албагандан кийин, эмнеге сени алып кетишти экен? Ажырашкан болсо, бир жери кемип калды дейсиңби? Кайра тажрыйбалуу болуп, аки-чүкүнү баамдап калган болбойбу? Эми эмне кылат элең? Колуңдан келсе, аны менен барып жаша. Такыр болбосо, тизелеп сурап коё кал, андан эч нерсең кемип калбайт. Тизең чаң болсо, күбүп коёсуң. Эгер, никең дале сакталуу болсо, анда, сен анын никесиндеги шарьий аялы болуп эсептелесиң. Сендей Лайлини бакпаган андай Мажнун күнөөкөр болот.

 9. Менин ар дайым жүрөгүм кысылат. Бир нерседен корко берем. Бирок эмнеден экенин билбейм. Турмушка чык дешет, андан да корком, адашып каламбы деп. Мага кеңеш бериңизчи, устаз? 

Жооп: Куран окусаң, жүрөгүң тынч алат. Турмушка чыксаң, жарпың жазылат. Ката кадам таштоодон ар дайым коркуу керек, бирок коркуу керек деп так өткөн да болбойт бул опаасыз жалган дүйнөдөн. Садагасы, керемет динибизде “Истихаара” аттуу намаз бар. Ошону үйрөнүп окусаң, баары ордуна келет. Кудайым бактыңды ачып, этегиңден жалгаган болсун!

10. Жакын адамыбыз машина менен бирөөнү сүзүп алып соттолгону жатат. Сотко бергенге акча жок, камала турган болду. Процентке акча алсак болобу? Айла калбай калды. 

Жооп: Ар бир адам жазасын тартканы жакшы болот. Оолукпай айдайт арабасын. Сүткордук арам. Дуба кылгыла. Ак болгон болсо, Кудайым аны жөн таштабайт. Жардынын жардамчысы, алсыздын колдоочусу, конокту сыйлоочу, акыйкатты сүйлөөчү болгонду Кудайым кордобойт.

11. 2 жашар баласы бар, бирок азыр боюнда болуп калыптыр. Энеси алсызыраак, боюнан алдырса болобу. 

Жооп: Досукем, бул маселеде ошол аялды караган доктур менен жакшылап кеңешүү керек. Кеңешип кескен бармак оорубайт.

12. Мен жакында намаз окуп баштадым. Кайсыл жамааттардын таалимдерине барышым керек. Салафиттер дегенди кандай түшүнөм? Алар кимдер? Чынында мени ушул группага кошул деп жатышат.

Жооп: Салафиттер – мазхаб карманбай коюуну сунуштаган мусулман жамааты деп айтсак туура болот. Алар да бир туугандарыбыз, мусулмандар. Болгону манхажият, дин окуудагы багытта өзгөчөлүктөрү, ажырымдары бар. Мазхаб  карманбагандан кийин, имамга баш ийүү жок болгондон кийин, Куран аяттары менен Пайгамбарыбыз алайхис саламдын хадистерин кээде өзү каалагандай түшүнүп алып, туура эмес тыянактарга кептелип калышып, Ислам үммөтүнө көйгөй жаратып койгон учурлары да жок эмес. Ошондуктан салттуу болуп калган ханафий мазхабын карманган аалымдардан сабак алууну сунуштайт элем.

13. Мен сүйгөн кыз – орус. Экөөбүз бир–бирибизди жакшы көрөбүз. Биз үйлөнсөк болобу же сөзсүз Ислам динин кабыл алыш керекпи?                              

Жооп: Эгер ал орусуң ата-тегинен бери таза православ дининде болуп келген болсо, ага үйлөнсөң макүрөө болуу менен дурус болот. Бирок, мусулман кызга баш кошсоң макүрөөсү жок жакшы болот. Андан да жакшысы, тиги кызды дааваттап, мусулман болуусуна себеп болсоң, андан соң ак никелеп алсаң, анда бейиштин төрүнө ылайык сооп иш кылган болоор элең.

14. Биринчи турмушум болбой, экинчи жолу турмушка чыктым. Жолдошум менден мурда эки жолу үйлөнгөн экен. Кийин мени менен жашап жүрүп эле, башка аял алып алды. Жакшы көргөн үчүн баарына көз жумдум. Ал таанымал эле адам болчу. Боюмда төрт айлык болгон кезде менин талагымды берди. Азыр балам бешке чыгып калды. Менин тагдырымды көргөн ата-энем санаа тартып, кейип жүрөт. Мындай тагдырларга кабылгандар көп. Ушуларга кандай кеңеш айтар элеңиз? 

Жооп: Ата-энеңиздин кейигени туура эмес. Кейигенден кенемте толсо кана? Баласын таштагандарга, утуру катын алмаштыргандарга берер кеңешим: “мусулман болгула!” демекчимин. Күкүк куштай болуп көрүнгөн жерге жумуртка таштаган ташбоор аталар, карыганда ошол перзенттеринин караанына зар болоор, кор болоор. Баланын жакшылыгын билбеген, аларга аталык тарбиясын бербегендер көр болоор, кара жер менен тепселип карайган жер болоор. Ар ким наалат айтып, каргышка эп болоор, алы-күчтөн тайганда ар кимден жугунду аңдып ит болоор. Караганы эртели кеч ыштанындагы бит болоор. Ошентип жүрүп, эч кимге билинбестен мерт болоор. Ээси жок каңгыган иттерге эт болоор. Ар жерде сөөгү калып, чирип, карга-кушка жем болоор. Баягы, оо баягы деп оозуна алы жокторго кеп болоор.

15. 4 жылдан бери балалуу боло элекпиз. Ата-энем башкага үйлөн деп каршы чыга баштады. Бирок мен башкага үйлөнгөндү каалабайм. Мен башкага үйлөнсөм, азыркы жубайымдын абалы не болот? Кеңешиңизди бериңиз устаз? 

Жооп: Башкага үйлөнсөң, анын да согончогу канабаса, анда кандай күндө калдың? Эркек болгондон кийин үй-бүлөңдү коргоп кал. Ал сага тийди беле, же сенин ата-энеңеби? Жакшысы – аялыңдын акылы болсо сага токол алып берсин! Анын тууганын байбичең этегине салып бага берет. Ошентип эле келгенбиз, илгертеден. Мени уксаң, кеңешим ушул. Мындан башка жакшы кеңеш да таппайсың! Аялыңа айткандан корксоң, ушул гезитти жаздыгына жаздап кой, элдир-селдир акылы болсо илип кетээр, аркысын өзү билип кетээр. Кыйшайганды түзөп кетээр, кыңырылганды бүлөп кетээр.

http://saresep.kg/


December 11, 2015 at 06:09PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.