Halloween party ideas 2015

ЮНЕСКО (UNESCO — United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization) – Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, Илим жана Маданият боюнча мекемеси 2016-жылды Ахмед Ясеви жылы деп жарыялады. Бул тууралуу бир катар түрк басылмалар жазды.

ЮНЕСКОнун Түркия улуттук комиссиясынын жетекчиси Өжал Огуздун сунушу менен мындай чечим кабыл алынган. Анткени 2016-жылы Ахмед Ясевинин каза болгонунун 850 жылдыгы белгиленмек. Ал эми Ясевинин өмүр жолун изилдеген түркиялык жазуучу Фуад Купурлунун каза болгонуна 50 жылдын жүзү болот.

Мындай юбилейдик дата эл аралык деңгээлде белгиленүүсү үчүн атайын логотип да иштелип чыккан. Иш-чаралар ЮНЕСКОнун Париждеги баш кеңсесинде жана Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан жана Орусиядагы түрк тилдүү калктардын арасында өткөрүлөт.

Ахмед Ясеви түрк тилдүү элдердин адабиятындагы көрүнүктүү инсандардын бири.

http://maralfm.kg/


December 23, 2015 at 04:03PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.